Улуттук эгемендүүлүктүн Гомери

Байыркы гректердин тарыхындагы көптөгөн согуштардын бири Троя согушу болгон. Эгер аны Гомер даңазалап, өлбөс-өчпөс поэтикалык дастанга айландырбаганда, ал деле көп согуштардын бири катары небак унутулуп калмак. Афган согушу 30 жылдан бери токтобой жүрүп жатат. Бирок локалдуу көп согуштардын бириндей эле ал дагы тарыхта көп согуштардын бири катары унутулуп барат. Анткенинин бир себеби – эркиндик үчүн чексиз кан төгүп жаткан кайран элдин арманын дүйнөгө угузаар Гомери жок. Арийне, 1970-жылдардагы Афгандын апрель революциясынын лидери, биринчи президенти, Чыгышка белгилүү акын Нур Мухаммед Таракинин башын кесип кулаткан элден кантип Гомер чыксын.

Өткөн кылымдын аягында, советтик доордо “белгисиз республика” деп аталган Кыргызстан азыр бүт дүйнөгө аттын кашкасындай таанымал. Анткени эгемендүүлүктүн шартында, ар кандай коогалаңдуу окуяларга, турмуштук чексиз азап-тозокторго карабастан кыргыз эли өзүн байыркы тарыхы, маданияты, ойротто жок каада-салты, айрыкча меймандостугу бар эл катары гана көрсөтпөстөн, ар-намысы бийик, саясый жактан жетилген улут катары да көрсөтө алды. Албетте буга байланыштуу көп факторлор бар, аларды санап отурбайын. Алардын бири – эгемендүүлүктү алганга чейин да, алгандан кийинки мезгилде да кыргыз элинин Гомерлери үзүлгөн жок.

Тактап айтканда, биз сыймыктана турган эң сонун акындарыбыз, жазуучуларыбыз бар. Алардын ичинен Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы жөнүндө атайын бир-эки ооз сөз айтмакчымын. Албетте баарыдан мурда аны Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болушу менен куттуктайм. Мындан 20 жыл мурда биз улуттук өмүрүбүздүн жылдыздуу сааттарын, салтанаттуу бир учурларын башыбыздан кечиргенбиз – өз алдынча, көз карандысыз кыргыздын улуттук мамлекетине ээ болгонбуз. Бирок ушул эгемендүү жылдар трагедияга жык толгон кандуу ыңкылаптардын, улуттар аралык кагылышуулардын, кедейчиликтин жана жакырчылыктын жылдары болот деп эч кимибиздин үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Чынын айтыш керек, эгемендүүлүктүн так ушул трагедиялуу, көп азаптуу, тарыхый армандуу жактарын поэзиянын каражаттары менен чагылдырууда Шайлообекке тең келген акын болгон жок. Ал элибиздин оор тагдырын укмуштай эпикалык күч менен чагылдырып, өзүн жалындуу памфлетист катары көрсөттү. Айрыкча анын элдин кедейчилигине, ачарчылыгына, байкуштугуна арналган ырлары экзистенциялык кусалыкка жана капалыкка укмуштай сугарылып, сай-сөөгүңдү сыздатат. Арийне, ал өзү кенедейинен жетим өсүп, кедейлик менен ачкачылык кандай экенин өтө терең өздөштүргөн. Шайлообектин “Жүз кат” деген ыр түрмөктөрүн окуп отурсаң үрөйүң учат, жаныңдан түңүлөсүң.

Кыш катуу,
көң да жок, бир чымчым көмүр да жок.
Аяздан корккон өңдүү
Кечигип ушундайда
ажал да, өлүм да жок.
Өңүмдөн аздым жаман,
Өзүм тиккен теректерди
Кыюуга колум барбай
Короонун кашектерин жактым, балам…
Заманың кайыр сурап,
Турат тышта кешиги жок.
Медетиң мектебинен калды быйыл
бутунда өтүгү жок.

Демократияга, эгемендүү мамлекетибизге ээ болдук деп көкүрөк кере сүйүнгөн эл эмне үчүн тез эле мүшкүлдүү заманга кабылды, өнүгүү жагынан 50-60 жыл артка чегинди? Эмне үчүн 1% гана адамдар мүлккө, байлыкка ээ болуп, 99% эл кедейчиликке дуушар болду? Ушул жүрөк өйүткөн суроолор Шайлообектин ырларынын ар бир сабында угулуп турат. Бирок аларга берилүүчү жооптор азыр да жок. Балээнин баары бийлик менен менчиктин ашташып алганына байланышкан. Ашташкан бийлик улам барган сайын кудуреттүү күчкө айланып баратканы, ал мамлекеттик органдарды менчиктеп алганында, б.а. К.Маркс жазгандай “…анын ээлигинде мамлекет турганында… бул анын жеке менчиги экенинде”.

Азыркы бюрократиянын айрым бир эси жок, көпкөн бөлүгү байлыкты аябай чачып, жыргалчылык дооран сүрүүнү адатка айландырып алды. Кабат-кабат үйлөрдү, ресторандарды жана казинолорду, брондолгон иномарка автомобилдерди менчиктеп, бири-бирине атаандашып, мактаныч катары элге атайын көрсөтүп, кумарланып жашагандан тартынбайт. Албетте бул көрүнүш акынды кыжырдантат. Ашташкан бийлик барган сайын өз алдынча обочолонуп, өз турмушуна, өз мыйзамдарына, өз кызыкчылыктарына ылайык гана жашап жатканын күн сайын көрүп ынанып жатпайбызбы. Алардын оюна койсо өзү жашап жаткан коомдун да, президент менен өкмөттүн да төбөсүнө чыгып алат эле.

