Айтыштан чыккан тартыш

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган XI эл аралык айтыш тууралуу эл арасында ар кандай сөздөр айтылып жатат. Калыстар курамынын мүчөсү, окуяны баштан-аяк көргөн киши катары өз пикиримди элге-журтка жеткирип коюуну туура таптым. Айткандарым бирине жагаар, бирине жакпас, бирок сөздү учуру келгенде айтпаса атасы өлөт, андыктан ойлорду ортого салсам окурмандар пикирин кескин өзгөртпөсө да өздөрү туура жыйынтык чыгарып алышат деп күтөм.

Уюштуруучуларга жана калыстар тобуна коюлуп жаткан дооматтар ар кандай мүнөздө. Алардын ар бирин өзүнчө карап чыгалы.

1. “Идирис Айтибаевдин баллы негизсиз төмөндөтүлдү” деген доомат

Идирис Айтибаев – бир эмес, бир нече тилде төгө билген тажрыйбалуу акын. Жеке мен ага кыйла жогорку упайларды (кеминде 9) ыйгарып келатканым да ошондон. Ошого карабастан, ал жарым финалдык жана финалдык айтыштарда өтө одоно каталарды кетиргенин да айта кетүү зарыл.

Жарым финалда казак акыны менен айтышып жатып “тээ гунндардан келаткан Атилла менмин, Кан Манастын өзүмүн, андан берки Барсбекмин, андан берки Тагай биймин” деп кыргыздын ыйык көргөн адамдарынын баарын өзүнө теңеп алды. Билгенге бул бери дегенде кесир сөз. Ага караганда казак акындары тийишип кеп кылган олбурлуу көлөмү тууралуу айтып жатып “ушу көлөмүмө сен суктанып аткан мен Манастын тамчысы элемин” деген Кадырбек Бейшеновдун айтканы алда канча жөндүү.

Финалдык айтышта Идирис акын Сара Токтомушева менен айтышып жатып, Саранын Изат Айдаркуловага берген шакегинен бери шылтоо кылып, “күйөөм, балдарым бар” деп наркын бузбай эле отурган аял затын “кеч калыптырмын, мага тийишкиң эле келип турат, мен сени алсам айтышка жибербейт болчумун, көйнөгүмдү жуумаксың, эмгиче жети жылда менден жети бала туумаксың” деп ачык эле басынтууга өттү. Бул айла кеткендин эле кеби. “Сөздүн көнбөй ыгына, Карап көрбөй сынына, Өйдөсүнөт кээ эркек, Өзүн көрүп кыбыла. Эркекмин деп мактанат, жалгыз кийген шымына” деп апам Шакен Мамбетаипованын жазганы бар. Ошол эле учурда “таза кандуу кыргыз сиздей болчу эмес эле” деген Саранын сөзүнө татыктуу жооп бере алган жок. Жети эмес, жетимиш атасын санап туруп астына таштап койсо андан кийин эч ким сөз айта албай калмак.

Англис тилинде төгүү айтыш үчүн экзотика көрүнүп, кыйла жандуу сезилээри талашсыз. Бирок аны ашыра пайдаланса айтыш айтыш болбой эле, рэпке айлана баштайт. “Келин келгенский, чайдан куйганскийлер” ошондон башталат. Айтыш – нукура кыргыз тилин таза сактоонун, анын байлыгын көрсөтүүнүн эң натыйжалуу каражаттарынын бири. Ансыз деле тилибиз аргындашып ар кайсы тилдердин таасири астында калып жатканда көзгө басаар сөз өнөрүбүзгө башка тилдерди ашыкча аралаштырууну жеке мен туура көрбөйм. Тузду аз кошсоң суусу ашып, көп кошсоң уусу ашып кеткен сыяктуу эле нерсе.

Бул айтылгандар менин 1 балл кемиткендеги жүйөлөрүм. Калыстар тобунун башка мүчөлөрүнүн башка да жүйөлөрү болушу мүмкүн.

 

2. “Аалы Туткучев, Элмирбек Иманалиев менен Жеңишбек Жумакадыр эмне үчүн катышкан жок?” деген доомат

Уюштуруу тобунун маалыматы боюнча, тандоо айлампасына төкмө акын аттуунун баарына чакыруу жиберилген. Баш-аягы 45 акын келип катышты. Каалагандардын эч кимисине жолтоо болгон жок. Астын эч ким тоскон жок. “Катышпайм, андан көрө жаш акындарга жол көрсөтөйүн” дегендерин да зордоп алып келип эч ким катыштырган жок. Аалы Туткучев экинчи күнү келип ачылышында агынан жарылып төгүп берди. Ырахмат, арбакты ушундай да сыйласа болот.

