«Бешик ыры» республикалык сынагы салтанаттуу жыйынтыкталат

2018-жылдын 14-мартында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын чоӊ залында «Бешик ыры» республикалык сынагын жыйынтыктоого арналган  салтанаттуу иш-чара өтөт. Башталышы саат 15.00

Аталган сынак 2017-жылдын июнь айынан ноябрь айына чейин созулуп, ага 47 катышуучудан 55 ыр келип түшкөн. Ырларды композитор М.Бегалиев башында турган калыстар тобу дыкаттык менен кылдат карап чыгып, алардын ичинен 15 ырды мыкты деп табышкан.

«Бешик ыры» республикалык сынагы «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан  Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен биргеликте уюштурулган.

Азыркы учурда «Р.Отунбаванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мыкты деп табылган 15 бешик ырын диске жаздырып, жарыкка чыгарды.

Салтанаттуу иш чара учурунда сынактын жеӊүүчүлөрүнө дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.