“Күз” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Жумадин Кадыров жана Марат Токоев кирген жюринин курамы “Күз” темасына арналган кезектеги бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады. Жалпы пикир боюнча биринчи орундун ээси деп Жылдызбек Турсунбаев таанылды. Бул анын катары менен экинчи жеңиши. “Аптап” сынагынын да жеңүүчүсү болгон. Экинчи орунда Зайырбек Ажыматов. Ал алгачкы бир ырдын сынагында да (“Көктөм” темасына арналган) экинчи орунду алган эле. Үчүнчү жеңүүчүбүз – Калича Жакыпова. Бул акын кызыбыздын биздеги биринчи  ийгилиги.

Сынакка катышкан калган акындардын арасынан Бакыт Жунусалиевдин ыры блогубуздун окурмандарынын эң көп жакшы пикирлерине арзыды. Ал блогдун атайы сыйлыгынын ээси болду. Эскерте кетсек, Бакыт биздин алгачкы сынагыбыздын жеңүүчүсү болот.

Сыйлыгыңар кут болсун!

Жалпы жонунан үчүнчү сынагыбызга он акындын он ыры катышты. Көбү сынактарыбызга үзбөй катышып келишет: Азамат Кыязов, Мелис Маматжан уулу, Айсалкын Сооронбаева. Аны үчүн биз блогубуздун атынан аларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жаңы кошулгандардын арасында дагы бир белгилүү кыргыз акыныбыз Болот Таштаналиев бар. Демек сынагыбыздын баркы акындарыбыздын, поэзия ышкыбооздорунун арасында өсүп бара жатат. Буга дагы бир жакшы күбө – ырларга жазылган пикирлердин (50) жана сурамжылоого катышкандардын (39) сандары. Буга кантип сүйүнбөйлү.

Бирок сынагыбыздын негизги максаты – мыктыларды таап, сыйлыктарды тапшыруу эмес. Эң негизги кыял-тилегибиз – сынакты уюштуруу аркылуу кыргыз поэзиясына кызыгууну жандандырууга, акындардын жана окурмандардын пикир алмашуусуна алыбыздын келишинче көмөктөшүү болчу.

Аракеттерибиз келечектеги чоң суунун бир тамчысы болот деген үмүттөбүз.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Күз” темасына арналган бир ырдын сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

  • 03.03.2015 at 18:31
    Permalink

    Кантип ыр жонотот, сынактар тууралуу кайдан кабардар болуп турабыз?

    Reply
    • 03.03.2015 at 22:39
      Permalink

      Кайсы бир адабий сынактар тууралуу маалымат болсо биз аны бул дарек боюнча жарыялап турабыз.

      Ал эми бир ырдын сынагы эчак аяктаган. Балким, жакында башкасын баштайттырбыз. 🙂

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.