Абдыкерим Сыдыков эл душманыбы же эл баатырыбы?

Кыргыз тарыхынын “актай” барактары көп экени жашыруун эмес. Аны тактоо ишине дале толук кирише элекпиз. Эгемендүүлүк алгандан кийин деле маселе ошол бойдон калды. Кайра кокту-колоттун баатырлары “элдик” болуп өсүп чыкты. Тарых бетинде алешемдиктер арбын. Коомдук ишмер Бегиш Ааматов жана Эсенгул Алиев аксакал менен чай үстүндө отуруп, ушул туурасында баарлашып калдык. Тарых таалими жөнүндө сөз жүрдү. Жаздырып алайын, эл да уксун десем, каршы болушпады. Жаздырдым.

Эсенгул Алиев:
Комунисттик партия бийликтеги кезинде партиялык комиссиянын төрагасы болуп тургам. Баарына белгилүү болгондой, партиядан чыгаруу деген ал учурда өтө катуу сокку болчу. Бирок, чыгарылган адам күнөөсү далилденбесе, акталса ж.б. учурларда кайра партияга кире алчу. Мен иштеп турганда учурда дагы бир топ адам кайра партияга киребиз деп калышты. Биз Муратбек Мукашев, Жеңишбек Жунушалиев жана башка болуп териштирдик. Буларды текшерсек, дача салууга жер бергени үчүн ж.б. деген сыяктуу майда-чүйдө нерселер менен партиядан чыгарылган экен. Анан ошолордун арасында Абдыкерим Сыдыковдун баласы дагы “Атамдын партиялуулугун ордуна келтирип берсеңиздер” деп арыз жазыптыр. Бул иш боюнча партиялык архивден Ж. Жунушалиев карап чыкты. Уксак, Абдыкерим Сыдыков төрт жолу партияга алынып, төрт жолу чыгарылыптыр. Азыркысын калыбына келтирсек бешинчи болот экен дедик. Анан эле, 1911-16-жылдардын аралыгында Токмокто падышачылык орус аскерлери жүз он бир кыргызды атыптыр. Ошол аткан аскерлердин арасында Абдыкерим Сыдыков да бар болуп чыкты. Дал ошол мезгилде Казат Акматовдор Үркүндөгү кыргынды эскерип, жөө жүрүш жасаганы жаткан. Анан Ж.Жунушалиев: “Биз муну ордуна келтирсек, эртең Үркүндү эскерип, жөө жүрүш жасагандар элди кыргандарды эмнеге партияга киргизесиңер десе, эмне дейбиз?” деп коркуп, Абдыкерим Сыдыковдун баласынын арызын канааттандыра албай койдук. Мындан сырткары А.Сыдыков ошол кыргыздарды атканда катышкадыгы үчүн “Царский Россиядан” орден алыптыр. Муну архивден казып карасаңар же Ж.Жунушалиевден сурасаңар мындан дагы тереңирээк айтып берет.

Бегиш Ааматов,
коомдук ишмер:
А.Сыдыков анда падышачылык Россиянын аскерлеринин тилмечи болгон деп да жүрүшөт. Бирок, тилмеч болгонбу же тигини, муну ат деп жер көргөзүп жүргөнбү, аны эч ким далилдей албайт. Бирок, кыргызды атканда кошо жүрүп, медаль алганы – далилдүү факт. Тигилер деле тилмеч болгону үчүн эле медаль бербейт болуш керек.

Эсенгул Алиев:
Тактап койорум, А.Сыдыков медалды дал ошол жүз он бир кишини атканда алыптыр. Бизди жалтанткан ошол болду. Ал Ж.Жунушалиев кол койгон архивдеги материалда турат. Партиядан төрт жолу чыгарылганы да ошондо айтылган. Эсимде калбаптыр, кандайча эмне болгонун архивден карасаңар табасыңар.

Бегиш Ааматов:
Мен дагы бир нерсени айтып берейин, 1937-жылы ЦК ВКПнын февраль-март пленуму өткөн. Ошондо “Совет бийлигинин душмандары бар, согуш жакындап калды, буларды тазалабасак болбойт” деген өңүттө токтом кабыл алышкан. Ошого чейин бийликте жалаң Троцскийчи еврейлер отурган. Комсомол, НКВД, деги кой, баарында еврейлер жана ошолор менен ымалалаш адамдар болгон. Ошолор аталган токтомду илгиртпей аткарып, марттан тартып июндун аягына чейин Троцский кимди өлтүр десе өлтүрүп, алардын зөөкүрлүгү Тухачевский кармалганга чейин уланган. Сталин Кремлден чыкпай жашап, булар Ворошиловду кызматтан четтеткенге, чейин үнкатпай күткөн. Ошондо керек болсо”Сталиндин иши бүттү бийликтен кетет” дегенге чейинки сөздөр тараган дейт, аксакалдар. Качан ошол коркунучту сезгенде Сталин Тухачевскийди кармап, бийликтегилердин өзүн камаптыр.

