Осмонакун ИБРАИМОВ: «Барсбек. Эң соңку түн»

 

(тарыхый новелла)

Сырттан аттардын дүбүртү угулду. Ажонун ак өргөсүнө баш баккан Бекчоро чабармандын кебетеси өтө кубангандай, бир нерсе айтып сүйүнчүлөгүсү келгендей жайдары эле.

– Келишти!.. – деди да, эмнегедир кетенчиктей басып, кайра чыгып кетти Бекчоро.

– Келиштиби?… – Чыдамсызданган Барсбек ажо ордунан өйдө обдулуп, тигиден бир нерсе сурагыча болбой, сырттан астыңкы этектерин кемерине кыстарган эки эрен биринин артынан экинчиси удаа кирип келди. Камчыларын бооруна алып, ийилип таазим эткен экөөнө Барсбек ажо кучагын кенен жайып, алдынан торой басты.

– Эрендерим менин!… Аман-эсен келдиңерби, ат-көлүк аманбы?

Шеригине караганда жашы да улуу, жолу да улуу Эрен Улук ажого илгиртпей жооп этти:

– Аманчылык, улуу каганым… Келдик. Туура төрт ай жол үстүндө, ат жалында болдук. Көкө теңирдин жардамы менен, элдин, жердин деми менен мына кайра алдыңызга келип отурабыз…

– О теңири, бул да болсо сенин көмөгүңдүр!.. – Сүйүнүчү койнуна батпай, жүрөгү толкуп турганын жашырбады Барсбек ажо. – Аман-эсен кыргыз арасына келип жеттиңер, элчилерим, кубаныч деген ушу, бакыт деген ушу.

Ооба, төрт ай мурун алыс сапарга, Тибетке жөнөп кеткен элчилер минтип кайра элге аман-эсен келишкени чынында да чоң кубаныч, чоң мөрөй эле. Ошондой болсо да узак убакыт ат үстүндө, талаа менен түздө, кээде ээн талаа эрме чөлдө өмүр өткөргөн бул экөөнүн кебетеси абдан эле жүдөңкү, өңдөрү азыңкы көрүндү…

Ажо алыс жолдон келгендер менен кучакташып көрүшүп, аларга отургула дегендей, жанынан орун көрсөттү. Узак сапарда жүрүп чарчап-чаалыгып, дале болсо өздөрүнө келелек элчи Эрен Улук менен анын жан жигити көптөн бери көрө элек ажону кайрадан көргөндө кубанычтан, чексиз сыймыктан жүрөктөрү түрс-түрс согуп, жүздөрүнөн ыраазычылык, бакыт көрүнүп турду. Бирок ушунчалык чаалыккан элчилер ажого төрт айга созулган узун жол, ары алыс, ары опурталдуу сапар тууралуу төкпөй-чачпай баян этип бергенге азыр эч бир шайы жок эле. Аны Барсбек ажо элчилер эшиктен киргенде, кол беришип учурашканда эле билген. Андыктан эң биринчи жакшылап эс алышсын, өздөрүнө келсин, болгон кептерди кийинчерээк деле сүйлөшөөрбүз, убактыбыз бар го деп ойлоду ичинен ажо. Анын үстүнө сүйлөшө турган, шашпай акыл сала турган иштер чынында да өтө көп болчу… Барсбек ажо да каганаттын ички турмушун, сырткы турмушун эң сонун билген Эрен Улуктун алыс сапардан келишин чыдамсыздык менен күтүп аткан.

– Керуленден кандай өттүңөр? Кыйналдыңарбы? Селенгеденчи? Анын суусу жайда ташкын, кышта чатыраган көгайкы муз болчу эле демейде… – Ажонун суроосуна ооба ошондой, туура айтасыз дегендей баштарын ийкеп отурушту эки нойон.

– Өттүк го аман-эсен. Баягы какыраган кара ташынан башка, анда-санда сербейген сөксөөлүнөн башка эч нерсе өспөгөн ырыс-кешиксиз эрме чөлдө азыраак кыйынчылыктар болду, албетте…

“Азыраак кыйынчылыктар болду”… Коштогон жигиттери менен нечен азаптарды тартса да, эч бир сыр билдирбеген элчи Эрен Улукка Барсбек ажо ичинен ушунчалык ыраазы болуп отурду. Бир эмес, бир нече жолу Кытайга, түп Бээжинге элчиликке жумшаган, тапшырган ишин ар дайым так аткарган, адам укпаган тилдерди билген Эрен Улукка ажо чын дилинен ыраазы эле. “Мына дагы бир жолу кыргыздын учун узартып, каганаттын кадырын көтөрүп, алыскы Тибетке барып, алака түзүп келди”.

Элчилер келди деген сөздү укканбы, Бекчоро чабарман эшик ачканда, этек-жеңине жабышкан карды күүп, Барсбек кагандын эң жакын сырдашы, акылчы-даанышманы Куланчур кашка өргөгө кирип келди.

– Улуу каганым!.. – Куланчур ажо менен кол беришип учурашып, андан соң элчилер менен кучакташып көрүштү.

– Кел, баатыр, төргө.

Куланчур кашка каган отурчу секичедеги туурдун тушуна көчүк басты.

Барсбек ажо сөзүн улады:

– …Жай бүтүп, жылкылар жайлоодон жаңы түшкөн кезде, күн салкындаганда Тибетти көздөй жол кеттиңер эле, мына эми теңир жалгап, кычыраган кышка карабай кайра аман-эсен эл-жерге келип жеттиңер. Көрүп турасыңар, бул жерде кыштын кырдаалы жаңы келип, аяз кычап, найза бою кар түштү. Кар омуроого чыгып, суук күчүндө. Алыс сапарга кеткен элчилерибиз не болду экен деп көп санаа чектик го мында…

Ажо сүйлөп атканда демин эми баскан нойондор ал айткан ар бир сөздү маани берип угуп, кээ-кээде колду көкүрөккө ала баш ийкеп отурушту.

– Бакыт деген ушу, аман-эсен эл-жерге келдиңер. Илгерирээкте Кытайга, түп Бээжинге кеткен элчилерим кээде кайра кыргызга оңой менен жете албай, жолдо аттарынан ажырап, ач бел, куу жондо калган күндөрү, ал эмес ат кошчулары азап-тозокко чыдай албай мерт болуп кеткендери да болгон. Туурабы, элчим? – Ажо маңдайында отурган Эрен Улукка карады. – Тибет түп Бээжинге караганда жакыныраак го кантсе да, бирок жетиш, жеткенден кийин кайра келиш азаптын азабы…

Чаалыкса да сыр билдирбегенге аракет кылган элчи Эрен Улук ажонун оюн тапкандай:

– Туура, жакыныраактай көрүнгөнү чын. Бирок… Тибет башта биз көргөндөн таптакыр өзгөрүп кетиптир, улуу каганым. Эмнегедир эл ичи тынч эмес экен. Дин тутуп, көпчүлүк эл бутка сыйынып, таш коргондорго, үңкүрлөргө тооп кылыш үчүн топурап топтолгонду адат кылып алышыптыр. Эки айдан ашык эл араладык, талаасында да, түзүндө да жашадык. Кайласка жеттик. Улуу кагандан, сизден, кыргыз элден санаа-тилектерди лама деген жогорку даражалуу дарканына толук жеткирдик. Сөз бекитиштик. Алар да сизге, улуу каганга, зор сыйы бар экенин, кыргыз дөөлөтүнун урматын чын дилинен барктай турганын, тааный турганын билдиришти. Ырас, мурункудан башкачараак жашоо сүрүп, кошунасы Кытай менен алакалары аябай бузулган учурда барыптырбыз. Тибетке караганда мына биздин Кытай менен мамилебиз алда канча дурус экен, улуу каганым…

Куланчур кашка сөзгө аралашты:

– Кытай менен мамилебиз байыртан жакшы го. Алар менен эч качан согушпадык, тең тайлаш болобуз, тең ата болобуз деп жаңжалдашпадык. Ар дайым элчилерибиз каттап турду. Илгертен ушул эле уйгурлардын колуна түшүп кеткен кытайдын нечен канзаада кыздарын туткундан бошотуп, колдоруна аман-эсен салып берип жүргөнбүз. Кытайдын канзаада кыздарына менмин деген баатырларыбыз үйлөнгөн, сөөк бекитишкенбиз, – деди Куланчур элчинин айтканын коштоп.