Булар мурдагы КПССтин учурундагыдай партиялык тартипке жана идеологияга баш ийбейт, керек болсо Кудайдан да коркпойт. Саясый бийликти байлык топтогонго пайдаланып, уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташуудан кайра тартышпайт. Баарыбыз көрдүк го, кечээ эле Бакиев, анын бир туугандары жана балдары башка жактан келген баскынчылар сыяктуу ишканаларды, банктарды , пансионаттарды ж.б. кыймылсыз мүлктөрдү кандайча зордук менен тартып алып жатканын. Акаевдин, айрыкча Бакиевдин учурунда бийлик ачыктан-ачык коммерциялашып, кызмат орундары сатылуучу товарга айланган. Коммерсанттардын жаңы муундары бийликти өзүнүн жеке бизнеси катары колдонуп, өзүнүн жеке байлыгын топтоого жумшачу. Азыркы келген бийлик ушул опурталдуу моменттерди эсине алып иштейби же жокпу, аны мезгил көрсөтөт.

Бекзаадалар гүлдөп шапар тебишет,
Бейитиңдин так үстүндө жеп-ичет.
Акыйкаттык өлгөн жерде дайыма,
Арзыматтар ырдаганга келишет.

***
Уулдарыңды карачы аяп койгон,
Урмат кылып бийикке таяп койгон.
Өтүктөрүн төргө илип бүгүн алар,
Өз элине өздөрү манап болгон.

Рынок заманы, уятсыз прагматизмдин идеологиясы жана практикасы эл массаларын эгоизмдин сазына батырып таштады. Бул процесс коомубузду мурда кулак угуп, көз көрбөгөн руханий жана моралдык кризиске такады. Азыр 20 жыл мурда көрүп жүргөн адамдардын көбүн тааныбайсың. Өзүмчүлдүк, дүнүйөкорлук жаштарды ата-энесин, жаңы төрөлгөн ымыркайын таштай качканга алып барып жатат. Наркомания, алкоголизм, сойкучулук көнүмүш көрүнүшкө айланган. Коомдун түркүгү, улутту кармап турган бирден-бир институт – үй-бүлө кыйроого учурап барат.

Албетте Шайлообек өз элин чексиз сүйөт, бирок анын алдында көшөкөрлөнүп жасакерленбестен кемчиликтерин эч тартынбай бетке айтат.

Ырысыбыз безип барат боздоп ары,
Ыйманыбыз кетип барат коштоп аны.
Этке мал тапшыргансып,
Тапшыра башташты азыр карыларын
Көлдө дагы,
Чүйдө дагы,
Ошто дагы…
Кыз-уланы улуусун барктачу эле,
Кыянаттык иштерге баспачу эле.
Кыйын кезде ишти да таштабаган,
Кыргыз качан карысын таштачу эле?!
Кыргыздар, токтоткула!
Энесин таштаганды,
Атасын таштаганды.

Акындын жүрөгүн айрыкча жаралаган маселе – улуттук биримдиктин жоктугу, улуттук ар-намыстын төмөндүгү. Чынында эле этникалык мааниде алганда түпкү (титулдук) кыргыз улуту – Кыргызстандын бүткүл элинин уюткусу, өзөгү. Мамлекеттин уюткусу, көрөңгөсү болбогон түпкү улуту жок өлкөнү көрдүңөр беле? Ушул маселеге келгенде эле биз жалтаңдап, кымырынып-кысынып калабыз. Ушундан уламдыр, биздин элде улуттук биримдик, улуттук ар-намыс өңдүү дөөлөттөр анчалык кадырланбайт. Тескерисинче, эл сай-сайга, уруу-урууга бөлүнүп, коомубуз уюбай турат, ирип турат. Ушуга байланыштуу Шайлообектин төмөнкү саптарына кайдыгер карай албайсың.

Бөртүп, бөртүп көз жашың агат, 
Кыргыз,
Бөксөлөрдө сөөк-саагың калат, Кыргыз.
Бөтөн колдон ажалды издебе сен,
Бөлүнгөндөн ажалын табат, Кыргыз!

Кандай курч, сөөгүңдөн өтүп чучугуңа жетчү куплеттер! Достоевскийдин бир персонажы “эгер Кудай жок болсо, мен кандайча штабс-капитанмын?” деп айткандай, “эгер кыргыз эли болбосо, мен киммин?”дегендер көп болсо улут бөлүнүп-жарылат беле? Түркияга барсаң “Түрк болуш – бакыт” деп бакыйтып жазып коюшкан. Англияда болсо “Британияныкынан мыкты товар дүйнөдө жок ” деп сыймыктанышат. Казактар “Менин Казакстаным” деп өпкөсү көөп сыймыктанышат. Кыскасы, Шайлообектин чыгармаларынан дайыма улуттук чыйралууга, ар-намысыбызга келели деген чакырык угулуп турат.

Акындын үнүн угалы, эл-журт!

Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер,
“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.01.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Улуттук эгемендүүлүктүн Гомери

  • 01.02.2012 at 23:26
    Permalink

    Чын эле Шайлообек ата кыргыздын сыймыктанаар акыны. Анын чыгармаларын суйуп окуйм. Аман болсун арабызда.

    Reply
  • Pingback: Шайлообек Дүйшеев — kmb3

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.