Джек ЛОНДОН: “Жашоо кумары”
Алар буттарын араң сүйрөп, дарыяны көздөй ылдый түшүп бара жатышкан, алдындагысы куюлма шагылдан тайгаланып, жыгыла жаздап барып оңолду. Экөө тең чарчап, дармандары калбаптыр, сыягы, ит көрбөгөн азапты көрүшүп, акыры чекелерине жазылган тагдырыларына баш ийишип жоошуп калышкандай түрлөрү бар. Жондорунда көтөргөн оор баштыктары жерге ныгырат. Белдери бүгүлүп, баштарын көтөрө алышпай жер карап баратышты. Экөөнүн тең асынган мылтыктары жонунда сороңдойт.
— Катылып жаткан октордон жок дегенде экини алып алсак жакшы болмок экен, – деди алардын бири.
Анын үнү шыбырап жаткандай, араң эле угулду. Жолдошунун көңүл кош кобураганына таштан-ташка тийип, ак көбүктөнүп агып жаткан сууга жаңы эле кирип бара жаткан сапарлашы жооп бербеди. Экинчиси да биринчисинин артынан сууга кирди. Алар бут кийимдерин чечишкен жок. Мээ какшаткан муздак суудан, буттарынын манжалары жансыз немедей, эч нерсени сезбей солдоёт. Суу улам барган сайын тизеден өтүп, тереңдеп барат. Экинчиси тайгаланып жыгылып баратып кайра турду, бир буту ташка кыпчылып, катуу оорудан кыйкырып жиберди. Кебетеси, анын башы айланып кетти көрүнөт, – теңселип бара жатып бош колу менен бир нерсени кармап алчудай асманды чапчып барып оңолду, бирок бир аздан кийин кайра теңселип, жыгылып кала жаздап токтоду. Ал боюн токтотуп сапарлашын караса, тиги артына бир кылчайып карап койбой кетип бара жаткан экен. Бир мүнөттөй кыймылсыз селейип турду дагы, анан тигиге кыйкырды:
— Билл, токтосоң, бутумду чыгарып алдым окшойт!
Билл киргил сүттөй бозоргон сууну кечип, токтобой кете берди. Артына бир дагы жолу кылчайып караган жок.
Экинчиси анын артынан караган боюнча кыймылдай албай турду, жүзү баштагыдай эле өзгөрүлбөй турса дагы, көздөрү жараланган бугунун көзүндөй жашылдана түшүптүр. Билл жээкке чыгып андан ары бутун сүйрөп кетип бара жатты. Беркиси, дарыянын ортосунда, тигини көзүндө огу болсо атып ийчүдөй тиктейт. Эриндери титиреп, кайраттуу сары муруттары бириндеп чычаят. Кургап бараткан эриндерин тилин чыгарып улам жаланып коёт.
— Билл! – деп кыйкырды ал кайрадан.
Бул капилет жерден кырсыкка кабылып, капканга түшкөн айбандай, айласы куруп турган адамдын көөдөнүнөн чыккан ачуу чаңырык эле, бирок Билл ага кулак кагып да койгон жок. Жолдошу анын бир аксап, бир чалынып, этеги дарыяга малынып, кырлары төө өркөчтөнгөн бөксө адырга жармашып, өйдө чыгып бара жатканын көзүн албай карап турду. Ал аны кырды ашып, карааны көрүнбөй калгыча карады. Анан ал, Билл жалгыз таштап кеткенден кийин аны курчап турган ааламды бир тегеренип карап алды. Алдындагы учу-кыйыры көрүнбөгөн мейкиндикти каптап алган калың тумандын арасынан бозоргон күн алсыз нурун чачат. Салмагын соо бутуна оодарып, чөнтөгүнөн саатын алып карады. Саат төрт болуп калган экен. Акыркы эки аптада ал эсебинен жаңылып калды: июлдун аягы, августун башы болгондуктан күн түндүк-батыштан көрүнүшү керек экенин жакшы билчү. Ал түштүктү белгилеп алды, тээтиги үңүрөйгөн дөбөлөрдүн ары жагында Чоң Аюнун көлү, ошол эле тарапта канада түздүгү аркылуу Түндүк уюл айланасына алып баруучу татаал жол өтөрүн боолголоду. Ал азыр ортосунда кечип турган дарыя Коппермайн дарыясынын куймасы болчу, а Коппермайн түндүк тарапка агып, Түндүк муз океанынын Коронация булуңуна куят. Өзү ал жерлерде болгон эмес, бирок Гудзон булуңу Компаниясынын чоң картасынан көргөн жери бар. Ал айлананы дагы бир жолу имерип карап койду. Көз алдында кунары кеткен, жагымсыз сүрөт тартылды. Бийик эмес бир өңчөй дөңсөөлөр бирине-бири уланып, анын сөлөкөтүнөн жаралган мейкиндиктеги толкун сыяктуу сызыктар… Баш-аягы көрүнбөгөн бозогон, чексиз талаадан башка эч нерсе – бак-дарак, жада калса бир тал чырпык же бир бадал көрүнбөйт. Анын көздөрүндө коркуунун издери пайда болду.
— Билл! – деп шыбырады ал кайрадан: — Билл!
Учу кыйырсыз улуу талаа болгон салмагы жана эч нерсени тоотпогон кабелтеңдиги менен жонунан ныгыра баскансып, дарыянын боз чаңгыл суусунун ортосуна тизелеп олтура кетти. Ал безгек болгон немедей титиреп жаткан, колундагы мылтыгы сыйгаланып сууга түшүп, чалп эткен үн чыгарды. Бул аны эсине келтирди. Бүт эркин жыйнап, суудан сыйпалап мылтыгын таап, жонундагы баштыгын соо бутуна оодарып чымырканып турду да, чыдатпаган оорудан бети-башын тырыштырып жээкти карай бет алды.
Ал ошо боюнча токтогон жок. Шашкалактап Билл ашып кетип көрүнбөй калган дөбөгө катуу ооруга тиштенип чыдап, тырмалаңдап чыгып бара жатты, – өзүнүн аксаңдап араң жөргөлөп бара жаткан Биллден да күлкүлүү абалда экенин элестетип кетти. Ал кырга чыкканда, көз алдына тартылган чакан өрөөндө жан адам жок болчу! Анын жан-дүйнөсүн кайрадан коркунуч ээлеп алды, кайрадан күчүн жыйып баштыгын сол бутуна жылдырып, аксаңдап ылдый түшө баштады.
Өрөөн саздак экен, эңилчекти баскан сайын суу сарыгып чыгып, баскан изине толо түшөт, кадам таштаган сайын таманынандагы суу чалпылдап, туш тарапка чачырайт. Биллдин изин кубалап, эңилчектин арасындагы аралчалардагы сороюп чыккан таштар менен аттап-буттап, арылап кете берди.
Ал азырынча бара жаткан жолунан адашкан жок. Бир аз жүрсө жергиликтүү элдин тилинде “Кичинекей Таякчалардын Өлкөсү” деген түшүнүктү берген айланасын кыска, куурап бара жаткан ийне жалбырактуу токойчо курчаган кичинекей Титчинничили аттуу көлгө жетерин билди. Көлгө тунук булактар куюп турат. Булактардын жээгинде калың камыш өсөт, – ал жерде бактар өспөйт, – аны ал жакшы билет, – ошол жерден булакты бойлоп жүрүп олтуруп, суу экиге бөлүнгөн чатка чейин жетмек. Ал жерден чыккан башка булак батышка агат; аны бойлоп ылдый түшкөндө Диз дарыясына жете барат, ал жерден таш менен корумдалган көмкөрүлгөн кичинекей кайыктын астында катылган жашырын жерин табат. Жашырын жерде жашоого эң керектүү нерселер: ок-дары, кайырмактар, кичинекей балык кармачу тор, ун, бир аз болсо да төш эт, буурчак катылган болчу.
