Жашоо сабактары

«Бакдѳѳлѳт» коомунун «Жашоо сабактарынан»

Жаңыны кармабай, жакшыны карма

Баардык нерсенин мөөнөтү бар: жакшынын, жамандын, ыйдын, ырдын. Утуру келген мөөнөттүн учурун бил – жакшысын кармасаң, жаманы кайып өтүп кетет. Эгер жаманын кармасаң – жамандан запкы тартасың, кыйналасың, жакшыга зарыгасың. Ошондуктан мөөнөттү башкара бил, жаманды өткөзүп ий, кармаба.

Жеңилди кармаба сен, баалууну карма. Кармаба жалтыракты, кармагын ак жарыкты. Кармаба жаңыны, кармагын жакшыны. Жакшыны кармасаң, жакшыга жанашсаң – Кудайдан ырыс келет, жарыктан нуру келет.

Барктабай турсаң эгер, асылды чансаң эгер – ырыстан кемийсиң сен.

Билгин, жашоодо бузуку болгондорду оор түйшүк басат, сан жеткис чырды көрөт, күчү сапатсыз болот. Мындайда да Кудайым бузукуга оңолчу күндү берет, оңол деп түйшөлтчү ойду берет.

Жашоонун тереңин, жашоонун белегин байкабай өткөн адам өз өмүрүндөгү багытын көкүрөгү менен таба албаса, көкүрөктөгү кайгысы менен өтөт. Жашоонун негиздерин чече билсе, жашоонун негизин түшүнө билсе – толкунданганынан ыйлайт, сыздайт. Терең акылды өзүнө сиңирип, көкүрөгү кубанат, көөдөнү тынч алат, акылдын тереңи аны адамдык асыл сапатка бөлөйт. Ошондо анын жашоосунун нугу өзгөрөт, нуру өзгөрөт. “Байкалбай өттү күндөр, бааланбай калды сөздөр. Канча күн текке кетти, баасын билбей калдым” деп, кайрадан кубатка толот, жарыкты баалайт, бийикти самайт, жакшыга багыт алат, ар бир күндү байкап, баалап, бекемдик сөзүндө, мээрим жүзүндө, сыймык жүрөктө, кубат, сүйүү үнүндө болот.

«Бакдѳѳлѳт» коомунун байланышуу телефондору: 0771 144- 820; 0552 853- 555

«Көк асаба», 13.02.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.