Абды Сатаров, журналист: “Айтматов дүйнөлүк жазуучуларды кыргызча шеринеге чакырган эле”
– Абды аке, жаңылбасам, Айтматов уюштурган “Ысык-Көл” форумуна кыргыз журналисттеринин арасынан сиз эле катышсаңыз керек эле. Форум кандай өткөнү эсиңизде барбы?
– Ооба. 1986-жылдын октябры эле. Мени жетекчилик чакырып, “паспортуңду ала кел, Чыңгыз Төрөкулович бир иш-чара өткөрүп жатыптыр, сен ошого барасың” деди. Менден башка деле берүүлөрдү орусча алып барган тажрыйбалуу журналисттер бар болчу, бирок эмнегедир мени жиберишти. Эмне иш-чара экенин да эч кимиси билбейт. Болгону “коноктор 15-октябрда эртең менен келишет, барып аэропорттон тосуп аласыңар” деген тапшырма коюшту. Биз оператор Дөгдүров экөөбүз саат төрттө бардык окшойт. Бештен өтүп, таң агара баштаганда “самолет келди” деп калышты. Аман Токтогулов ал кезде КГБда иштечү эмес беле, иш-чарага ошол куратор экен. “Чыңгыз Төрөкулович келелек, биз телефон менен байланыштык, азыр жолдо, самолетту Фрунзенин үстүнөн бир-эки жолу айландыргыла, ошого үлгүрүп келет” деди. Чын эле бир аздан кийин Чыкем келип калды. Бизде ал кезде япондук аппаратуралар деле жок, трактордой болуп дырылдаган камералар менен келгендерди тартымыш эттик. Чыкем тосуп алып, ар бири менен учурашып атат. Ал өзү деле кимдер келерин так билбейт экен. Бирок, кат баарына, Габриэль Маркеске чейин кеткен. Дүйнөгө белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, америкалык жазуучулар Артур Миллер менен Джеймс Болдуин, Кубадан Лисандро Отеро, Түркиядан Яшар Кемал, Ефиопиядан сүрөтчү Афеверк Текле, ЮНЕСКОнун башкы катчысы Федерико Майор жана башка белгилүү кишилер келишти.
Шаарга келген соң аларды резиденцияга жайгаштырып, музейге, Жазуучулар союзуна алып барышты. Биз бир аз кечигип келдик. Себеби, жолдо машинабыз бузулуп калды. Ал кезде телевидениенин түзүк машинеси да жок эле. Келсек, “булар эми самолет менен Чолпон-Атага учушат, силер машина менен жөнөйсүңөр” дешти. Бизге Москвадан келген 15 чакты журналисттер кошулду. Чолпон-Атага бардык, самолеттогулар кечирээк келишти. Аларды коштоп жүргөн киши бизди чогултуп, “эч кандай интервью болбойт, бириңер да алардын жанына жолобойсуңар” деп катуу эскертти. Биз телевизиончулар өзүбүзчө сүйлөштүк. Москвадан келген режиссер “Абды, Рим интеллектуалдык клубунун президенти Александр Кингден интервью алалы” деп сунуштады. Коттедждерди кыдырып жүрөбүз. Көлдүн боюнда бир коттедж бар экен, балдардан сурасам, “ушул жерге жайгашты, кирип сүйлөшсөңөр болот” деди. Бизге эң кызыгы, форумдун катышуучулары эмне максат менен чогулушту, ошону сурашыбыз керек эле. Бир убакта тамактанып келишти. Биз ага чейин отурганга орун камдап, аппаратурларды орнотуп койгон болчубуз. Маанайы аябай жакшы экен, камераларды көргөндө өзү эле котормочусу экөө келип отурушту. Биз эки суроо бердик, ал чыгармачыл интеллигенциянын эл аралык саясатка таасир этиши, дүйнөлүк проблемалар жөнүндө эркин пикир алышуу деп форумдун максатын айтып берди. Жана жогоруда айтканымдай, биздин камералар эски эле, россиялык кесиптештерибиздики болсо француздук аппаратуралар. Дөгдүров тажрыйбалуу киши эмеспи, дырылдаганы угулбасын деп одеялга ороп тартып алды бечара.
