Жоомарт Бөкөнбаев

(1910–1944)

Акын, драматург, котормочу Жоомарт Бөкөнбаев 1910-жылы 16-майда Токтогул районуна караштуу Мазар-Сай айылында туулган. 1726–1931-жж. Оштогу, андан соң Фрунзедеги педтехникумда, 1933–1935-жж. Москвада журналисттердин коммунисттик институтунда окуйт. Эмгек жолун 1931-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштап, 1935–1941-жж. «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, «Советтик адабият жана искусство» журналынын башкы редактору болуп иштеген. Ж.Бөкөнбаев 1941-жылы өз эрки менен Советтик Армиянын катарына кирип, «Родина үчүн алга» дивизиялык гезиттин редактору болуп калат. Ош кантондук гезитинде Ж.Бөкөнбаевдин «Жер алган кедейлерге» аттуу ыры 1927-жылы жарыяланат. 1933-жылы «Эмгек төлү» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. 1935-жылы жарык көргөн «Алтын кыз» поэмасы анын чыгармачылыгында зор роль ойноп, анын сюжети боюнча музыкалык драма түзүлгөн, ал «Семетей» пьесасынын жана Токтогул операсынын либреттосунун автору, «Айчүрөк» жана башка опералардын либреттолорунун авторлошу. «Алтын кыз» поэмасы 1936-жылы орус тилинде жарык көрүп, жыйынтыгында Ж.Бөкөнбаевдин башка чыгармалары да орусчага которулган. Ал көптөгөн обондуу ырлардын текстинин автору. Ш.Руставели, А.С.Пушкин, М.Ю.Лермонтовдун ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган. «Манас» эпосунун сюжети боюнча фильм тартууга даярдык көрүп жатканда, кызмат ишсапары учурунда Ж.Бөкөнбаев күтүүсүз каза болгон.

“Уикипедиядан” алынды

 

Жоомарт Бөкөнбаев жана ынын чыгармачылыгы тууралуу

Улуттук адабиятыбыздын өчпөс жылдызы

Сталинге Жоомарт Бөкөнбаев жөнөткөн телеграмма

Оо анда мындан башка элем, /Он сегиз гана жашта элем…

«Биринчи ырымды окопто жатып жазгам»

«Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт… Өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат»

Сырга Бөкөнбаева: “Атам кыргыздын Пушкини эле”
 

Ырлар

АЖАЛ МЕНЕН АР-НАМЫС

Карагай көккө тирелген
Калың чер токой арасы,
Карайып түтүн уюган
Кан жүргөн уруш талаасы…

Жамгырдай октор төгүлүп,
Замбирек кулак тундурат,
Мурунку кездей нур чачпай
Муңайып карап күн турат.

Булбулдар кончу кайыңдын
Бутагы окко тонолгон,
Шылдырап аккан тунук суу
Кызарып канга боелгон.

Араба менен ат кыйрап,
Тамыры менен бак кыйрап,
Кадимдеп балбан кара жер
Кайгырып, боздоп жатты ыйлап…

Алтын жаш чөктү көлүнө
Агылган суудай канынын,
Ай бети кара так болду
Алпештеп сүйгөн жарынын…

Ызы-чуу ушул кыргында
Ышкырып Ажал бийледи,
“Өмүрдө колдо өкчөгөн
Өзүмдөн күчтүү ким?» деди.

Жайкалып турган көк шибер
Жамгырсыз өчүп солгондой,
Кыйла жан кыйрап сулады
Кыямат кайым болгондой…

Айлана муңга майышып
Алсырап турду бул күнү,
Араны жүрүп ажалдын
Адамдын башын мүлжүдү…

Дөбөдөй болгон бир танка,
Гранат тийсе былк этпейт,
Мөндүрдөй жаап ок барса
Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт.

Окопту кардай жиреди
Акырын жылып алдыга,
Кыйратпай муну соо койсо
Кыргынды душман салды да…

Белине беш чоң гранат
Белсенип Жапар байлады,
Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады.

