Мавлянова: Кыргыз эстрадасында Гулжигиттей чоң деңгээлде эч ким ырдай албайт

zamira_mavlyanova

КРнын Эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Замира Мавлянова менен маек.

– Саламатсызбы, Замира эже! Сиздин өнөрүңүздү бийик баалаган көрөрмандарыңыз, күйөрмандарыңыз көп экенине күбө болуп жүрөбүз. Талыкпаган эмгек менен ушунчалык деңгээлде элге таанылдыңыз. Айтыңызчы, опера ырчысы болуу сиздин балалык кыялыңыз беле же…?

– Саламатсыздарбы! Балалык кыялым болгон десем жаңылышам. Себеби, мектепте окуп жүргөнүмдө так илимдерге кызыгуум таптакыр жок эле. Математика, химия, физика сабактарына кирсем эле эч көңүлүм жок олтуруп сабакты бүтүрчүмүн. Сегизинчи классты бүтүргөн соң апам “Кайсы окуу жайга барасың?” деп сураган. Анан мен “Музыкалык окуу жайга эле тапшырайынчы, ошол жер мага жагат” деп сурангам. Жыйынтыгында жакын адамдарым мени колдоп жөнөтүшкөн. Ошону менен окуу жайда окуп жүргөнүмдө баары башталып кеткен. Башта айткандай кыял эмес, кокустук болгон.

– Опера ырчысы болуу үчүн ырчыга эмне керек? Кандай адам опера ырчысы болот алат?

– Опера – бул эстрада же башка жанр эмес. Опера ырчысы болуу үчүн эң алгач жагымдуу, бийик тембрлүү үн керек. Бул жерден үнүң менен көптөгөн бийиктерди багынта аласың. Үн жок эч нерсе кыла албайсың. Андан соң чыдамкайлык, эмгекчилдик, аракетчилдик талап кылынат. Мисалы, эстрада ырчылары биздей эмгектенишпейт. Биздей эмгек кылган ырчылар жокко эсе. Төмөндө мен атап өткөн маанилүү нерселерди кармана алган чыдамдуу, таланттуу, үнү бар ырчы опера ырчысы боло алат.

– Опера ырчысынын башка ырчылардан артыкчылыгы эмнеде?

– Операда ырдаганга техника талап кылынат. Алгач ошол техниканы үйрөнүш зарыл. Эстрада, фольклор ырчыларына Кудай аларга талант берет. Алар техниканы өздөштүрбөй деле ырдай беришсе болот. Ал эми биз техниканы өздөштүрө албай, үйрөнгөндү билбесек таптакыр ырдай албайбыз. Бизде эң биринчи орунда ырдоо техникасы турат.

– Кыргызстанда операны кандай адамдар тыңдашат?

– Эң жакшы суроо (күлүп). Эми айтыш кыйын. Негизи ар бир аткаруучу көрүүчүлөрдү сөзсүз көрүп, алар кандай адам экендигине көз сала алышат. Менин байкашымча көбүнчө интеллигенция, элитанын адамдары, классиканы сүйүүчүлөр, маданиятты терең түшүнгөндөр келип аябай көз салып, тыңдап кетишет. Анан ар бир нерсени башкача бир көз караш менен карашат. Кол чапканды да билишет. Жыйынтыгында сөзсүз жагымдуу гүлдөрдү тартуулашат. Бул биз үчүн абдан жагымдуу.

– Сиздин жеке концертиңизде Гүлжигит Калыков менен дуэт ырдаганыңызда көрүүчүлөр абдан колдошкондоруна күбө болгон элек. Гүлжигит менен дуэт аткарууңузга эмне түрткү болду эле?

– Ырахмат! Ал көз ирмем менин көз алдымда дале турат. Көпчүлүккө абдан жаккан. Гүлжигит менен дуэт ырдап калышыма анын таланты түрткү болгон. Себеби, кыргыз эстрадасында Гулжигиттей чоң деңгээлде эч ким ырдай албайт. Башкалар аны көтөрө алышпайт. Анын үнү абдан жагымдуу жана бийик. Нотага туура салганды, техника менен иштегенди да жакшы өздөштүргөн. Ошол үчүн мен Гүлжигитти дуэт ырдаш үчүн өзүм тандап алгам. Жыйынтыгында баары абдан соонун болгон. Бул жигиттин мындан ары дагы өсүп, чоң ийгиликтерди жаратышын гана каалайм.

