Элмира АЖЫКАНОВА: «Үч бурчтук»

(аңгеме)

Мындай болуп кетет деп ким ойлоптур. Үч уктаса түшүнө кирген эмес. Каличанын өңүбү же түшүбү? Кыш күрөөдө короого тигилген боз үй, кирип-чыгып аткан аялдар. Үй сыртына улам өкүрүп келип аткан эркектер. Эки тестиер кызы эки жагында ыйлап олтурат. Бул эмнеси? Ушундай да болобу? Ушунун баары көз алдында болуп жатса да Калича күйөөсү Эмилбектин өлгөнүнө ишенбей, денеси шал болуп, акыл-эси токтоп калгандай дендароо болуп олтурду. Балким бул суук кабар – жаңылыштыр. Балким башка бирөөнү Эмилбек экен деп, каңырыш угуп, ушунча дүрбөлөң кылып жатышкан жокпу? Эмилбеги эшиктен кирип келип “Эмне олтурасыңар бул жерде, тургула, кеттик” дечүдөй. Ошентсе кана? Ушунун баары калп болуп калса кана?

Боз үйдө тегерете олтурган кемпир-кесектердин көңүл жубаткан сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпады. Мындан көрө азыр өзү жалгыз калып, чалды-куйду ойлорун чогултуп, эмне болуп жатканын аңдап, түшүнүп алгысы келип турду.

Катарында ыйлап олтурган кайнежесин босогодон бирөө ишаарат кылып чакырып кетти. Үй сыртында күбүр-шыбыр болушту. Бир убакта кайнежеси менен улуу абысыны боздоп ыйлаган ак жуумал жаш келинди эки жагынан колтуктап киришти. Эмилбектин бөлөлөрүнөн болсо керек деп ойлоду Калича. Аңгыча кайнежеси:

— Жеңелер, апалар, мына биздин дагы бир келинибиз. Аты – Айганыш. Эмилбектин экинчи жубайы, – десе болобу олтургандарга жар салып.

— Жеңе, келиңиз мында, Калича жеңемдин жанына, – деп келинге Каличанын жанынан орун бошотушту. Ал теңселип келип олтурду да, башын мыкчып, буркурап-боздоп ыйлап жатты.

Калича кайнежесин бир карап, келинди бир карап, уккан кулагына ишене албай селейип калды. Эмне деди? Экинчи жубайы дейби? Кандайча деп нес болду. Боз үйдөгү аялдардын баары көз кыйыгынан бирде Каличаны, бирде тиги келинди карап жатышты. Мындай жерде тымызын отуруп алып, ким эмне алып келди, ким кантип ыйлады, эмне деп сүйлөдү – ошонун баарын байкап, күбүр-шыбыр болуп шыпшынып, эртең бирге экини кошуп таратчу аялдар да болот эмеспи. Баарысы эле кейип-кепчип олтургансыйт. Бирок бир көзүң бир көзүңө жоо экени жалганбы?!

— Атасына топурак салсын деп уулун алып келген тура. Туура кылат кагылайын, эстүү келин турбайбы, – деди тыбыт жоолукка оронуп олтурган кемпир. Аңгыча улуу абысыны сырттан чачылуу чоң кара жоолукта көтөрүп келип, тиги келиндин башына салып, эки учун Каличаныкындай кылып көкүрөгүнө бош таштап койду. Калича оң жагында ыйлап олтурган улуу кызына аста шыбырады:

— Эмне деп атышат булар?

Кызы апасынын каруусунан бекем кармап койду. Унчукпа дегендей ишарат кылды окшойт.

Калича чын эле түшүм го деп ойлоду. Кантип эле ушундай болсун?!

Кечээтен бери боздоп ыйлаган Каличанын көз жашы тып токтоду. Тиги келин болсо жаш баладай энтигип-энтигип, токтоно албай солуктап жатты.

— Кой Айганыш, көп эле ыйлай бербе эми. Артында уулу калды. Каниет кыл, – деди олтургандардын бири.