Сол колу менен бек кысып:
“Эмилбек эсен жүр” деди.
Алыска сапар кетчүдөй
Акыркы сөзүн сүйлөдү:

“Кайрылып эсен эл көрсөң
Карыга, жашка салам, де!
Кубарган чөлдө калк үчүн
Курмандык болду балаң” де.

–Бактынын балын бир соргон
Барына салам айта көр,
Жапаны тартып күйбөсүн
Жарыма салам айта көр!

Аркамда калды үч бала,
Атайлап барып көрүп кой,
“Байкуштан калган туяк” деп
Маңдайын сылап өөп кой.

Жан алгыч сындуу душмандан
Жалтанып кантип качайын,
Алпештеп шордуу энекем
Намыска тууса атайын,
Жашынып жатып өлгүчө
Жаздыгым ала жатайын…

Эмилбек ыйлап турган соң
Эчкирип көп сөз айтпады,
Ажылдап келген танканын
Алдына боюн таштады…

Зеңирдей калың чоюнга
Денеси барып урунду,
Жаңыртып көктү, жер термеп,
Жарылган үнү угулду…

Башчысы ушул танка экен
Башкалар качып бурулду,
Жалпыңа кыргыз ракмат,
Жараткан ушул уулду!..

Сагалап турган шум Ажал
Саргайып өңү тунарды,
Ар-Намыс сүрүп өкүмдү
Ааламга үнүн чыгарды:

–Желпинип, Ажал, мактанба
Жеңбейсиң асты буларды.
Бүлбүлдөп өчкөн жалындай
Бүрүшүп Ажал кубарды…

Чыңалган көп кол көрүндү
Чыгыштан сүйрөп замбирек,
Астында аты шамалдай,
Осетин учуп ал келет,
Кылычы күнгө чагылып,
Кыйкырган далай жан келет…

Сабалап акын келатты
Сакалы жерге таралып,
Жабыгып турду Эмилбек
Жаш эмес көздөн кан агып…

Осетин ыргып атынан:
“Ардагым Жапар кайда?”дейт,
Кансырап турган Эмилбек:
“Кайрылгыс сапар жайда” дейт.

«Кыямат кетти кылчайбай
Кыргыздын тоолук берени,
Талканы чыккан танканын
Таманын барып көрөлү…

Эмилбек сүйөп колтуктап
Эңкейип акын көрдү эле,
Эшилген турпак, кочкул кан
Эр Жапар шердин сөөгү эле.

Күйүткө батып кең дүйнө
Күн бети муңдуу түнөрдү…

“Көксөгөн жанды кубантып
Көрөм деп келсем силерди,
Уясы калып, өзү жок
Учурдук Жапар беренди”.

Мурутун булкуп карт акын
Буркурап ыйлап жиберди…

 

ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Байыркы бир заманда эл бар экен
Өзүнчө эркин, ээн жашап турган,
Багында булбул сайрап, гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.

Ар жылы күчтүү жоолор каптан кирип
Талоонго салат экен мүлкүн, малын,
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду
Олжолоп алып кетип сулууларын.

Кордугу душмандардын жанга батып
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду,
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.

Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп
Киришти эмгегине күн өткөрбөй,
Көтөрүп бай дубалын келген кезде
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй…

Калың журт кайгыланды, кансырады…
Катардап көтөрө албай бай дубалды,
“Себебин бул укмуштун ким табат” деп
Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.

Бири айтты: “Асыл таштан койгун” деди,
Бири айтты “Ак боз бээ сойгун” деди,
Асыл таш алтын менен консо дагы
Токтобой дубал көчүп кулай берди…

Тартышты капаланып калк убара,
Ойлонуп табалбады көп улама,
“Мен чечем бул түйүндү” деп сүйлөдү
Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.

Карыя токсон жашка келген экен,
Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен,
Акылы алмас менен болоттон курч,
Алыскы бир ажайып жерден экен.

Качанкы чечилбеген сырды угууга,
Калайык жабылышып кулак түрдү,
Сакалын оң кол менен сылап алып
Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:

–Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык, акылыма көнсөң,–деди,–
–Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,
Тирүүлөй бир кишини көмсөң,–деди.