– Айтканыңыз калетсиз, баатыр. Бирок биздин айлана-тегеректе, каганаттын тышында көп маселелер бар экен, – деди анча-мынча ак аралап бараткан чокчо сакалчан, арык чырай, ар бир сөзүн салмак менен сүйлөгөн Эрен Улук демейки сыпайгерчилик менен.

– Бизге чейин Култегиндин элчилери да Тибетке келип кеткенин билдик. Ошондуктан, улуу каганым, сиз менен акылдаша турган иштер көп сыяктуу…

Элчинин Барсбекти улам-улам “улуу каганым” дегени жалпы журтка, негизинен каганаттын сыртында көптөн бери дайын жогорку наам эле, бирок ошого карабастан калың журт, айрыкча элге башы көрүнгөн эрендер менен тутуктар башынан көнүп калган үчүн көбүнчө “ажо” деп сүйлөшчү. Ооба, Барсбектин каганат түптөлгөндөн кийинки улуу, кичүү журттар тааныган наамы азыр Каган, ал гана эмес Ынанчу Алп Билге болчу.

Элчинин майдалап айтып бере турган, каганаттын ичиндеги, тышындагы ал-акыбалды ортого салып, тереңдеп ой бөлүшө турган аңгемелери арбын экенин сезген Барсбек каган тек гана кыргыз улусунун азыркы абалын башкалардан укпай, менден уксун дегенчелик кылып, кыш-кыроодогу эл турмушун учкай сүйлөп өттү:

– Кеңеше келип, быйыл кышты Сунганын кылдоосунда өткөрөлү дедик. Эми бул жер Орхон менен Өтүкендей жайык, күндүү эмес, кар оор түшкөн жер экен. Атам замандан бери көнүмүш болгон мекенибиз Миң-Суунун боюна кыштайлы, болбосо ата-бабабыз киндик кесип кир төккөн Энесайдын ылдыйкы куймасына токтойлу десем ынанышпады булар… Көпчүлүк, айрыкча түмөн башы, жүз башылар. Мынабу Куланчур кашка ошол сөздүн эң башында.

– Каган жанында отурган Куланчур тарапка ээк жаңсады.

– Жазга чейин күч топтойлу, курал–жарак камдайлы, темирчилерди ишке салалы, көк түрктөр менен чабыш эртедир-кечтир башыбызда дешти. Бу Сунга дегени жогору жагы калың токой, төмөн тарабы төрт аркан бою келген тик жар менен бүткөн чакан өрөөн экен. Бул кыштоонун аты Шаркыратма дешти. Силер Тубутка элчилик максат менен аттанган убакта жай ортосунан өтүп, мал туташ семирген кез эмес беле. Азыр эми кыш келип, суук кычап, аттар оор жааган карды араң жиреп калды. Биздин жакшылар, мына жанымда отурган Куланчур билге Култегиндин түмөндөрүнө эми анык жол жабылды, чоң Саяндын кыркасындагы Көгмендин ашуусунан өтүш ала жазга чейин эч бир мүмкүн эмес, тынч болобуз деп сүйүнүп отурушат… Биз бир убакта карлуктар менен кармашканда мындан да терең карга карабай жортуул жасап, кыштаган кыштоолорунан козгобой туруп чөгөлөткөнүбүздү унутушкан сыяктанат…

Ушуну айтты да, Барсбек каган маңдайындагы жүнү уюлгуган аюу талпакта Куланчур билге менен катар мандаш токунуп отурган атактуу залкар Эрен Улукка, анын жанында ат кошчу болуп дайыма бирге жүргөн ат кошчусуна аталык камкордук, ысык мээрим менен карап койду. Көз карашынан “Не деген азаматтар, кежигесинде жалы бар нака шерлер го ушулар, ой-парасаты толкуп ташкан эрендер го булар…” деген жылуу мамиле, мээрим көрүнүп турду.

– Айткан – дегендериңиздин баарын толук аткардык, улуу каганым. Качан десеңиз болгон иштерди, баштан кечиргендерди төкпөй–чачпай жомоктоп берээрбиз. – Эрен Улук оор басырык сөз кыстарды. – Азыр десеңиз азыр, эртең десеңиз эртең, улуу каганым.

Эрен Улук элчи адатынча ток этээрин гана сүйлөп, төрт ай бою көрө элек каганга дагы бир жолу көз кырын таштады. Кыргыздын даңазалуу ажосу Барсбектин сүрү, жүзүндөгү кайраты, кимге да болсо тик караган оор көз карашы чынында да башкача эле. Жалбагай ооз, узун жаак, сүйлөсө доошу бийик, турса олбурлуу бою боз үйдүн уугуна тең келген, атайын жасалгаланган кооз тууруна отурганда комдонгон жолборстой түрү бар кагандын кимди да болсо шаштыра тургандай сөөлөтү бар болчу. Айрыкча кармаганынан кан чыгара тургандай шадылуу манжаларычы. Бул кол менен каган ач жолборсту да кекиртектен алса жерге тырпырата басчудай…

Эрен Улук Барсбектин ушул сөөлөтүнө дагы бир жолу канааттанып, ичинен “Улуу каганым!..” деп кайталап, сыймыктанып, толкуп турду. Ушул адам отко десе отко, чокко десе чокко да даярмын го деп, ошон үчүн терең бактылуу эле. Ошону менен бирге Барсбек кагандын ага болгон ысык мээримин жаны менен туюп, ансайын атанын тизесине баш жөлөгөн жаш балача денеси балкыды. Санаасы тынды. Анын үстүнө Ынанчу Алп Билги наамы бар Барсбек кагандын эл ичинде да, алыс-жакын журттарда да кандай зор аброю бар экенин Тибетке барганда өз көзү менен көрдү го. Андан мурун Бээжинге элчилик сапар менен барганда да кыргыздардын өкүмдарын алар Улуу каган деп, Инал деп тааныганын өз кулагы менен уккан, жеке өзү күбө болгон …

– Ал эмесе, эрендерим, дем алгыла, калган кеп-сөздү эртең жай отуруп сүйлөшөөрбүз. – Каган эс алгыла дегендей ишаарат кылды жанындагыларга. Элчилер менен кошо Куланчур билге да сыртка чыкмак болгондо:

– Сен кетпей тур, сүйлөшө турган кептер бар, – деди ага каган.

