Райымалы тууралуу биз билбеген фактылар

«Махабат дастаны» фильми – 1983 жылы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романы боюнча тартылган. Кинодо Бегимай менен Райымаалынын бактысыз тагыдырына күбө болобуз. Көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун алган тасма көркөмдөлүп жазылганын айрымдар биле бербесе керек. Чындык менен кинонун ортосунда кандай айырма бар? Oilon.kg сайтынын суроолоруна Райымалынын небереси Бурул Раималиева жооп берет.

– Райымаалы чындгында кинододогудай көз жумганбы?

«Бегимай тескерисинче келин болгон»

– Жок, ал 69 жаш кутман курагында үй бүлөсүнүн балдарынын курчоосунда көз жумган. Чыгармада көркөмдөлүп көп нерсе бурмаланып жазылган. Чоң атам Бегимдайды жолуктурганда ал боз улан болуп, Бегимай тескерисинче келин болгон. Ошондо кыздардын арасынан атам Шолпон жана Бегимай менен айтышкан. Чын эле сүйүү жактыруу сезимдери ойгонуптур. Бирок казактын убагында шумкарлары келип аны ур токмоко алганда, ортосундагы мамиле токтогон.

 

– Чоң атаңыз кинону көргөндө кандай кабыл алган?

«Кинодо мени өрттөбөй эле койсоңор болмок..»

– Чоң атам «Мени өрттөбөй эле койсоңор болмок..»деп көпкө чейин жаман болуп жүрдү. Чыңгыз Айтматовко дагы айткан экен. Бирок ал сиз дүйнөдөгү ыйык сүйүүнү даңазаладыңыз деп жооп кайтарган.

– Азыр Бегимай кайакта?

– Бегимайды казак журналисттери мындан 5 жыл мурун издешкен. Бирок эч тыянак чыккан эмес. Ал эми убагында ал менен келген Шолпанды табышыптыр. Ал Казакстанда бир айылга турмушка чыгып улгайып калган экен. Айрым маалыматка таянсам Бегимай Ысык Көлгө турмушка чыгып ал жакта жашаарын кулагым чалган (6-7 жыл мурун).

– Чоң атаңыз кандай элестер менен сакталып калды?

– Мен ал кезде 4-5 жашта болчум. Чоң атам абдан талантуу адам болгон, ал комузда, балалайкада ойночу. Орусча ырларды кыргызча которуп обонго салып ырдачу. Бизге унчукпай отуруп күү чертээр эле. Анын колдорун карап отуруп эжелерим Гульнара, Каныкей комузду үйрөнүшкөн. Атабыздан калган чоң белек анын бизге өткөрүп кеткен таланты деп эсептейм.

Ариза Атабекова, «Ойлон», 07.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.