Билл ал жерде барып күтүп жаткандыр, андан ары экөө Диз дарыясы менен ылдый Чоң Аюу көлүнө түшүп, көл аркылуу түштүккө бет алышса, эч жакка бурулбай түштүккө, – аркасынан, алар жаңы эле өткөн дарыялардын бетин музга айлантып, чыкыроон суугу менен каарып келе жаткан кышка жеткирбей түштүккө гана бет алышса, – Гудзон булуңундагы бийик дарактар өскөн, тамак-ашы кенен базары бар, келгин элдер жашаган жерге жетип алышмак.
Алдыга кыйналып араң жылып бара жаткан жолоочу мына ушинтип ойлонуп баратты. Ага алдыга жылыш канчалык оор болсо, Биллдин аны орто жолго карабай таштап кетпегендигине, анын жашыруун жерде катылган буюмдардын жанында күтүп жатканына өзүн ишендирүү андан да оор болчу. Бирок, ал ошентип ойлонууга мажбур болчу, антпесе андан ары убара тартып, алга жылыштын мааниси жок эле, – жөн гана кыймылсыз жатып алып өлүмүн күтсө болмок.
Мунарык баскан күн түндүк-батышка акырындап жылып, уясына киргиче ал Билл экөөнүн кыштын чабуулунан кутула турган түштүктү карай сапарынын ар бир кадамын бир нече жолу салмактап чыгууга үлгүрдү. Ал кайра-кайра жашыруун жердеги катылган жана Гудзон булуңу Компаниясынын кампалардагы тамак-аштын канча күндүк кору бар экенин көңүлүндө эсептеп чыкты. Анын тамак жебегенине эки күн, ал эми тоё жебегенине андан да көп болгон эле. Ал улам жолуккан саздагы өсүмдүктөрдүн мөмөсүнөн оозуна толтура салып, чайнамыш болот. Мөмөлөрдүн аш болумдуулугу жок, жалаң суу, – оозунда ачуу уругу эле калып жатты. Бул мөмөлөр ач курсакка эш болбосун жакшы билчү, бирок болбой эле жей берди, – сокур үмүтү, жыйган тажырыйбасына жеңдиргиси келбей турду.
Саат тогузда ал бутунун бармагын ташка уруп оорутуп алды, чарчап, ырп этерге алы калбай, чайпалып барып жерге кулады. Көпкө чейин кыймылдай албай жамбаштап жатты; бир топтон кийин баштыгын чечип, этияттап жер таяна олтура кетти. Жаңыдан иңир кире баштаган, күүгүмдө үлбүл-бүлбүл көрүнгөн таштарды сыйпалап, бир аз кургак эңилчек жыйнап алды. Аны тутандырып от жакты, – үлпүлдөп күйгөн түтүнү быкшыган отко калай чакага суу куюп асып койду. Анан баштыгынын оозун чечип, эң алгач ширеңке алып чыгып, аны санай баштады. Анда алтымыш жети баш ширеңке бар болуп чыкты. Жаңылып калбайын деп катары менен үч жолу санады. Ширеңкени үчкө бөлүп, ар бирин пергамент кагазка бекемдеп ороду; бир таңгакты баштыгына салды, экинчи таңгакты тумагынын тигишине тыгып койду, үчүнчү таңгакты колтугуна катты.
Буларды жасап бүткөн соң, ал өзүнө ишенбей шектене баштады: ал үч таңгакты тең кайра чачып, ширеңкелерди дагы бир жолу санап чыкты. Ширеңке баштагыдай эле алтымыш жети болчу. Иттин терисинен жүнүн тышына каратып тигилген такасы жок, кончтуу, суу болгон жумшак өтүгүн чечип оттун жанына койду. Өтүгү чоло жери калбай тытылыптыр. Жыртылган жүн байпагынан урчук таштар менен тикенектерден айрылып, кызарып канаган таманы көрүнөт. Басылбай ооруган кызыл ашыгы шишип: тизеси менен бир болуп жооноюп кеткен экен. Ал кебез төшөгүнөн узун тилке кылып айырып алып, бутун таңды, дагы бир нече тилке айрып чулгоо кылып оронду, өтүгүнүн сыртынан да бекем ороп таңып койду. Кайнап калган суудан ичип, саатын бурады да айрылгандан калган кебез төшөгүн жамынып жатып калды. Ал өлгөн адамдай уктады. Айлананы көзгө сайса көрүнгүз караңгы түн басып, бирок бат эле таң атты.
Күн түндүк-чыгыштан чыкты, тагыраак айтканда жарык ошол тараптагы бозоргон тумандын арасынан чыгып жаткан болчу. Ал таңкы саат алтыда ойгонду. Боз чаңгыл асманды карап жатып, курсагы ачканын сезди. Оодарылып, чыканак таяна баш көтөрө бергенде аны кызыгып карап турган чоң бугу катуу бышкырды. Бугу андан элүү кадамдан ашпаган жерде турган, аны көргөндө мурдуна көмөч казанда чыркырап куурулуп жаткан эттин жыты келе түштү. Ал ойлонбой эле, октолбогон мылтыгын ала коюп, мээлеп туруп милтени басып калды. Чочуп кеткен бугу секирип бурулду да, таштак жерде туяктарын тарсылдаткан боюнча дөңсөөнү ашып бир заматта көздөн кайым болуп кетти.
Сөгүнүп мылтыкты ыргытып, онтолоп өйдө тура баштады. Бул ага оңой-олтоң болгон жок. Муундары дат басып калгандай кычырап, ордунан туруш өзүнчө бир кыйноого айланды. Эптеп туруп, бели-башын түзөп адам кебетесине келгиче дагы бир мүнөтчө убакыт өткөндөй болду. Кыбырай жылып дөңгө чыкты да, айланага көз чаптыра баштады. Бак-дарак, бадал деген нерселер көрүнбөйт, – эңилчек баскан талаада ар кай жерде соройгон чоң таштар, ылайланган көлмөлөр, тунук эмес киргил булактар, кара булут самсаалап көчкөн асман, – күндүн өзүн мындай кой, анын жылт этип тийген нуру да жок!
Ал түндүк кайда экенин, кечээ кайсы тараптан келгенин билбей калды. Бирок, ал адашкан жок. Муну жакшы билип турду. Бир аз солго бурулса, балким тигил дөңсөөнү ашса эле “Кичинекей Таякчалардын Өлкөсүнө” жетип барат. Баштыгын алуу үчүн кайра артка барууга туура келди; үч таңгактагы ширеңкесин дагы карап койду, бирок бул жолу санаган жок.
Бугунун терисинен тигилген анча чоң эмес, ичи толтура, чымчып буума салмактуу баштыкчаны кармалап ойлонуп калды, – анын салмагы он беш фунт, – жонундагы көтөрүп бараткан жүктүн тең салмагы болчу. Кабатыр кылган ошол салмагы эле. Ал баштыкчаны четке таштап, чоң баштыгын жыйнай баштады; бир кезде бирөө аны аңдып тургансып тегеректи шектене карады да, шашкалактап баштыкчаны ала коюп, андагы алтынын бирөөгө тартырып жиберчүдөй, карбаластап чоң баштыкка тыга салды. Эптеп туруп, сандырактап жолго чыкканда, баштыкчадагы алтын анын жонун оор салмагы менен жылытып бара жаткан.