Элчилер кеткен соң Барсбек ажо жамынып отурган илбирс ичигин кымтына отуруп, Куланчур билгеге башкача бир маанайда ойлуу сөз этти:

– Ушундай эрендер барда, эч кимден тайсалдабаган, эч кимден жалтанбаган баатыр эл барда кантип башка бирөөлөрдүн түндүгүн тикелеп, байрагын көтөрөбүз? Түндүк тарабы Байкөлгө, түштүк ыптасы чоң Кытайга, тоолуу Тибеттин чегине барып такалган, күн чыгыштан күн батышка жайылып, кыйкырсаң үн жетпеген, чапсаң күлүктүн күчү жетпеген жерлерибизди, тоо, талааларыбызды, бизге ыктаган чоң-кичине элдерди кантип башкаларга өткөрүп беребиз? – деди каган Куланчурга карап, не кеңеш сураганы, не ой бөлүшкүсү келгени белгисиз.

Ушул жерден көптөн бери ичинде сактап, бирок угуза айтканга эч бир даабай жүргөн оюн бөлүшмөккө Куланчур кашка этиет сөз баштады:

– Ооба, кимге болсо тиш салган, кармаганынан кан чыгарган Капаган каган жакында тынчый турган эмес. Мен бүтүн темирчилерди ишке салып, жасап аткан жарактарын, найзага учтай турган деңгээлерин көрүп келдим. Теңирим колдосо, жазга чейин көп иш бүтүп калчудай. – Куланчур билге каганды жубаткандай сүйлөдү. Бирок да Барсбек каган билгизбегени менен баары бир көп нерсеге нааразы экендиги сүйлөгөн сөзүнөн билинип калды:

– Бүгүн кыргыздын бир нече чоң уруусунун тутуктары, даркандары келип кетишти. Капаган кагандын, кыргыздар айткандай, Кабаган кагандын түрү жаман дейт го, кандай кылабыз деп кабатырланып келишкендей. Мен жөн жерден дүрбөлөң чыгарбагыла, элди тынч кармагыла дедим. Култегин менен биринчи жолу кагылышып аткан жерибиз жок, эң негизгиси – биздин биримдигибиз, кайрат-күчүбүз. – Каган ордунан туруп, керегеде жөлөнүп турган сыр найзасын колуна алды, топоздун куйругунан жасалган түпөгүн оңдоп-түзөп, кайра ордуна койду. Сыягы, биримдик, кайрат-күч дегенде өзү да байкабай жоокерчилик замандын негизги куралы болгон сыр найзасын, жамбашында салаңдаган зулпукорун, нечен жоонун канын төккөн ач албарсын текшергиси келди окшойт.

Куланчур кашкага Барсбек ушу тапта кандайдыр бир кеп–кеңешке муктаж болуп, колдоо издеп, бир чечимге келе албай, ою удургуп тургандай сезилип кетти.

– Айтканыңыз туура дечи… – Сыпайы маанайда сөз баштады Куланчур. – А балким даркандардын да билгени бардыр. Көк түрктөрдүн жакындашалы деген аракетин босогодон аттатпай туруп четке какканыбыз… кандай болот… Ойлонсок кантет дешкен чыгаар… Култегиндин деле кыргыздарга душмандык кылайын деген тилеги жоктой. Биригели, бир тууну көтөрөлү, бир пикирде бололу, болбосо кырылышабыз деп атат ал деле… Нечен жолу чабыштык Капагандын колу менен. Дагы канча жолу бет келишебиз – аны Көкө теңир өзү билет. Не дегейсиз, каганым?…

Ыйбаа сактап, коңур үн менен салабаттуу сүйлөгөн Куланчурдун бул сөзү кагандын жаралуу жерине тийип кетти окшойт, күтүлбөгөн жерден каары келген Барсбектин тик сайылган кыл муруту ого бетер түктүйүп:

– Куланчур, сен ушул сөзүңдү мага эле айтып жатасыңбы же далайдан бери элге-журтка таратып жүргөн сырыңбы? Айт ачыгыңды! – Каган жанындагы Куланчурга бет буруп, тынч жаткан жеринен кокус козголгон жолборстой күр этти. Барсбектин чын каары келсе оңой менен жазылбаганын, эч нерседен кайра тартпаганын жакшы билген Куланчур дагы эмнени айта койдум эле дегендей чочуп кетти. Анын үстүнө Барсбектин каары келгенде теше тиктеген көз карашы, бүркүттүн канатындай бириге калган коюу кашы кимди да болсо шаштырып жиберчү.

– Култегиндин зордугуна башка болсо да кыргыз моюн сунбас… Саныбыз азыраак болгон менен кайратыбыз мол. Жоогер журтпуз. Кыргыз деген кырып түгөткүс, түгөнгөн сайын түтөгөн журт, биле жүр, кашкам! Чабышса чабышабыз, тиштешсе тиштешебиз!

Бекер жерден кагандын каарын козгоп алганына өкүнүч эткен Куланчур билге сабыр менен, чыдамкайлык менен Барсбектин айткан сөздөрүн унчукпай тыңдады. Мындайда ажо менен сөз талашуу жакшылык менен бүтпөй турганын билген акылгөй да, амалкөй да Куланчур маселени ылайыксыз учурда козгоп алганын эми сезип, эч бир каяша айтпады. Талашпады. Мындайда эң дурусу кагандын айтканын кунт коюп угуп, эркине баш ийүү эле. Барсбекти бармактайынан бери билген Куланчур бул жолу да ошентти…

Күтүлбөгөн жерден май чачкан оттой дүрт эткен Барсбектин каары бара-бара тарап, бир топко барып анан өзүнө келсе болобу.

– Тууганбыз, түбүбүз бир деп какылдаган ортомчулары айрыкча Култегин курукандарды курута чаап, андан кийин түргештерди кызыл кереге кылгандан кийин ого бетер күчөдү. А бирок зордоп берген аш болобу? Кыргыздар илгертен ушундай жашап келген, дагы да жашай берет. Ырас, жердин шартына карап жер котордук. Кытайга, Теңир-Тоого каттаганга оң, соода-сатыккка ыңгайлуу экен деп Кемкежиттин жээгинен жылдык, чоң Саяндын кыркаларына, Алтайдын тоолоруна, өрөөндөрүнө чейин тараган чоң журт болдук. Бир канатыбыз ак карлуу Ала-Тоого тарады. Кытай менен болсо илгертен жакшы ымаладабыз. Монголдор менен туугандашып, Кангай менен Хингандын жайлоолоруна каалаган убакта мал жайдык. Кемкежитти мекен тутуп, Керүленди, Кыргызнурдун көлүн жээктей кыркалата боз үй тиктик. Түрк каганы Элтериш-Кутлуг мага өз кызын колукту кылып берди. Себеби көк түрктөргө тең ата болобуз деген кыргыздар менен куда сөөк болмокчу, өздөрүнө тартмакчы… Мына азыр биз бийлик жүргүзгөн туба журтунун жерине келип, Сунганын токоюн, суусун жээктей конуш алдык. Отун-суусу кенен, кыштоого ылайык, душмандан паана, жогору тарабы чер токой, ылдый тарабы төрт кез бийик жар экен деп мени көндүргөн өзүң болдуң го баатыр?

Куланчур көптөн бери катып жүргөн купуя сырын билдирип алгансып, дене-бою калтырап, шашып кетти. Барсбек менен катар жүрсөң башыңды баталгага байлай жүр деген накыл кепти эстей койду…

Улуу кагандын сөзүн сырттан баш баккан Бекчоро чабарман бузуп кетти.