Эртеси форум башталды. Биз дагы деле аппаратурабыздын начардыгынан кире алган жокпуз. Бирок, “ар кандай жамандыктын бир жакшылыгы болот” деген чын тура, биздин ошондогу акыбалыбызды көргөн Чыңгыз Төрөкулович кийин БКнын идеологияны тейлеген катчысына кайрылып, Москвадан атайын валюта бөлүнүп (Кыргызстанда валюта жок экен да), Ыраакы Чыгыштан жаңы, заманбап аппаратураларды алып келишкен.
Отурумда дүйнөлүк жалпы адамзатка тийешелүү болгон экология, жакырчылык сыяктуу проблемалар талкууланды. Яшар Кемал “Жакырчылык – бул дагы оору. Өтө жаман оору” деп айтканы эсимде. Чыкем кириш сөзүндө: “Бул кыргызча шерине деп аталат. Бизде жакшы көргөн адамдарын чакырып чай берет. Ошол чай үстүндө маектешет, чер жазышат, ой бөлүшөт. Мен силерди ошон үчүн чакырдым” деп айтты. Акырында дүйнөлүк саясый жетекчилерге бир кайрылуу кабыл алып коюну сунуштады. Баары кол коюшту. Орусчасына да, англисчесине да. Жалгыз Клод Симон “мен орусча билбейм” деп орусчасына койбой койду.
Танапис учурунда бир жигит Чыңгыз Төрөкуловичке келип, “сизди телефонго чакырып жатат” деп айтты. Телефон фойеде турган болчу. Көрсө, БКнын идеология боюнча катчысы Лигачев чалган экен. Форум кандай өткөнүнө кызыгып, анан “Михаил Сергеевичтин иштери көп болуп атты эле, дагы бир күнгө калсаңар болобу?” деп сураптыр. Анда Чыкем “жок, билеттер бүт алынган, эртең саат он бир жарымда учуп кетишет” дейт. Анан Клод Симондун жанына келип отуруп, экөө сүйлөшүштү. Ошондо ал жаңы эле Нобель сыйлыгын алып, атагы таш жарып турган кези экен. “Чыңгыз, сен Парижге барып калсаң меникине конок болуп кет. Менин фазендам бар. Торпоктун этинен шишкебек жасап берем” деди. Чыкем ыраазычылык билдирип, Парижден 40 чакырым алыстыкта Франциянын эң кооз жери бар, барып көрдүңүз беле?” деп сурады. Тиги кишиден “жок” деген жоопту укканда “анда сөзсүз барып көрүңүз” деди. Анан жанында турган балдарга кайрылып, жубайын чакырып берүүнү суранды. Аялы келгенде “баягыдан алып келчи” деди эле жеңебиз чакан төрт бурчтук куту алып келди. “Бул биздин академик Алтымышевдин бальзамы, – деди Чыкем кутуну тиги кишиге сунуп. – Башыңыз ооруса мобул жерге сыйпайсыз, тишиңиз ооруса бул жерге сыйпайсыз” деп баарын бирден көрсөтүп чыкты. Клод Симондун маанайы аябай көтөрүлдү. Кайра-кайра ырахмат айтып атты. Банкет учурунда кайрылуунун орусча текстине да кол коюп берди.
“Ысык-Көл” форуму өтө маанилүү, тарыхый окуя болгон. Бир кездерде Илья Эренбургга “дүйнөлүк жазуучуларды, интеллектуалдарды чакырып, жолугушуу уюштур” деген тапшырма коюлуптур. Бирок, ал аны жасай албаптыр. Кийин ошол ишти Айтматов жасады да. “Маркес менен да кабарлаштым. Менин барганга мүмкүнчүлүгүм болбой калды, иш-чараңар жакшы өтсүн деп каалоосун жиберди” деп айткан ошондо Чыкем.
“Азия Ньюс” гезити, 14.10.2025-ж.
Сүрөт Foto.kg сайтынан алынды