Башка сөз айтканы жок басып кетти
Карыя кайырдашып колун булгап,
“Кандай” деп эки жолу сурабастан
Баштарын жерге салды эл тунжурап…

–“Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,
Бул дубал эр канына кумар экен”,–
Деп ырдап бир топ ырчы элди айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен…

Бирөө да “мен чыгам” деп сөз кылбастан
Мостоюп карап турду дудуктанып,
Обдулуп он үч жашар бир жетимче
Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:

–“Уктум да шашкан бойдон келдим”–деди,–
Мен даяр тезден гана көмгүн,–деди,–
Арманым дүйөдө эч калбайт го
Жарасам керегине элдин”–деди.

Жаш бала бай дубалга барып турду,
Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду,
Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы
Боздогон муң, кайгылуу үн угулду…

Бир караан шашып, чуркап келет экен,
Бул караан жаш баланын энеси экен,
Атадан жетим калган жалгыз уулун
Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.

–“…Кулунум кучактайын мында келчи,
Кууратпа карыганда апакеңди,
Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн” деп
Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди…

–«…Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,
Ырайым жетимиңе кылгын эне,
Жаныңдан артык көргөн тууган элдин
Жалгызың жарап кетти керегине…

–Уулуңдун убайын көрөм деп тиленип.
Ушундай ишке арнадың бакпадыңбы,
“Эркетай элиң үчүн курман бол” деп
“Эч качан унутпаймын айтканыңды”.

Энеси элге карап сөз баштады
Маанисин байкап туруп айткан кептин,
–“Ата журт кызматына жанды берип,
Айланам, ак-сүтүмдү актап кеттиң!..”

Жалбарды жалгызына, беттен өптү,
Аарчыды жашка толгон-эки көздү,
Колуна күрөк алып кайрат менен
Көмүүгө баласына кумду септи…

–«Энеке бул кылганың адамчылык
Жүрөгүң акак, Бермет таштан тунук,
Өтөбөй калайыктын бир кызматын
Жүрбөймүн жер бетинде-адамсынып…”

Коштошуп өбүшүштү эне, бала,
Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра,
Кум толуп алкымына келген кезде
Шып этип жетип келди да карыя.

–“Көмбөгүн бул баланы ачкын,–деди.–
Чеп курбай үй үйүңө кайткын,–деди,–
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок
Кордукка мындай балдар бербейт элди.

–Киришсе ким да болсо чеп тургузат,
Чеп–ылай, каптап кирсе душман бузат,
Балдарың баары ушундай өсүп турса
Багынтып бул жүрөктү ким коркутат?!.

–Черди жаз. Тепкин шапар. Кургун сайран
“Чеп жок”,–деп, кайгы тартып кам санаба,
Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек
Турганда мындай эне, мындай бала!..”

 

КЫРГЫЗДЫН АЛА – ТООСУ

Жайы-кышы кетпеген
Мөңгүсү бар Алатоо,
Асман менен тирешкен
Белгиси бар Алатоо.

Балдан ширин туп-тунук
Булагы бар Алатоо.
Тукабадай кулпунган
Тулаңы бар Алатоо.

Аскалардан ышкырган,
Улары бар Алатоо.
Ак пахтадай чубалган
Туманы бар Алатоо.

Ала барчын, курч текөөр
Бүркүтү бар Алатоо.
Таштан-ташка секирген
Түлкүсү бар Алатоо.

Арча, кайың, карагай
Четини бар Алатоо.
Асман тарап өстүргөн
Көкүлү бар Алатоо.

Алатоонун арасын
Айбандары жойлогон,
Аюу, жолборс, сүлөөсүн,
Аралашып ойногон.

Чымчыктары сайраган,
Маралдары маараган,
Эчки, теке топтошуп
Ээн тоону жайлаган
Эмиресиң көргөндө
Эң тамаша айланаң.

Кекилиги, чилдери,
Кызыл-тазыл гүлдөрү,
Көңүлүңдү көтөрөт.
Куштун салган үндөрү.

Жаркыраган күмүштөй
Кары сонун Алатоо.