– Ажом, сизге каңды тукуму менен дөөлөс, коңураттардын бектери келди. Айтчу сөзү, сурай турган суроосу бар экен…

Учурдан пайдаланып, Куланчур билге кеткенге камынгандай ордунан козголо кетти. Кагандын уруу башчылары менен сөзүнө аралашкысы келбеген Куланчур ажого бурулуп:

– Уруксат эткейсиз, улуу каганым? Сиз менен жүз көрүшүп, элчилердин аман-эсен келгенин көрө кетейин деп кире калган элем…

Каган Куланчурга түшүндүм дегендей баш ийкеп:

– Азыркы айткан сөзүңдү экинчи кулагыма угузба, баатыр. Жазга аман-эсен чыгалы, жоо-жарактарды камдайлы, мал-жанды кыштан чыгаралы-мына ушуну ойлон.

Камчысын бооруна алган Куланчур артына бурулуп, өргөдөн сыртка чыкты.

Барсбек ажо Бекчорого карап:

– Киргиз бектерди, – деди. Кыргыз улусундагы чоң, кичине уруулардын бектери менен кез-кез жүз көрүшүп, ой-пикирлерине, оокат-тиричилигине кулак төшөмөй Барсбек кагандын башынан келаткан тартиби.

Жылбырскы тон, илбирс ичик кийип, сүлөөсүн тебетейлери башында сеңселген бир нече даркан босогону аттады. Сый-урматчыл саламдарын айтып, каган менен жакындан кол алышып учурашышты. Барсбек элдин эсенчилигин, кыш-кыроодогу турмушун, жалпы мал-жандын акыбалын сурамжылап, бектердин сөзүнө дыкат кулак түрдү. Үч чоң уруунун даркандарынын ажодон сурап билгиси келген негизги суроосу – Култегиндин наамынан байма-бай каттап аткан көк түрктөрдүн ой-пикири кандай, көздөгөн максаттары не, ошону билүү экен. Барсбек каган болгонун болгондой айтып келип:

– Дегинкиси, бектер, оң канат, сол канаттагы кыргыздарды дагы да бекем бириктирип, биздин улуу каганатты чачыратпай сактайлы. Аман-эсен жазга чыгалы. Күн чыгыштан күн батышка жайылып кеткен Каганаттын ар тарабын камтып, бир тутумда кармап турганга кудуретибиз жетеби – кеп мына ушунда болуп турат. Күнү бүгүн Тубуттан биздин элчилер кайтып келди. Тубутка караганда мына биздин чоң Кытай менен алакабыз алда канча дурус экен деп келишти. Эрен Улук баштаган элчилер менен эртең шашпай пикирлеше турган болдум. Айтор, биз, кыргыз улусу, жаанын саадагындай бир жеңге биригип, күч топтой алабызбы, чоң журт болуп чогула алабызбы – менин тилегим мына ушунда… Биз байыртан түп тутуп келаткан, намысты колдон чыгарбай келген эски калкпыз, касиеттүү боз бөрүнүн тукуму аталган түптүү журтпуз, ушуну эстен чыгарбайлы.

Ушу менен кыргыздын эң эски урууларынын бектери улуу кагандын кебине муюп, ой-пикирин угуп, элине аттанышты.

…Кечки ымыртта, очокко отту алоолото жактырып коюп, улуу каган кайра эле өз ойлору менен алек. Элчилер Тибеттен аман-эсен келип, тышкы дүйнө менен карым-катнашты бекемдеп келатканы менен Барсбек кагандын жүрөгүн эзген бир топ ички маселелер бар эле. “Кыргыз кыргыз болгону жер-сууну алдырбаш үчүн, башка бирөөгө күнкор болбош үчүн кырылышып эле келатабыз, – санаа жүгүрттү каган. – Жалаң Култегиндин түмөндөрү менен жыйырмага жакын жолу кагылыштык го. Түмөндөгөн аскери, жер жайнаган колу болсо да ал жеңе албады кыргызды. Дагы кармашса – дагы эле ошо болот. А бирок…

Барсбек каган ушу жерден эртерээк көзү өтүп кеткен бекзаада атасынын “Сырткы душманды көкүткөн – ички душман” деген акылман сөзүн эстеди. Бул кептин акыйкаттыгына нечен жолу ишенди го. Ушуну ар дайым көңүлдө туткан Барсбек ажо кээ-кээде өзүнө-өзү суроо салат: көк түрктөрдү көптөн бери бизге көкүткөн ким? Ичибизден эмеспи алар? Өзөктөн чыккан өрт болуп жүрбөсүн? Өзүнө өзү суроо салганы менен ага жооп табыш андан бетер кыйын иш эле. Себеби сырткы душман кылычын кынынан сууруп, найзасын сундуруп, бет алдыңан чыгат. Ал эми ички душманчы? Аны кантип ажырата таанып, бирден сууруп чыгасың? Кеп мына ушунда го…

Түпсүз ойлордон алаксыйын дедиби, каган жан жигити Бекчоро нойонду чакырып:

– Баягы Аккуш Эгинчи кайда экен? Чакыртчы мага, – деди. Аккуш Эгинчи – коңурат уруусунан чыккан атактуу сөзмөр, оозун ачса жүрөгү көрүнгөн чечен, ошону менен бирге көмөкөйүнөн көөрү төгүлгөн, жаагы жок ырчы. Кагандын чакыртканы аны ырдатып-чоорлотуп, көңүл жубатуу үчүн эмес, андан сурай турган бир катар маанилүү кеп-сөздөр бар эле…

Көп өтпөй адатынча кабак-кашы жарык, жарашыктуу серпилген сакал-муруту субагай жүзүнө куп ылайык, көз карашы сүйкүмдүү, арык чырай Аккуш Эгинчи босогону аттады. Кандай гана жортуул болбосун жанында ала жүргөн Аккуш кашка аты бар нойонду Барсбек каган ар качан ак жолтой деп санап, жакшы көрчү, бош боло калганда же кеңеше турган маселе чыкканда жанына отургузуп алып, кеп-сөзүн тыңшачу. Канча батман эгин-тегини бар экенин, элдеги дыйканчылыктын кем-карчын сурачу. Анын сөзүн Барсбек ар дайым дитин коюп укчу. Ал эми Аккуштун ташка тамга баскандай таамай сөздөрү, ырлары, ал билген ата сөздөрү Керүлендин агымындай учсуз чубалып, эч бир бүтпөйт эмеспи. Бүгүнкү акшамда да улуу каган Аккушту жанына алып, өткөн-кеткен тууралуу, бүгүнкү заман, эртеңки турмуш тууралуу ой-пикирин тыңшаганга, кыштын узун түнүн бир аз кыскартканга көңүлү тартып турду…

Аккуш кепти дароо эле акыркы жаңылыктан – Тубуттан элчилердин аман-эсен келгенинен баштады:

– Эрен Улук кайра келген турбайбы? Айта тургандары, уккан-көргөндөрү көп чыгаар?

– Бүгүн аларды эс алганга жибердим, арып, чарчап, кирпигинен тартсаң жыгылчудай араң турушат. Эртең келгиле дедим. Өзүң кандай, Эгинчим? Көк түрктөрдүн кашкасы Жолдук тегин ар түрдүү жомок-баяндарды ойлоп чыгарып, жаздан баштап таш бетине кат чектирем дегенин угуп атам. Кабарың барбы? – сурады Барсбек каган.

– Кабарым бар. Кытайдан бадизчи алдырып, Орхон менен Алтайга, Кемкежиттин бойлоруна балбал таштарды койдурам деген ниети бар деп укканыма көп болду. Теңирим жалгаса, биз да чектиребиз, каганым. Бирок менин тынчымы алган башка нерсе го…

– Не болду? Кеп кыла отур. – Барсбек каган Эгинчиге жакыныраак отур дегендей ишаарат этти.

