«Кыргыз эл бийи» сынак-фестивалы жыйынтыкталды

Эл аралык «Кыргыз эл бийи» сынагынын иш-чарасы Кыргызстанда алгачкы жолу болуп ѳттү.

Коомдук ишмер, меценат Рустам Мамановдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен негизделип,  аталган иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда «Улут Жүзү» коомдук фонду уюштурду. Бул бий сынагы кыргыз элдик бийин жандандырып өнүктүрүү, элдик өнөрлөрдүн үлгүсүн сактап калуу, муундан-муунга өткөрүп берүү жана кыргыз бий өнөрүнүн ышкыбоздорун колдоо максатын койгон.

Бүтүндѳй кыргызстандыктардын бүйүрүн кызыткан сынактын уюштурулушу, жүрүшү жана кѳздѳгѳн максатына жетүүсү үчүн Рустам Маманов жеке ѳзү  5 миллион сом жумшап, ал каражаттын 1 миллион сому жеңүүчүлѳрдүн байге фондун түздү.

12-октябрь күнү кечки саат 19.30да борбор калаабыздын Ала-Тоо аянтында «Кыргыз эл бий» фестивалынын жыйынтыгы белгилүү бийчилердин, ырчы-аткаруучулардын коштоосунда болуп ѳтүп, концертте «Кара жорго», «Махабат бийи», «Жалын бий», «Талма бий», «Ийин бий» сыяктуу кыргыз элинин бир катар бийлери аткарылды.  Аянтка 4000ге жакын адам келип, майрамдык кече жогорку деңгээлде ѳткѳнү ошондогу адамдардын жүздѳрүнѳн, маанайынан кѳрүнүп турду. Мындай салтанаттар жергебизде кѳп ѳтүп туруусу абзел экени даана байкалды. Анткени бул сыяктуу иш-чаралар жаштарыбыздын, дегеле коомдун улуттук аң-сезимин кѳтѳрүүгѳ  түрткү болору бышык. Фестивалды кѳрүүгѳ келген шаардын тургундарынан жана меймандарынан «жергебизде ушундай шаң, ыр, бий майрамдары кѳп-кѳп болуп турса» деген пикирлери болду.

Бий өнөрүбүздү түп тамырынан баштап жандандырып, аны азыркы учурга шайкеш кылып заманбап иштеп чыгуу чындыгында бий сүйүүчүлөр арасында зор кызыгууну гана жаратпастан, өзгөчө бир жоопкерчиликти да талап кылды.

Эгерде кыргыз элдик бийлеринин тарыхын карай турган болсок, ушул кезге чейин бул өнөрдү изилдеп, көпчүлүктүн көңүлүн бура турган бир дагы китептин басылып чыкпагандыгынын өзү эле биз маданиятыбыздын бир бутагы болгон бий өнөрүбүздү унутта калтырганыбызды айгинелеп турат. Ошондой эле биз сыймыктанган белгилүү бийчилерибиз дагы «Мындай сынактардын уюштурулушунун өзү чоң жетишкендик, анткени далай жылдар көѳнө тарыхыбыздын, руханий маданиятыбыздын бир өңүрү болгон бий өнөрүбүздү унутта калтырып келгенибиз – биздин бул өнөргө болгон кайдыгерлигибизди далилдейт» дешет. 12-октябрдагы иш-чаранын башталышы менен сөз алган Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана аталган сынактын демилгечиси жана демөөрчүсү Рустам Маманов да бий искусствосунун өзгөчөлүгүн белгилешип, аны мындан ары да жандандыра берүү бий сынагы ар жылы уюштурула тургандыгын айтышты.

Сынак ушул жылдын жай мезгилинде жалпыга жарыя болуп,  үч этап менен өттү.

I этап (тандоо) 2014-жылдын 15-июлунан 20-сентябрга чейин болду.

II этап (элдик тандоо) интерактивдик добуш берүү ыкмасында жүргүзүлүп, добуш санына жараша аларды калыстар тобу аныктап, байге орундарын бекитти.

III этап (жыйынтыктоо) «Кыргыз эл бийи» фестивалы  менен шаңга бѳлѳнүп, гала-концерт жана  байге тапшыруу, сыйлык берүү аземи менен жыйынтыкталды.

«Кыргыз эл бийи» сынагына жеке аткаруучулар жана чыгармачыл топтор катышкан. Жаш курактарына чектөө болгон эмес. Курамы жети адамдан турган калыстар тобу  экинчи турга татыктуу катышуучуларды видеотасмалар аркылуу тандап алышкан. Сынакка 70тен ашуун бийчилер өз видеоклиптерин жөнөтүшүп, алардын ичинен 13ү 3 жаштан 10 жашка чейинки жеткинчектер болгондуктан, уюштуруу тобу «Кыргыз эл бий» сынагынын алкагында жаш наристелер үчүн өзүнчө сынак өткөрүүнү чечишип, 7-октябрь күнү бий өнөрүнүн эң жаш ышкыбооздору үчүн «Бий майрамы» балдар фестивалы болуп өттү.

Ал эми сапаты жагынан талапка жооп бербеген видеолор жана чыгармалардын авторлорунан уруксат албаган катышуучулар сынактан четтетилип, жалпы жонунан 40тан ашуун бийчилер жолдомого ээ болушкан. Калыстар тобунун кароосунан кийин булардын он жетиси жарым финалга тандалып, алардын ичинен жетѳѳ финалга өтүшкѳн. Алдыга озгон ал жети топ калыстардын упайларына ээ болгондон кийин, 1-октябрдан тарта жеңүүчүнү аныктоо үчүн интерактивдүү добуш берүү башталып, элибиз бий өнөрүнө кайдыгер карабай өз добуштарын тандаган бий топторуна берип жатышты. Мына ушул добуштар калыстардын берген упайларына кошулуп, андан соң фестивалдын лауреаттары аныкталган.

Калыстар тобунда: Тенти Мураталиев, Нурлан Карабаев, Бермет Асылбашева, Сайра Момунбаева, Темирбек Токтогазиев, Зарылбек Молдобакиров жана Алмас Турдумаматов болду.

Баса белгилеп кетчү жагдай, «Кыргыз эл бий» сынагынын алкагында  борбор калаабызда улуттук этнобийлерди эл арасына жайылтуу жана өнүктүрүү максатында, “Бий battle” деген аталышта таймаш ѳтсө, Ош шаарында катышуучулардын саны боюнча өлкөбүздө биринчи орунда турган, 1500дѳн ашуун жаштардын катышуусундагы «Кыргыз эл бий» сынагын колдоо максатында флешмоб болуп өткѳн.

Сынактын лауреаттары

«Назик» бий тобу Султан Садыралиевдин «Кыргыз бий» ырынын аткаруусунда 200 000 (эки жүз миң) сомго ээ болду.
Тургунаалы Жусуп Мамайдын «Жалын бийи»  Гулзада Рыскулова жана  Гулжигит Калыковдун аткаруусунда 180 000 (жүз сексен миң) сомго ээ болду.
«Жаз» бийчилер тобунун «Биймерген» бийи  Айжамал Кабылованын аткаруусунда 160 000 (жүз алтымыш миң) сомго ээ болду.
«Санжыра» бий тобунун «Жигиттер бийи» чыгармасы үчүн – 150 миң (жүз элүү миң) сом.
«Дилгир» бий тобу «Куштун бийи» чыгармасы үчүн – 100 миң (жүз миң) сом.
«Кара жорго, нукура кыргыз бийлери» чыгармасы менен жеке бийчи Анэл – 80 миң (сексен миң) сом.
«We next» бий тобу «Оп майда» бийи менен 80 миң (сексен миң) сомго ээ болду.

Калган катышуучуларга, бир катар чыгармачыл жамааттар менен жеке бийчилерге I, II жана III даражадагы дипломдор, акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Гала-концерттин соңунда Султан Садыралиевдин аткаруусунда «Кыргыз бийи» жаңырды.

Диана ТОКТОГУЛОВА, “Көк асаба, 19.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.