Ак Мөөр

Кыргыз киноискусствосунун тарыхында театр менен кино кынтыксыз айкалышып, өзгөчө бир эпикалык поэзия стилин жараткан бирден-бир жалгыз көркөм фильм. Алгачкы улуттук режиссерубуз, залкар устат Мелис Убукеев бул гениалдуу көркөм тасмасын зор эксперимент катары караган. Улуттук киноклассиканын үлгүсүнө айланган бул кайталангыс сыйкырдуу, сырдуу тасма ар бир муундагы кинокөрүүчүлөрдү өзүнө чексиз арбап келет.

Түнкүсүн тартылып, залкардын баары катышкан
Мелис Убукеев Ак Мөөрдү өзүнөн кем калбаган сынында тартуу үчүн издеп отуруп, Таттыбүбүнү ушул ролго чакырган. Фильмдин стилин да бир башкача , жалаң декорацияларды коюу менен калыпка салган. Тартуу мезгили да түнкү убакка белгиленип, жалаң гана декорациялардын фонунда жүргүзүлгөн. Театралдык эпика ыкмасына салып, поэтикалык көркөм фильм жараткан. Ага немец классиги, драматург, “эпикалык поэзиянын сахна чебери” Бертольд Брехтти абдан жакшы көргөндүгү өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Фильмге ошо кездеги залкар артисттердин бүтүндөй бир мууну катышкан. Кийин кинорежиссерлор тарабынан мындай фильм башка жаралган жок. Андыктан, кайталангыс бир жаралган мыкты эксперименттин үлгүсү катары тарыхта калды.

Ак Мөөрдүн кабары көзү барда эле кыйырды аралап, аңыз болуп айтылып, укмуштуудай уламышка айланыптыр. Кийинки доорлордо көп ырчылар обонго салып, аспапчылар күү чыгарган экен. Дастанчылар дастан айтып, эл оозунда бул салт заманга ылайык, жазмакерлерге да кезек берген. Эл акыны – Сүйүнбай Эралиев поэма арнап, Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков кара сөз жазган.

Фильмдин ички баяны
XIX кылымдын башында Кочкор, Жумгал, Нарын элдери Соң-Көл жайытын талашып, бат-бат жаңжалдашчу экен. Аны чечкени, Жантай хандын тобу Чоро айлына бет алат. Көлгө түшүп жаткан кыз-келиндерге чукулунан бет келип, алар жамырап качканда, бир гана кыз суу ичинде алыстап сүзүп, аккуудай мойну койкоюп, олоң чачтарын жамына тескери карап отуруп калат. Жантай хандын жигити Саза баатыр (фильмде Баяке) Жантайга кайрылып: “Баатыр, жолдуу экенсиз. Соң-Көлдүн аккуусу мында тура. Айылга мейманчылабай, жуучу түшө баралы” дейт. Саза-Баякенин буйругу менен бир жигити суу кечип жакын барып, аты-жөнүн, айлын сурап кайтат. Тарыхта Баяке – түштүктө Кара-Дарыянын жээгинде Кара-Сууда жашаган Нускай деген эр көкүрөк адамдын Аргымбай деген уулунан. Нускай жер-суу талашынан улам эр өлтүрүп качып, Жыламыштын оозундагы солтонун мыктысы Бошкойго келип туруп калган. Ал жерден небереси Күнтуу туулат, азыр Күнтуу айлы бар. Жантай Мөөрдү алганда Баяке он бирдеги бала экен, эр жеткенде өзү менен теңдеш Шабдандын жигити болгон, хан Жантайдын эмес.

Өзгөчө өзгөрүлгөн көркөм бейнелер
XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсандар замандын капшабы менен фильмде таанылгыс бейнелерге айланган. Элүү экидеги Жантайды өлөсөлүү чал кылуу- идеологияга, көркөм каражатка да бап келип калган. Жаш сулуунун арманы да бир топ бурмаланып, тап-такыр башка мааниге өтүүсү окуяны курчуткан. Болбосо, эл оозунан алгачкы жазып алынган архивдик материалдарда текст мындай эле: “Жээрденин оозу бош эми, Жээрдеден айдап мал бербей, Жээним Болот кош эми. Күлүктүн оозу бош эми, Күлүктөн айдап мал бербей, Күйөрүм Болот кош эми. Күңгөйдү бастың тайгылдың, Күлүктөн айдап мал бербей, Күйөрүм Болот менден айрылдың. Жекенди бастың тайгылдың, Жээрдеден айдап мал бербей, Жээним Болот менден айрылдың”. Фильмде Ак Мөөрдүн атасы итке минген томаяк болсо, турмушта Чоро тукумундагы Боркок деген мартабалуу адамдын уулу Адил бий болгон. Анын бөрүдөй жойлогон төрт уулунан кийин, кенжеси Мөөркан сулуу эле. Ал эми, Адил бийдин карындашы түштүктөгү карабагыштарга келин болуп, андан Болот төрөлгөн. Экөөнүн таеке-жээндиги ушул. Болот жүрөгүндө оту бар, курч жигит болгон, өз айлындагы жигиттер менен сабаша кетип, Көк-Артты ашып качып, Нарындагы таекесиникине келип туруп калат, анын жылкысына баш-көз болот. ­Фильмдеги Жантай ханды СССРдин эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар инсан Муратбек Рыскулов аткарган.

Ак Мөөрдөй болуп Таттыбүбү да эрте кетти
Ак Мөөрдүн сулуулугу апасын тарткандай. Атына заты жарашкан, түштүктүн чырактай сулуусу Маржанкүл апасы болгон экен. Адил бий мындай сулуунун үстүнө токол албаган көрүнөт. Буга чейин беш катын алган Жантай хан да Мөөрдөн кийин токол албаптыр. Ак Мөөр жыйырма жыл Жантай менен бирге өмүр сүрүп, төрт балалуу болуптур. Жантай хан өлгөндөн бир жылдан кийин, 1869-жылы Мөөр кайтыш болгон. Ошондо Мөөр күлгүндөй отуз беш жашта гана экен. Элдик арманга айланганы ошондондур?!.. Кабыры Кичи-Кеминде, Чүй дарыясынын жээгиндеги Жол-Булак айылына коюлуп, эли-журту фильм чыккандан кийин эстелигин орнотушкан. Кыргыздын чоң байлыгы болгон мындай даңазалуу сулуулар чанда. Кийинки кылымда, чырактай чырайы эле эмес, шамдай күйгөн таланты менен кыргыздын бир келген экинчи Ак Мөөрү-Таттыбүбү да андан бир аз ашып, отуз жети жашында кете бергени жамы журтту эмдигиче өкүндүрүп келет. Бир чети, эки Ак Мөөр тең эрте кеткени таң калтырат. Ал эми Болотту Болот Бейшеналиев ойногону да өзүнчө бир табышмак! Анткени, тарыхый Болоттун небереси болгон Муратбек Рыскуловдун өңү-түсү Болот Бейшеналиев менен окшошуп кетет. Эки Болотту окшоштурууга да негиз бар. Балким, Ак Мөөр Таттыбүбү болуп кайра бир жаралып, Болот да Болот Бейшеналиев болуп бир келип, экинчи жолу армандуу бойдон кетиштиби деген да ой келет.

Алтынай ТЕМИРОВА, “Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.