– Каганым, кийинки күндөрү ар нерседен тынчым кете турган болуп алдым. Оюм бир жерге токтобойт, санаам тынчыбайт. Уйку жок. Баарынан да түшүм бузулду… Качан болсо жүнү көмүрдөй капкара, көздөрү кан иччүдөй кыпкызыл ач карышкыр артыман кубалайт да турат. Же алдыман тороп бир кадам бастырбай ыркырайт. Же тиш салмакка мага атырылат. Түн жарымында кара терге түшүп ойгоном. Ойгонуп алып, о теңири, түш турбайбы, эл-журт аман, бала-бакырам кашымда экен го деп, жакамды кармайм. Үй ичин ысырыктатам. Айлам кетип, айылдын этегиндеги дарымчы кемпир Соного да бардым. Дарымдаттым, алас-алас кылдырдым. От да аттадым. Айтор, баарын жасадым, бирок жардам болбоду. Жүрөгүм эч бир ордунда эмес эмнегедир…

– Көп болдубу?..

– Ушу Сунганын жээгине конуш алгандан бери. Эмнегедир көңүл кушум эч бир түшпөдү ушул жерге. Кереметтүү Кемкежиттин, же болбосо Орхондун жээги кандай сонун эле кыштоого…

– Мастан кемпирге барып түш жорутуп, сен да мукураган экенсиң, Эгинчим. – Барсбек каган мурутунан жылмайды.

– Кемпирдин жоруганы курусун. Түшүмдү айтып берсем, жамбашына бычак жегендей так секирип, түйдөктөй болгон куу чачын жулмалап, жиндиге окшоп кыйкырып, өкүрдү. “Кеткиле, кеткиле ушул каргыш тийген Сунгадан! Мен какбаштан башкаңар тез журт которгула! Ажоңо барып айт, этегине жыгыл, буркурап боздо” дейт.

– Сен мага ошону айтайын деп келдиңби?

– Ооба, сиз чакыртканда мен өзүм да бул жакка аттанайын деп аткан болчумун. – Аккуш кашка чын эле тынчы кетип, ою бир жерге токтобой турганын ажо эми байкады. Бая эшиктен киргенде көңүлү ток, жайдарыдай көрүндү эле…

– Эми мастан кемпир айтты деп, кыш ортосунда кайда көчмөк элек. Демиңди бас. Бүгүн эле биздин уруу башчылары, Куланчур баатыр, бир нече дархандар келип кетишти. Коогалаңга түшө турган эч бир себеп жок, Эгинчим. – Коңур үндүү, жүзүнөн ишеним менен кайрат төгүлгөн Барсбек каган Аккуш Эгинчини далыга таптап, көңүлүн жайкады. – Андан көрө оң капталыңан жатып, түшүңдү оңдо. Сен ушул сөзүңдү эл арасында улам-улам айта берсең бекер кыргызды коогалаңга саласың. Сенин сөзүң оору кишиге шыпаа, душманга чабылган кылыч, жаанын чыркыраган жебеси экенин унутпа, баатыр.

– Чынын айтсам, кийинки күндөрү жүрөгүм түпөйүл. Култегиндин колу көптөн бери Көгмендин кырына чыгып, жол таптап из салып, бирок белден бери ашпай, козголуп атат деген имиш уктум, ажом. Эки күндүн биринде көк бөрү, кыйкырык чуу дейт. Биз болсо аттардын баарын акырга байлап, же суутпай, же көкбөрүгө чаппай, тумсак кыла турган болдук. Бу Сунга деген жериңиз төрт тарабы туюк, өйдө бассаң чер токой, ылдый жөнөсөң көк жалама муз, андан ары кетсең төрт кез бийик зоо, шаркыратма экен. Капталдай бассаң Саяндын кыркалаган тоо-токою. Сиздин ак көңүлдүгүңүздөн пайдаланып, кокус бирдеме болсо баш бурууга мүмкүн эмес туюкка апкелип коюшкандай сезилип атат мага, каганым. Кайда барба кымыздан арак тартып дуулдаган кыргыз. Дурусураак кыймылдаган эле ушу биздин темирчилер, жарак жасаган усталар.

– Аккушум, башка кейисе да сен кейип-кепчибе. Теңирим колдой келген бизди, дагы колдойт. Ишибиз ак, Капаган каган менен Култегиндин бизден доолай турган аласасы же кун төккүлө деп кыстай турган себеби жок. Кыргыздын байрагы, эн тамгасы өзүнчө, алардыкы өзүнчө. Элчилери, ортомчулары келсе, жок, силер менен тууган эмеспиз, жатпыз силерге, кайнаса каныбыз кошулбайт деп итке талатпадык, эч кимисин четке какпадык. Биринчи барып кол салбадык. Бирок бизге ким кол көтөрсө, ар дайым катыгын колуна берип келатабыз. Билээрсиң, Кытай менен жакшы алакабызды жактырбагандар, кайра аны бизге тукургусу келгендер чеке-белибизде жок эмес. Душмандык кылам дегенге кыргыздын кылычы ар дайым кынынан суурулуу. А менин ата-бабадан калган сыр найзам тетигине, керегеге жөлөнүү, ач албарсым кынында. Кулансары аргымагым качан болсо сууту бышык, акырда аса байлануу. Кыргыз үчүн өлсөм жанымда кылычым, колумда найзам менен, ат үстүндө өлсөм деген жигиттик ниетим бар…

Аккуш Эгинчи Барсбек кагандын сөзүн уккандан кийин бир аз көңүлү жайланды окшойт. Дагы бир топко аркы-беркини кобурашып отуруп, башка айта турган кеби калбагандыктан Барсбек менен коштошуп, караңгыга калбай үйүнө кеткенге кам урду.

Аккуш кашка кеткен соң ажо кийинки убакта тез-тез уйкусун бузган бүдөмүк ойлор, туюк санаалар, шек саноолор менде эле эмес, башкаларда да бар экен го деп ичинен таң калды. Бүгүн эле келип, учурашып кеткен үч чоң уруунун бектери да ушул кооптонууну айтып кетишти… Демек, Аккуш Эгинчинин сөздөрү бекеринен чыккан нерсе эмес экен го деди каган ичинен.

Түн ортосуна ооп бараткан кезде Барсбек каган жалаң гана эл менен жолугуу үчүн атайлап тигилген чоң өргөөдөн чыгып, келинчегинин, Элтериш кагандын кызы Түрге-хатундун өргөсүн көздөй басты. Эртеден бери эшик тындырбай кирип-чыккан элдин кеп-сөздөрү каганды кадимкидей чарчатып, дене-боюн талыкшытып койгон эле. Айрыкча Аккуштун кеби Барсбектин оюн бир топ уйгу-туйгу кылып, ансыз да түпөйүл кылып жүргөн санааларын ого бетер шамал үйлөгөн тозоңдой бурганактатып таштагансыды…

Басып баратып, демейде боз үйдүн тегерегинде уктабай ары-бери баскан күзөтчү жигиттердин бири да көрүнбөгөнүн байкап, булар кайда кеткен деп таң калып койду каган. Суукка чыдай албай, отко жылыналы үйгө кирип кетишкен го деп ойлоп койду ичинен. Кароолчулардын боз үйүнөн өтүп баратып сынамакка катуу-катуу жөтөлүп койду ажо. Үй ичиндеги кобур-күбүр дароо тынчый түштү. Отко жылынгандар жалаң гана күзөттөгү жигиттер эмес экенин кыткылыктаганы тып басылган үндөн эле билинип калды. Аңгыча Бекчоро баштаган үчөө тапырап сыртка атып чыга калганы. Эки бети отко кактагандай мантайган, шашкандан эмне дээрин билбей алдастаган жээрде мурут Бекчорону көрүп аз жерден бырс күлүп жибере жаздады ажо. Ак көңүлдүгү атка бергис, шашмалыгы издесе тапкыс деп Аккуш Эгинчи эбак эле баа берип койгон буга. Баатырлыгычы…

