Төрт ыр

Жыргалбек Касаболотов

ТОЙ

Жайнаган зал. Жаркылдаган бийчилер.
Жалдырайсың жалгыздыктан эзилип.
Арасында сен кошулуп олтурган
Адамдардын баары чоочун сезилип.

Чоочун дүйнө, чоорун тартып ырдаган.
Чогулган эл, бир нерсеге сүйүнгөн.
Кызыгы жок сылыктыкка баш иймей.
Кыз-келиндер, атаандашып кийинген.

…А сен болсо көксөгөнүң – тоо түбү.
Ачык сөздөр, анда-санда сөгүнгөн.
Машиненин капотунда тамак-аш.
Мас боло элек достор, сыры төгүлгөн.

Ойлор жакын, күлкү жакын, сөз жакын,
Ортодогу жасалмалык жоюлган.
Тартынбаган, таарынбаган теңчилик.
Тамекиң да тең ортого коюлган.

Кызык баян. Кысталбаган каткырык.
Кыйла алыс жак, кыйкырсаң да укпаган.
Тааныш күлкү. Таркаган чер. Кызуулук,
Таң атаарда талый түшүп уктаган.

… Күлдүрүүдө меймандарды тамада.
Күтүүдөсүң ушул кечтин аягын.
Тост айтылат, той ээсинин даңкына.
«Томсорбо!» деп жеңден тартат аялың.

Эт тартылып, элден-журттан бата алып,
Эптүү колдор дасторконду талашты.
Чоюлгандар чопулдашып коштошуп,
Чогулгандар чоочун бойдон тарашты.

Ашып-шашкан ушул элдин баарына
Адал ниет, асыл тилек жар болсун.
Жалгыздыкка батырса да жан-дилди
Жакшылыктын салтанаты бар болсун.

 

Мусакун Сатыбалдиев

КЕЛЭЭР ЖАЗДЫ

Талаа жатат чаалыккандай, дымыган,
Кар жамынган ала-телек, жыртылган.
Бак-дарактар жүдөө тартып жыдыган,
Бутак-шагы шүмүрөйгөн, кыркылган.

Күчтүү аяз кыш чукулдап калгандай,
Күн ачыкта чыйрыктырып, жел урат.
Жан-дүйнөнү селт эттирип алгандай,
Бир үшкүрүк чыңыргандай үн турат.

Көшүйт талаа улутунган бала окшоп,
Бир жалгыздык көкүрөгүн баскандай.
Сезимдердин түпкүрүнөн ой козгоп,
Кулпулануу сыр сандыкты ачкандай.

Чакыргандай алыстыкка – жол жатат,
Кең талааны бөлүп таштап оң, солго.
Көөдөнүндө канча тагдыр, сыр катат,
Канча пенде жоготту же тапты олжо.

Эске кылт деп капыс ыры Ду Фунун,
Карт даракта жалгыз карга жөнүндө.
Мен негедир кармайм бир ой учугун,
Келээр жазды көрсөм деген көңүлдө.
28.11.12.

 

Бурулкан Сарыгулова

АЯЛУУ БИР КҮН

Кезинде тилектердин баарын жайып,
Жүзүбүз сүйүнүчкө батпай жанып,
Бапырап күткөн ушул күндү бүгүн
Узаттым да бир ирет жолго салып.

Жыл бою ушул күндүн илебине
жылынып, азык алам гүл өңүмө.
Ал учур кайтпайт. Билип турсам деле
Тан берем үзүлбөгөн күдөрүмө.

Жүрөгүм ачык бүгүн сырдашууга.
Аялуум, баары сенин урматыңа.
А бирок, конокторго айткан жокмун,
Дасторкон жайылганын кыйбасыма.
06.01.2015-ж.

 

Рахат Аманова

* * *

Агарып таңдын атканы,
Кызарып Күндүн батканы,
Мээримге бөлөп аз гана,
Мезгилим суудай акканы.

Гүлүмдүн бүчүр ачканы,
Күлкүсүн назын чачканы,
Күлгүн кез өтүп азыр мен,
Күкүкмүн күзгү бактагы..

Асылдар сезим төгүшкөн,
Адамдар Жолдо көрүшкөн,
Ырларда калат бир өмүр,
Ыймандай сырын бөлүшкөн.
01.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.