Маданият министрлиги “Кыргыз боз үйүнүн жумалыгы” сынагын жарыялайт

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Кыргыз боз үйүнүн жумалыгы” сынагын өткөрөт. Иш-чара 2015-жылдын 3-7-сентябрь аралыгында Бишкек шаарынын “Ала-Too” аянтында өткөрүлөт.

Сынактын негизги максаттары – боз үй жасаган улуу муундагы чеберлерден кийинки өсүп келе жаткан муундар үчүн салттуу өнөрчүлүк мектебин калыптандыруу, кол өнөрчүлүгүнүн казынасын байытуу, элдин күнүмдүк турмушунда унутта калып бара жаткан өнөрчүлүк технологиясын кайра жандандыруу, жайылтуу, көркөм кол өнөрчүлүктүн сырларын таасын билген уздар менен усталарды массалык-маалымат каражаттары аркылуу даңазалоо, кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүн массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылтуу, пропагандалоо, боз үйлөрдүн каталогун басып чыгаруу болуп саналат.

Сынакка калктын бардык катмарынын өкүлдөрү катыша алышат, чеберлердин жаш-курагы, улуту чектелбейт. Ошондой эле, ички-сырткы жасалгалары толук бүткөн, элдик нукура технологияны колдонуу менен сын-келбеттүү боз үйлөрдү өз колдору менен жасаган бардык чеберлер катыша алат, жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат.

Сынактын катышуучулары Уюштуруу тобуна “Билдирме-анкетасын” 2015-жылдын 28-августуна чейин, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, № 78 (214-кабинет) дарегине тапшырышы зарыл. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Сынактын катышуучулары сынакка катышууга жолдомо алгандыгы тууралуу уюштуруучулар тарабынан “Билдирме-анкетасында” көрсөтүлгөн телефон аркылуу маалымдалат жана кабыл алынган боз үйлөр 3-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында, күндүн биринчи жарымында тигилет.

Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө 1-2-3-орундар берилет. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2015-жылдын 5-сентябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин дипломдору, грамоталары жана кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышат.

“Марал ФМ”, 21.08.2015-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.