– Ажом… кайда баратасыз… мен… биз… отко жылыналы деп… – Күлкүсүн эптеп тыйган ажо басыгын бир аз жайлата, бирок олуттуу үн менен:

– Кайда баратат деп ойлодуң эле?.. – Суроого суроо узатты каган. – Катуу үшүгөнсүң го кебетеңе караганда…

– Ошо отко жылыналы деп…

– Ийе, жакшылап жылын. Ысык отко кактанам деп атып, бир жериңди куйкалап алба! – Ак көңүл, мүнөзү шар, бирок азил сөздү көп түшүнө бербеген Бекчоро ажонун тамаша аралаш сөзүн жакшы түшүнбөдү окшойт, кайра калдалактап:

– Жоок, куйкалабай калайын, ажом… Сиз… Атты тартайымбы? – Бекчоро такыр эле калдаңдап калды. Тоодой болгон балбан жигитке же шашмалык жарашсачы…

– Эмне, түн ортосунда атка минип мышыктын тоюна барат белем, баатыр? Же… белгилеп койгон жериң барбы? Кеттик андай болсо!..

Бекчоронун жанындагы жигиттер күлкүсүн тыя албай, бырс күлүп, акыры азил сөз кыраан каткы күлкүгө айланып кетти. Барсбек ажо айласыздан кошо күлдү. Ошондо да тамаша сөзгө анча табити жок Бекчоро баатыр элдин эң артында жылмайды.

“Бу балакет баскан Бекчорону эмне кылыш керек… Деги ушунун кыздарга сөз таап сүйлөшүп, бирөөнүн көңүлүн табаарына ишенбейм. Жортуулга чыкса мындан өткөн шер жок, бирок кыздарга калганда эле мурду тердеп, кеп айталбай какалып калчу эле… Олдоксонун кантесиң анан. Ортомчу салып жүргөн кызына тез үйлөнтпөсө башы айланып, таптакыр колдон чыга турган болуп калды окшойт”. Кошо басалы дегенсип артынан ээрчиген жигиттерге кала бергиле деп кол жаңсап, Барсбек андан ары басты.

Апапак кардын кылаасында кыркалекей тарткан катар-катар боз үйлөр караңгыда бүдөмүктөнө көзгө тартылып, иттердин гана андан-мындан тынбай абалаганы болбосо, ордонун тегереги коюу тынчтыкка сөнүп, айлана-тегерек уюган караңгылыктын кучагына көөшүп бараткандай эле… Аяздуу түндө жылдыздар ого бетер ачык жымыңдап, асман бетин бербейт. Тоонун карагайлуу кырына тийип-тийбей каалгыган кетик айды карап, ии, ай корголоп батып калган экен го деп койду ичинен Барсбек каган.

Эми эртең Тибеттен аман-эсен келген элчилериме арнап кадимкидей шаан-шөкөт жасап, кара кой союп садага чаап, туу калган бээлерден, кысыр эмди тайлардан темирчи усталар каңдаган жез казандарга эт астырып, той жасап коелу деп уйку-соонун арасында ойлонуп баратып, Барсбек баатыр кызуу уйкуга кетти.

Эртеси таң эртеден хан өргөнүн тегерегиндеги кобур-күбүрдөн ойгонуп кеткен ажо ордунан шашпай туруп, сыртка чыкты. Кароолдогу жигиттер коруганына карабай, жылкынын кишенегени, тобурчак аттардын ооздук чайнап окуранганы, алыс-жакындан үн салган эл-журттун баскан-турганы баары бир кулакка жетпей койбойт эле. Анын үстүнө бүгүн Сунганын этегин конуштаган хан ордодо элчилердин аман-эсен келишине багышталган ата салты жасалмакчы, ажонун дасторкону жайылмакчы, ырчылар үнүн созуп, акындар жорго сөздүн жарышында жаагын жанмак. Мунун баарын уюштурган Куланчур кашка. Куланчурга кызыл кементай кийгизип, колуна найза карматып, жасоол кылып койсоң – мына ошондо көрүп ал анын жөн билгилигин, капилеттен сөз тапкан чечендигин, билгичтигин.

Айткандай эле хан ордодон обочорооктогу кенен тектирге катар-катар боз үйлөр тигилип, ар кайсы жерде кереге жайган, түндүк көтөргөн, уук сайган эл-журт. Баарынын маанайы жакшы. Азил-тамаша аралаш кыз-келиндердин шыңгыр күлкүсү жаңырып, ага түндүк көтөргөн эр-азаматтардын каткырыгы, аттардын кишенегени, кой-эчкилердин маараганы кошулуп, аркан бою көтөрүлүп калган күндүн нурунда кызыл жошого боёлгон кереге-ууктар, аларга аралаш катар-катар сайылып турган кызыл, көк, ал гана эмес ак суптан жасалган асабалар айлана-тегеректеги бака-шакага аралашып, көргөндүн көзүн кубантат. Ар кайсы жерге алты бакан селкинчектер тикеленип, хан ордонун тегерек четинде Куланчур өзү баш-көз болгон шаан-шөкөт иштери эбак кызып калган кези экен.

Барсбек ажо каз катар тигилген боз үйлөрдөн созолонуп чыккан түтүндөргө көз таштап, кыргыздардын эч нерседен бейкапар шаан-шөкөткө даярданып атканына ичинен топук келтирип, ушул тынчтык, ушул бейпилчилик үчүн канча күч корогонун, керек болсо нечен жолу кан суудай акканын ойлоп турду. “Качан болсо кыргызды тайып, берекесин аябаган Көкө Теңирге ыраазымын, ушул бейкутчулук, ушул бейкапарлык элиме буюрсун” деп ниет кылып турду кыргыздардын ажосу. Кечээ кечинде кыргыздын даркандарын кабыл алып, Тибеттен ат арытып келген Эрен Улук элчинин жүзүн көрүп, Аккуш Эгинчини жубанткан ак өргөдөн эрте мененки насиптен шам-шум эткен соң Барсбек каган жан жигити Бекчоро менен Куланчурду ээрчитип тектирдеги эмитен опур-топур болуп баштаган эл-журтту аралай басты. Куланчурдун айтканына караганда бүгүн казан-казан эт тартылат, көөкөрлөр толо бозолор ичилет, атайын тазаланган тегеректерде чокон атылат, ордо ойнолот, кымыздан тартылган арактар ичилет, атпай журтка аты чыккан акындар тилин безейт, ат чабыш менен көк бөрүдөн башкасы калктын назарын буруп, көңүлүн көтөрмөкчү.

“Мейли, ата-бабалар айткандай, согушмак бар, согуш артынан ат терисин кургатып, конушмак бар. Эл төрт ай сапардан аман-эсен келген элчилердин жүзүн көрүп, сүйүнүч этсин, көңүлүн көтөрсүн…” деп ой жүгүртүп турду Барсбек каган.

…Күн төбөгө келип, оюн-зоок эми кызыгына келгенде каган Эрен Улукту, Аккуш Эгинчини ээрчитип, хан өргөгө келди, себеби элчи мырза кечээ эле ээн отуруп, кеңеш сала турган кеп-сөз бар деген болчу.

