«Рахманкул – Памирдин акыркы ханы»

rahmankul_han

Профессор Реми Дордун «Рахманкул – Памирдин акыркы ханы» деген аталыштагы китеби жакында Парижде басылып чыкты. Китеп Рахманкул хандын өмүр баянын чагылдырат.

“Рахманкул – Памирдин акыркы ханы” деген аталыштагы (французча Rahman koul ultime khan du toit du monde) китеп Париждеги Мишел дө Моль басмаканасынан жарык көрдү.

Ичкилик кыргыздардан чыккан Рахманкул хан азыр Тажикстанга караган Сары-Кол (Мургаб району) өрөөнүндө туулган, большевиктерден Кытайга качып, кийин Ооганстандын Памиринде калган.

Рахманкул хан 1978-жылы СССР Ооганстанга аскер киргизген мезгилде Пакистанга журт которуп кетип, кийин Түркияда жашап туруп, 1990-жылы көз жумган.

Рахманкул хандын өмүр баянын америкалык профессор Назиф Шахрани да жазып жаткандыгы кабарланган.

Франциялык белгилүү тилчи, этнограф, кыргыз таануучу Реми Дор – Иналко университетинин профессору, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги.

“Мишел ла Моль” басылмасы таркаткан билдирүүдө Рахманкул хан ири феодал болуп туруп, анын мезгилинде ооган кыргыздары жер каймактагандан беркидей эркин жашагандыгы белгиленет.

«Бул кол башчы башынан өткөргөн укмуштуудай окуялар азыркы замандын жаңжалдарында чарпылган бир ууч элдин тагдыры менен таанышууга мүмкүндүк берет» деп айтылат билдирүүдө.

Аталган басмакананын маалымат катчысы Фредерик Фуко бул китеп «Эсимде» («Je me souviens») деген түрмөктө чыккандыгын бышыктады.

– Бул түрмөктө жаңы тарыхтагы саякаттар боюнча чыгармалар чыгат. Мисалы, Мао Цзэдун менен саякат, Алжирде болгон Ли Пинуа, Германиянын канцлери Вилли Брандт кантип Варшавага барып, жөөттөрдүн геттосундагы мемориалга чыккандыгы тууралуу француз журналистинин чыгармасы басылган.

2000 нуска менен чыккан Рахманкул хандын өмүр баяны 112 беттен турат, баасы тогуз евро, аны интернеттен сатып алса болот, бирок электрондук форматын сатуу пландалган эмес.

Профессор Реми Дор “Азаттыкка” билдиргендей, ал азыр кыргыз-француз, француз-кыргыз сөздүгүн басмага даярдап жатат. Реми Дордун байыркы орхон түрк арибинде жазылган тогузунчу кылымдан калган “Ырк Битик” же «Төлгө китептин» котормосу былтыр октябрда жарык көргөн.

Реми Дор 1970-жылдардын башында ооган Памиринде болуп, ооган памир кыргыздары тууралуу даректүү тасма тартууга катышкан. Анын ошондой эле «Ооган Памиринин кыргыздары» деген көлөмдүү жана сүрөттүү китеби немис тилинде жарык көргөн. Бул эмгек кыргызчага которулган (Дор, Р. Ооган Памириндеги кыргыздар. Бишкек, 1993. 104 бет).

Жаңыл Жусупжан, “Азаттык”, 11.02.2015-ж.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.