Бейшебай Усубалиевдин чыгармалары боюнча конференция өтөт

Белгилүү жазуучу жана филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиевдин «Түн» аттуу прозалар жыйнагынын бетачар аземи 15-ноябрь, саат 14:00дө М.Кашкари атындагы Чыгыш университетинде өтөрүн «24.kg» агенттигине проза чебери өзү маалымдады.

Адабий кечеде Бейшебай Усубалиевдин аталган китеби боюнча филология илимдеринин доктору, профессор Советбек Байгазиев жана КР Эл жазуучусу, КР Президентинин кеңешчиси Султан Раев «Түн» жыйнагынын тилдик жана көркөмдүк мазмуну боюнча өз баяндамаларын окушат. Ошондой эле филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Токтоналиев көркөм адабияттагы Бейшебай Усубалиевдин чыгармаларындагы тилдик өзгөчөлүк боюнча да өзүндө баяндама жасайт.

Эскертсек, Бейшебай Усубалиев – Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Түркүк», «Көз», «Түтүн» аттуу прозалык чыгармалардын автору. Анын адам психологиясына терең сүңгүгөн ар бир чыгармасы кыргыз окурмандарынын арасында терең кызыгууларды жаратып келген.

Олжобай ШАКИР, «24.kg» MA, 02.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.