 

ЖЫЛАН МЕНЕН БАКА

Ийнинде жаткан жылан сойлоп чыкты,
Ийрилип, көп толгонуп ойноп чыкты.
Топтошуп суу четинде чардап жаткан
Жутууга бир баканы ойлоп чыкты.

Аралап жашыл чөптү келе жатты,
Астыртан бака сууга кире качты.
Арбоого ал баканы амал менен,
Айлакер жылан дагы сөзүн айтты:

“Бака-бака балчак,
Башың неге жалпак?
Баатыр бака болсоң да,
Башкалардан жалтак.

Бутуң неге ийри,
Көзүң неге тосток?
Дос болобуз экөөбүз
Сыр алышып турсак.

Ийри буйру бутуңду,
Түз кылайын, оңдоюн,
Жутам десем досумду
Өмүрүмдө оңбоюн.

Тосток болгон көзүңдү,
Оң кылайын, эмдейин,
Жалпак башың оронот
Эң асылын селденин.

Көркүң чыгып жайдары
Сулуу бака болосуң.
Көрүнгөндөн жашынып,
Коркконуңду коесуң.

Келгин, бака, жаныма,
Бир берейин батамды,
Бардык күчтү жумшайын
Сактап жүргөн качанкы”.

Сыр чечип, айтканына көндү бака,
Жылмайып суу ичинен күлдү бака,
Жылуу сөз укканына сүйүнгөндөй
Жыланга тилек менен келди бака:

–“Тынбай казан көтөрүп
Башым жалпак болуптур,
Жайдак атка көп минип
Бутум ийри болуптур,
Кароолду көп карап
Көзүм тосток болуптур.

Ушул көздөн уялып
Суудан чыкпай жүрөмүн,
Ушул буттан уялып
Жерге баспай жүрөмүн.
Ушул баштан уялып
Элге батпай жүрөмүн.

Эгер бутту түзөтсөң,
Айтканыңа көнөйүн,
Башка селде чалынып
Бир көркүмө келейин,
Эгер көзүм оңдосоң,
Бүт дүйнөнү көрөйүн.

Көмөк көрсөт жакшылап,
Достугуңду билейин,
Жандан коркпос эр болуп,
Жайдары басып жүрөйүн.
Кулаалынын, күйкөнүн
Бир азабын берейин”.

Деп айтып бака сууда чардай берди,
Оп тартып аны жылан арбай берди.
“Ал эми батаңды бер” деген кезде,
Арбаңдап бака оозуна кирип келди.

Умтулуп сойлоп келип жылан жутту,
Баягы түзөйм деген ийри бутту.
Бакырып бака шордуу эстен танып,
Басылбай бир кыйлага ьйлап жатты.

“Дос элек, жутпа мени, калтыр” деди,
“Бузбагын досчулуктун салтын” деди,
Аңгыча алкымынан жутуп алып,
Акырын жылан ары сойлоп кетти…
1937-ж.

 

ЖАШТЫК КЕЗ

Жаштык кез–майтарылбас алмаз курал,
Жаштык кез–көз жетпеген бийик мунар.
Жадырап жер бетине гүл ачылса,
Жаркырап асмандагы күн кубанар.

Жаштык кез чабыттаган кыраандайсың,
Жаштык кез сайрап турган улардайсың.
Жайлоодон салкын соккон жел жапырган
Жайкалган жашыл шибер ырандайсың.

Камыкпай каарданып чексең сапар,
Калың эл жаштыгыңды мактап айтар.
Камы үчүн калайыктын тартынбасаң
Кайратың кара жерди солкулдатар.

Жаштык кез–жадыраган тийген нурча,
Жаштык кез–жайдарысың күлгөн кызча,
Жаралдың жаңы заман бактысына,
Жалтанбай жаштыгыңды элге жумша.
1937 ж.

 

КӨК МЕНЕН

Жаш жарын бозой тоскондой,
Жадырап аппак таң атты.
Шүүдүрүм баскан жаш гүлдөр
Жүгүнүп нурга карашты.
Көкөлөп ойноп жел менен
Көпөлөк учуп баратты.

