Бакен Кыдыкеева триумфу жана драмасы

20-кылымдагы кыргыздын европалык үлгүдөгү сахна өнөрүнүн улуу чеберлеринин ичинде Бакен КЫДЫКЕЕВА таланты менен да, тагдыры менен да өтө айырмаланып турат. Улуу актрисанын чыгармачылык жолуна көз чаптырган адам, анын талантына суктанбай койбойт. Орто Азия аймагынын элине, ал эми СССРдин кино жана театр журтчулугуна аттын кашкасындай дайын болгон сейрек таланттардын ичинде кыргыз кызы Б. Кыдыкееванын бар экенин көрөт. Сыймыктанат.

Ал кыргыздын фильмдеринен тышкары, “Жоргонун жүрүшү” (Мосфильм), “Революциянын атынан”, “Жолугушуу жана ажырашуу” (Өзбекфильм) сыяктуу фильмдерге тартылып, кино журтчулугунун өз доорунда өтө жогорку баасын алган. Кезегинде орус журналисти В.С.Иванова “Бакен Кыдыкеева” деген Москвадан басылып чыккан монографиясында “Тайгак кечүүдөгү” Азиз эне менен “Жоргонун жүрүшүндөгү” Жайдардын образдарына таянып “молчание Бакен” деген аныктама киргизген. Бул эки образда Б.Кыдыкеева көрүүчүлөрдү да, кино журтчулугун да паузада укмуштуудай элестүү, ажарлуу, психологиялык жактан өтө ынанымдуу жашай билгендиги менен таң калтырган, тамшандырган. Мындай кудурет – залкар таланттардын гана энчиси. Ал эми кыргыз драма театрынын сахнасында улуу актриса кыргыз улуттук пьесалары боюнча коюлган спектаклдердеги Айганыш, Мастан, Майсалбүбү, Сейде, Зуура, Канышай, Эркеайым, Каныкей ж.б.у.с. таланттуу ролдорун санабаганда да, дүйнөлүк драматургиянын шедеврлерде эстен кеткис образдарды жаратканын көрөбүз: Лауренсия, Дездемона (В. Шекспир, “Отелло”), Лариса (А.Н.Островский, “Сепсиз кыз”), Катерина (А.Н.Островский, “Добул”), Анна Каренина (Л.Н.Толстой, “Анна Каренина”), Елена Андреевна (А.П.Чехов, “Ваня ага”), Гонерилья (В.Шекспир, “Король Лир”), Долорес эне (Карел Чапек, “Эне”). Ушундан улам, Б. Кыдыкееванын таржымалы менен таанышкан адамда улуу актриса жалаң гана гүлгө бөлөнүп, даңкка оронуп, чексиз бакыттын кучагында жүргөндөй туюм калышы мүмкүн. Тилекке каршы, улуу актрисанын өмүрү, ал жараткан улуу ролдор, ал жетишкен этаптуу чыгармачылык ийгиликтерге барабар келген драмалуу, ал түгүл трагедиялуу тагдырдан куралган.

