Айжамал Кабылова, ырчы: “Баарыбызды бийлете турган жаңы кыргыз бийи жаралат”

"20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып..."
“20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып…”

Бийдин башы – Биймерген экенин баарыбыз эле биле бербесек керек. Эл акыны Шайлообек Дүйшеев чоң энесинен уккан уламышты кагазга түшүрүп, обондуу ыр жаратты. Аны назик үндүү Айжамал Кабылова аткарды. “Биймерген” аталыштагы чыгарма жакында жарыяланган “Кыргыз эл бий” сынагына катышат. “Көчмөн турмушта күн кечирген элдин, мергенчинин жашоосун чагылдырган бий, кыргыз элин тегиз бийлетет “- дейт ырчы Айжамал Кабылова.

kabylova– Айжамал кайра хит ыр жаратты деп күйөрмандарыңыз сүйүнүп жатышкан чыгаар?

– Ооба, буюрса чыгармабыз элге жагат деген ойдомун. Той-топур салтанатта “Андижан полькасы” сыяктуу жаңы кыргыз бийин жаратуу максатында жакшы долбоорго чакыруу алгам. “Бий чыгарышыбыз керек, ырдап бериңиз”,- деп сунушташкан. Сөзүн Шайлообек Дүйшеев, обонун Азамат Отунчиев аттуу музыкант жазыптыр. Шайлообек агайдын укмуштуу саптары, анан ага төп келген обону үчүн ойлонуп көрүп макул болдум. Баардыгы эле сөзүн мактап жатышат. Менимче элге жага турган ыр болду. Баардыгы эле патриоттук сезимдер бар экен деп айтып жатышат.

– Ырчы Айжамал эми бийлейт турбайбы?

– Негизи бул ырды ырдап бер деп суранышканда “Биймерген Рустам Маманов жана “Улут жүзү” коомдук фонду жарыялаган “Кыргыз эл бий” сынагына катышуу үчүн даярдалууда”- деп айтышкан. Ошондуктан бул жерде негизгиси бийге көп көңүл бурулууда. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера-балет театрынын башкы балейтместри Талант Осмонов бий жаратып жатат. Модерн-балет койгондуктан кыргыздын этно бийлерин мыкты түшүнөт экен. Буюрса, клипте мен да бийлейм. Кызыгы Шайлообек Дүйшеев агай менен чогуу тартылам. Ал клипте баш карааман болот. Балким бийлеп жибереби. Кыскасы, алдыда баарыбызды бийлете турган жаңы кыргыз бийи жанданат деген ойдомун. Мындай саамалыкка сүйүнүш керек. “Кыргыздын бийи” десе эле сахнадагы жалтыр-жултур кийинген бийчилерди элестетип, кыймылдарын той-топурда эч ким бийлей албайт. Абдан татаал. Негизи улуттун жеңил баардыгын бириктирген бийи болуусу керек.

Шайлообек Дүйшеев, акын: “Энемдин аманаты элге пайдасын тийгизээр”

sh_duisheev_til– Эгемендик алгандан бери эмнеге айтпай келдиңиз Биймерген тууралуу? Баарыбыз “Кара жоргону” бийлей баштабадык беле?

– “БИЙДИН БАШЫ – БИЙМЕРГЕН” биле жүр, бул бийди ата-бабаларың биздин Ала-Тоого Алтайдан ала келген бий,- деп мага Чоң Энем айтар эле. Бийдин талашы башталганда эстедим. “Ордуна коелу” деп киришип, окуяны эстеп жазып бердим. Энемдин аманаты элге пайдасын тийгизээр деген ойдо уламышка улай ырын да жаздым.

– Уламышты кайдан окусак болот?

– Биймергендин клиби ошол уламыштын негизине тартылып жатат. Клипти белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаровдун баласы Санжар Абдыжапаров тартат экен. Ошондо окуяга баарыбыз күбө болобуз деп ойлойм.

Окуя мындайча баяндалат:

..Илгери, илгери кыргыздын бир мыкты жигити аң уулап жүрүп жолу болбой, күн кылкылдап батканы калганда кырда кетип бараткан КЫРК АРКАРГА туш болот. “Кудай мындай бербеспи” деп сүйүнгөн мерген октолуу мылтыгын сунуп, эң алдында баратканын биринчи атат. Аркар кырдан кулап, жигиттин бут алдына түшөт. Аңчылыктын кызыгына баткан мерген ата берип, ата берип, кыркын тең кырдан кулатат. Акыры ата турган эчтеке калбай калганда баягы аркарларды караса эле Ай десең Айдан арткан, Күн десең Күндөн арткан, перидей КЫРК СУЛУУ КЫЗГА айланып калган болот. Жигит “өңүмбү же түшүмбү?” деп көзүн ачып-жумуп кайта-кайта карайт. Караса азыр эле кырдан биринин артынан бири кулап түшкөн КЫРК АРКАР жок, алардын ордунда КЫРК СУЛУУ КЫЗ турат.