 

3. “Казак акындары күчтүү чыгып, кыргыз акындары уят болушту” деген доомат

Күч атасын тааныбайт. Казак акындары чын эле кыйла күчтүү курамы менен келишти. Бирок айтышта алар кыргызга агынан жарылып, кыргыздын асыл сапаттарын кыргыздын өзүнөн ашыра даңазалап олтурушту. Баса, биз чычалабай, өзүбүз үчүн да ойлоно турган нерселерди кошо айтышты. Кыргыз акындары койгон дооматтардын баарына казактар чыдап, көтөрүп, тамашага салып, нарктуулуктун үлгүсүн көрсөтүп кетишти. Анысы бизге жакшы эмеспи! Рахмат ошонусуна! Казактын мыктылары өзүнчө, кыргыздын мыктылары өзүнчө тандалды. Эл аралык айтыштарга чыгып көрө элек жаш акындарга мындай чоң калибрдеги лөктөр менен беттешүү пайдасы эле болбосо, зыяны болгон жок деп ойлойм. Көрсүн, бышсын. Бул дүйнө – тынымсыз Аккан Дүйнө. Ар кандай учурлардан туура жыйынтык чыгарып, өнөрүбүздүн деңгээлин арттырууга ар кандай шартта кам көрө билели.

 

Жалпы маселелер

Жогоркуда сөз болгондордон тышкары, айтыштагы айрым тенденциялар, анын жалпы деңгээли, заманга жараша келип чыккан суроолор туурасында да сөз кыла турган мезгил жетти. Анткени төкмөлүк көчмөн цивилизациядагы сөз эркиндигинин байыртан бери келаткан өзгөчө формасы болгондуктан, аны коомдогу болуп жаткан көрүнүштөрдөн бөлүп кароо мүмкүн эмес экен.

 

Калыстарга болгон сый

Жюриде отургандардын ичинен кыргыз маданиятына, кыргыз тилине эмгеги эң аз сиңгени эле менмин. Болбосо калгандары баары четинен өз өмүрүн маданиятка, тилге, сөз өнөрүнө арнаган кишилер. Айталык, Акбар Рыскулов наркы доорду да, берки доорду да көргөн чоң акын, тоо томкорулуп баратса да оозунан жаман сөз чыкпаган, эч кимдин көңүлүн калтырбаган нарктуу киши. Саламат Садыкова эжебиз дүйнө жүзүндө кыргыз музыкасынын жүзүн таанытып, башкасын кой, элдик гимнге айланып кеткен “Кыргыз жери” аркылуу эле өзүнүн өлбөс-өчпөс ордун тапкан. Улуттук салтты, маданиятты өнө боюнда сактаган, ошол деп жашаган адам. Күмөндөр Абылов байкебиз Союз тарагандан бери эле куудулдук өнөрдүн символу, кыргыз үчүн ичкен ашын жерге койгон маданият ишмери. Эми ушулардын богу менен тең болуп туруп (бул да кыргыздын сөзү, жаш курагындагы айырманы билдирет) “сенсиреп” залдан кыйкырган жаштар, “чокудан ары коем” деп чокчоңдогондор кыргыздын кайсы наркын, кайсы маданиятын көрсөтүп жатышат болду экен? Макул, нааразы болсун дейли. Ансыз деле баарына жагыш мүмкүн эмес. Болгону ошолор өзү күйөрман болгон акынды кандай жагынан мүнөздөп жатышканын түшүндү бекен? Ичи күйгөнүн жашыра албай туугандары деле, койнундагы зайыбы деле ажылдап беттен алып турса – анда элдигибиз кайсы? Калыстар ошолордун жетегинде калса, өз ою менен эмес, “кокуй, мени чокуга чабат экен” деп коркконунан добуш берип турса – анда калыстыгы кайсы болот? Арасынан ачуусу чукулураак бирөө эле чыдабай кетип “чокуга чапкан андай эмес, мындай” деп ошондой ээн ооздордун өзүн жыга чапса эле “кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болуп эле жатып калган атпайбы. Айтышты өнүктүрөм деген уюштуруучуларга каршы андан өткөн кыянаттык болбосо керек. Азыр чатак чыгаруунун фейктерден баштап ОБОНго чейинки ар кандай арамза технологиялары өрүп кетти го четинен. Ошондойлордун бири эмес деп ким кепилдик бере алат?

 

Көз караштардагы ажырымдын таасири

Айрым көрүүчүлөр төкмөлөрдүн шарттуу түрдө динчил-теңирчил болуп бөлүнүп кеткенин айтып жатышат. Жашырганда эмне, дин фанаттарынын далайларынын чекесине чыккан эң ачуу чыйкан, жек көргөн желмогузу мен болсом керек. Теңирчилик дүйнө таанымын изилдеп кыргызга жеткирген Чоюн Өмүралиевдин руханий шакирти болгонума сыймыктанам. Буга чейин айтылган сөздөрүмдүн биринен да баш тартпайм. Антсе да тандоо туруна катышкан 45 акындын кимиси кайсы жээкте экенин мен деле билбейт экенмин.

