Италиянын Неаполь шаарында кыргыз диаспорасынын жардамы менен Нооруз майрамы белгиленет

Италиянын Неаполь шаарында кыргыз диаспорасынын жардамы менен Нооруз майрамы белгиленет. Бул тууралуу “Zpress.kg” маалымат агенттигине Италиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Азамат Айтбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чараны М.Горький атындагы мурунку СССР өлкөлөрүнүн өкүлдөрү түзгөн маданий борбор уюштурат.

Уюштуруучулардын максаты, неаполдуктарга жана шаар меймандарына жаздагы күн менен түндүн теңелүүсүн майрамдаган элдердин маданиятын көрсөтүү болуп эсептелет. Ошондой эле иш-чаранын концерттик программасында кыргыз комузчулары өнөрлөрүн көргөзүшүп, аны менен бирге кыргыздын улуттук ашканасында жасалган тамактар жана башка улуттук өзгөчөлүктөр европалыктарга тааныштырылмакчы.

«Zpress.kg» МА, 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.