Элдик педагогикага карай… арткабы?

И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим МУРАТОВ: «Бизди эл аралык донор уюмдар куткарбайт, кылымдар бою колдонуп келген таалим-тарбиялык салттар куткарат»

– Абдыкерим аке, Сиздин 604 беттен турган көлөмдүү «Кыргыз эл педагогикасы: табияты, таралышы жана тарыхы»деген китебиңиз чыгыптыр. Ошол кубанычыңыз куттуу болсун! Анан адегенде ошол китептин чыгышы, маани-маңызы тууралуу кеп баштап берсеңиз?
– Ырахмат, Мамат үкөм, өзүңдүн да эл ортону элүү жашка келишиңди уктум, ырыс-кешиктүү, уучуң узун, устукан алып, устукан сунган, устат атыккан, уруулуу журттун уңгулуу адамы даражасына дагы да көтөрүлүп жетүүңдү каалайм. Ал эми сөз башталган китепке келсек, бул – этнопедагогикалык эмгек. Ал эми этнопедагогика деген – элдик педагогика тууралуу илим. Элдик педагогиканы болсо Г.Н.Волков «улутту сактап калуунун педагогикасы» деп атаган.

Карасаңыз, азыр Ала-Тоо аймагыбызга туш тараптан ар кандай оң да, терс да таасирлердин агылып келип жатышы, ааламдашуу процессинин мурда болуп көрбөгөндөй тездеши бизди улуттук баалуулуктарга, артта калган дөөлөттөргө кайрылууга мажбур кылууда, ал эми мына ушундай кезде кыргыз улутун улут катары саясый партиялар, диний агымдар, эл аралык донор уюмдар куткарбайт, дагы да болсо куткаруучу күч – элдин кылымдар бою колдонуп келген таалим-тарбиялык салттары. Андыктан да аны азыр болочокто мугалим болуучу студенттерибизге, алар аркылуу окуучуларга, кыскасы, келечек муундарыбызга таратуубуз керек деген максатта педагогикалык адистик берүүчү окуу жайларында этнопедагогика деген сабак окутулат. Китеп ошол сабакка огожо болор деген ниетте жазылды. Азыр дүйнөлүк илимий педагогика менен балдарды туура тарбиялай албай калдык, демек, ал туңгуюкка кептелди, андыктан да биз артка – элдик педагогикага кайтпасак болбой турат.

– Бул Сиз айткан сабак жаңы эле окутулуп жатабы, же студенттерибиз мурдатан окуп келишкенби?
– Адегенде бул илимдин башатында турган киши тууралуу айтпасак болбостур. Ал чуваш аалымы Г.Н.Волков. Бул киши 1958-жылы «Чувашская народная педагогика» деген китебин чыгарган, мына ушул китептин чыгышы менен элдик педагогикага ар тараптуу түшүнүк берилип, илим катары изилденип, кийин да тармакты ырааттуу казып, ойлорун ондой китеп кылып жазып, акыры бул киши «советтик этнопедагогиканын атасы» деген урматтуу даражага татыктуу болгон, биздин да бир топ этнопедагогдорго устат катары көп эмгек сиңирди, 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги”, андан соң Кыргыз Республикасынын билим берүү эл аралык академиясынын академиги наамдарын алган. Бул киши «Манас» эпосун чуваш тилине которуу үчүн жергибизге келип, Ысык-Көлдө болуп 1979-жылы «Созвездия земли»деген тандалган педагогикалык публицистикалар жыйнагын чыгарган, ошондо кыргыз элинин, «Манастын» педагогикасы тууралуу мазмундуу ойлорун айтып, Чыңгыз Айтматовду «жазуучу-этнопедагог»деп баалаган. Ошол киши этнопедагогиканы биротоло илимий педагогиканын өз алдынча тармагы экендигин тастыктаган, «элдик педагогика» менен «этнопедагогиканын» аныктамасын берген, анын предметин, ыкмаларын, каражаттарын, формаларын тактап көрсөтүп, элдик идеал түшүнүгүн илимий негиздөө менен баланын тарбия алышында улуулардын жана өзүнүн чөйрөсү кандай роль аткарарын абдан кылдат тактаган. Биринчи жолу «этнопедагогика» деген термин 1972-жылы Г.Н.Волков тарабынан колдонулуп, ошол эле учурда бул илимди окутуу маселеси көтөрүлүп, Чебоксары, Москва жана Түндүк Кавказ педагогикалык жогорку окуу жайлары үчүн программалар түзүлүп, алгачкы жолу түздөн түз ушул илимдин аты берилген китеп ал кишинин авторлугунда жарык көргөн. Ал эми биздин окуу жайларыбыз бул сабакты окутууну кыйла кийин башташты жана азыр деле окуу жайларынын арасында бирдиктүү план, программа, окуу куралдары жакшы чыга элек. 90-жылдарда Акматали Алимбековдун программасы, эки чакан китепчеси жарыяланган, биз ошол башталышты андан ары улантып, профессор Айчүрөк Калдыбаева экөөбүз окуу программасын түзүп, чыгарып, эми буюрса минтип окуу китеби менен камсыздап отурабыз.