Ал сол тарапка бурулуп, анда-мында эңкейип сазда өскөн жемиштерден терип оозуна салып жүрүп олтурду. Чолоңдоп, буттарын араң сүйрөп, баштагыдан да катуурак аксай баштады, шишип кеткен бутунун сыздап ооруганын айтпа, бирок, ачкачылыктан азабы андан эки эсе катуу эле. Оору менен ачкачылык биригип жанын жеп жатты, ал эми Кичинекей Таякчалар кай тарапта экенин түшүнбөй калды. Жеген мөмөлөр ашказанынын адам чыдагыс оорусун баса алган жок, тили менен таңдайын ачыштыргандан башка пайдасы тийбеди.
Кичинекей колотко жеткенде таштын арасынан бырпыраган топ кекилик учуп чыкты. Жерден таш алып урду эле, тийбей калды. Баштыгын ийнинен алып ташка жөлөп коюп, тигиндейрээк барып конуп калышкан кекиликтерди карай чычкан аңдыган мышык сыяктуу сойлоп жөнөдү. Шымынын тизелери урчук таштарга тилинип айрылып кетти; тизесинин тытылган жеринен артында кандуу из калып, чыдатпай ооруп жатса да, – аны куу кекиртеги алдыга үнүн чыгарбай жылышка мажбурлап жатты. Ал нымдуу эңилчек менен сойлоп бара жаткан, боору чылкылдап сыгып алма суу болду, денеси түктүйүп үшүгөнүнө карабай алдыга жылып баратты, анткени бирдеме жебесе өлчүдөй болуп, ачарчылыктын айдоосунда калган.
Кекиликтер жорголошуп улам арылап оттоп баратышты, аягында алардын кекиликтеп чыгарган үндөрү аны шылдыңдап жатышкандай туюла баштады; ал сөгүнүп, үнүн катуу чыгарып тигилердин добушун туурап кыйкырып кирди. Бир кекиликти аз жерден кармап ала жаздады, кебетеси ал таштын түбүндө үргүлөп уктап жатса керек. Аны так маңдайынан канаттарын бырпыратып учуп чыкканча кашайып байкабай калып жатпайбы. Ылдам көтөрүлгөн кекиликти шамдагайлык менен кармап калууга аракет кылды эле, бирок тилекке каршы колунда ажалсыз чымчыктын үч тал куйругу гана калды. Карматпай учуп кеткен кекиликти ага ченебеген чоң жамандык кылган немедей жек көрүп, акырая караштан башка аргасы жок эле. Кайра артка кайтып, баштыгын асынып, азаптуу сапарын улантты.
Түш ченде канаттуулар, жапайы жаныбарлар көбүрөөк жүрчү сазга жетти. Тагдыр аны сынап жаткандай, – мылтыктын огу жетчүдөй эле жакын жерден жыйырмадан ашык бугунун үйүрү менен чубап өттү. Аларды кубаласа жетчүдөй болуп, тигилердин артынан текиреңдеп жүгүрүп ээрчип алды. Алдынан оозуна кекилик тиштеп алган кара-күрөң жүнүн сеңселтип, келишимдүү кундуз чыга калды. Ага катуу кыйкырып, таш ыргытты. Кыйкырык канчалык коркунучтуу чыкса да, чочуган кундуз оозундагы олжосун түшүрбөй качып жоголду.
Кечинде камыш аралап, акиташтуу жерден аккандыктан суусу киргил сүттөй болгон булакты бойлоп, өйдө карай бет алды. Сабагынан бекем тартып, жумшак ным жерден оңой суурулган камыштын, кичинекей бөрктүү мыктай, пияз сыяктанган түбүн чайнап жеп көрдү. Пияздыкындай түбү жумшак, кыртылдак, ал эми өйдө жагындагы сабагы катуу келип, бул деле аш болумдуулугу жагынан жанагы мөмөлөрдөн көп деле айырмасы жок болуп чыкты. Ошентсе да жоктон көрө жогору эмеспи, ал баштыгын жонунан алып ыргытып, төрт буттап чөгөлөй калып кепшөөчү жаныбарлардай оттоп кирди. Ал аябай чаалыкты, жаны жер тартып жаткысы келет; бирок, Кичинекей Таякчалардын Өлкөсүнө тезирээк жетсем деген тилеги, андан да күчтүү курсагынын ачтыгы аны жаткызбай алга сүрөп турду.
Алыскы түндүктө болбой турганын сонун билсе да, үмүт кылып чалчык-көлмөлөрдөн бака издеп көрдү, курт карап жер чукулады. Күүгүм боло жаздап калганда бир көлмөдөн жападан-жалгыз сүзүп жүргөн балыктын кичинекей чабагын көрдү. Оң колун ийнине чейин сууга малып, чабакты кармоого аракеттенди, бирок чабак жылбышып колдон чыгып кетип жатты. Анан эки колдоп кармоого киришти. Бир кезде буту ылайга жылбышып, белине чейин сууга жыгылды. Суу ылайланып, эч нерсе көрүнбөй, ал тунгуча күтүүгө мажбур болду. Ал улам-улам, суу тунуп, кайра ылайлангыча чабакты кармай албай убаралана берди. Акырында суу тунгуча күтүүгө чыдамы жетпей калды. Баштыгынан кичинекей калай чаканы алып чыгып, көлчүктөгү сууну сузуп төгүп кирди. Адегенде болгон күчү менен сууну бат-бат сузуп жакын жерге төгө бергендиктен, суу көлмөгө кайра агып толуп калып жатты. Анан ал этияттап, шашпай алыс төгө баштады. Көлчүктөгү суу азайган сайын, жүрөгү дүкүлдөйт. Жарым сааттын ичинде көлчүктүн түбүндө сузуп алар бир кашык суу калган жок. Бирок, балык да жок эле. Абай салып караса, чабак таштын жападан жалгыз коңулу аркылуу жанындагы чоң көлчүккө сүзүп өтүп кетиптир. Андагы сууну бир сутка ташыса да түгөтө алмак эмес. Аттиң, мурда көргөндө ал тешикти бүтөп салып, балык анын колуна тиймек экен. Айласы кетип ызага буулукан жолоочу нымдуу, сыз жерге олтура калып ыйлап жиберди. Адегенде үнүн чыгарбай солкулдап, анан тегеректеп турган таш боор талаанын тынчтыгын алып өңгүрөп кирди; аягында жаш чыкпаса да шолоктогонун баса албай көпкө энтикти.
Бир топтон кийин эсин жыйып, отун чогултуп от жакты; жылынып, жылуу суудан ичи толгуча ичип, таштуу бурчукта кечээки түнкүдөй жайгашып уйкуга кетти. Уктардын астында ширеңксин суу болгон жокпу деп текшерип, саатын бурады. Жамынган төшөгү ным, муздак болчу. Чыккан буту от менен жалын болуп күйөт. Бирок ал, тамактан башка нерсени ойлонууга чамасы жок эле, түшүнө тойлор, тойго жайылган түркүн тамактарга толгон дасторкондор кирип чыкты.