Күзгүдөй тегиз талааны
Күүлдөп добуш каптады.
Жайкалган көпкөк шиберди
Жапырып шамал таштады.
Туруптур бир топ самолет
Туурда куштай таптагы.

Ыргыдым, миндим бирине
“Ылайык ушул” дегендей,
Ыраакы жолго жөнөдү,
Ызылдап жайкы көгөндөй.
Асмандан сызып бараттым,
Абалкы Чүрөк жеңемдей.

Көк асман даңгыр жолго окшойт,
Сур булут чыккан чаңга окшойт,
Үңкүргө дайра киргендей,
Уюлуп шамал жел боздойт…

Ийрилип аккан чоң өзөн
Ийнеде учук жипке окшойт,
Чытырман токой калың бак,
Чырымтал бетте түккө окшойт.

Көк тиреп турган катар тоо
Көшүлүп чөккөн нарга окшойт.
Суналган чөлдө чалкар көл
Сулууга бүткөн калга окшойт
1939-ж.

 

ЖАЙДЫН КЕЧИ

Манаттай асман кызарып
Магдырап барат айланам.
Чачырайт көбүк бетиме
Чамынып аккан дайрадан
Муңайым тартып угулат
Булбулдун үнү сайраган.

Жалбыздын жыты буруксуйт
Жаныңа жыпар чачкандай.
Торгойлор тынбай таңшышат
Токтогул күүсүн тарткандай.
Кыналат гүлгө көпөлөк
Кыз менен жигит жаткандай.

Үргүлөп тоолор баратат,
Уйкуга батып алсырап,
Карагай башын көрүүдөн
Карарган күүгүм жашырат
Токтой тур, курбум, токтой тур
Чолпон да чыгар чачырап!
1939-ж.

 

КОШ АЛА-ТОО УУЛУҢ КЕТТИ МАЙДАНГА

Дүйнөнүн жүзүн өрт алып
Кара жалын каптады,
Кыяндай жүрөт шаркырап
Кызыл кандын акканы,
Ушундай апаат күндөрдө
Уяттан уят эмеспи
Уулуңдун үйдө жатканы.

“Айланам коркок болбо” деп
Айтканын эстейм эненин.
Айчапчып суудай толкуган
Артымда калкым турганда
Айыгышкан жоону жеңемин.
Барктап багып өстүргөн
Балаңдын сына өнөрүн
Жеримдин бетин булгатпай
Желмогуз канын төгөмүн…

Кулжалар оттоп семирген
Кулпунган гүлү төрүмдүн,
Колоттун сууң шаркырап,
Комузу болгон көңүлдүн
Асмандап эркин ылаачын
Ардагы болгон көркүңдүн
Көркүңдү жерим сактоого
Куралды колдон таштабай,
Курманы болом элимдин.

Атылып тоодон секирген,
Булагың эстеп жүрөрмүн.
Таң менен шаңшып ышкырган,
Уларың эстеп жүрөрмүн,
Аскадан аркар көтөргөн,
Карааның эстеп жүрөрмүн.
Чымчыктар сайрап отурган,
Чынарың эстеп жүрөрмүн.

Суусунга балдай татыган,
Сууларың кетпес көңүлдөн.
Көйнөгүм чечип көпөлөк,
Кууганым кетпес көңүлдөн.
Туткалуу кыргыз ак калпак,
Тууганым кетпес көңүлдөн.

Эселек кезден торолтуп,
Эсиңде жүрдүм, мен дедиң.
Энекем сенсиң Ала-Тоо,
Эмчегиң соруп эмгемин.

Жашымдан көөнүм шат болуп,
Жалтанбай жүрүп көнгөмүн.
Өлүмдөн жаман эмеспи,
Өч албай кайра келгеним.
Байлоосу жакшы келишсе,
Байгеде ар ат чыга алат.
Элине бүлүк түшкөндө,
Эр жигит шондо сыналат.
Кедери элдин кетпейби,
Кек албай калса кубалап.
Кагылам журтум ишенгин,
Кара туткан балаңар,
Кармашкан жоосун жыга алат…

Аман кал, калкым, аман кал,
Айлыңда чардап жүргөмүн.
Аралап, терип чоңойгом,
Адырдын жашыл гүлдөрүн.