— Ыйдын арты ый болот дейт. Кайрат кылыш керек, – деди дагы бир аял.

Уулу калды дейби?! Мунун аты Айганыш экенин, анда уулу бар экенин ушу отурган катындар билет турбайбы? А мен кантип билбедим? Намысына чыдабай сыртка атып чыккысы келди. Бирок так мадайыңа келип турган чындыктан кайда качып кутуласың? Өзүн өзү башка муштап-муштап алгысы келди Калича.

Ооба, туугандардын жакшылык-жамандыгына барарда Калича ар кайсыны  шылтоолоп, айрыкча айылга баргысы келчү эмес. Андайда Эмилбек ачууланып, колду шилтеп, эшикти тарс жаап үйдөн чыгып кетип, Айганышты уулу менен ээрчитип, аш-тойлорго кетип калчу. Ал Эмилбек экөө айылдагы туугандардын жакшылык-жамандыктарына келип-кетип жүрүшчү. Айганыш өзүнүн кичипейил, жугумдуу мүнөзү менен эчак эле туугандарга алынып кеткенин Калича билбейт эле.

Каличанын көзүнө боз үйдөгү аялдар тобу менен бирде алыстап, бирде жакындап, бирде баарысы өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый жер алдына зуулдап түшүп бараткандай боло баштады. Кулагына карышкырдын улуганындай жапайы үндөр угулгансып жатты. Каличанын көңүлү караңгылап, башы айланды. Катарында олтурган Айганыштын жүзүн бир обдулуп карайын деди. Карагысы келбеди. “Сен кимсиң? Чык эшикке бетпак, уялбай келгенин кара?” деп айткысы келди. Антсе мына бу отурган катын-калач жаалап, тыйып коюшарын сезди. Ушинтип эч нерсе дей албай, мокоп олтурганына арданды ичинен. Чоңоюп келаткан эки кызы эки каруусуна баштарын жөлөп олтурат. Мындай азап канчага чейин уланат? Эртең кандай күн болот?

 

*   *   *

Эмилбек качан болсо жаны тынбай чапкылап жүрчү. Улам бир жерге кабат үйлөрдү тургузуп, кайра четинен сатып, кайра жаңы куруп – ошону менен “ооручу”. Далай кишиге жумуш берип, далайларды үйлүү кылды. Далай акча тапты. Суранып келгендерге сообу тийсин деп кайрымдуулук да кылып жүрдү. Чоң ишти ойлонуп олтурбай баштай берчү. Айтканынан кайтпаган көктүгү бар эле. “Ишти баштасаң бүтөт” дечү. Ачуусу келгенде оройлонуп, кол алдындагыларга өктөмдүк кылып жибергени менен жердигинде ак көңүл болчу. Анын эч жери ооручу эмес. Элүүгө чыга элек сомодой жигит бир заматта автокырсыкка кабылып, кан жолдо мүрт кетпедиби. Андан акча, жумуш сураган адамдар көп эле. Кыйгач тиктеп, кылыктуу караган кыз-келиндер да бар болчу. Өзүнө деп заңгырата салган үйү эми ээсиз калды.