Ал чыйрыгып, ооруп ойгонду. Күндүн көзү көрүнбөйт. Асман менен жер баштагыдан да үтүрөйүп, караят. Этек-жеңди жулган муздак шамал дөңсөөлөрдү аппакка боёгон алгачкы жааган карды сапырылтып учуруп жатыптыр. Суу аралаш нымдуу кесек кар жаап жаткандан болсо керек, от тутандырып, суу кайнаткыча аба улам коюланып, агарып чыккандай сезилди. Адегенде түшкөн кар жерге жетпей эрип кетип жаткан, бирок күчөп жаап келгенде жердин бети көрүнбөй калыңдай баштады, жыйнап алган эңилчекти кар басып, от быкшып барып өчүп калды. Бул аны сапарга кайра аттан деген белги болчу, ал баштыгын жонуна илип, белгисиз тарапка алгалап жөнөдү.
Ал эми Кичинекей Таякчалардын Өлкөсү жөнүндө да, Билл жөнүндө да, Диз дарыясындагы жашырын жер жөнүндө да ойлонбой калды. Анын бүткүл дитин бир гана тамак ээлеп алды! Ачарчылык аны акылынан айнытып, жинди кыла баштады. Ага кайсы тарапка барса да баары бир болчу, иши кылып түз жер менен жыгылбай кете берсе болгону. Кардын астынан сыйпалап мөмө издеп таап, камышты тамыры менен жулуп жеп барат. Бирок, алар өзөгү карайып, оозунан аккан кара сууну токтото алган жок. Бир кезде ал кычкылыраак келген, даамдуу чөп таап алды, бирок ал өтө аз эле. Жерге жабышып өскөн чөптү калың кардын астынан табыш кыйын болчу. Ал түнү от жагалбай, ысык суу да ичкен жок, суу төшөгүн жамынып кезерип ачка боюнча, уйку-соонун ортосунда кыйналып чыкты. Эрип жааган кар жамгырга айланды. Бетине тийген муздак жаандан улам-улам чочуп ойгонуп жатты.
Кайрадан таң атты. Күн дагы эле бүркөк, бирок жаан басылыптыр. Жолоочунун ашказанындагы сыздаган оору басылбаганы менен, эми ал анча кыйналбай, табити жоголуп, тамакты ойлобой калыптыр. Акыл-эси тазарып, кайрадан Кичинекей Таякчалардын Өлкөсү жөнүндө, Дез дарыясындагы жашыруун жери жөнүндө ойлоно баштады. Мурда айыргандан калган төшөгүнүн бирин тилкелерге бөлүп, кан акканча жооруган бутун таңды, шишиген бутунун таңуусун жаңылап, бүгүнкү сапарына камынды.
Баштыгын чогулта баштаганда бугунун терисинен тигилген баштыкчаны, бир топко чейин кармалап ойлонуп турду да, таштап сала албай чоң баштыкка кайра салып койду.
Жамгыр карды эритип, эми дөңчөлөрдүн төбөлөрү гана агарып турду. Күн көрүнүп, жолоочуга бара жаткан багытын аныктап алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Ал акыркы күндөрү адашып жүрүп, сол тарапка көбүрөөк кетип калган сыяктанат. Эми туура жолго түшүү үчүн оңго жакка бурулду. Ачкачылык көп кыйнабай калганы менен аябай алсыз эле. Ал улам токтоп, мөмө терип, камыштын түбүн жулуп жеп коёт. Оозуна ачуу даам келип, шишип кургаган тили батпай акактайт.
Баарынан да жүрөгү кыйнай баштады. Бир аз баскандан кийин бирде көкүрөгүн жарып кетчүдөй дүкүлдөп, бирде сыздап ооруп, бирде кысылып, аба жетпей тумчуктуруп, башы тегеренип, эстен танып жыгылып калчудай араң баратты. Түшкө жуук чоң көлчүктөн эки чоң чабакты көрдү. Көлчүктөгү сууну чакалап кургатуу мүмкүн эмес эле, эми ал куулук кылды, балыкты аңдып туруп чака менен сузуп алды. Алардын чоңдугу чыпалактай эле болчу, аны жешке көп деле табити таркан жок. Ашказанынын оорусу акырындап басаңдап, уйкуга кирген сыяктуу басылып калган. Балыкты жегиси келбей жатса дагы чийки боюнча майда чайнап жутуп алды, анткени анын ачкадан өлгүсү келген жок.
Кечинде ал дагы үч чабак кармады, экөөнү ошол замат жеп, бирөөсүн эртең мененкиге калтырып койду. Күндүн нуруна тез эле тоборсуй түшкөн эңилчектен чогултуп от жакты. Суу кайнатып ичип жылынып алды. Бул күнү ал он милге жетпеген аралыкты, эртеси жүрөгү улам кармап олтуруп беш милге жетпеген жолду басып өттү. Ашказаны иштебей, таптакыр тамак жегиси келбейт.
Бул жерлер ага тааныш эмес болчу, бугулар, карышкырлар бат-бат жолуга баштады. Ээн талаада алардын улугандары угула калып жаткан, бир жолу аны үч карышкыр аңдып ээрчип алышканын байкап калды. Дагы бир түндү өткөзүп таң атканда акыл токтотуп, тери баштыкчанын боосун чечти. Баштыкчада чоңдору буурчактын данындай, көпчүлүгү кесек кумдай, алтын жаркырап көрүндү. Жолоочу аны тең экиге бөлүп, бир бөлүгүн төшөктөн айырып алган тилкеге ороп, белгилеп туруп, жакын жердеги асканын бетиндеги коңулга бекитти. Экинчи бөлүгүн кайра баштыгына салды. Акыркы төшөгүнүн четинен айырып бутун ороду. Мылтыгын таштаган жок, анткени Диз дарыясынын жээгинде ок-дарылары бар болчу.
Бул күнү да айлананы туман басып турду. Анын обору кайра ачылды. Ал алсырап калган эле, башы айланып, көзү караңгылап, кээ бир учурларда такыр эле эч нерсе көрбөй калып жатты. Чалынып, улам-улам жыгыла берди, бир жолу кекиликтин уясын баса жыгылды. Уяда бүгүн эле жумуртканы жаңы жарып чыгышкан төрт кызыл эт балапан бар экен; бирөө бир жутумдан чыкпаган майда эле; ал сугалактык менен балапандарды биринин артынан бирин түрүүлөй сугунуп кирди: алар анын тишинде жумуртканын кабыгын чайнап жаткандай кычырап турду. Эне-кекилик чарк айланып кыйкырып айбат кылып кадимкидей чабуул коюп жатты. Аны мылтыктын кундагы жыга чабайын деди эле, бирок секирип тийгизкен жок. Бир кезде жерден таш алып, канатын талкалай сокту.
Кекилик сынган канатын сүйрөп арылап качты, жолоочу артынан калбай кубалап алды. Жөжөлөр анын оборун ого бетер ачып жиберген. Салмагын соо бутуна салып, оромпой тепкенсип сороңдоп, улам таш алып ургулап, кекиликтин артынан жете албай, бирде каргылданган үнү менен кыйкырып, бирде жыгылган жеринен унчукпай тиштенип туруп, башы айланган сайын көздөрүн ушалап, эси ооп жыгылып калбагандын аракетин жасап келет.
Кекиликти кубалап келе жатып, коктунун таманындагы саздан адамдын изин көзү чалды. Ал из аныкы эмес болчу. Биллдин изи болсо керек. Бирок, токтоп караганга чамасы чак эле, кекилик алыстап бара жаткан. Адегенде аны кармап алып, анан кайра келип изди карамак болду. Кекилик чарчап жыла албай капталына жыгылды, бирок жолоочу да чаалыккан эле. Ал күйүгүп, басканга алы жок, кекиликке он метрдей жерде сулап жатты, жадагалса анын сойлогонго да дарманы калбаптыр. Бир аз эс алып, ага жакындаганда, кекилик да эс ала түшкөн экен, колун созуп мына кармайм дегенде тура качты.
