Үнү менен дүйнө багындырган талант

bolot_reina

Болот Миңжылкыев өзүнүн зор талантын өркүндөтүп, башка бирөөлөр өмүр бою жетпеген бийиктикти 12 жылдын ичинде багындырды. Мындай ийгиликтерге кол чаап, таазим этишибиз керек. Анткени, ал дүйнөгө үнү аркылуу кыргыз калкын таанытты. 25 жаш курагында (мурда вокалист болсо) опера театрынын сахнасында ырдай баштады. 28 жашында Бүткүл Союздук опера ырчыларынын фестивалына катышып, кенен аудиторияга аттын кашкасындай таанымал болду. 33 жашында (1971-жылы октябрь айында) Франциянын Тулуза шаарында өткөрүлгөн вокалисттердин эл аралык конкурсунда Гран-прини жеңип алган алгачкы кыргыз ырчысы эле. Болгариянын София шаарында өткөн (1973-жылы май айында) опера ырчыларынын бешинчи конкурсунда биринчи орунга ээ болгон. 1976-жылы 36 жашында СССРдин Эл артисти наамына татыган.

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисткасы, атактуу балерина – атактуу ырчы Болот Миңжылкыевдин жубайы Рейна Чокоевага жолугуп, аны азыноолак кепке тарттык.

«Бир феномен жаралыптыр калкымда,
Аты калды жомок болуп артында.
Анын үнү бийиктиктин үлгүсү,
Ширетилген күмүш менен алтынга.

Анын үнү бүт үндөрдүн королу,
Ардактабай айтпай кетсек болобу.
Эбегейсиз ич кайнаткан жоготуу,
Анын орду айткан менен толобу».
Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Д.Жалгасынованын «Замандашым улуу ырчы Б.Миңжылкыевге арнаймын» деген ырынан

– Рейна Нурмамбетовна, жубайыңыз Болот Миңжылкыев Кыргызстандан Питерге неге кетип калган?

– Мага ушул суроону көп беришет. СССР кулагандан кийин театрга киши барбай калды. Бирок бул дагы шылтоо эмес. Ал ошондо Румынияга барып ырдаган. Ошол жерден Санкт-Петербургдагы Мариинский театрынын режиссёру Гергиевге жолугуп, үнү ага жагып калат. Тигил Болотту Мариинский театрында иштөөгө чакырат. Келгенден кийин «кетсемби, кетпесемби» деп көпкө ойлонуп жүрдү. Бир жолу биздин опера жана балет театрында ал ырдап жатканда элдин мамилесин карап отурдум. Кажылдашып, сүйлөшүп, оңой менен укпайт. Жакшы деле көңүл бөлүшпөйт. Ошондо «кой, жолун тоспоюн, жөнөтөйүн» деп ойлодум. Эгерде мен искусствонун кишиси болбосом, эч нерсени түшүнбөсөм, жөнөтпөй коюшум мүмкүн эле. Бирок, искусствонун адамына сахна керек. Аны уккан эл керек, ошону ойлодум. Мариинский театрында иштеп калды. Гастролдорго көп чыгаар эле. Дүйнөнүн баарын кыдырды. Болот Питерге барып, өзүн гана эмес, жалпы кыргыз элин да дүйнөгө таанытты.

Качан үйлөндүңүздөр эле?

– 1959-жылы февраль айында баш коштук. Анда азыркыдай салтанат кайда?! Жакшы санаалаштардын, жакындардын тилектерин угуп, ак батасын алганбыз. 1962-жылы 20-январда уулубуз Мирад төрөлдү. Анда Болот Ташкентте консерваторияда окуп аткан.

Турмуштагы кызыктуу учурларынан айтып берсеңиз?

– Уулум төрөлгөндөн кийин консерваторияда окуп жаткан Болотту Советтик Армиянын катарына кызмат кылуу үчүн военкоматка чакыртышат. Ал жолдош-жоролору менен майрамдап, өзүнүн кийимдерин, жүктөрүн аларга калтырып военкоматка келет. Медициналык комиссиядан өтүүнүн алдында турган. Анда армияга чакырылгандар жыпжылаңач чечинип, текшерүүдөн өткөн соң аскер комиссарынын алдына келишкен. Болот дагы ошондой жолдон өтөт. Военкомдун жетекчиси документтерди карап көрүп, энеден туума Болотко: «Мына, консерватория сени жакшы ырдайт, калтыргыла деп жолдомо берип жатышат, чын эле жакшы ырдайсыңбы?» -деп сурайт. Келечектеги жоокер негедир ийнин куушурат. Ошондо райондук аскер комиссариатынын башчысы бир ыр ырдоону талап кылат. Эч качан жыпжылаңач, ушундай абалда ырдап көрбөгөн Болот үнүн бийик чыгарып ырдап кирет: «На земле ве-есь род людской…». Бул эч бир унутулгус учур экен. Комиссардын алдында энеден туума жылаңач, чачы кырылган жигит Мефистофелдин ырын ырдап жаткан. Анын үнүн уккан медайымдар, фельдшерлер, врачтар каалганын оозуна тигилип калат. Күлүп, каткырганы, араң тургандары да бар. Ошентип армияга кетпей, окуп калган.

– Мариинский театрында иштеп жатканда Питердин чет жагына үй салдырып жатат деп укканбыз. Ал эмне болду?

-Ана бүтөт, мына бүтөт деп жүрүп бүткөн жок. Жатаканада жашап жүрдү…

…Болот Миңжылкыев – кайталангыс талант.  Ал Ш.Гунонун «Фауст» операсындагы Мефистофелдин, СССРдин Чоң театрында Евгений Онегиндин, Дж.Вердинин «Дон Карлос» операсында испан королу Филипптин, «Карменде» Эскамиллонун жана Борис Годунов, Петр биринчинин ролдорун ойногон. Баарын санап отурууга убакыт жетпейт. Маселен, Болот Миңжылкыевге чейин Францияда бир да кыргыз ырчысы ырдабаптыр. Кайсыл өлкөгө барып роль аткарбасын, анын ролу жогорку баага татыктуу болгон. Ошондуктан, бардык эл аралык фестивалдар ансыз өткөн эмес. Анын эмгеги дүйнө элдери тарабынан толугу менен таанылса да, кыргыздар тарабынан баалана элек. Муну моюнга алуубуз парз.

Карбалас БАКИРОВ, “Эркин тоо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.