Жеке турмушундагы драмалар, көрө албастардын интригалары

Ал адеп Абды деген торуайгырлык кесиптешине турмушка чыгат (Абды азыркы таланттуу обончу жана артист Асылбек Өзүбековдун атасы менен аталаш адам болгон). Андан бир кыздуу болуп, бир кыйла убакытка Торуайгырда туруп калат, наристеси торолгуча. Бирок Абдынын ага-туугандары анын да, келинчегинин да театрда иштегенине каршы чыгышат. Театрсыз өмүрүн элестете албаган, сахнаны эңсеп, кадимкидей куса болгон жаш актриса мындайга чыдай албай, акыры Абды менен ажырашып, наристесин кучактап алып жолуна түшөт. Ошондон кийин далай мезгил өтүп, Улуу Ата мекендик сргуштун учурунда, ошол кезде Москвада театр искусствосу институтунун режиссура боюнча акыркы курсунда окуп жүргөн Ажыгабыл Айдаркулов Бакенди жактырып калып, Нарын театрына алып кетет. Эки жаш аякта чогуу жашап, мына биротоло ачыкка чыгып, үйлөнөлү деп турган учурда дипломун жактаганы бараткан Ажыгабыл Долондон аварияга учурап каза табат. Ошол эле 50- жылдын экинчи жарымында Б.Кыдыкееванын айрым көрө албас коллегалары анын көзүн биротоло тазалоо максаты менен болсо керек, өрттөнүп өлсүн дешкен го үйүн өрттөп ийишкен. Акыры максаттары ишке ашпай калгандан кийин, күйөөсүнө жамандап атышып, биротоло ажыраштырып тынышкан. Кыргыз адабияты менен искусствосунун 1958-жылы Москва шаарында өткөн декадада (он күндүктө) Б.Кыдыкееванын кандидатурасы СССРдин эл артисти деген наамга каралып, эми алат болуп атканда, анын баягы эле көрө албас кесиптештеринин бир тобу Советтер Союзунун маданият министрлигине кирип, жамандап чыгышат. Ошентип Б.Кыдыкеева декадада наам албай калат (ал наамды кийин, 1970-жылы Лениндин энеси Мария Александровна Ульянованын ролунан соң алды). 1964-жылы, кесиптештери Б.Кыдыкееванын жеке турмушуна кийлигишип, аны “моралдык жактан бузулган” деген мотивировка менен театрдан куудуруп ийишет. Ошентип Б. Кыдыкеева талантынын гүлдөп турган чагында төрт жылдан ашык сахнадан сыртта калат. Ошондон соң, кайгы-кападан депрессияга түшүп, уйкусу качып, көз ирмеп үргүлөп алууга зар болуп калат. Ошондо уйку бетин көрбөй калган актриса көрүнбөгөн доктуру, ичпеген дарысы калбайт. Акыры йога менен алпурушуп атып, уйкусун калыбына келтирип, депрессиядан арылат. Ортодогу Б.Кыдыкеевага роль бердирбей коймойлорду айтпай эле коелу, 1986-жылы Кырдрамтеатрынын бир бригадасы Нарында гастролдо жүргөн учурунда коллегалары аны мейманканага жалгыз калтырып коюп, айтпай дебей Фрунзени көздөй кете беришкен. Ошол соккунун баарын солк этпей көтөрүп, ичинен ыйлап, сыртынан сыр бербеген улуу актриса, кыргыз элинин жүрөгүн титиреткен, бирде эргитип, бирде ыйлаткан кереметтүү образдарды биринен сала бирин жаратты. Кыргыз театры менен киносунун тарыхын түздү. 1989-жылы, алтымыштан жаңы эле өтүп, күү-күчүндө турганда, пенсияга шылтоолоп Б.Кыдыкееваны театрдан таптакыр кетирип тынышат. Ошондон кийин улуу актриса биротоло депрессияга учурады. Апатияга түшүп кетти. Өзү атак-даңк алып келген театры ага жат болуп, күнүгө бир маал Кыргыздрамдын алдындагы отургучта нес боло мелтиреп олтурганын кимдер гана көргөн жок. Бир кездеги, кыргыз театры менен киносунун салтанатын арттырган, улуу актрисанын тагдыры мына ушундай улуу жалгыздыктын кучагындагы трагедия менен аяктады… Эми легендарлуу актрисанын чыгармачылыгынын айрым бир эпизоддоруна токтоло өтөлү.

Атасы менен кызы

baken_kydykeeva2Он беш жашар Б. Кыдыкееванын атасы мугалим экенине карабастан, кызынын артист болушуна караманча каршы болгон. Ошондуктан атасынан корккон жаш артистка өзү иштеген жаш көрүүчүлөр театрынан чыгып кетүүгө ниеттенип, арызын көтөрүп алып барса, режиссер А. Самарин- Волжский ага дүйнөлүк драматургиянын алптарынын бири Лопе де Веганын “Койлуу булак” драмасындагы башкы ролду – Лауренсияны ойнойсуң деп ролду колуна карматып коет. Жаш актриса, мейли ушул ролду ойноюн, анан театрдан чыгып кетейин деген ой менен, үй-бүлөсүнө эч нерсе айтпай, атасынан жашынып репетиция кылып жүрүп образды чыгарат. Спектакль триумф менен өтөт. Б.Кыдыкееванын ийгилиги тууралуу бүт республикалык гезит-журналдардын бири калбай жазып чыгышат. Атасы кокусунан гезиттердин биринен кызынын ийгилигин окуп алып, жаш балача кубанып, ошондон кийин өмүрү өткөнчө таланттуу чүрпөсүнүн күйөрманына айланып, премьера сайын кучак толтура гүл берип куттуктап жүрүп өткөн.

Жерар Филипптин ишке ашпаган кыялы

Б.Кыдыкеева 50-жылдардын ортосунда кыргыздын алгачкы улуттук толукметраждуу көркөм фильми “Салтанатта” башкы ролду – Салтанатты ойногон. Мен жогоруда айтып өткөн Москвадагы декаданы ушул фильм менен ачышкан кыргыздар. Ошондо 20-кылымдагы Европанын эң көрүнүктүү театр жана киноартисттеринин бири Жерар Филипп Салтанатты көрүп алып, Б.Кыдыкееванын кылдат талантына, ак сөөктүгүнө өзгөчө баа берип, суктанып, актрисаны Францияга чакыргысы келип, аны менен бирге киного тартылсам деген тилегин билдирген. Бирок Б.Кыдыкеева жашаган өлкө ал учурда Советтер Союзу карандай идеологияга баш ийген, эч бир жаранын, айрыкча чыгармачыл инсандарын оңой менен четке чыгарбаган жабык мамлекет болгондуктан, Жерар Филипптин тилеги да, улуу кыргыз актрисанын эңсөөсү да ишке ашкан эмес. Ары даңктуу, ары драмалуу жол басып өткөн улуу актриса 1993-жылы 30-декабрда жол кырсыгынан каза таап, сөөгү он сегиз күндөн кийин гана өлүкканадан табылып, жерге берилди…

«Жаңы Агым», 29.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.