Куугун кайра башталды. Аңгыча караңгы кирип, кекилик таптырбай кетти. Бутун тартканга алы жетпей, жонундагы баштыгы менен жерге көмкөрөсүнөн кулап түшүп, бетин айырып алды. Көпкө чейин кыймылсыз жатып, анан эптеп бир капталына оодарылды, саатын бурап таң аткыча ошол боюнча ордунан козголгон жок.
Кайрадан туман. Төшөктүн теңи чулгоого сарпталды. Биллдин изин таппай калды, бирок азыр анын мааниси деле жок болчу. Ачарчылык аны эсине келтирбей темтеңдетип алдыга сүйрөп бара жаткан. Эгерде … Билл да адашып жүргөн болсочу?
Түшкө жакын такыр эле алы калбай калды. Алтынды кайра экиге бөлүп, бул жолу бир бөлүгүн жерге төгүп салды. Кечинде кыйын кезеңде өмүрүн ажалдан калкалап кала албаган же тамак болуп бере албаган баштыкчадагы калган алтынды да ыргытып, айрылган төшөктүн жарымын, калай чаканы жана мылтыкты гана алып калды.
Анын башында ар кандай тажатма ойлор пайда боло баштады. Эмнегедир: “Мылтыгымда бир ок бар эмес беле, – мен аны унутуп калган тубаймынбы” – деген жабышчаак оюна бекем ишене баштады. Ошол эле убакта мылтыгында ок эмес кара балакет жок экенин да билип турду. Бул ой башынан такыр кетпей койду. Ал ою менен бир нече саат күрөштү, акыры мылтыгын текшерип, анын жатынында ок жок экенине көзү жеткенде капа болгонун айтпа.
Жарым саат өтпөй ал ой кайра жармашты. Кубаласа да ал ой башынан кетпей койду, кайрадан мылтыгын ачып, дагы бир ирет карап көрдү. Мезгил-мезгили менен акылынан айнып, байланышсыз ойлор мээсин курт жегендей жеп кирди. Бирок ал бат эле эсине келип жатты – ач курсагы аны алга жылууга мажбурлап турду.
Бир учурда анын эсинен тандыра турган бир окуя болду. Мас адамдай теңселип, аз жерден жыгылып кала жаздады. Маңдайында келишкен ат турат! Ал өз көзүнө ишенген жок. Көздөрүн катуу ушалап-ушалап жакшылап караса ат эмес эле чоң күрөң аюу экен. Аюу кол салчудай даярданып калыптыр. Шашкалактап асынган мылтыгын ийнинен алып, аюга сунуп бара жатып эсине келе түштү. Мылтыкты жерге таштап, жээктерине шуру бастырылып асемделип жасалган кынынан, жалаңдаган мергенчилердин шамшарын сууруп чыкты. Анын бет алдында эт же өмүр турган!
Бармагы менен шамшардын мизин сыдырып койду. Бычак курч эле. Азыр ал аюну сөзсүз өлтүрөт. Бирок, капилеттен жүрөгү лакылдап согуп, көөдөнүнө сыйбай туйлап чыкты: дүк, дүк, дүк, – башына кан тээп, чекесинен бирөө темир кычкач менен кысып жаткандай чыдатпай ооруп келип, көзү караңгылай түштү. Анын аргасыз эрдигин, катуу коркунуч жууп кетти. Азыр ал таптакыр алы жок кезинде аюу кол салса кантет?
Болушунча боюн түзөп, шамшарын мыжый кармап, аюунун көзүнө тик карап, арбаша кетти. Айбан алдыга бир аттап, эки бутуна тура калып катуу күркүрөдү. Эгерде адам коркуп кетип качса, аюу артынан кууп жөнөмөк. Бирок адам, канчалык коркуп жатса да, айласыздан кайратын жыйнап жырткыч жаныбардан да катуу чаңырды, бул чаңырык өмүрүнө келип турган коркунучтан кутулуунун бир ылаажысы болчу. Аюу коркууну билбеген белгисиз жаныбардан чочугандай, тиштерин көргөзө ырылдап, четке чыга берди. Адам ордунан козголгон жок. Аюу көздөн далдоо болгуча, каккан казыктай ордунан жылбай турду да, анан нымдуу эңилчектин үстүнө кулап түштү.
Бир аз жатып, болгон күчүн топтоп, сапарын улантты, эми аны жаңы пайда болгон коркунуч толкундата баштады. Ачка өлүм аз келгенсип, эми ага жырткычтардын тишинен өлүү коркунучу кошулду. Айланада карышкырлар көбөйө баштаган. Бардык жактардан алардын улуганы угулуп, ал тургай аба дагы алардын каардуу үндөрүн өзүнө сиңирип алгансып думуктурат, ал улам бул коркунучту кубалап жиберчүдөй колдорун анда-мында шамалга делбиреген чатырдын таарындай делбектетип көтөрүп коёт.
Карышкырлар эки-үчтөн биригишип, алды-артынан кесип өтүп жатышты. Бирок алар өтө жакындашкан жок. Чындыгында алар аябай деле көп эмес болчу; анын үстүнө алар анча каршылык көрсөтүшө албаган бугуларга аңчылык кылып көнүшкөн, ал эми мурда көрүп-билбеген эки буттуу жаныбардан эмнени күтсө болору аларга табышмак эле.
Кечинде ал карышкырлардан калган бугунун музоосунун тарпын таап алды. Бир саат мурда ал энесин ээрчип оюн салып жүргөн тирүү жандык эле. Адам анын алигиче каны кургай элек, таза мүлжүлүп, кызгылт тартып, жашоонун белгилери али сакталган сөөктөрдү карап турду. Балким кечинде өзүнүн сөөгү да ушинтип чачылып жатар? Жашоо ушундай турбайбы, келгениңден кеткениң тез. Жашоо деген түйшүктүү нерсе экен. Өлүш оңой эле. Өлүү – уктап, кайра турбай калгандай эле кеп. Демек, өлдүңбү, – баары бүтөт, түйшүк, көйгөй дегендин баары артта калып, жаның түбөлүккө жай алат. Кызык, анда эмне үчүн өлгүң келбей, жашоого жармашасың?
Бул жөнүндө көпкө ойлонуп олтурду. Бир аздан кийин ал тизелеп олтуруп алып, сөөк кемирип кирди, ал кызарган кургай элек сөөктөн, жашоонун акыркы тамчыларын соруп жатты. Эттин болор болбос даамы менен жыты аны кутургандай абалга жеткизди. Ал күчүнүн бардыгынча тиштенип, сөөктү катыратып кемирип кирди. Кычырап кээде сөөк сынса, кээде өзүнүн тиштери сынат. Анан ал сөөктөрдү таш менен майдалап чага баштады. Ундай майдаланган сөөктү сууга чылап ботко кылып, оозуна тыгып, какап-чакап жута баштады. Карбаластап жатып колунун манжаларын таш менен чаап алды. Шашкалактап, бүт ою тамакта болуп жатса да, манжаларынын ооруганын сезбей калганына таң калып койду.