– Башка ырчылардан айырмаланган үнүңүздү кантип бапестейсиз?

– Үйдө апам бар. Апам дайыма мени менен жашайт. Себеби, опера ырчысы эч нерсе жасаганга болбойт (күлүп). Эң жөнөкөй идиш, кир, пол жуубайм. Ырчы баардыгын сакташ керек. Апам үйдө болгонун жасайт. Дайыма тамак даяр, үй таза болот. Үйдөн мен эч нерсе жасабайм. Болгону музыка менен гана алекмин. Опера ырчылары ар бир күнү эс алуу же майрам болобу маанилүү эмес! Күнүгө үнүнө үч же төрт сааттан машыгуу жасашат. Эгер бир күн машыкпай калса болду башта кармаган формасынан кетет. Ырдай албай калат. Ичип, чекпейсиң, катуу дициплинаны сактайсың. Диета, режим баары убакыт сааты менен кармалат. Менде мына ушундай…

– Мамлекеттин берген айлыгы сизди канаттандырабы?

– Жо-ок, таптакыр канаттанбайм. Кайдагы канаттанмай? Баары өкүнүчтүү, сыйлабагандык болуп жатса… Филармония, опера ж.б театрларда эмгектенген ырчылар, маданият өкүлдөрүнүн, КРнын Эл артисттеринин, Эмгек сиңирген артисттеринин бир айына алган айлыктары сегиз, тогуз гана миң сом. Бул акча азыркы кымбатчылыкта эмнеге жарайт? Өткөндө көпчүлүк чогулуп бир жакка барып калганымда катардагы гана бир жаш жоокер башкаларга “Мен Госохранадан келдим. Менин айлыгым жыйырма беш миң сом” деп мактанып айтып олтурду. Аны угуп алып мен таң калдым… Эмнеге бизге мындай мамиле жасашат? Биз мамлекетке, бийликке кимбиз? Катардагы жоокер менен КРнын Эл артистин, Эмгек сиңирген артисттерин салыштырышса болобу?

– Үнүңүздүн кооздугуна суктанган күйөрмандарыңыз тойлорго чакырып турушабы? Негизи эле тойдо кызмат кыласызбы?

– Ооба. Акыркы учурда алган айлыгыбыздын аздыгынан тойлорго чыгып акча таап калдык. Биз да үй-бүлөбүздү, өзүбүздүн жаныбызды багышыбыз керек да. Эгер жакшы айлык акы болсо биз тойлорго чыкпай эле театрларда, чоң сахналарда гана ырдап олтурмакпыз. Айла жоктун иши болуп жатат. Биз да эл катары тирүү адамбыз да… Бизге да оокат керек. Кийим-кечек, балдар бар аларды ким багат? Ставкам сүйлөшүү жолу менен.

– Бир күндүк иш графигиңиз эмнелерден турат?

– Эртең менен таң эрте турам. Спорт менен машыгам. Тамактанам. Филармонияга машыгууга барам. Андан соң кадимкидей эл катары иш күн башталат. Кечке иш менен алектенем. Түшкү тамактануу сөзсүз болот. Андан соң кайра майда-чүйдө иштер менен алек болобуз. Кечке маал концерт же тойлор чыгып калса, даярданып алып ал жакка жөнөмөй (күлүп). Кеч келип уктап калам. Эртеси кайра эрте турмай…

– Опера ырчыларына турмуш куруу оңой нерсе эмес экенин жакшы билебиз. Жеке жашооңузда ал-абалыңыз кандай?

– Туура айтасыз, жеке жашоомдо бойдокмун (күлүп). Жыйырма бир жаштагы Азат аттуу уулум бар. Жолдошум менен ажырашканыма сегиз жыл болду. Жалгыздыкта жашап деле башка айымдар сыяктуу абдан бактылуумун. Турмушка чыгайын деген оюм жок… Буюрса келиндүү болуп, небере жытын жыттасам деген ниетте турам.

– Жакшы экен. Бардык ниеттериңиз орундалсын! Маегиңиз үчүн ыраазычылык!

– Ыраазымын! Эл менен биздин ортобузда ар дайым көпүрө болуп жүрө бериңиздер! Сиздерге таазим! Бар болуңуздар!

Жылдыз Бек кызы, «Кабар ордо», 28.11.14

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.