Нооруз майрамына карата күн төлгө

Нооруз майрамы жуманын кайсы күнүнө туура келгенине карап жылдын кандай болоору тууралуу 14-15-кылымда эле атайын түзүлгөн жылнаамада жазылган божомолдорго көз чаптырсак.

Дүйшөмбү
1. Нооруз дүйшөмбүдө келсе, ал күн Айга таандык. Бул жылы арзанчылык болбос, бирок жамгыр көп жаап, эгин көп болор. Жамгыр жыл башында жаайт. Падышачылыктын кудурети кетүүсү мүмкүн. Аймактарда табигый кырсыктар болот. Айрым иш билермандар оңоло түшөр. Күнжүт менен таруу мол, буудай аз болуусу күтүлөт. Зарыл жер-жемиштерге зарылчылык туулат. Жыл аягында кар эрте түшүп, бирок тез эле ээрип кетет. Базарчынын жолу тосулбай, алуучулар көп болот.

Шейшемби
2. Нооруз шейшембиде келсе, ал күн Марска таандык. Арзанчылык болбостур. Эгин мол болуусу күтүлөт, бирок кан төгүлүп, элден ырайымдуулук качар. Ажырашуу, түшүнбөстүктөр көп болот. Жаман тар пейил элди аралайт. Падышанын өмүрүнө коркунуч туулуусу мүмкүн. Бул жылы эрте айдалган эгин жакшы болуп, чакан жерлерге айдалган жашылчалар аз болуусу күтүлөт. Кар аз жаашы ыктымал. Жыл аягында көп сел болуп, адам баласы көп чыгымга учурашы мүмкүн, деген маалымат жазылган.

Шаршемби
3. Нооруз шаршембиде келсе, ал Меркурийге таандык. Ал жылы каатчылык болор. Ачкачылыктан кан төгүлүүсү ыктымал. Ушак-айың, көрө албастык көп болор, бирок тез эле өтүп кетер. Ал жылы жашылча көп болот деген ишеним бар. Жыл аяктаган сайын буудай, арпа кымбаттай баштоосу мүмкүн. Нокот менен таруудан береке болуусу күтүлөт.

Бейшемби
4. Нооруз бейшембиге дал келсе ал Юпитерге таандык. Бул жылы жер-жемиш мол болчудай. Ай, Күн тутулат. Оору көп болуп, бирок акыры жакшылык менен аяктоосу күтүлөт. Бул жылы мол кылып тамак-аш камдоо керек. Натыйжасын кийинки жылы көрөсүз.

Жума
5. Нооруз жумада келсе ал Венерага таандык. Падышанын абалы кыйындайт. Балдар тапан чыгып, эр азамат аталуусу күтүлөт. Жамгыр көп жаап, катуу суук болушу мүмкүн. Ал жылы арзанчылык болот, анткени, жер-жемиш, буудай, таруу көп болот. Эгин кеч бышып, өлүм-житим аз болор. Базарчынын жолу кыйын болуусу да толук мүмкүн.

Ишемби
6. Нооруз ишембиде келсе ал Сатурнга таандык. Ал жылы ушак сөз менен шек саноо көп болор. Жаз айларында шамал көп согуп, кан төгүлүүсү күтүлөт. Заалимдер, наадандар жана уурулар дөөлөт башына келиши ыктымал. Жер-жемиш көп болгону менен жыл аягында каатчылык каптаар, деп божомолдошкон.

Жекшемби
7. Нооруз жекшембиде келсе, ал Күнгө таандык, бул жылы арзанчылык болуп, токчулук болушу күтүлөт. Тоодогу аймактарда береке толоор, бирок жыл башында жакшы болуп, аягында баары кымбаттап кетер. Өлүм-житим болбостур деген маалымат берилген.

2011-жылда Нооруз майрамы дүйшөмбү күнүнө туура келет экен. Эгер божомолдорго ишенсек, анда эң биринчи эле табигый кырсыктардын алдын алууга туура келет. Эгин көп болгону менен зарыл жер-жемиштерге суроо-талап көп болоорун эске алганыбыз оң. Ошол эле учурда соодагерлердин иши жакшы жүрүшөт, деп соода тармагында иштегендерди кубанта кетсек болот.

Даярдаган Элима, «Тамчы», 03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.