20 кыздын төбөсүндө жылдыз жайнап Ай балкып, Ай алдында алтын чоор ойнолуп, 20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып, Күн алдында күмүш чоор ойнолуп, Күн бийин бийлеп жаткан болот. Анан ага дейре өмүрүндө бир ирет бий бийлеп көрбөгөн мерген мылтыгын кантип ыргытып жиберип, кантип бийлеп киргенин өзү да билбей калат. Аңгыча КӨКТӨНБҮ же ЖЕРДЕНБИ:

– БИЙМЕРГЕН! БИЙМЕРГЕН!- деген жанга жагымдуу, өтө кооз үн угулат. Жигиттин дене-бою балкып-чалкып, жүрөгү жыргалга толуп-ташып, бир башкача болуп кетет. Баягы үн дагы угулат:

– Эй, Ай алдынан чыккан жигит, алтын чоорду уккан жигит?

– Эй, Күн алдынан чыккан жигит, күмүш чоорду уккан жигит? Эми мындан ары сенин бийиңдин аты – БИЙМЕРГЕН болот! Эсиңде болсун. Экинчи колуңа мылтык алчу болбо? Мылтык деген сенин үй-бүлөң менен сенин элиңе кырсыктан бөлөк эч нерсе алып келбейт! Мылтык кармаган элге ЫРЫС-КЕШИК, ЫР-БИЙ деген токтобойт! Биз ар КЫРК КҮН сайын келип-кетип турабыз. Биз келген сайын ЫР-БИЙ менен кошо сенин эли-журтуңа ЫРЫС-КЕШИК кошо келет. Ушуну унутпагын! Сенин бийиң мындан ары БИЙМЕРГЕН болот! БИЙМЕРГЕН болот!,- деген үн улам-улам акырындап олтуруп, аны менен баягы Ай да, баягы Күн да алыстап, ойнолгон чоор үндөрү да алыстап олтуруп баары көрүнбөй көздөн кайым болот.

Жигит эсине келип эки-жагын караса алдында мылтыгы жатат, ала койсо мылтык эмес эле куурай болуп чыгат. Анан шашып-бушуп элине жетет. Келип эле элине ырды, бийди үйрөтөт. Айылдагы мылтык, ок-дары жоголуп, ЫР, КҮҮ, БИЙ карманган элге ЫРЫС, ЫЙМАН, БАКТЫ-ТААЛАЙ өзүнөн өзү эле келе баштайт. КЫРСЫК, ООРУ-СЫРКОО дегендер капкайда качып жоголот. Ошондон тартып БИЙМЕРГЕН деген бийдин атагы алыстан алыска тарайт. Бул бийди тараткан – КЫРГЫЗ деген КУТТУУ ЭЛ болгон экен. “БИЙДИН БАШЫ – БИЙМЕРГЕН” деген сөз ошондон улам калган балам, биле жүр, бул бийди ата-бабаларың биздин Ала-Тоого Алтайдан ала келген бий,- деп мага чоң энем айтар эле…

БИЙМЕРГЕН

Бийдин башы биймерген
Бий деп келгенбиз
Жалгыз кылбай жашоону
Миңдеп келгенбиз
Жакшы менен жаманды
Иргеп келгенбиз
Желек кылып кайышты
Ийлеп келгенбиз
Жер замандан береле
Бийлеп келгенбиз

Кайырмасы:

Кел келгиле бийлейли
Кел-келибиз бир келди
Келечек доор бир болсун
Кең дүнүйө пир болсун
Бириктирген кыргызды
Биздин бий болсун

Эзелкинин шаңы бар
Элдин бийинде
Эй кыз жигит канакей
Эргип күлүңдө
Күлүк деген күнүндө
Күлкү үнүңдө
Сезим селдеп бий болсун
Сенин үйүңдө
Тулпар деген тушунда
Кызык ушунда

Кайырмасы

Кел баарынар кел бийге
Келген эл бирге
Түндү күнгө айлантып
Түшсүн жер бийге
Канаты бар элденбиз
Кана кел бийле
Кудай берген бактыбыз
Кууса кетпесин
Теңир берген бактыбыз
Тепсе кетпесин!

Кайырмасы

Ала-Тообуз пир болсун
Атпай кыргыз бий болсун
Кол кармашкан элдерди
Кошуп турган бий болсун
Кыргыз үнүн ааламга
Созгон бий болсун!
Аккуладай закымдап
Озгон бий болсун!

“Майдан.kg”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.