Нөшөрлөп кар аралаш жааган, жаан-чачындуу күндөр башталды. Ал кайсы убакта түнөккө токтогонун, кайсы убакта жолго кайра чыкканын эстей албай калды. Убакыт менен иши болбой, күндөп-түндөп, жыгылып-туруп, жашоого болгон үмүтү өчүп-жанып алдыга кете берди. Азыркы күрөш акыл эстүү адамдын күрөшүнө окшобойт эле, – бул анын жаны, денесин таштап кеткиси келбей жанталашып, бир орунга тургузбай кубалап жатканы болчу. Эми ал кыйналбай калды, акыл-эсин жоготуп, ооруган жерлерин сезбей, кандайдыр бир таттуу түштүн ичинде жүргөнсүп, ар кандай элестердин арасында жүрдү.
Бир күкүмүн калтырбай чогултуп алган майдаланган сөөктү оозуна толтуруп, тынымсыз соруп, чайнап коёт. Ал дөңсөлөргө чыкпай, сууларды бөлүп турган чаттарга да барбай, кенен өрөөндү аралап аккан дарыянын жантык жээгинде темселеп жүрдү. Көз алдында куру элестен башка эч нерсе жок болчу. Анын жаны, денесинен бөлүнүп жанында коштоп келе жаткан, экөөнүн байланышы кылдай ичкерип калган эле.
Бир жолу ал жалпак таштын үсүндө жатып эсине келди. Күн жаркырап жылуу болуп туруптур. Арыраактан бугунун музоолорунун мөөрөгөн үндөрү угулат.
Ал тынбай жааган жамгырды, ырылдап соккон шамалды, бурганактаган карды элес-булас эстеди, бирок – канча күн, канча түн бороондуу күндөр өткөнүн, – эстей алган жок.
Көпкө чейин кыймылдабай жатты, мээримдүү күн, өз нуру менен анын жаралуу денесин магдыратып бара жатты. “Жакшы күн”, – деп ойлоп койду ал. Күндүн кайда карай жылып бара жатканын аныктап алгысы келип, онтолоп жатып капталына которулду.
Тээ, ылдый жакта жазы, жай аккан дарыя жатты. Дарыя ага тааныш эмес эле, бул аны таң калтырды. Ал мурда көрүп жүргөндөн да томсоргон, кунары качкан дөңсөөлөрдүн арасында жыландай ийрелеңдеп агып жаткан дарыяны үңүлө карап турду. Тааныш эмес дарыя жүрүп олтуруп, бети күнгө чагылышып жалтылдап турган деңизге барып куюп жатканын коңүл кош карап койду. Ал буга сүйүнгөн жок. “Таң калыштуу, – деп ойлоду ал, – бул закым болсо керек, же болбосо мээм ордунан жылып, көзүмө кыялымдагы элестер көрүнүп жатабы?” Жаркыраган деңизде чайпалып бир ордунда турган кемени көргөндө шек алуусу ого бетер күчөдү. Ал көзүн бир ирмемге жаап, кайра ачты. Кызык, элес жок болуп кеткен жок! Бирок таң калбай эле койсо болот. Бул чөлкөмдө эч кандай деңиз, эч кандай кеме жок экенин, мылтыгында огу жок экенин кандай билсе дал ошондой эле билчү.
Арт жактан үшкүрүкпү, же жөтөлбү, – бир башкача бышылдаган үн чыкты. Кыйналып жатып, берки жамбашына оодарылды. Жакын жерде эч нерсе көрүнгөн жок. Ал кулагын түрүп тыңшап калды. Кайрадан бышылдап дем алып, жөткүргөн үн угулду, өзүнөн жыйырма кадам ары жактагы эки урчук таштын ортосунан карышкырдын башы көрүндү. Башка карышкылардыкындай кулактары тикчийбей шалпайып, көздөрү кызарып канталап, башын көтөрө албай ылдый салаңдайт. Улам бышкырып, жөткүрүп коёт. Жедеп карылыгы жетип, оорулуу болгон карышкыр экени даана көрүнүп турду. “Мына, бул эми закым же кур элес эмес”, – деп ойлоп койду, тумандабай чын эле көз алдында турган дүйнөнү жакшылап кароо үчүн оңдонуп жата кетти.
Деңиз дагы эле күнгө чагылышып, кеме даана көрүнүп туруптур. Балким, чын эле көрүп жаткандырмын? Көзүн бекем жумуп, ойлонуп көрүп, эмне болгонун эми түшүндү. Ал түндүк-чыгышты көздөй жүрүп, Диз дарыясынан алыстап, Коппермайн дарыясынын өрөөнүнө туш болуптур. Бул жай агып жаткан кенен дарыя дал ошол Коппермайн дарыясы экен. Ал эми тиги жаркыраган көгүлтүр деңиз – Түндүк муз океанынын өзү тура. Кеме кит уулап алыскы Маккензи дарыясынын чатынан бери чыгышты карай сүзүп келип, Коронация булуңунда токтоп турган экен. Ал качандыр бир убакта көргөн Гудзон булуңу Компаниясынын чоң картасын эстеген соң, бардыгы түшүнүктүү болду.
Ал өйдө болуп олтуруп, өзүнүн азыркы учурдагы абалы тууралуу ойлоно кетти. Төшөктөн айрып алган чулгоосу жыртылып бүтүп, буттарынын тамтыгы жок тытылган жерлери жарага айлана баштаптыр. Акыркы төшөктөн бир тилке да калган жок. Мылтыгы менен бычагын жоготуп жиберген. Тумагы да кайда калганы белгисиз, бир гана колтугундагы ширеңке жоголбой, кургак бойдон экен. Саатын карады. Ал жүрүп жатыптыр, бурап коюп турганды унутпаса керек.
Азыр акыл-эси ордунда эле. Карбаластап шашылбады. Алы кеткени болбосо эч жери ооруган деле жок. Тамак ичкиси да келген жок. Тамак жөнүндө ойлонуу ага жагымсыз сезимдерди жаратып жатты. Ал эмне иш кылса дагы, кыла турган иштерин терең ойлонуп, акыл-эси менен жасап жатты.
Шымынын багаэлегинен тизесине чейин айырып алып, тамандарына ороду. Чаканы таштаган жок: кемени карай жолдо ысык суу ичпесе болбойт; ал сапары оор болорун билип турду. Кыймылы аябай эле жай болчу. Денеси шал оорусу менен ооруган адамдыкындай титиреп жаткан. Жерден эңкейип эңилчек терип, аны көтөрүп тура албай койду. Бир нече жолу турганга аракет кылып, акырында тура албасына көзү жетип төрт буттап жөнөдү. Бир жолу оорулуу карышкырга жакын сойлоп барды. Араң жан жырткыч тилин чыгарып жаланып алды да, четке чыга берди. Адам анын тили дени-карды соо айбандыкындай кызыл эмес, илешкек шилекей каптап, саргайып калганын байкады.
Суу кайнатып ичкенден кийин дагы эле алсыз экенине карабай, өйдө турганга жарап калыптыр. Ал канчалык мүнөт сайын тынып, теңселе басып бара жатса, карышкыр да ошондой алсыз кадам таштап артынан аңдып келе жатты.
Малдыр-жандыр мойнуна кылыч такалып, ажал тике маңдайынан чыкса да, канчалык оор, шорлуу турмушка туш болсо да, жашоого кумары канбай, азаптуу жашоого жандалбастап жабышат окшобойбу…
Түн кирип, көгөрүп күнгө чагылышып турган деңиз көрүнбөй калган кезде, жолоочу төрт милге жетпеген аралыкты басып өткөнүн боолголоду. Түн ичинде оорулуу карышкырдын жөтөлү, бугунун музоолорунун мөөрөгөн үндөрү угулуп турду. Тегерегинде жашоо кадимкидей нугу менен өтүп жаткан.
