Айтмамат акындын түрмөдө “Сынган калеми”

Чыгармачылык чөйрөгө эрте таанылып, тез солуган акын, драматург, журналист Айтмамат Үмөталиевдин “Сынган калем” китеби жарык көрдү. 22 жашында эки тилде эркин жазып, чыгармачыл чөйрөгө батыл аралашкан акын турмуш соккусуна туш болуп, 49 жашында көзү өткөн.

Мугалимдикке окуган Айтмамат кичи мекени Алайда аз убакыт иштеген соң журналисттикке ыктай баштаган. Жөндөм-шыгынын арты менен 1954-жылы республикалык “Кыргызстан пионери” гезитине иштөөгө Фрунзеге чакыртылат. Аз өтпөй Москвадагы Горький атындагы адабий институттан билим алууга жөнөтүлөт. Жыйырма бештин тегерегиндеги акын ошол учурду өзүнүн күндөлүгүнө мындайча белгилеген экен:

“1957-жылы 14-ноябрда Караматка үйлөндүм. 1958-жылы туңгуч жыйнагым “Арча” жарыкка чыкты. Январда СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өттүм. 1-сентябрда Гүлчөдөн Москвага жогорку адабияттык курска окуу үчүн жөнөдүм”.

Үмөталиевдин күндөлүгүнөн анын 1954-жылдан 1957-жылга чейинки турмушундагы өзгөрүүлөр тууралуу билсе болот. Сооронбай Жусуев, Рамис Рыскулов, Байдылда Сарногоев өңдүү калемдештери менен чогуу күбө болгон окуялар тууралуу эскерүүлөрү да бар.

Замандаштарынын айтуусунда, Айтмамат Үмөталиев 22 жашында эле акын, жазуучу, драматург жана котормочу катары коомчулукка таанылып калган. 27 жашка чейин Москвада комсомолдук мектепте, адабият институтунда окуп, эки тилде бирдей жазган.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Карбалас Бакиров Үмөталиевдин ошол кезде жарыкка чыккан тунгуч жыйнагын издеп окуганын айтты:

Жайлоодо жагалданган жашыл арча,
Жасанат боюн керет сулууларча.

Өмүрдүн мээримине жаралгандай,
Көркөмдүү көрүнөсүң неге мынча?

Кыш болсун, же жаз болсун баары бирдей,
Өзгөрбөй өң-түсүңдөн чарчоо билбей.
Картайбай калыбыңдан дайым жашсың,
Баатырдын элге кылган эмгегиндей.

Өскөнүң карап туруп жашыл арча,
Өзүмчө ойго келем дагы канча:
Өзүңдөй өңү өчпөстөн ырларым да,
Узакка унутулбай жашап калса…

Ушундай ак тилеги бар акын, тилекке каршы, Москвадагы Горький атындагы адабия институтту бүтөрүнө төрт ай калганда кышкы каникулда өз мекенинде конокко жүрүп, замандаштарынын айтымында жалган жалаа менен 6 жылга эркинен ажыратылган.

Акындын тагдырын жана чыгармачылыгын изилдеп келаткан Алмазбек Адишевдин билдиргенине караганда, Үмөталиев абак шартында да чыгармачылык демин өчүрбөй, көркөм чыгармачылык ийримин уюштуруп, жашыруун ат менен сынактарга катышып турган.

– Ноокат тарапка конокко барып кыз зордуктады деген жалган жалаага калат. Ал кыз да акыл-эси ордунда эмес болгон экен. Түрмөдө чынында абдан катуу жабыркаган. Өзү да “мен эгер коюлган күнөөнү чын эле жасаган болсом мынчалык чүнчүбөйт элем, мени түрмөгө колумдан жөн эле жетелеп барып отургузуп коюшту”, – дейт. Түрмөгө түшкөндө бардык наамдарын алган. Окуудан айдап, партиядан, Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнөн чыгарышкан. Бирок өзү түрмөдө да жөн жатпай пьеса жазып, жашыруун ат менен конкурска катышып, анысы биринчи орунга жетишип, кийин Жазуучулар бирлиги жогорку жактарга кат жазып, түрмөдөн эки жарым жыл мурун бошотупалган. 

Ошентсе да Адишевдин баамында, акындын жалган жалаа менен соттолуусу анын адамдарга, коомго болгон ишенимин талкалап койгон. Түрмөдөн чыккандан кийин жашоого аралашуу далалаты, райондук, облустук гезиттердеги иши деле огожо боло албай, 49 жашында оо дүйнө кеткен. Анын жазып калтырган чыгармалары минтип 35 жылдан кийин окурманын таап отурат.

Жаңы китептин таржымалы тууралуу Айтмамат Үмөталиевдин күйөрманы Алмазбек Адишев буларды айтты:

Бул китептин чыгып калышынын тарыхы: мен бир агаларыма Үмөталиевдин чыгармаларын китеп кылып чыгаруу оюмда жүргөнүн, бирок колумда маалымат жок экенин айткам. Ал кишинин каза болгонуна отуз беш жылдан ашып калыптыр. Агам мага акындын туугандары катып жүргөн бир кап кол жазмасын колума тийгизди. Ичинде ыр, кара сөз, драма, сатира бар экен. Алардын баарына колум жеткен жок. Бирок алтымыш пайызын карап чыктым. Китеп ошентип даяр болду.

Адишев түзгөн “Сынган калем” китебинде маркум акындын поэмалары, аңгемеси жана сатиралык тамаша ырлары, күндөлүктөрү, замандаштарынын эскерүүлөрү жана китеп түзүүчүнүн журналисттик иликтөөсү камтылган.

Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-майда Алай районунун Корул айылында туулган. 1980-жылы каза болгон.

Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 12.08.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.