Анна АХМАТОВАНЫН “Сероглазый король” аттуу ыры он үч акындын котормосунда
Анна АХМАТОВА
Сероглазый король
Слава тебе, безысходная боль!
Умер вчера сероглазый король.
Вечер осенний был душен и ал,
Муж мой, вернувшись, спокойно сказал:
“Знаешь, с охоты его принесли,
Тело у старого дуба нашли.
Жаль королеву. Такой молодой!..
За ночь одну она стала седой”.
Трубку свою на камине нашел
И на работу ночную ушел.
Дочку мою я сейчас разбужу,
В серые глазки ее погляжу.
А за окном шелестят тополя:
“Нет на земле твоего короля…”
Котормолор
Кой көз король
Даңк сага, ушул кайгы үмүт соолткон!
Кечээ өттү дүйнөдөн кой көз король.
Думуктурган күз кечи эле манат сындуу,
Күйөөм келип жай гана айтты муну:
«Уктуңбу, аны аңчылар алып келди,
Сөөгүн тааптыр түбүнөн карт эмендин.
Жаш эле да! Аялына бооруң ооруйт.
Чачтары бир түндө эле куудай болду»
Деди да, мүштөгүн таап меш тараптан,
Кетти түнү иштеген жумушуна.
Кызымды ойготоюн, бетин сылап
Кой көздөрүн тиктегим келип турат.
А теректер шуудурап айтат түндө:
«Жок эми королуң жер жүзүндө…»
Которгон АИДА НАДЫРБЕКОВА
Көк көздүү король
Кетпестей кейиш, сага даңк деш болоор!
Кечээ күн өлүп калды көк көз король.
Күзгү кеч тумчуктуруп, кызыл батты,
Келди да күйөөм мага жөн-жай айтты:
“Сен билсең, аны уудан апкелишти,
Жасатын карт дуб жактан таптык дешти.”
Боор ооруйт канышага. Жапжаш неме!..
Чачтары агарыптыр бир түндө эле”.
Трубкасын алды турган камин тушта,
Анан ал кетти түнкү жумушуна.
Кызымды ойготомун азыр барып,
Көк көзүн караймын да, калам талып.
Теректер шуулдашат терезеден:
“Королуң жок, таппайсың эми жерден…”
Которгон АЙТМЫРЗА АБЫЛКАСЫМОВ
Күрөң көздүү падыша
Күттүргөн кайгыруу сага даңк!
Кечээ өлдү күрөң көз падыша.
Кызарып күн батып баратты,
Келди да күйөөм да мага айтты.
“Билесиңби кетиптир аң уулап,
Өлүптүр карган дуб жанына.
Аянычтуу, жаш эле ханыша,
Бир түндө ак кирди чачына.”
Мүштөгүн тапты да, карады,
Бейкапар кечки ишке баратты.
Кызымдын уйкусун бөлөмүн,
Көзүнөн күрөң көз көрөмүн.
Терезе, теректер жарышат:
“Жок эми күрөң көз падышаң…”
Которгон АТАХАН КОЖОГУЛОВ
Кой коз король
Салам сага түпсүз арман, бүтпөгөн!..
Кой көз король өттү кечээ дүйнөдөн.
Күздүн кечи кызыл дагы, үп дагы….
Күйөм келип, божурады укканын
“Ууга ажал айдаганбы үйүнөн?
Табышыптыр карт эмендин түбүнөн.
Калды өксүп ханыша – жаш колукту…
Кара чачтар, бир түндө куу болуптур.”
деди дагы, мүштөгүн таап каминден
Түнкү ишине кетти, сиңип иңирге.
Ойготоюн, мемиреген карагым,
Кой көздөрүн кызымдын мен карайын.
Сыртта гана шуулдаган дарактар
“Королунду эми издейсиң каяктан”.
Которгон АБДЫСАМАТ САРАЛА
* * *
Өксүк сени даңктайм жаңыча!
Өлдү кечээ кой көз падыша.
Күздүн кечи демин жашырып,
Күйөөм келип айтты акырын:
“Ажал тааптыр чыгып мергенге,
Апкелишти аны көргөндөр.
Ханышага убал жапшаш бу,
Бир күндө эле чачын ак басты”.
Меш үстүнөн таап мүштөгүн,
Кетти түндөп кылып иштерин.
А мен болсо кызым ойготуп,
Кой көздөрүн тиктейм ойнотуп.
Терезеден терек шуулдайт:
“Сенин пашаң эми туулбайт…”
Которгон Шабдан СУЛАЙМАНОВ
* * *
Кайгынын жеткен чеги ушул болоор,
О дүйнө салды кечээ кой көз король.
Күз кечи аба үп да, кызгылт күйгөн,
Сүйлөдү жай баракат келип күйөөм:
«Ууда экен, буйругу да баары Эгемдин,
Түбүнөн табышыптыр кары эмендин.
Байкушум Королева, жапжаш неме,
Карыптыр ак чач болуп бир түндө эле».
Меш жактан тапты дагын ал мүштөгүн,
Жумушун көздөп кетти, түнү иштөөчү.
Кой, кызым ойготоюн, жаным, айым,
Мен анын кой көзүнө табынайын.
А сыртта терек үнү шуулдаган:
«Королуӊ өлдү, бүттү – шумдук арман…»
Которгон НУРЛАНБЕК КАЙРЫЕВ
* * *
Таш боор тагдыр, эмне дейин… даңк сага!
дүйнө салды кечээ койкөз падыша.