Калича болсо кийин эч жерде иштеген жок, кыздарын чоңойтту, үй оокаты менен алек болду. Бир жерде иштесем деген ниети деле болгон жок. Ал кыска чачтуу, толмочунан келген жапалдаш бойлуу кара тору аял. Үйдө олтурса да күйөөсү аны акчадан кем кылбады. Анткени менен аялдай болуп алтын-күмүшкө, кымбат көйнөк-кечеге деле кызыкпады. Эркекчесинен шым кийип, эндекей эле жүрө берген аял. Бир көргөн адамдын эсинде деле калбачудай. Күйөөсүнүн бизнесине көп түшүнө бербегендиктен аралашчу эмес. Ижарага берген менчик эки батиринин акысын Калича алат. Ошол каражатты Эмилбек Каличага ыйгарып койгон. Ошону менен өз акчасы өзүндө болуп, күйөөсүнүн чөнтөгүнө көз артчу эмес. Жоктон бар кылып, бирди экиге үлөштүрөйүн, күйөөмдүн тапканын үнөмдөйүн деп жан талашпады. Эмилбек да аялы менен майда-чүйдөнү эсептешип олтурганды жаман көрчү. Каличанын үстүндө үйү, астында ашы, чөнтөгүндө акчасы бар. Ага андан башканын кереги деле жок. Эмилбек түн жарымында келсе да, дем алыш, майрам күндөрдө үйгө токтобосо да, кээде келбей калса деле анын баарысын жумушунун көптүгүнө жоруп койчу. “Кайдасың, келатасыңбы?” деп телефон чалчу эмес. Канча кечтерди, канча түндөрдү ооналактап жалгыз жатып, кино көрүп өткөрдү. Бир чети жанына тынч. Үйдө казан асып, тамак деле жасачу эмес, анткени Эмилбек качан, кайсы убакта келери белгисиз болчу. Келсе да тамак барбы деп сурачу эмес. Калича кыздары менен дүкөндүн даяр тамагын сатып жеп, ар кимиси өз бөлмөсүнө кирип жатып алышчу. Үйдүн ичин чаң басып, ашкана чачылып, таза идиш калбаганда алиги үй жыйнагычтарды чакырып, алар баштан-аяк жаркыратып, заматта күзгүдөй мизилдетет кетишчү. Бирок алган акысы да ошончо. Ушундай үй жыйнагычтар турганда жанды кыйнап не кереги бар деп ойлочу Калича. Ырасында эле алар кырып-сүрүп таптаза жыйнайт эмеспи. А Калича азыр үстүңкү кабатка эки чыгып түшкөндө бышылдап чарчап калчу болду. Анан бир аз жата турайын деп кыйшайса эле уйку тартып кетет. Ал өзү жаш күнүнөн бери эле уйкуга куштар. Уйкусун бузган кишини жаман көрөт. Күнүгө түштөн кийин бир маал жакшылап уктап албаса жаны жер тарта берет. Уйкум кемип калат деп айыл-апага да баргысы келбейт. Эмилбек үйгө эртерээк келген күндө деле чарчадым деп сулк жатып, бир далайга уктап алып, ойгонор замат ишине шаша-буша телефон чалып, машинесин зуулдаткан бойдон кетип калчу. Бирге отуруп ысык чай ичип, шашпай сүйлөшкөн убактар кийинчерээк болбой деле калды.

Алар жаш кезде эки кыздуу болушту. Уул төрөйүн деп канча далалат кылса да жараткан буйрук кылбаптыр – төрөгөнү жок. Эки кызы бой тартып келатат.

 

*   *   *

Сөөктү сууга аларда боз үйдөгү катын-калачтын бары сыртка чыгып, там аркадагы узун устундарга кыркалекей олтуруп калышты. Бир убакта молдо жигит боз үйдөн чыга келип:

— Калича жеңе, дагы берки жеңе, келиңиздер мында, – деп чакырды. Кара жамынган эки аял элден бөлүнүп боз үйдү көздөй басты. Олтургандардын баары аларды арт жагынан узатып карап калышты.

— Жеңе, адегенде сиз келиңиз башына, – деп молдо Каличаны сөөктүн баш жагына чакырды. – Күйөөңүздү акыркы жолу көрүп жатасыз, коштошуп ыраазычылык айтыңыз. Ыйлабай айтыңыз, сөөктү өппөңүз. Маңдайынан сыласаңыз болот, – деп түшүндүрдү. Буту-колу калтыраган Калича мемиреп уктап жаткандай көрүнгөн Эмилбекти тиктеп, оозуна сөз келбей, үнү буулуп, сүйлөй албай калды. Алаканын мейиттин чекесине коомай тийгизип, ыраазымын деп шыбырады. Мандайы мупмуздак экен. Эшикте жаткан таштай эле муздак экен. Ал чындап эле ыраазыбы же жокпу өзү да биле албай турду. Молдо айт деди, айтты. Анын үстүнө бул өңүбү же түшүбү дале ажырата элек болчу. Молдо Каличаны дагы бир нерсе айтабы дегенсип күтүп калды. Калича артка кетенчиктеди.