Ал оорулуу карышкыр анын өлүмүн күтүп, ээрчип келе жатканын түшүндү. Эртең менен көзүн ачып чыдамы кеткен карышкыр аны сугалак көз карашы менен тиктеп турганын көргөн. Куйругун кыпчып, башын ылдый салаңдаткан жырткыч, карышкырга караганда маанайы жок ачка итке окшоп турган эле. Ал муздак шамалдан денесин калтырак басып титиреп жатты. Адам чымырканып угулар-угулбас кырылдаган үнү менен аны карап бир нерсе дегенде, тигил тиштерин ырсайтып көргөзгөнгө араң жарады.
Күн жаркырап чыгып өйдө көтөрүлгөндө, адам чалынып-жыгылып кайрадан кемени көздөй бет алып жөнөдү. Аба-ырайы сонун болуп турган. Түндүктүн күз алдында боло жүрчү шамалсыз, жылуу, ачык күндөрү башталган эле. Анын жумалап созулушу, же эртең, бүрсүгүнү бүтүп калышы да мүмкүн болчу. Түш оогондо ал адамдын изине түштү. Ал башка адамдын, болгондо да эки буттап эмес, төрт буттап жөргөлөп бара жаткан адамдын изи экен. Биллдин изи болсо керек деп ойлоп койду, көңүл кош. Ага кимдин изи болсо да баары бир эле. Чындыгында ал эч нерсени сезбей да, бир нерсеге толкунданбай да калган. Ооруган жерлери да кыйнабайт. Тим эле ашказаны менен мээси эс алууга чыккандай. Бирок жашоого болгон үмүттүн шооласы өчпөй, аны алга сүрөп бара жатты.
Ал аябай чарчады, андагы жашоо жалп этип өчкүсү келген жок; жалп этип өчкүсү келбегендиктен дагы эле саздын мөмөлөрүн, чабак балыктарды жеп, ысык суу ичкенди токтоткон жок, жана оорулуу карышкырдан көзүн албай сак келе жатты. Төрт буттап жөргөлөп өткөн адамдын изи менен келип, анан анын сапарынын эмне менен аяктаганына күбө болду: эңилчектүү сазда таза мүлжүнүп чачылып жаткан сөөктөр, карышкырлардын каршы-терши издери… Бугунун терисинен тигилген, дал аныкындай ичи толтура баштыкча, – курч тиштер тийип бир бурчу айрылып калыптыр. Ал аны өйдө көтөрүп, бирок алсыз манжалары менен кармап туралбай, кайра түшүрүп жиберди.
Билл өлгөнчө тырышып, аны таштабаптыр да. Ха-ха! Ал Биллге дагы өзүн көрсөтөт! Бул баштыкчаны тигил көгөргөн деңизде калкылдап турган кемеге чейин алып жетет! Ал карганын каркылдаганына окшогон тири шумдук күлкү менен каткырып алды, оорулуу карышкыр аны коштоп уңулдап улуп жиберди. Адам унчукпай тымый түштү. Бул чачылып жаткан таза мүлжүнгөн, өңү кызгылт сөөктөр Биллге таандык болсо, ал Биллди кантип шылдыңдай алмак эле? Ал тетир бурулуп кетти. Ооба, Билл аны таштап кетти, бирок ал анын алтынын албайт, сөөгүн да кемирбейт. Билл менин ордумда болсо эмне кылат эле деп ойлоп койду, сөөктөр чачылган жерден узап баратып.
Жүрүп олтуруп кичинекей көлмөгө туш болду. Чабак карайм деп эңкейип, суудан өз кебетесин көрүп чалкасынан кете жаздады. Суудан аны кебетеси өлгөн адамды ордунан козгочудай болгон түрү суук неме карап турган болчу. Анын сууда чагылышкан кебетеси ушунчалык жагымсыз эле, жадагалса сезимдери мокоп, жан-дүйнөсү терең уйкуга киргенсип мүңкүрөп, сөлөкөткө айланып бара жаткан адам, – өзү да бир селт этип алды.
Көлмөдө кичинекей үч чабак сүзүп жүргөн экен. Көлмө өтө эле чоң болгондуктан аны түбүнө чейин соолутуш мүмкүн эмес эле; ал чака менен сузуп кармап көрдү, бирок бул оюнан да баш тартууга туура келди. Анда ал-күч жок эле, тартып чыкканга алы келбей, сууга чакасы менен жыгылып ошо боюнча тура албай чөгүп кеткенден коркту. Ошол эле себептен дарыянын кумдуу жээгинде толуп жаткан жоон агындылардын бирине минип алып сүзгөнгө да батынган жок. Бул күнү кеме менен өзүнүн ортосундагы аралыкты үч милге, эртесинде эки милге кыскартты; эми ал Билл сыяктуу төрт буттап жөргөлөп бара жаткан. Бешинчи күндүн аягында кемеге чейин дагы жети милдей калган, бирок ал күнүнө бир милди да басып өтө албай калды.
Азырынча жылуу күндөр алигиче сакталып турган, ал улам эсин жоготуп жыгылып, кайра эсине келип төрт буттап жөргөлөп келет, артында андан калбай, жылуу эттен, ысык кандан үмүтү өчпөй, тынбай жөткүрүп, санын сүйрөп сойлогон оорулуу карышкыр. Адамдын тизеси, согончоктору сөөгү көрүнгүчө сүрүлүп, көйнөгүнөн айырып таңганына карабай артындагы эңилчек менен таштардын бетинде кандуу из чубалат. Бир кезде ал артын бурулуп караса, карышкыр анын тамган канын сугалактык менен жалап жатыптыр, кокустан аны андан мурда өлтүрө албай калса, астыда кандай тагдыр күтүп турганы көзүнө даана тартыла түштү.
Ошентип түндүктүн бир ээн талаасында, жашоо үчүн эң катуу кармаш жүрүп жатты: төрт буттап жөргөлөгөн адам жана анын артынан аңдып сойлоп келе жаткан карт карышкыр, – экөө тең араң жан, ээн талаада сүйрөлүшүп, бири-бирин аңдып келе жатышат.
Жок дегенде оорубаган, жаш карышкыр болгондо анча каршылык кылбайт болчу, бирок оорулуу, тирүү өлүккө окшогон жырткыч сымал айбандын тамагы болуштун өзү ал үчүн болбогон уят иш эле. Ал андан жийиркенип жаткан. Акылынан кайрадан айный баштады, көзүнө ар кандай нерселер көрүнүп, акыл-эси тумандап, кайра бир паска эсине келе түшөт. Эсине келе калган учурлары улам кыскарып, улам азайып баратты.
Бир жолу ал так кулагынын түбүнөн бирөөнүн бышылдап дем алганынан эсине келе түштү. Көзү ачып, башын көтөрүп жибергенде карышкыр артка секирип, чалынып жыгылып калды. Бул аябай күлкүлүү эле, бирок адам күлгөн жок. Корккон да жок. Коркунуч эми аны бийлей албай калган.
Акыл-эсин бир мүнөткө жыйнап, жатып алып учурдагы абалын таразалады. Кемеге чейин кеминде төрт мил аралык бар. Ал көздөрүн ушалап, кемени жакын эле жерде турганын көрдү, тигине, анын жанында кичинекей ак парустуу кайык деңизди өйдө-ылдый тилип сүзүп жүрөт. Бирок, ал эми ошол кол сунса жеткидей төрт мил аралыкка жетпесине көзү жетип турду. Төрт милди мындай кой, жарым милге да сойлоп жете албайт болчу.