Күздүн кызгылт кечи үптөн энтигет,
күйөөм келип жайбаракат айтты кеп:
“Уудан анын апкелишти үйүнө,
сөөгүн таап карт эмендин түбүнөн.
Мөлтүрөгөн ханышаны аядым,
бир түндө эле чачы калса агарып”
Меш үстүнөн таап алып мүштөгүн
кетип калды жумушуна түндөгү.
Азыр эле ойготконго кызыктым
Койкөздөрүн карамакка кызымдын.
Терезеден терек бөлөт кайгымды:
“Эми чындап падышаңдан айрылдың…”
Которгон Дүйшемамбет ОРОЗАЛИЕВ
Кой көз король
Сага даңк арман, жан-дүйнөм эзип бийлеген!
Кой көз король кечээ күнү, өттү ушул дүйнөдөн.
Думуктурган күздүн кечи, жарык болчу айлана,
Күйөөм сырттан келип эле, айтты муну жай гана:
“Билесиңби, аңчылыкка чыккан экен үйүнөн,
Сөөгүн таап алышыптыр карт эмендин түбүнөн.
Королева жапжаш эле! Азапка абдан батканы!
Бир түндө эле агарыптыр, бири калбай чачтары.”
Деди дагы, меш үстүнөн таап алып канжасын,
Адатынча түнкү ишине чыгып кетти ал бачым.
Бир мемиреп уктайт кызым, мен ойготуп алайын,
Кой көздөрүн көзүм талып, канганымча карайын.
Терезенин ар жагында терек шуулдап, термелет,
“Королуң жок, калдың эми” деп жатышат өңдөнөт.
Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ
Көгүш көз хан
Кетпес кайгы атак-даңкка бөлөндү.
Кечээ күнү көгүш көздүү Хан өлдү.
Күүгүм чалыш, кызгылтым, үп күз эле.
Күйөөм салып токтоо үнүн түз эле:
“Тааптыр сөөгүн эски бадал жанынан,
табыт келди ууга кеткен Ханыңан.
Өкүнүчтүү. Жапжаш Айым сүлкүлдөп,
өлөң чачын буурул басты бир түндө”.
Кемегеден тапты дагы мүштөгүн,
кезегине кетти түнкү иштөөнүн.
Мен кызымды ойготоюн, өбөйүн.
Мээримимди көздөрүнө төгөйүн.
Бак-дарактар шыбырашат көк тиреп,
“Бул ааламдан Падышаң да өттү”-деп…
Которгон Бешболуш МАТИСАКОВ
Кой көздүү король
Даңк сага, айла-үмүтсүз азап, муң!
Дүйнө салды кечээ кой көз королум.
Күздүн кызгылт кечи болчу үп тарткан,
Жөн жай гана күйөөм дагы муну айткан:
“Ууга кетип… Алып келинген жансыз денин
түбүнөн табышыптыр карт эмендин.
Кыйын болду күлгүндөй жаш ханышага,
Бир түндө эле түшүптүр чачы агара”.
Меш тараптан таап канжа-мүштөгүн,
Жумушуна кетти, иштечү түндөсүн.
Ойготоюнчу кызымды азыр эле,
Карайынчы кой көзүнө мен тигиле.
Терек шуулдайт ары жагынан терезенин:
“Королуң жок жер жүзүндө эми сенин”.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
Кой көз падыша
Даңк сага!… дедим күйгөнүмдөн
Кечээ кой көз падыша да өлгөн.
Үп баскан, кызгылт күздүн кечинде
Күйөөм келип, акырын сүйлөдү:
“Билесиңби, аңчылар аны алып келишкенин,
Карт эмендин түбүнөн таап жансыз денесин.
Өкүнүчтүүсү! ханышайым жаш калды…
Бир түндө эле картайыптыр кайран башы”.
Мүштөгүн таап меш үстүнөн кайдагы
Кетти анан түнкү жумушуна баягы
Кой, кызымды ойготоюн, айланайын…
Кой көзүнөн кагылып, жалынайын.
А теректер шуудурашып тереземде:
” Падышаң келбейт эми издесең да… ”
Которгон Анара САВАЙ
Кой көз падыша
Сыздаткан муң-зар, даңк сага!
Өлүптүр кой көз падыша.
Тумчуктурган үп болчу анда. Күзгү кеч.
Күйөөм келип айтып жатты сезбей эч:
“Аңчылыктан сөөгүн алып келишти
Эски эмендин түбүнөн таап келишти.
Канышага убал болду. Жаш жубай!
Бир түндө эле болуп калды чач куудай.”
Мүштөгүн каминден таап алды дагы
Түнкү ишине кайрадан кетип калды.
Баратам ойготкону кызымды өзүм,
Көрүү үчүн ойготом азыр көзүн.
…А кайыңдар терезенин артынан
шуудурашат: “Падышаң жок…” деп улам.
Которгон Бурулкан САРЫГУЛОВА
Кой көздүү хан
Өксүп, ташты жарат жаныбыз!
Өлдү кечээ кой көз ханыбыз.
Күздүн кечи кактап дүйнөнү
Күйөөм келип, шашпай сүйлөдү:
“Жаңы эле ууга чыккан чагында,
Жатат картаң бактын жанында.
Жаш кетти да. Байкуш каныша!
Чачы агарды таңга жарыша”.
Камин жактан таап мүштөгүн,
Кайра кетти түнгө иштеген.
Кой, кызымды азыр ойготуп,
Кой көздөрүн карайм ойнотуп.
Короо жактан терек шуудурап
“Кой көз каның жок…” деп буулугат.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТ


