Асел Касмакунова менен Элмурат эми жаңы “Ийин” бийин жаратышууда

karajorgo

“Кара жорго” бийлеп калың катмарына таанылган Асел Касмакунова менен Элмурат эми жаңы “Ийин” аттуу бийди жаратышууда.

Алар Рустам Маманов жана “Улут жүзү” коомдук фонду жарыялап жаткан кыргыз элдик бий сынагына катышууга камынып жатышат. “Биз бул сынакты көптөн бери күтүп жүргөнбүз. Кыргызда бийдин түрлөрү көп. Алардын бири “Кара жоргону” белгилүү кылдык. Эми “Ийин”, “Сынма” сыяктуу бийдин , кыймылын изилдеп жатабыз. Алдыңкы орундарга илинүүбүз керек”, – дейт “Кара жорго” тобунун жетекчиси Кубаныч Эсенбаев. Айтымында Асел кыялкеч, назик кыздын образын ийини менен кыймылдап түшүндүрсө, жоопту “сына бийлеп” Элмурат берет.

Негизги кыймылды адамдын ийини аткара турган бий болот. Айтор жаралып жаткан жаңы бийди эл кандай кабыл алат аны сынактын жүрүшүндө таанышса болот. Аны жергиликтүү телеканалдары аркылуу “Бий күндөлүгү” аттуу долбоор апта сайын чагылдырып турат.

Айгүл Токоева, “Кабар ордо”, 22.07.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.