— Эми сиз келиңиз, жеңе, – деди арт жагында турган Айганышка кайрылып. Айганыштын жүзүн ошол жерден даана көрдү Калича. Көздөрү тоодой шишип, солуктап турган келинди жек көрбөй эле, ага ийинин тосуп, соороткусу келип кетти. Эмилбекти жоктоп, күйүткө батып турган адамды жек көрө албайт экенсиң.

— Ыраазычылык айтыңыз, – деди молдо жигит эми Айганышка. Келин маркумдун жанына басып кетип, муздак жүзүнө тигиле карап, алаканын анын маңдайына аяр тийгизип, аста сылап акырын үн катты:

— Эмикем менин… акылдуум, камкорум, таянган тоом элең. Уулумдун атасы, мен сага эки дүйнөдө ыраазымын. Сен да мага ыраазы бол. Өмүр бою жүрөгүмдө жашайсың, Эмикем. “Уулумду кыздарым менен тааныштырып, бир тууган кылам” дедиң эле, ошону аткара албай калдың. Сен ага кыжаалат болбо, Уланды мен өзүм тааныштырам эжелерине. Кош бол, Эмике. Аргам жок эми. Мен сени ушунчалык сүйөм, сүйөм… Сен өлгөн жоксуң, сен менин жүрөгүмдөсүң. Акыретте жолугабыз экөөбүз.

Үнү дирилдеген Айганыш терс бурулуп кетти. Молдодон да, Каличадан да жазганбай, ичиндегисин уулунун атасына төгүп-төгүп айтты келин.

Калича уккан кулагына ишенбей, дендароо болуп, өзүн бул дүйнөдө артыкбаш, кем акыл сезип, бут алдында жер көчүп, боз үй айлангөчөк болуп бараткандай болду. Айганыштын “Айкөлүм, акылдуум, камкорум…” деген сөздөрү кулагына кайрадан угулуп жатты. Балким ал ушул сөздөрдү Эмилбектин тирүүсүндө деле өзүнө айтып жүргөндүр. Моюнуна артылып, кулагына шыбырап айтып жүргөн чыгар. Калича мындай сөздөрдү күйөөсүнө бир да жолу айтпаптыр. Оюна да келбеген экен.

Ошентип, өлгөндүн жазасы көмгөн деп, Эмилбек жерге берилип, тууган-уруктун баары үй-жайларына тараганы менен батага келгендердин аягы суюлбай жатты. Айганыш кетпеди. Белдемчисин бекем тартынып, дасторконду тейлеп жүрдү. Ал убакта Калича башы сынып кетчүдөй болуп, бүткүл денеси зылдын кара ташындай оорлошуп, бирде ысып-күйүп, бирде чыйрыгып төшөктө жатты.

— Эжеке, ысык чай ичип алыңыз, – деп чыныдагы нават салып, сүт актаган чайды көтөрүп Айганыш жанына келди. Калича башын араң көтөрүп, чыныдан эки уурттап, кайра берди. Ооруп жатып да Айганыштын кичипейил, ийкемдүү экенин байкады. Анын сулуулугуна, жаштыгына, өңдүү-түстүүлүгүнө ичи күйдү. Ансайын өзүн эскирген, керексиз буюмдай сезип жатты.