Элчинин көргөн-билгендерин, түп Бээжин менен Тибеттин ич ара тартышын, алыстагы тили буруу калктардын Алтай менен Энесайды, Саяндын тоо кыркаларын жердеген түрк тилдүү журттар тууралуу пикирлери чынында да өтө кызык жана маанилүү эле. Элчи менен Аккуш Эгинчи болуп күүгүм талашка чейин баарлашкандагы негизги бүтүм ушул эле – кыргыз дөөлөтүнүн керегесин дагы тикелеп, каганаттын канатын дагы кенен жаймак лаазым. Милдет ушу, максат ушу.

Элчи менен Акккушту узаткан соң Куланчурдун той-тамаша тууралуу, бүгүнкү эл ичиндеги маанай тууралуу кебине кулак түрүп, коштошконго келген даркандарга да көңүл буруп, акыры Барсбек ажо Түргө зайыптын өргөсүн көздөй басты. Эртең аткарыла турган, чегере турган иштер көп эле. Өтө көп эле…

Тектирдеги ою-зоок көпкө барып анан сээлдеди, сыягы кечки суук элди үйгө карай сүрдү окшойт.

…Элчинин кызыктуу кептерин ойлонуп отуруп, кичинекей көзү илинип кеткен экен, каган күтүлбөгөн кыйкырык-чуудан чочуп ойгонду. Адегенде эмне болгон ызы-чуу экенине эч бир түшүнгөн жок. Май чырактын бүлбүл жарыгында эшиктен баш баккан Бекчоронун алаңдаган көзү баамына урунду.

– Ажом! Ажом! Култегиндин түмөндөрү бизди оромого алыптыр деп кабар келип атат! Аттаналы ажом! Кулансары аргымак токулуу, жоо-жарагыңыз белен!

Барсбек каган чабарман эмнеге түн ортосунда айгай салып кыйкырып, тополоң түшүп атканын адегенде анча жакшы түшүнгөн жок. “Култегин”, “түмөндөр”, “оромо” дегенде барып, иш чын эле жаман экенин туйду. Ыргып туруп, арыдан-бери кийинип, чогойносун күмүш кемерин белине курчанды. Найзасы, кылычы, башка кийген туулгасы күндүзү отурган өргөдө калганын эстеп, шашылыш ордо үйгө баш бакты. Ал жерде Куланчур баатыр, бүгүн эле алыс сапардан кайтып келген Эрен Улук баш болгон бир топ жоогерлер чогулуп калган эле. Кап, аттиң, элчи менен сөздү эртеңкиге калтырбай, бүгүн эле бүтүрсөм болмок экен деген өкүнүч кылт этти ажого. Эртең, эртең… Күнүгө эртең деп жүрүп өмүрүбүз өтөт экен го…

Жоо-жарагын шайланган ажо чогулуп турбагыла дегендей колун шилтей:

– Аттангыла!.. – деп кыйкырды. – Аттангыла! – Белинде кылычы, колунда найзасы бар Барсбек аргымагы Кулансарыга ыргып мингенин көргөн эрендер дароо байлануу турган аттарга шап минип, айыл аралай чапкан Барсбектин артынан чу дешти. Айлана-тегерек тез эле ызы-чуу түшүп, “Аттангыла!”, “Жоо келди!”, “Тургула!” деген кыйкырыктар туш-туштан угулуп, заматта атчаны атчан, жөөсү жөө ары-бери чуркаган эл тегерекке толуп кетти.

Күндүзү эмес, түн жамынып кол салган жоону илгертен эч ким сыйлачу эмес көчмөндөр арасында. Түндөсү басмак – өз күчүнө өзү ишенбестик, уурулук деп кабыл алынчу. Канча кармашта жүрүп, канча салгылашта кырылышса да Барсбек каган беттеген жоосуна түн жамынып эч качан кол салчу эмес. Сунганын токойлуу өрөөнүн жээктей конуп, быйылкы кышты ушул жерден өткөрөлү дегенде макул эткенинин бир себеби да ушул эле: душман түн жамынып басат деп эч качан ойлобогон. Анын үстүнө качан болсо тууган элбиз, тамырыбыз бир, тегибиз окшош деген Култегиндин түмөндөрү минтип кыш ортосунда, ай караңгы түндө капыл-тапылдан кол салаарын ким билиптир. Баарынан да жанды кашайтканы – караңгыдагы уу-чууда кимиси кыргыз да, кимиси көк түрк экенин билип болбойт эле.

Барсбек эч качан мынчалык жаалы келип, мынчалык кан ичмеси кармаган эмес.

– Култегин!.. Тапкыла Култегинди! – Ажонун айкырыгы үрөй учургандай каардуу чыкты. – Култегин, чык бери, кел ортого эр болсоң! Баатыр болсоң кел ортого! Ха-аа!.. – Тоодой болгон Кулансары ажонун үнүн укканда андан бетер оолугуп, караңгыда бирин-бири жөөлөгөн топту омуроосу менен, күү менен сокту…

Барсбек азыр караңгыда уурулукча кол салгандардын кимиси болсо да боорун жара сайып, канын суудай төккүсү келип турду. А бирок ай караңгы түндө эч ким сөз укпай, тааныбай, бири-бирин аттан кулатып, жоосу ким да, досу ким экени белгисиз болуп, заматтын ичинде дүйнө астын-үстүн алакайыр болуп, бүт баары аралашты да калды…

Кулансары темингенде эле ордунан атырылды. Маңдай туштан бери карай айкырып келаткан атчандардын эки-үчөөн Барсбек атырылган аргымактын омуроосу менен ким болсо ошо болсун дегендей көмө коюп өттү. Дагы бирин дароо эле аттан ыргыта сайды. Кылычын кындан суурду. Кармаштын кызыгына эми кирип келаткан кезде “Кыргыз! Кыргыз!” деп айгайлаган, артынан куйрук улаш айкырык салып келаткан Бекчоро баатыр экенин билди. Ал деле ушул Барсбекке окшоп улам туш келгендин башын кесип, ким болсо да канын иче тургандай жаалы келип турганын туйду ажо. Айткандай эле капталдан ажого кол салчудай качырып келаткан бирөөнү найзасы менен жыга сайды Бекчоро. Аңгыча туура жактан ач кыйкырык салып, ажону көздөй уруп-салып келаткан найзачан жоогерлерди көргөндө Барсбек атайын ат тизгинин бура тартып, маңдай тушка жакындаганда колундагы ач албарсты кыйгачынан шилтеп алды… Аты менен кошо көмкөрөсүнөн жыгылган жоогердин башы кийген туулгасы менен кошо томолонуп барып карга аралашты.

