Дымдама

dymdama

Керектелүүчү азыктар:

Койдун куйрук майы – 500 грамм

Койдун эти – 1 кг

Помидор – 2 даана

Сабиз – 2 даана

Капуста – 1кг

Картошка – 1кг

Пияз – 4 даана

Сарымсак – 6-7 тишче

Болгар калемпири – 2 даана

Татымына жараша кара мурч, туз

Даярдоо ыкмасы:

Керектелүүчү азыктардын бардгыны жууп-тазалап алдыртадан даярдап алуу керек. Куйрук туурап, этти чоң бөлүктөргө бөлөсүз. Сабизди узунунан экиге туурасынан төрткө бөлүнөт. Помидорлор төрткө бөлүнөт. Отко казанды асып, эң түбүнө тууралган куйрук майды, андан кийин эт, үстүнө пияз, сарымсак, андан соң картошка, сабиз, жашыл калемпир, капуста салынат. Эң үстүнө жашылча, мурч, туз сээп капкагын бекем жаап 10-15 мүнөттөн кийин жай отко коюп коёсуз. 1,5 жарым сааттан кийин даамдуу дымдама даяр болот.

Гүлкаир Раимкулова, “Кабар ордо”, 12.12.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.