Менин атам 16 жашында гезит окуп бергендиги үчүн алты ай камалган. Ушунчалык адамдар көп камалган экен, биринин этине экинчисиники тийип ирип кетиптир. Жашоодон үмүт үзүлүп отурган күндөрдүн биринде эле силер бошсуңар деп чыгарып жибериптир…

1937-жыл эле эмес, ага чейин да көптөгөн кыргыздар камалып, сүргүнгө айдалып, өлүп кырылган экен. Тарых астында аларга бирөө жооп бериши керек да? Ооба, Бухарин, Рыков, Каменев жана башкаларды Россияда дагы реаблитация кылды. Бирок, аларды эл баатыры кылып, айкелдерин орнотуп, Россиянын тарыхына баатыр катары жазган жок. Бухаринди азыр да Англиянын шпиону болгон деп айтып келишет. Троцкийдин саясатын күнөөлөп эле жатат.

Ушуга шайкеш бир – эки эле окуя айтып берейин. Мындан төрт жыл мурун Спорт сарайынын жанында белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов учурап, сүйлөгүсү келип калса керек жарыктык, ары жакка барып чай ичип, сүйлөшүп отуралы деп калды. Көпкө сүйлөштүк. Сөз арасында бу сизди Украинага курортко барып келген дешет го? деп сурап калдым. “Ооба” деди. “1929-жылдар болсо керек эле, “байсың, кулаксың” деген шылтоолорду айтып көп кыргызды Украинага айдап, бир талаага апарып таштап койду. Чатыры же тамагы жок, ахвалыбыз өтө оор болду. Анан ошол жерде “гагауз” деген түрк тилдүү эл бар экен, ошолор бизге абдан көмөктөшүп, колдорунан келген жардамдарын берди. Самандан эптеп кепелерди куруп, күн кечире баштадык. Ким колунан келгенин кылып жер тырмап, бирөөнүн малын багып, эптеп жаныбызды сактап, жашап калдык. Ошол гагауздар менен кыз алып, кыз беришкендер да болду. Көптөгөн өлүм-житим да болду. Ошентип он жыл убакыт өттү. 1938-жылдын аяк ченинде НКВД баш болуп, райондун жетекчилери баары келип, кыргыздарды чогулсун деп калды. Эл чогулганда: “Болшевиктик партиянын колхоздоштуруу саясатын бурмалап, совет мыйзамдарын бузуп, силерди мыйзамсыз сүргүн кылган. Силерди сүргүнгө айдагандар өз жазасын алды. Бүгүндөн баштап бошсуңар. Саясий да, жарандык да укугуңар өз ордуна келди. Журтума кетем дегениңер кеткиле, калып жашайм дегендер калгыла” дешти. Алар кеткенден кийин менден чоң, кыйын агам бар эле, “орустарды немистер менен согушат деп жатат, кетели” деди. Анын сөзүн туура көргөндөр баса бердик. Бир тобу: “Ушул жерге көнүп калдык, куда сөөк болдук” деп калып калышты. Кийин алар немистин оккупациясында калып, тирүү калгандары согуш бүткөндө чыгып келди. Биз келгенде туугандар жардам берип, эптеп жашап кеттик. Агам болсо согушта курман болду. Мен дагы согушка бардым, ажалым жок экен кайтып келдим” деди. Мен жөн турбай “алар азыр акталып, эстеликтер коюлуп жатпайбы, элге айтпайсызбы” десем, “Кудай бар, Жараткан өзү тараза. Алар өз жазасын алды. Азыр мен тирүүмүн. Алар жер астында. Бул жашоодо алар көрбөгөн сыйдын баарын мен көрдүм. Мени Украинага сүргүн кылды, өлгөнүм жок. Согушка бардым, өлгөнүм жок. Мен Сталиндин, Хрущевдун, Брежневдин, Усубалиевдин учурунда сыйлык алдым, сый көрдүм. Акаевдин учурунда дагы алып жатам. Кудайга ыраазымын.” деп койду. Мен да түшүндүм. Бул сөз ошо менен токтоду.

Анан бир күнү ЦУМдун жанынан өтүп баратып, сүрөтчү Жоомарт (Кадралиев – ред. ) менен жолугуп калдым. Ал “өнөрканамды бир көрүп бербейсизби” деп суранганынан бардым. Ичине кирсек, түрлүү сүрөттөр, Манас кырк чоросу менен турат. “Борбордук аянтка ушул тургузулушу керек, биздин символубуз эле, булар болсо кайдагы бир шайтан катынды коюп койду” деп аны-мунуну сүйлөшүп, чай ичип отурдук. Өйдө жагын карасам, ат минген калпакчан кыргыздын сүрөтү турат. Мунуң ким десем, “Бул чоң атам. Сталиндин доорунда Сибирге сүргүнгө айдалып, 1939-жылы келген” дейт. Мына ушундай окуяларды айта берсең оголе көп. Тарыхыбыз такталбаган боюнча жатат. Кыргыздын баатыры ким, чыккынчысы ким, ак-карасы ылгана элек. Кечээ кыргызды кыргандар бүгүн баатыр болуп, айкелдери орнотулуп турат.

Редакциядан: Тарых деген, Шайлообек Дүйшеев айткандай, мусор челек эмес, ар нерсени сала бергендей. Тарых тактыкты талап кылат демекчи, ушул айтылган ойлорду улап же тескерисинче ага каршы аргументтүү пикирлер болсо гезит бетинен орун берүүгө даярбыз.

Жазып алган Зулпукаар САПАНОВ, «Айгай», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.