– Демек, Сиздин китеп кыргыз эл педагогикасы жөнүндө, башкача айтканда, накта улуттук таалим-тарбиялоонун маселелери тууралуу экен да?
– Албетте, ар бир элдин, улуттун тарбиялык салттарында окшоштуктар жана айырмачылыктар болот, ошолорду таап чыгуу улуттук этнопедагогдордун милдети. Мындай дегендин себеби, бир улуттун элдик тарбиялык маданиятын башка улуттагылар жакшы түшүнө бербеши, же терең аңдай албашы мүмкүн, мисалы, кыргыздардын тоого сыйынуу, аксакалдардан бата алуу, устукан тартуу деген тарбиялык салттары жапондор үчүн, же англичандар үчүн түшүнүксүз, а түгүл кыргыз келиндеринин кайын ата, кайын энелерин көргөндө жүгүнүп жибериши башкалар үчүн күлкү келтириши да ыктымал. Кыргыздар жаш муундарын уруу, уругуна, үй-бүлөсүнө сөз тийгизбөөгө чакырган. Мисалы, «бугуларга наалат келтирбе”, «жалпы саяктарга көө жабасың”, «Өмүрзак уулунун атын өчүрбө”, «саруунун туусун көтөрүп жүрсүн» деген сыяктуу алкоолор менен, баталар менен, же каргыштар менен адамдарды тарбиялап турган. Элдик педагогдордун сабактары өтө жөнөкөй, түшүнүктүү жана жугумдуу болгон. Мисалы, элден-журттан чыгаруу деген эмне деген катаал, таасирдүү тарбия экендигин биз жакшы билбей калган менен мындай тарбиялык иш аракеттерди көчмөндүк турмуштагы ар бир кыргыз ар бир мүнөттө көкүрөгүнө түйүп жашаган. Бирок ошол эле кезде андай салттардын максаты, тарбиялык функциясы окшош келет да, алар жалпы адамзаттык гуманисттик идеялар менен бапташып турат. Анан тарбиялык салттар да улам өзгөрүп кетиши ыктымал.

– Мисалы, кандай?
– Мисалы, Сиз экөөбүз бала чакта, мындан кырк-элүү жылдай мурда жерде нандын бир сындырымы же ушагы жатса ата-энелерибиз үйлөп-үйлөп туруп жеп койгула, убал болот дечү, же ошондой нан ылайга буланып жатса, алып туруп дарактын бир жерине кыстарып койчубуз, чымчыктар жеп кетет деп. Азыр болсо биздин ошол курактагы балдар нан сындырымын же жерде жаткан күкүмүн алып атса, көрүп калган жаш ата-энелер «ташта эле ташта, кыкый эле кыкый»деп айгай салат. Бир жылы биздин айылга Москвадан комиссиялар келип, булардын мектебинде эмгекке тарбиялоо кандай экенин текшерип кетебиз деп турса, айылга кой-эчкилер келип, бир токту үйүнө бурулбай өтүп баратыптыр, мал бөлгөнү турган ошол үйдүн эргенчи баласы жанагы токтуга жабышыптыр, экөө алышып атып, акыры бала койду шыйрактан кармап короосуна киргизип кетиптир. Мына эмгекке тарбиялоо дешип ыраазы болуптур комиссиялар.