Сел алса кетпес эсимден,
Селкилер менен каткырып.
Селкинчек тепкен күндөрүм,
Байлыгы суудай ташыган.
Бактыга баткан жеримсиң,
Секетим болуп жаш жаным.
Сен үчүн каным төгүлсүн,
Балбылдап сары жылдыздай.
Майданда уулуң көрүнсүн,
Курман болсом мейличи
Курдаштар сүрчү өмүрдүн…

Жартыны бөлүп бир жешкен,
“Жан, каныбыз бир” дешкен.
Жарым менен коштошом,
Бактылаш курбу, замандаш.
Баарың менен коштошом,
Дүйнөдөн каргап жоготкун,
Душмандын жолун тоспосом.

Тепкедей чактан өстүргөн,
Тентектик кылсам кечирген.
Агалар аман калгыла,
Кыянат ишке баспаган.
Кылчайып жоодон качпаган,
Абалар аман калгыла.

Эрлерге сүтүн эмизген,
Энелер аман калгыла.
Эмгектен жүзү албырган
Жеңелер аман калгыла.
Эркеси болгон адамдын
Ээлери жыргал замандын
Мөмөлөр аман калгыла…

Сактоого кетип баратам
Садагам элим, жыргалым,
Салкындап сууң ичкемин,
Сарымсак терген жылганын,
Турумтай куштай талпынып,
Турмуштун көркүн ырдадым,
Угарсың элим шаңданып,
Уулуңдун жоону кырганын.

Айдаткан күлүк каламды
Алмаштым найза курчуна,
Кетемин кандуу сапарга
Керегим тийип журтума
Абалдан келген нарк ушул
Азамат шундай кылчу да.

Кыйындык келсе чыдоого
Кызматың үчүн жаралган
Элинин болуу курманы
Эр жигит парзы абалдан,
“Кайрылып жоодон качат” деп,
Камсанай көрбө балаңдан.

Көгөрүп жаткан Ысык-Көл,
Көркүсүң жердин билгенге
Жел менен ойноп турчу элең
Жээгинде бойлоп жүргөндө,
Толкунуңдай болоюн,
Толгонуп жоого киргенде.

Эрибей мөңгү жаркырап,
Эзелден жаткан жерде өстүм,
Санаасыз көңүл кубанып,
Сайрандап салкын желде өстүм,
Кордукту салып душманга,
Колумдан намыс бербесмин.

 

БҮРКҮТТҮН КАНАТЫ

Ак булут асманында ойноп турган,
Үп чыгып капчыгайда аккан суудан.
Жел жүрүп көңүлүңдү эркелеткен,
Жер ушул баатыр кыргыз мекен кылган.

Жашыл чөп–жарашыгы салкын жайдын,
Жайкалып, суу башына басып бардым.
Уюган ак мөңгүнүн этегинен,
Бүркүттүн бир канатын таап алдым.

Айланып учуп жүргөн эркин тоодо,
Эргиген эр берендин канаты го.
Асемдүү жаркыраган ачык күндө,
Акындын толкуй турган адаты го.

Ташыган дарыядай кыял чиркин,
Олтуруп ойго кеттим түркүн-түркүн.
Канатты оң колума кармап алып,
Кадимки Лермонтовчо сөзгө кирдим:

Сен канат, кайсы аскада туулгансың?
Кайсы тоо, кайсы адырды кыдыргансып?
Не себеп, эмнеликтен өзүң жалгыз,
Ажырап үйүрүңдөн жулунгансып?

Кыш күнү жемиңди издеп кыдырдыңбы?
Сермейм деп каардуу кырга урундуңбу?
Дүркүрөп бийик тоодон көчкү жүрсө,
Ошондо эпкинине жулундуңбу?

Болбосо карышкырды алдың беле?
Катуулап тырмагыңды салдың беле?
Чапчылап карышкырды жатканыңда
Илинип караганда калдың беле?