Ошентсе да анын жашагысы келди. Ушунча азап тозокту көрүп, мына эми максатына жетерде өлүп калыштын өзү келесоолук эле. Тагдыры аны сынап жаткандай. Өлүп баратып да ал жашоо үчүн күрөшүн токтоткон жок. Ажал чеңгелине катуу мыжыгып алса да, баш ийбей акыркы күчү калгыча кармашын улантты. Ал көздөрүн бекем жумуп, болгон күч-кубатын топтоп, аны обу жок короткондон сактанып, улам-улам көтөрүлгөн деңиз сыяктуу, аны адам катары чөгөрүп жок кылгысы келген көңүлү караңгылоолорго жол бербей, анын кысымына туруштук кылууга жандалбастап жатты. Убак-убагы менен ал биротоло артка кайрылгыстай эсинен танып, бирок, жашоого болгон зор умтулуусу аны кайра бери кайрып турду.
Ал чалкасынан жаткан, карышкыр бышылдап ага жакындап келе жатканын сезип кыймылдабай калды. Жырткыч жакындагандан жакындай берди, бул көз ирмемдер адамга кылымга тете узак сезилди, бүт эркин топтоп кыймылдабай катып калды. Мына, анын оор дем алганы кулагынын түбүнөн угулду. Өгөөдөй болгон катуу, кургак тил бетин жалап өттү. Ал колдорун тез өйдө көтөрдү, – тагыраак айканда көтөргүсү келген – алсыз манжаларын жарым жартылай бүктөп серпип өттү, бирок жырткычты кармай албай калды. Так жана ыкчам кыймылдаш үчүн күч керек эле, андай күч аны эчак эле таштап кеткен.
Карышкыр максатына жетүү үчүн оңтойлуу учурду чыдап күтө билчү, адамдын чыдамы аныкынан кем эмес эле. Ал күндүн жарымын эстен танып калбасам экен деп жанталашып, ошону эле күтүп аңдып, ыңгайы келсе баса калып жегенге даяр турган, эгерде кармап алса өзү да аны жегенге даяр, көксөө карышкырдан сактанып, ордунан козголбой өткөздү. Анда-санда акыл-эси туңгуюкка кирип кеткенсип караңгылап, таттуу түштөрдү өңүндөбү же уктап жатып көрүп жатабы айрый албай жатты; ошентсе да бышылдаган дем алуунун жакындашын, одуракай тилдин бетине тийүүсүн сактык менен күтүп жаткан.
Ал анын дем алганын укпай калды, бирок колуна жылуу тил тийгенде эсине келе түштү. Өлүп калган немедей, демин ичине тартып, кыймылдабай калды. Мына… карышкыр аны колдон алды, – азууларын көптөн бери жете албай келе жаткан олжосунун этине матыргысы келип, бүт күчү менен жаактарын карыштыра тиштөөгө бел байлады. Бул учурду чыдамсыздык менен күтүп жаткан адам, алсыз колдору менен анын жаагына жабышты. Оорулуу карышкыр бошоно албай тыбырчылап жандалбастайт, адам экинчи колу менен моюндан алып, эптеп оодарылды да, үстүнөн басып калды. Беш мүнөткө жетпей карышкыр адамдын салмагынан, бутун серпкенге алы келбей, анын астында титиреп жатты. Адамдын аны муунтууга каруусу жеткен жок, бирок анын оозу карышкырдын жүнүн жиреп, тиштери анын моюнуна кирип кеткен эле. Жарым сааттай убак өткөндө ал эсине келип, оозуна жылуу кан толуп, ууртунан аккан канды сүрткөнгө чамасы жетпей, аны соруп жатканын сезди. Бул оор сезим эле, ашказанына жылуу кан эмей эле, эриген ысык коргошун кирип жаткансыды, бирок ага бүт эркин жумшап чыдоого мажбур болчу. Анан ал чалкасына оодарылды да терең уйкуга кетти.
Кит уулоочу “Бедфорд” кемесинде илимий экцпедиция менен жүргөн бир нече адам бар эле. Алар кеменин палубасынан жээктеги бир кызык нерсени байкашты. Карайган жандык сымал бирдеме деңизди көздөй араң кыймылдап сойлоп келе жаткансыйт. Окумуштуулар ал эмне экенин түшүнө алышпай, караган сайын белгисиз нерсеге кызыгуулары артып, акыры кайыкка олтурушуп жээкти карай сүзүп жөнөштү. Алар жээктен көргөн жандыкты адам деп айтыш кыйын эле. Ал укпай, көрбөй, эч нерсени түшүнбөй кумда чоң курт сыяктуу ооналактап, саатына жыйырма кадам ылдамдык менен сойлоп келе жаткан экен.
Үч айдан кийин кит уулоочу “Бедфорд” кемесиндеги керебетте жатып, өзүнүн ким экенин, кндай азап-тозокту башынан өткөзгөнүн ыйлап жатып айтып берди, өзүнүн энеси, Түштүк Калифорния, андагы гүлдөр менен апельсин дарактары менен курчалган үй жөнүндө түшүнүксүз көп нерселерди кобурап жатты.
Дагы бир нече күн өттү, ал окумуштуулар жана кеменин капитаны менен кают-компанияда чогуу олтуруп тамактанчу болду. Ал тамак-аштын кенендигине кубанып, бирок ичинен өзүнөн башка адамдар жеген тамакты аларга ыраа көрбөй кызгануу менен карап, тигилер жеп жиберген тамактарга өкүнүү менен, көз салчу болду. Анын акылы ордунда эле болучу, бирок тамак жегени дасторконго олтурган ар бир адамды жек көрө баштады. Ал тамак түгөнүп калат деп коркчу. Кемеде канча азык-зат бар экенин ашпозчудан, матростун окуучусунан, капитандын өзүнөн тактап сурамжылап да чыкты. Алардын айткандарына ишенбей, жашынып барып кеменин кампасындагы тамак-ашты өз көзү менен карап көрдү.
Анан эле анын күн өткөн сайын толуп бара жатканы байкашты. Окумуштуулар баштарын чайкап, ар түрдүү божомолдорду айта башташты. Ага тамакты азыраак берип көрүштү, бирок анын туурасынан, болгондо да бели жооноюп өскөнү токтогон жок. Ал эми иштин жайын жакшы билишкен матростор ичтеринен күлүп жүрүштү. Окумуштуулар тигини аңдып көрүшүп, эми алар да тигигинин эмнеге семирип баратканын түшүнүштү.
Көрсө ал, тамак ичип бүтүшкөндөн кийин, ылдый жактагы иштеп жаткан матростун биринин жанына барып, кайырчыдай болуп кургатылган нан сурап алат экен да, аны алтын таап алгансып сугалактана карап, анан койнуна салып катып алчу болуптур. Андай садаканы ага бардык матростор берип жүрүшүптүр. Окумуштуулар билмексен болуп, анын жайына коюшту. Анын жаткан жерин карап көрүшсө, кызыктын баары ошол жерде экен, жаткан төшөгүнүн астында, бардык булуң-бурчтарда катылган кургатылган нандар кагырайт. Кандай болсо да аны оорулуу деп айтышка болбойт эле. Ал жөн гана ачарчылыкка каршы чара колдонуп жаткан. Окумуштуулар бул өтүп кетчү нерсе деп жатышты. Чындыгында эле, “Бедфорд” кемеси Сан-Францискодогу кемелер токтоочу жайга киргиче эле, ал бул адаттан арылды.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