– Сиз айткан этнопедагогика илими эмне үчүн кеч «ойгонду”, совет учурунда эле гүлдөп өссө болбойт беле?
– Чын эле космос илими, аскерий илимдер, техника өнүгүп жатканда элдик тарбиялык маданиятты изилдөө артта калды. Тоталитардык мамлекет бир гана улутту түзөбүз, калкты интернационализмге тар-биялайбыз деген бир жагы, экинчи жагы ар бир улут өзүнүн түпкү тегин аңтарып, улуттарынын уңгусуна түшүп кетсе, алар ичтен ойгонуп, СССРди да, социализмди да, улуу орус элин да унутуп калат, чынжырдан бошонуп чыгып кетет дешкен. Андыктан да бул тармакты изилдеген аалымдардын айласы алты болуп турган. Мисал айтсам, менин үч агайымдын тагдыры эле жетиштүү. Алардын бири Талип Ормонов өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында ошол кездеги дүйнөлүк даңкы бар «Семья и школа», «Советская педагогика» аттуу москвалык абройлуу журналдарга макалаларын жарыялап, «Манас» эпосунун негизинде байыркы кыргыздардын педагогикалык көз карашы боюнча 1972-жылы Казань шаарында кандидаттык диссертациясын жактаган, окумуштуунун ошол эмгектеринде кыргыз эли балдарды кантип жоокерчиликке, эли-жерин коргоого тарбиялагандыгы, калк тарбиясынын башкы багыты кайда бурулгандыгы «Манас» эпосунун негизинде сөзгө алынган. Бул эмгеги үчүн ал кишини Кыргызстанда алкоо эмес, айыптоо күтүп туруптур, бир нече жолу «тиешелүү жерлерге»сурак бере берип, акыры каза болуп тынды. Экинчи агайым Жолчубек Бешимов 1975-жылы Казань шаарында Кыргызстандын мектептеринин жогорку класстарында элдик салттарга таянып адептик тарбия берүү боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Бул киши дарс өтүп жатканда кыйналып турганы, илимий ишин коргой албай азап тартып жүргөнү өңүнөн билинип турчу, ал киши да жарытылуу күн көрбөй жарык дүйнө менен коштошуп кете берди. Үчүнчү окумуштуу, кудай өмүрүн узун кылсын Бекембай Апышов агай. Агай 1974-жылы кыргыз айыл мектептеринин мисалында элдик салттарды пайдалануу боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон, бирок андан кийин жүрөгү «өлүп калганбы» докторлугун улантпады, канча жолу кодуланып жүрдү, агайдын этнопедагог катары илимий мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай жүрдүк. Ушундай мен айткан Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун педагогика кафедрасында иштеген үч агайдын тагдыры ошол кездеги советтик этнопедагогдордун далайынын башына түшкөн жана бул азаптарды көрүп туруп бул тармакка жаш аспиранттар кызыкпады. Андыктан да элдик акындар, эл ичинен чыккан чечендер, куудулдар, нускалуу сөзүн айткан аксакалдар, кадырлуу байбичелер, дастан айтуучулар, жайчылар, сынчылар, саяпкерлер, саятчылар, мүнүшкөрлөр, табыптар, эмчи-домчулар ж.б. өнөрлүү адамдар калтырган элдик педагогика толук изилденбей, окутулбай келди. Андан көрө сансыз көп эмгектер пионердик, комсомолдук уюмдар, студенттик курулуш  отряддары, коммунисттик тарбиялоо, советтик мектептердин тарыхы боюнча жазылып, азыр эми алар сайда саны жок калды. Биз ошол бөксөлүктү толтурууга аракет кылып, элдин тарбиялоо салттарын, үрп-адаттарын, улуттук тилди, фольклорду, динди, эл оюндарын, ишенимдерин баалай алган жана ошолор аркылуу мекенчил, сөздүн оң маанисиндеги улутчул, намыскөй атуулду тарбиялоого салым кошсок деген ниетте болуу менен бул ишти колго алдык.

– Китебиңиз бир нече баптан, ар бир бап дагы бир нече тарамдардан турат экен?
– Биринчи бап тууралуу бир аз сөз кылдык, анда элдик педагогика, этнопедагогика тууралуу түшүнүктөр берилип, этнопедагогиканын тармактары, анын башка илимдер менен интеграцияланышы, кыргыз этнопедагогикасынын пайда болуу булактары, калыптанышы, өнүгүшү, азыркы абалы жана проблемалары тууралуу. Экинчи бап кыргыз эл педагогикасынын тарыхына арналып, элдик оозеки чыгармалардын таалим-тарбиялык жактары, Орхон-Эне-Сай, Талас таш жазууларындагы, Коркут ата, Кетбука, Токтогул, Асан кайгы, Баласагындык Жусуп, Махмуд Кашкарлык-Барсканий, Кулкожо Акмат Йассави сыяктуу руханий мурастарыбыздагы педагогикалык ойлор каралса, эл ырчыларында тарбиялоо идеясы аябай кеңири болгондуктан мисал катары Арстанбек Буйлаш уулу менен Туяк Эрназар уулунун мисалында гана бул маселеге көз салдык. Эң кызыктуу көрүнүш – кыргыз эл педагогикасындагы ысык-көлдүк акелер феномени экен, аны көрсөттүк. Үчүнчү бап Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында элдик таалим-тарбия салттарынын чагылдырылышына арналды, бул проблемада жазуучу кыргыз салттарын абдан мыкты билерлиги жана аларды дүйнөлүк окурманга жарамдуу, жетерлик кылып айтып бергендиги талдоого алынды. Жа-зуучуну кезегинде кыргыз турмушун жакшы билбейт деп чыккандар терең жаңылышкандыгын көрсөттүк, анын чыгармаларындагы карышкырларга, атка, бугуга, ай-жылдыздарга, күнгө, буудайга, нанга ж.б. нерселерге мамиле кылуунун башаты элдик педагогикада экендигин мисалдар аркылуу далилденди.

– Көзү тирүү кезинде Сиздин ошол ойлоруңузду Чыкебиз өзү окуп турдубу?
– Сиздердин «Кыргыз Туусу» гезитине төрт санына жарыяланган «Ат этнопедагогикасы Айтматовдо» деген макалаларды, ушул эле  наамда чыккан китепти жана «Чыңгыз Айтматов – жазуучу-этнопедагог» деген монографияны алган, соңку монографиядан кийин да бирди сураткан экен, андан да берип жибергенмин. Албетте, ал киши өзүнүн чыгармачылыгы боюнча европалыктарга караганда жазгандарын кыргыздардын кандайча кабыл алып, изилдеп жаткандыгы кызыктырчу.

Маектешкен Мамат САБЫРОВ, «Кыргыз Туусу», 29.11.2011-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Элдик педагогикага карай… арткабы?

  • 09.04.2014 at 16:05
    Permalink

    Ийгилик каалайм, китептин нускаларын кайдан алсак болот?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.