Кеп анда эмес. Кеп маселенин түбүн туура түшүнүүдө жана Жолду сыйлоодо. Айталык, айт күнү акындар “айт маарек болсун” деп куттуктап чыгышы, ошого байланышкан жакшы тилектерин айтышы табигый эле көрүнүш. Эч каршылык жок. Бирок бир байкаганым айрым акындар Тууганбай Абдиевдин жакшы жагын анын ажыга барганына байланыштырып туруп алышты. Анысы туура эмес. Кыргызга Тууганбай Абдиев ажы болуп келгени, Арафат тоосун көргөнү үчүн баалуу эмес. Кыргыздын ак таңдай акыны, жаакта жок чечени, улуттук өнөрдү өнө боюнда таза сактап келген, кийинки муунга өткөрүп берген, артында далай төкмө акындарды тарбиялап кеткен алтын көпүрө болгону үчүн баалуу. Болбосо жашырганда эмне, ажылар азыркы заманда аттын кара капталынан. Далайы биригип келип Тууганбай Абдиевдин кыргыз маданиятына сиңирген эмгегин сиңире албайт. Ар нерсенин өзөгүн караш керек. Эсеби маселен, Жусуп Абдрахманов бизге коммунист болгону үчүн эмес, кыргызды ачкачылыктан сактап калганы үчүн баалуу. Байдылда, Мидин, Какендер заманына жараша динден таптакыр алыс, шатыра-шатман ичкиликке жакын болгонуна карабастан, кыргыз поэзиясына кошкон өлбөс-өчпөс салымы үчүн баалуу. Аныгында кыргыз ошолордун баары менен кыргыз! Ушинтип ар нерсенин ички өзөгү менен тышкы кабыгын так, даана ажыратып билип, ошого жараша мамиле кылганда эле көп маселе өзүнөн өзү чечилет. Айтыштын өзүнчө, саясаттын өзүнчө, диндин өзүнчө Жолу, орду бар. Андан ашпаш керек, бирине бирин басып бербеш керек. Ашкан жерден Жол бузулат, Жол бузулса Эл бузулат. Аны да көрүп жатабыз.

 

Жалпы билим жана ой өрүшү

Айтыш бизде өнүгүп келатканына көп эле жыл болду. Учурдун талуу маселелерин ташка тамга баскандай так көрсөтүүдө кыргыз үчүн мындан өткөн курал жок эле. Айталык, учурунда Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы эле ушуларга эмне деген даанышман жооп болгон? “Жаттан карыз көп алды, жан кечтилер жеп алды, бөлөктөн карыз көп алды, бөрүлөр бөлүп жеп алды” деп эгемендиктин алгачкы жылдары айтыш жаңы күчөп келатканда төкмөлөрдүн бетке чапкан өткүрлугү өз убагында жамы журтка дүң болгону көпчүлүктүн эсинен кете элек. Тилекке каршы, кийинки убакта айтыштын нугу тайыздап, бет маңдайындагы акындын калпагы менен чепкенинен, жыныстык жана жаш өзгөчөлүгүнөн, кебетеси менен кемтигинен ашпай бараткандай таасир калтырат. Чукугандай сөз тапкан, кыйын кырдаалдан туура жол менен чыга билген бул албетте, чоң өнөр! Айрыкча Сапар Зулпуев бул жагынан чоң уста. Бирок азыр акындарыбыздын тили менен айтыла турган толгон-токой нерселер бар. Ошол жагына келгенде айтыш өз дараметин толук ача албай келаткан өңдүү. Ал үчүн көп окуп, көп изденип, ой чабытын кеңейтиш керек экен.

 

Жыйынтык

Жалпысынан ойлоно турган нерсе көп болуп чыкты. Айтышты өнүктүрүүдөгү уюштуруу моделин улуттук өнөрдүн башка да түрлөрүнө карата жайылтуу боюнча идеялар бышып жетилүүдө. Бул жерде кеп болгон маселелер боюнча айтышка тиешеси бар адамдар, интеллигенция өкүлдөрү, “Айтыш” фонду күн тартибине коюп, талкуулап ала турган нерселер жыйылып калыптыр. Ал эми азырынча эки элдин энчиси болгон төкмөлүк өнөрдүн өрүшү кеңейип, бүтүндөй коомдун күзгүсүнө айланып келатканын туура түшүнүү менен, ошого шүгүр кылалы.

Ж. Касаболотов,
Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.