Бир катар парламентарийлер өтө эле шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк кечелерди өткөргөн мамлекеттик кызматкерлерди жана депутаттарды кызматынан четтетүү керек деп эсептешет

Бүгүн “Ак Жол” фракциясынын кезектеги жыйынында вице-спикер Кубанычбек Исабеков демилгечи болгон “Үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү тууралуу” ЖКнын токтомунун долбоору кароого алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалымат кызматынын билдиришинче, аталган долбоор той, юбилей, өлүктү көмүү, эскерүү ж.б. улуттук шаан-шөкөттүү салтанаттарды өткөрүүгө чек коет.

К.Исабековдун айтымында, 2006-жылы да өкмөт тарабынан ушундай токтом кабыл алынып, бирок ал кагаз бетинде эле калган.

Ал эми депутат Жолдошбек Жакыповдун пикиринде, токтом долбоорунда өтө эле шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөргөн жарандарды Тажикстандагыдай катуу жоопко тартуу маселеси каралбаса, анда бул деле мурункудай эле кагаз жүзүндө калат.

Депутаттар Осмонали Аттокуров жана Галина Куликова мындай салтанаттарды жөнөкөй атуулдар өткөрөрүнө ишене беришпейт. Ошондуктан шаан-шөкөттүү кечелерди өткөрүүгө болгон чектөөңү алгач мамлекеттик кзматкерлерден жана депутаттардан баштоо керек деп эсептешет. Алардын пикиринде ысырапкорчулукка жооп берген кызматкерлер кызматтарынан четтетилиши керек.

“Ак Жол” фракциясы бул токтом долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна алып чыкты.

«Zpress.kg» МА, 18.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.