 

*   *   *

Эмилбек аскерден келген жылы Каличаны сыртынан көрүп жүрүп эле досторунун шыкагы менен ала качып алган. Алар турмушту үйсүз, акчасыз башташты. Экөө иштейбиз, үй алабыз деп адегенде кайда гана барышкан жок. Россиянын эң суук жерлеринде да кара жумушта жүрүштү. Ал ортодо эки кызы төрөлдү. Калича кыздары менен үйдө олтуруп калды. Эмилбек Кытайдан буюм-тайым ташып, чоң соода борборун иштетти. Андай борбор ал кезде шаарда жок эле. Анан Эмилбек үй куруу бизнесине өттү. Кара жанын карч уруп иштеди.

Айганыш менен колун кокустатып алып доктурга барганда таанышкан. Суйкайган ак жүздүү дарыгер рентгендин кара кагазын жарыкка салып тиктеп, “Колуңуздун сөөгү сынган эмес, булчуң эттер чоюлуп калган” деп таңдыртып, дары жазып берген. Ошондо эңкейип колун кармалап жаткан кыздын адамды эс-мас кылган жыты укмуш болчу. Ошол жыт эстен кетпей эңсетип, колун шылтоолоп кайра-кайра бара берген. Баарына Айганыштын атыры “күнөөлүү” эле. Бышкан жүзүмдөй мөлтүрөгөн көздөрү, акактай тиштери, ичке, назик манжалары, жылаажындай жагымдуу үнү Эмилбектин эсин оодарып койгон. Ак куудай болгон ушул кыз эч кимдин кайырмагына илинбей жүрүп, отузга жакындап калган экен. Тообо, ушундай периштени байкабаган эркектердин көзү көр да. Ошо күндөн тартып Эмилбектин жүрөк толтосун Айганыш сулуу ээледи. Өмүрү доктурга басып барбаган, анча-мынча ооруса үйдөн эле эптеп айыгып алган Эмилбек эми улам бир жерин шылтоолоп, Айганышка барчу болду. Үй-бүлөлүү чоң адамдан адегенде так секире качканы менен бара-бара аны кантип жол карап күтө баштагынын Айганыш өзү да билбей калды.

Ошентип башталган булардын мамилеси.

 

*   *   *

— Айганыш, эмне десең ошо де. Мен сени жакшы көргөнүм көргөн.

— Кызыксыз го. Үй-бүлөңүз бар туруп, ушу кылганыңыз туурабы?

— Ооба менде баары бар – аялым, кыздарым, үйүм, жумушум, акчам… Бирок сүйүүм жок, уулум жок.

— Аялыңызды сүйбөйсүзбү? – Айганыш чын ниеттен сурады.

— Мен аны жамандыкка кыйбайм, эки кызымдын энеси. Бирок ачык айтсам – сүйбөйм. Ал деле мени сүйбөсүн билем. Жаш кезимде үйлөнүш керек болуп, ала качып алгам. Анда акыл жок кез экен. Азыркы акылым ошо убакта болгондо сени гана издемекмин.

— Анан эмне кыл дейсиз?

— Сен мага өзүмө окшош уул төрөп берешиң керек, – деп Эмилбек оюндагысын так кесе айтып салды. Бирок ичиндеги “Сага бардык шартты түзүп берем” деген сөздү айтууга батынбады. Антсе таптакыр терс бурулуп басып кетеби деди. Ниетинде Айганыш эмне десе баарына даяр эле.

— Апе-е-е-й, уятыңыз жок го, – деп Айганыш кызарып кетти. Бирок Эмилбектин ичинде арам ою жок, чынчыл киши экенин сезип турду. Чынын айтса кийинки күндөрдө Айганыштын күйөөгө чыгып, боюна бала көтөрүп, бала эмизгиси келген аялдык табигый сезими козголуп, кош көкүрөгү чыңалып жүргөн. Сөз айткан жигит чыкса эле көздү жуумп туруп, тийип кетсемби деген ою бар болчу. Ошон үчүнбү, Эмилбектин “Уул төрөп бер” дегенин укканда дене-бою жагымдуу бир дүр-р-р дей түшүп, жүзү тамылжыды. Бул анын акылына баш бербей, удургуп турган эне болгусу келген аялуу купуя сезими болчу.

— Сиз мени кыйнабаңыз. Бул деген шашпай ойлоно турган иш. Мен үчүн оор, – деди Айганыш.

Анын “Ойлоно турган иш” дегени жакты. Ошол сөзүнө Эмилбек үмүт байлады. Айганыш кандай шарт койсо да баарына макул демек. Бирок кыз андан ары унчукпады. Ак да, көк да дегени жок.

Ошентип алардын мамилеси арыкка жыгып келген суудай үнсүз жыбылжып, өзүнөн өзү алга жүгүрүп агып баратты.

Ошондо кеч күз эле. Кыш жакындап калганын кабарлагансып, айлана кар жыттанып турган. Анан бороон-чапкындуу кыш да аяктап, жаз келди. Жаратылыш кандай жасалмасыз болсо, булардын мамилеси да дал ошондой табигый болду.

Эмилбек турмушта канчалык чечкиндүү, чынчыл болгону менен бул жөнүндө Каличага айталбады. Канча ирет четин чыгарайын деп оозун таптап барып батынбады. Кантип айтат, эмне дейт? Ооба, сен туура кылыпсың демек беле?! Канчалык оор болсо деле ачык айтып, чындыктын башын ачып койгусу келгени менен кетенчиктеп улам кийинкиге жылдыра берди. Мындай ишти аялга угузуу – оңой бекен?! Ааламга будуң-чаң түшпөйбү? Ошон үчүн кийинчерээк айтармын деген ойго келди Эмилбек. Бирок кийинчерээк деле айтпады.

 

*   *   *

Айганыш кийинки кышта уул төрөдү. Башым көбөйсүн, тукумум улансын деген ойдо ысымын Улан деп койду атасы. Уулумдун урматына деп салдырган үйгө Айганышты наристеси менен көчүрүп келди. Жакын досторун жаңы үйгө чакырып, жакшылыкты белгилешти.

Айганыш “уул төрөп бердим, жашмын, сулуумун” деп эркелеп, даярга тап болуп үйдө жатып алганы жок. Ошентсе деле жарашмак. Уулу там-туң басып калганда бакчага берип, өзү ишине чыкты. Жеке турмушун ачыкка чыгарып, жарыя да кылбады. Үчөөбүздүн кубанычыбыз – үчөөбүз үчүн гана деди. Эмилбектин бизнеси өтө оор жумуш экенин, чоң акча чоң азап менен табыларын – анын кара жанын карч уруп иштегенин көргөндө түшүндү. Ал тургай аны аяп да калды. Эркектин ден соолугу морт болорун, жашы элүүгө жакындап калганда ичкен тамак-ашына, кан басымына кылдат кароо керектигин врач катары жакшы билет эле. Иш деп жүрүп талаа-түздөн туш келди шам-шум этип жүрчү Эмилбек Айганыштын үйдө ысык тамагы, ысык мамилеси менен күтүп жатканын эстегенде баарын таштап жөнөп кетчү. Кан басымды текшерип, тамакты тандап ичүү керектигин акыры Айганыштын ага көргөн камкордугунан улам түшүнө баштады.

Уулунун буту басып, тили чулдурап, улам бир таттуу кылыгы чыга баштаган сайын Эмилбек бул үйүнө көбүрөөк тартылчу болду. Иши чачтан көп экенине карабай, кээде уулун бакчадан өзү алат. Наристенин жытына, Айганыштын жан эргиткен аялдык назына, ысык чайына, таттуу тамагына көбүрөөк пааналап калды.

Ошо тапта Каличанын кан басымы бирде түшүп, бирде көтөрүлүп, муундары ооруп, улам ооруканага жатып, өз жаны менен алек болуп жүрдү. Мындай караса анчейин олуттуу деле оорусу жок. Бирок сиркеси суу көтөрбөй, эки тизеси сыздап, көк желкеси уюп, бүткүл денеси талыкшый берди. Догдурлар ага “Көп кыймылда, эртели-кеч жөө бас, тамакты мүнөздөп ич, сенин ооруң – жалкоолордун оорусу, 15-20 килдей салмакты азайтуу керек” деп талап коюшту. А чынында эле Каличанын жаш күнүнөн эле жалкоолугу бар эле. Карыш жерге таксиге олтурчу. Көп жумуштарын акыга жасатчу. Ал тургай түшкөн топчусун да тикмечиге кадатып келчү. Эки курбусун конокко чакырса да ашпоз жалдачу.

Ошентип, Эмилбектин турмушу эки үйдүн ортосунда өтө берди. Бирок бул жылдарда анын ирбити жүрүп, ташы өйдө кулап, иштери өз мерчеминен да эртеледи. Ошондонбу – жүрөгүндөгү кыжаалат сезимдер азайып, кандайдыр сабырдуу да болуп калды. Өзүн тең салмакта алып жүрүүгө Айганыш үйрөттү окшойт. Уулу Улан келерки жылы мектепке бармакчы. Бир күнү Уланды үйүнө ээрчитип барып, кыздары менен тааныштырсам деген ою бар. Бирок дале батына албай жүрөт.

 

*   *   *

Эртеңки күндө адамды эмне күтүп турганын эч ким билбейт экен. Жараткан кайып-каскагынан сактай албай калган күнү ушинтип бир заматта аалам астын-үстүн түшүп калат тура. Ажал Эмилбекти кан жолдон тосуп турганын карасаң?! Алдырарда жаздырар болуп, курулуштун бир зарыл иштери менен шаардын сыртына бараткан. Капталдан чыга калган жүк тарткан чоң машинеге катуу урунду. Ошону менен адам өмүрүнө чекит коюлду да калды. Эч кимдин оюна келбеген жамандык көз ачып жумганча болду. Кандай гана максат-тилектери бар эле?! Баарысын таш капты.

Эки бирдей кызын, жандай көргөн Уланын, сүйбөсө да жамандыкка кыя албаган Каличасын, жоодурап турган Айганышын – баарын бир заматта таштап кетти. Ушунун баары көз ачып жумгуча болду.

Жалган менен чындын, ак менен каранын айырмасы билинбей, убакыт бир ордунда токтоп тургансып, Калича тирүү өлүктөй керебетте сулк жатты. Эмилбек өлбөсө Айганыштын бар экенин билмек эмес тура. Ансыз да жети-сегиз жыл бою шек санап да койбоптур.

Каличанын көкүрөгүндө калың таарыныч жүрөгүн кысып тирелип турду. Бирок ал кимге? Эмилбеккеби? Эми түштөн кийин таарынганда не? Тирүү болсо башка кеп эле. Айганышкабы? Ал өз бактысын көздөгөн аял экен. Эмилбектен татынакай уул тааптыр. Экөө аз болсо да бактылуу жашаган өңдөнөт.

Бир маалда дарбаза тарсылдап, ит үрдү.

— Бирөө келди окшойт. Эшикке чыгып карачы, – деди Калича улуу кызына.

Сырткы эшик ачылып, кобур-собур үндөр угулуп, бирөөлөр келаткандай болду. Калича ордунан тургуча болбой, кызы Айганышты уулу менен ээрчитип кирди. Үйгө келет деп күткөн эмес. Өзү келди. Үйдүн дарегин да билет турбайбы. Уулу Эмилбекке союп каптагандай окшош экен. Тим эле оозу-мурдунан түшө калгандай. Баягы ызы-чуулуу күндөрдө баланы көрө алган эмес Калича. Тообо, кичинекей Эмилбек! Ушу көздөрү жайнаган бейкүнөө баланы көрүп турган киши кантип жүрөгү жибибейт?! Балада не айып?! Эмилбектин тукумун улап, атасынын дал өзүндөй уулду дүйнөгө алып келип, бапестеп чоңойтуп жаткан энени күнөөлөгүң да келбейт экен.