Кылкылдап тоо башынан батар күндө,
Чабытта кыраан бүркүт кезергенде,
Ачуулуу айбат менен илип алып,
Аркарды асмандатып көтөргөндө.

Канатты кайрат кылып сермегенде.
Кайрылып капчыгайды өрдөгөндө.
Туйлаган төрт туяктын бири тийип,
Калкылдап түштүң беле учуп жерге?

Айт, канат, айтып берчи, сырың кандай?
Жүрчү элең көкөлөнүп мурун кандай?
Канаты кулаалынын эмессиңго,
Шыбактан чычкан аңдып жулунгандай.

Кармалып турганыңча башка колдо,
Аралап ак булутту жүрсөң боло,
Карарган калың жаан, шамал менен
Качырып карышкырды кирсең боло!
1939-ж.

 

АЛА–ТООНУН АСКАСЫНАН АШАЛЫ

Ырас, курбум акын болдуң жашыңдан,
Ырас, курбум, акындыгың ашынган.
Бирок, курбум, ал талантың уялчаак
Алатоонун аскасына жашынган…
Көп ырдадык, көк шиберди мактадык,
Чалкыган көл чар тарабын каттадык.
Мезгил өтүп, өнөр бойго жетсе да,
Калың кенчтин капкактарын ачпадык.
Жортуп чыгып сар аскалуу белдерден,
Жайыт таап, Европаны баспадык…

Жер дүйнөгө атактары жайылган,
Ай, жылдыздай миң-миллион тайынган
Байрон, Пушкин, Лермонтовдон эмнең кем?
Бирок, курбум, чыгалбадың айылдан.

Көңүл суудай бирде киргин, бирде пас,
Өмүр чөптөй, өчүп барат кайран жаш.
Жалын кайрат, зардабы бар азамат
Күйпүл болуп бир колотко баралбас.
Кана, курбум,
Калам–тулпар биз минип,
Жар салалы
Европага шам кармап!
1933-ж.

 

ӨМҮР

Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп, жеңер белем өлүмдү!

Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу.
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.

 

Т… га

Ачылып турган кызыл гүл
Жел соксо көркүн чыгарат.
Толукшуп турган сүйгүн кыз
Жар болсо көөнү кубанат.

Аземдеп тилин сайраган,
Акыны менмин кыргыздын.
Алтындуу нуру балкыган
Чолпону сенсиң жылдыздын.

Акынга чолпон жакпайбы
Ардагы болуп турмуштун.
Бутакта турган булбулдун
Гүл болсо тили чыкпайбы?..

Буралып турган жаркын кыз
Булбулдун үнүн укпайбы?..
Асмандап учкан чүрөксүң,
Алдымда жаркын тилексиң.
Ай жарык укмуш күнгө окшоп,
Айласын тапчы жүрөктүн.

 

ЭМГЕК

Алтынды сансыз кылып тапкан эмгек,
Адамды адам кылып баккан эмгек.
Түрдөнтүп албан-албан жердин бетин,
Килемди, бачайыны жапкан эмгек.
Аткарып калети жок турмуш шертин,
Берметти безелентип таккан эмгек.

 

ПЕРИШТЕ

Түн жармында учту асманга периште,
Акырын гана таттуу ырын ырдады,
Ай-жылдыздар, топтолушкан булуттар
Касиеттин айткан ырын тыңдады.

Ал ырдады күнөөсүздүн жыргалын,
Сайран курган бейиштеги бактагы.
Түркүн-түркүн дүнүйөнү жараткан,
Амалы чоң бир кудайды мактады.

Кайгы менен муңга салып асманды,
Кучагына кысып жүрдү жаш жанды.
Созолонгон ырдын күүсүн уккандын
Үнсүз, сөзсүз жүрөгүнө так калды.

Далай жылы тирүүсүндө зарыккан,
Тилек тилеп көрүү үчүн курбалын.
Асмандагы таттуу күүнү угам деп
Жерип кеткен жердин кайгы ырларын.

 

Соц тармактар: