Ошто элечектердин көргөзмөсү өтүүдө

Ош шаарында элечектин көргөзмөсү өтүүдө. Ага түрдүү социалдык катмар, уруу жана аймактарга таандык элечектердин түрлөрү коюлду. “Элечек” долбоорунун жетекчиси Айдай Асанкулованын “Азаттыкка” айтымында, Кыргызстан, Кытай жана Тажикстанда жашаган кыргыз аялдарынын элечектеринин түрлөрү изилденип, алардын саны элүүгө жакын экени аныкталды.

elechek1
Памирлик байбиченин элечеги

 

elechek2
Көргөзмөдө уюштуруучулар тарабынан элечек ороо боюнча мастер класс көрсөтүлдү

 

elechek3
Кашкарлык кыргыздар арасында көп тараган элечек

 

elechek4
Жаш келиндин элечеги, өтө чоң эмес. 15 метрлик кездемеден жасалган. Жыкмасы бар

 

elechek5
Элечектер аймактарга эле эмес, урууларга да бөлүнгөн

 

elechek6
Аза күткөн аялдын элечеги

 

elechek7
Кашкарлык кыргыздардын элечеги. Жаш келин

 

elechek8
Кыргызстандын түндүгүнө тараган элечектин түрү

 

elechek9
Ысык-Көл. Бугу уруусуна таандык байбиче элечек. Кездеменин узундугу 30 метр

 

elechek10
Талас облусунда кеңири тараган элечек

 

elechek11
Памир кыргыздарынын элечеги

 

elechek12
Кыргызстандын түштүгүндө көп тараган Сологой элечек. Найман жана Тейит урууларына таандык

 

elechek13
Кыргыз элинин турмушунда аялдардын элечеги жарат таңууга, баланы ороого жана кепин катары да иштетүүгө колдонулган

 

elechek14
Кыргыз элечегин ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктардын дүйнөлүк тизмесине киргизүүгө даярдык жүрүүдө

 

elechek15
Аялдын элечеги аркылуу анын социалдык абалын аныктоого мүмкүн болгон. Мисалы, азалуу, келин, байбиче, жакыр же бай экенин аныкташкан.

 

elechek16
Алайлык кыргыздардын элечеги

Ыдырыс Исаков, “Азаттык”, 25.03.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.