– Култегин! Чык, Култегин, чык ортого, чык бетме-бет!.. – Эми Барсбекти токтотуу мүмкүн эмес эле. Кадимки кан ичмеси кармап, издегени бирөө… Көксөгөнү бирөө…

“А-аа!.. Жайла!.. Ме сага!” Кимди ким билсин, эки жактан бирин-бири сүрүп, бири-биринин канын суудай төккөн эл. Адам өмүрү бир шилтенген кылычтын мизинде, найзанын учунда кетип, чамгарактап түйүлгөн аттардын туягында жанчылган кан аралаш камыр болуп жуурулду…

Баш көргөндү көз көрбөгөн каран түн ушинтип келди кыргызга…

Аттиңай, кардын калыңдыгын айт да, түндүн караңгысын айт. Чын жоо болсо жоо катары бет алды келип, айкырып найза сунса болбойбу…

– Артты кара! Куугунтук!.. – Бул ач айкырык Бекчоронуку эле. Арт жактан келаткан аттардын опур-топурун ажо өзү деле сезген болчу. “Аа-аа!” деген кыйкырык чыгып, “Чап!”, “Ур!”, ”Жайла!” деген үндөр угулуп, арттагы күтүрөгөн кол жуп жакындаганда, Бекчоро оромого кабылып, куугунчулардын колуна накта түшкөнүн сезди Барсбек. “Бекчородон айрылдымбы?” деген ой жанын ого бетер кашайтып, маңдайына ким келсе аттан сулата берди Барсбек. Аңгыча болбой далысына кимдир бирөө найзаны күү менен ургандай болду. Дем алганы буулуп, далысы куруша түшкөнүнө караганда, найза эмес, жаанын огу тийгенин билди ажо. Ошондо барып, ушул караңгы түн анын өмүрүнун акыркы түнү экенин чала-була туюп, бул түн караңгы түн эмес, нака Каран түн болуп калабы деген ой сезиминин түпкүрүндө жылт этти… Капталына дагы бир найза күч менен келип урулганын билди. Ай далысы ысып, эки капталы чылпылдап, кийимдери нымдашканына караганда кан денесине жайыла берди көрүнөт.

Кулагынын дал түбүнөн жебелердин огу биринен сала бири ышкырат. Эки далысы менен эки капталы калбыр болуп кеткендей сезилди ажого. Бирок Барсбек кагандын колу тизгинди кое бере турган түрү жок…

Чаап баратып, тизгинди катуу тартты. Ошенткенде көк бөрүнүн туйгуну деген наамы бар Кулансары тык токтой калмай адаты бар эле. Ажо үзөңгүгө чирене калып, ооздукту тартканда аргымак чын эле арткы буту менен карга дыргаяктап барып, тик түйүлө калды. Барсбектин көксөгөнү – жок дегенде бир ирет куугунчулар менен бет келишсем, кокус бет келсе Култегиндин өзү менен бир ирет бетме-бет кылычташып, каалагандай жулкулдашып алсам деген ой эле. Жок, андай болбоду. Калканын бетке алып, кылычын шилтегенде жанынан күү менен капталдай өтүп кеткен куугунчунун жумшак этине курч кылычтын учу терең батып кеткенин бир билди.

Кулак түбүнөн ышкырган, туш-туштан жааган жебелер эми эки жак капталын калбыр кылып ийди сыяктанат. Барсбек бир, куугунтуктагандар, туш тараптан орогондор көп эле… Анын үстүнө каганды караламан топтон айрып тааныш өтө оңой болчу, себеби сары тору аргымак Кулансары караңгы түндө да агыш болуп бөлүнүп, көзгө бадырайып көрүнүп турчу.

Тапырап өтүп кеткен куугунчулар ат тизгинин тартканча Барсбек артты көздөй, ордо тарапты көздөй чу деди. Кулансары кудум көк бөрүдөгү өнөрүн көрсөтүп, турган жеринен артка чимирилип, чу дегенди укканда эле алдын карай атырылды. Конуш четиндеги жалбырттап аткан боз үйлөрдү ошондо көрдү… Ошондо ээрде шалактаган өлүк денелерди, минген ээси жок, каякка басаарын билбей кишинеген аргымактарды көзү чалды…

Колдон күчү тайып, кан көп кеткенден көзү караңгылап кеткенин сезип, бирок тизгинди бекем кармап, ээрге өбөктөп, алдыга атырылган Кулансарыны жайына койду. Көкбөрүнүн дулдулу Кулансары жолдон адашканын ошондо билди. Азыр ал көнгөн жолу менен ордону көздөй эмес, эмнегедир башка жакка бурулуп кетти. Кайда баратат Кулансары?… Көрсө, мынабул опур-топурду көк бөрүнүн опур-топуру деп сезген Кулансары алдыда салып-уруп бараткан чабендести жандап кетип бараткан тура… Алда айланайын жаныбар ай…

Тизгинди колдон чыгарбады ажо. Эч качан тизгинди – эки тизгин, бир чылбырды колдон чыгарып көргөн эмес эле Барсбек каган. Кулансарынын эле эмес, калдайган калың кыргыздын, кыргыз улусунун эки тизгин, бир чылбырын…

Астындагы аргымак эми кызыгандай алдыга түйүлдү… Таманы жаңы кызыгандан кийин ага камчы салыштын эч бир кереги жок. Дагы башына ой кылт этти: Кулансары жолдон адаштыбы?… Жок. Эч бир адашпады. Астында уруп-салып кетип бараткан караанды кууп жетмейинче токтобойт эми. Бул анын көк бөрүдө үйрөнгөн адаты. Анын оюнда астыңкы атты кууп жеткенде ажо көк бөрүнү тигиден жулуп алат, андан соң Кулансары болгон күчтү салып алдын көздөй безет… Бул өнөргө Кулансары нечен жолу көк бөрүгө чабылып жүрүп абдан үйрөнгөн эле… Аңгыча кууп бараткан чабендес ат-көлүгү менен карга көмөлөнүп, Кулансары анын үстүнөн төрт аягын тийгизбей алыс каргыды.

Барсбек ажо астындагы аргымагы такыр эле айылдан четтеп кеткенин, бет алдын көздөй безип баратканын билди. Кулансары артынан дүбүрөп кубалап келаткан куугунчулар улам азайып келатканын сезди окшойт, ансайын жетээр жерге жакындап калгандай өрөпкүп, топту жарып чыгып кетип бараткан сымал ооздугун кемире тиштеп, алдын карай салып-уруп кетип барат. Мунун баары анын көк бөрүдө үйрөнгөн адаты…

Аргымак эми эч кимге жеткирбештин аракетинде эле. Үстүндөгү чабендес чу дегенден кийин эч кимге жеткирбей безиш Кулансарынын башынан келаткан көнүмүшү. Айрыкча ач айкырык, куу сүрөөн арттан калбай кууп келатса…

Эти жаңы кызыган аргымакты ажо өз жайына койду. “Өлсөм ат жалында өлөм, көмүлсөм жоо-жарагым менен кошо жатам” деген тилегин эстеди Барсбек каган. Азыр Кулансарыны каякка бурсаң ошол жакка кете берет. Отко салсаң отко, сууга десең сууга…

Ажонун тизгин кармаган шадылуу колу эми Кулансарыны айыл четиндеги Сунга суунун жайы-кышы күркүрөп турчу шаркыратмасын, өрөөн этегиндеги тик зоону көздөй бурду… Тизгин кармаган акыркы аракети ооздугун кемире тиштеп, кайда бурсаң эч бир кетенчиктебеген Кулансарыны шаркыратманын төрт кез келген бийик жарын, муз менен кар басып турган кашатын, Сунганын күркүрөгөн иримин көздөй буруу сыяктанды.

Акыркы жолу ажо Кулансарыны эки кур теминди. Бараткан багытынан адашпасын деди.

Акыл-эси даана кезде жылт эткен сезим – Кулансары күч менен түйүлүп, бир жакты көздөй учуп бараткандай эле. Кайда?.. Мен ат менен кошо учуп баратамбы деген бүдөмүк ой кетти.

Ооба, улуу каган канатын кере кагып, тизгинди акыркы жолу бар күчү менен силкип, Сунганын жылдыздуу асманында, алга атырылган Кулансарынын үстүндө тике сунулган найзасы менен өлбөстүктү, түбөлүктүүлүктү көздөй сызып бараткан эле…

Бөлүшүңүз

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.