Лейлек килеми

Лейлек дегенде мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков, лейлек күрөшү, кургатылган өрүгү жана лейлек килемдери эске келет. Дал ушул акырында сөз кылган лейлек килеми жергиликтүү тургундардын кол өнөрчүлүгүндө өзгөчө орунду ээлеп, Лейлектин сыймыгы катары эсептелет. Кыз узатуу каадасында дагы лейлек килеми белекке берилип, кыздын себинин көркүн ачат. Бул килемдин согулушу, өзгөчөлүктөрү жана пайдасы тууралуу төмөнкү макалада кеп кылдык.

КИЛЕМДИН БААСЫ 30 МИҢ СОМГО ЧЕЙИН ЖЕТЕТ

Лейлек килемин согууда койдун жүнү колдонулат. Адегенде кыркылып алынган жүн таза жуулат, андан соң ийикке ийрилип, түр жасалат. Качан түр даяр болгон соң казанга суу кайнатылып, ага боёк салынат. Ага удаа түрдү казанга салып кайнатып, боёкту түргө сиңдирет. Түр боёлгон соң күнгө какталып кургатылат. Бул иштердин баары аткарылган соң килем согуу башталат. Ал үчүн атайын аштама жыгачтар орнотулат. Түрдүн баары аштама жыгачтардын башынан акырына чейин биринен сала экинчиси тартылып, килем согуу башталат.

Лейлек килеми араби жана жүл деп экиге бөлүнөт. Араби килеми жука согулат. Аны бүтүрүү үчүн 5-6 күн убакыт кетет. Баасы 5000-10 000 сомго чейин барат. Ал эми жүл килеми калың жана түктүү келет. Салмагы 50 килограммдан жогору болот. Баасы 23-30 миң сомго чейин жетет. Жүл килемди согуу үчүн 3-4 чебер керектелет. Алардын баары каз катар тизилип отуруп, тартылган түрдү токмок менен согуп, килемдин гүлдөрүн чеге башташат. Иш шыдыр кетсе, бир килем 15-16 күндө даяр болот.

Килем согуудагы түйшүктөр тууралуу билүү максатында чебер Санаат Азимовага суроо узаттык.

 

Санаат Азимова, чебер: «ЭМГЕГИБИЗ ЭМГЕК КИТЕПЧЕБИЗГЕ ЖАЗЫЛСА ЖАКШЫ БОЛМОК»

– Килем согуу өнөрүн кимден алгансыз?

– Килем согууга 14-15 жашымдан аралашкам. Энем килем соккондуктан, жанында жүрүп көп нерсени үйрөндүм. 2006-жылы айылыбызга бизнес-инкубатор уюшулгандан тарта ушул жерге жумушка орношком. Ишибиз саат 9да башталып, кечки 6да бүтөт. Айына эки килемди бүтүрөбүз. Иш оор болгондуктан, азыркы жаштардын эч кимиси бул өнөргө кызыгышпайт.

– Кол өнөрчүлүгүңүздү колдогондор барбы?

– Колдоочуларга «колдоп бер» деп кайрылган эмеспиз. Өзүбүздүн күнүмдүк жумушубуз катары мамиле кылабыз. Быйыл иштегенибизге он жылдын тегереги болду. Жок дегенде бул кол өнөрчүлүгүбүздү баалап, мамлекет тараптан эмгек китепчебизге стаж катары жазылса жакшы болмок. Тилекке каршы, Эмгек кодексинде килем соккон чеберлердин абалы каралбаптыр. Андыктан мыйзам чыгаруучулар ушул жаатка көңүл буруп койсо, бизге окшогон чеберлерге чоң дем болмок.

 

Таштанбек Жороев, сатуучу: «МАДАНИЙ МУРАС КАТАРЫ КАТТООДОН ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК»

– Таштан мырза, килем бизнеси менен канча жылдан бери алектенесиз?

– Килем менен пенсияга чыккандан тарта иштеп келем. Алып сатар катары иштегениме 20 жылдан ашты. Ага чейин мамлекеттик кызматта иштегендигиме байланыштуу килемге кызыкчу эмесмин. Бул бизнеске жаңыдан аралашканда Тажикстандын Өрө-Төө, Сог шаарларына чейин барып килемдерди сатып келчү элем. Азыркы тапта бир жагынан колдон күч кетсе, экинчиден чек арадан өтүү кыйындагандыктан коңшу мамлекетке барбай калдым. Учурда жергиликтүү базарга чыккан килемдерди сатып алып, үстүнө бир аз акча кошуп, кайра эле ушул базарда сатам. Карылыкта жакшы эрмек экен.

– Килем алып жатканда эмнесине көңүл бурасыз?

– Биринчи сапатына, анын өңүнө, узундугуна карайм. Айрым килемдердин боёгу жакшы болгону менен, кыркымы начар болуп калат. Ал эми кээ бирлери бош согулуп калгандыктан ыдырап кетүүсү ыктымал. Кызыл-карага боёлгон жылдыз көчөт аталыштагы килемдер өтүмдүү. Узундугу 3,80-4,50 метрге чейин, туурасы 2,50-2,70 метрге чейин болот. Мындай килемдерди көпчүлүк учурда кыздын себине алышат.

– Жыйырма жылдан бери килем менен алектенсеңиз, баштапкы килемдер менен азыркы килемдердин айырмасын байкаган чыгарсыз?

– Илгери согулган килемдер абдан сапаттуу эле. Азыркы тапта сапатына жакшы көңүл бурулбай жатат. Учурда үйүмдө 1965-жылы согулган эки килем салынып турат. Азыркыга чейин жаңы бойдон. Бул килемдерди жакшылап карап, күбө менен чычканды жолотпосоң эле көпкө сакталат экен. Жуулган таза жүндөн согулгандыктан ден соолукка дагы пайдасы көп. Учурда кээ бир дарыгерлер чет мамлекеттен келген айрым килемдер ар кандай оорулардын башталуусуна жол ачып жаткандыгын белгилешүүдө. Ал эми лейлек килемдеринин, тескерисинче, пайдалуу жагы көп. Себеби мында эч кандай химиялык заттар колдонулбайт. Жатсаң жумшак жана жылуу келет. Бирок буга карабастан учурда жакшы бааланбай жатат. Муну дагы маданий мурас катары каттоодон өткөрүп койсок жакшы болмок.

 

Анархан Турдубаева, Кол өнөрчүлөр кеңешинин Баткен облусу боюнча вице-президенти: «БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – ЛЕЙЛЕК КИЛЕМИН ЖАЙЫЛТУУ»

– Лейлек килемдерин коомчулукка жайылтуу максатында 2006-жылдан баштап Кыргыз улуттук тарых музейинде «Лейлек килемдери» көргөзмөсүн уюштуруп келебиз. Мындан тышкары Кытайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катыштык. Өзүбүздө өткөн Көчмөндөр оюнунда дагы көргөзмөгө коюлуп, өз баасын алды. Эми буюрса, жаңы дем менен иш алып барып, жаңы оюму бар килемдерди соксокпу деп турабыз. Башкы максатыбыз – лейлек килемин жайылтуу болгондуктан, ушул багытта иш алып барсак деген ниеттебиз.

batken_kilem3

batken_kilem2

Темирбек Матаев, “Супер-инфо”, №696 4-март-10-март, 2016-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.