— Келгиле, отургула, – деп Калича төр жактан орун көрсөттү. — Кыздар, чай койгула, – деди кыздарына.

— Эжеке, убара болбоңуз, биз бат эле кетебиз. Уланды эжекелерине тааныштырайын деп эле келип калдык, – деди Айганыш күнөөлүүдөй тайсалдап.

Айганыштын тартынбай кирип келип, батынып сүйлөп жатканына бир чети таңыркап да турду Калича.

Эки аял дасторкон үстүндө балдарды тааныштырды. Кыздар түшүнүп-түшүнбөй элейип, энесин бир карап, Уланды бир карап, бирок бир аздан кийин ойнолбой калган оюнчуктарын алып чыгып, Уланды оюнга чакыра башташты. Кантсе да бир боор да. Кире бериштеги селкинчекке олтургузуп, экөө эки жагынан күүлөнтүп ойнотушту.

— Эжеке, сиз бизди кечирип коюңуз, – деди Айганыш акырын үн катып. – Баягы күнү боз үйдө элдин көзүнчө мага акаарат айтпаганыңызга ыраазымын. Ооба, менде да күнөө бар, аны билем. Бирок тагдырым ушул болсо кантейин? Ошентсе деле өкүнбөйм. Анткени уулум бар. Бүгүн мага эмне десеңиз да баарын көтөрөм, – деди Айганыш көкүрөгүнө колун коюп.

— Эми сага эмне дейм? Арбак алдында, Эмилбектин уулу турганда эч нерсе дей албайм.

Калича көп сөз айтса болмок. Бирок эми не зарыл? Айтканда айтпаганда эмне?

— Сизге рахмат туура түшүнгөнүңүзгө. Уулум жалгыз болбой, эки эжеси бар экенине каниет кылам. Улан кийин эжелерине төркүн болуп берет, буйруса.

Кыздарыма кийин ким төркүн болот деп Калича ойлобогон экен. Айганыштын жаш болсо да зирек, баамчыл, кыраакы экенин сезди. Сыртынан тиги келинге токтоо, эстүү  көрүнгүсү келгени менен Каличанын ичинде алай-дүлөй бурганак жүрүп, жүрөгү ачышып жатты.

 

*   *   *

Калича болору болуп, боёсу канган турмушту сабыр менен кабылдап, эч кимге кусамат кылбай, эч кимге наалат айтпай, мындан ары өз ден соолугун гана көздөп жашашы керектигин акылында эң сонун билип турду. Бирок таарынган жүрөк карарып, дегеле ага көнгүсү жок. Анткени менен Айганыштан улам Калича өзүнөн кеткен каталарды тымызын сезе баштады. Эмилбекке аял катары көңүл бурбаган экен. Кайда кетмек эле десе керек. Кеткенде да бул өмүрдөн биротоло кетип калары ойго келбейт тура. Аны бир аз аяп койбоптур. Ачпы-токпу, кайда жүрөт, чарчаган жокпу дебептир. Түн жарымында келсе да, келбей калса да кайдасың деп телефон чалып, дайынын сурап койчу эмес. Каличаны кыздары менен эч нерседен кем кылбай багыптыр. “Камкорум элең, таянган тоом элең” деп Калича армандаса жарашмак.

Кош айтышып, уулун жетелеп Айганыш дарбазадан чыгып кетти. “Улан, дагы келесиң ээ?” деп калышты кыздар. Апасы Уланды кийин дагы алып келмек болду. Калича үйгө кирип, көчөнү көрсөткөн аппараттын экранын караса, Айганыш уулун жетелеп, башын жерге салып, шашпай кетип баратыптыр. Келиндин ички күйүтү далысынан эле сезилип турду. Калича алардын карааны көрүнбөй калгыча нес болуп, экранды карап тура берди.

2025-ж., август

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.