Карачач Чокморова: “Сүймөнкул Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийгизип алган…” (Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА, “Азия Ньюс” гезити, 26.07–17.08.2023-ж.)
“Сүймөнкул Чокморовду сыйлабаган кыргыз жок болуш керек, анын ичинде мен да бармын. Ал киши менен биз тууган да болуп кетебиз, уруубуз (жетиген) бир, алтынчы атадан барып биригебиз”. Ак элечек башынан түшпөгөн 90 жаштагы суйкайган бул апа Сүймөнкул Чокморовдун жеңеси болот. Биз бүгүн атайын маектешкени келген үй Сүймөнкул ага жашап калган үй экен, “бул жерден суу ичип, колун жууган турбайбы” деп көз чаптырдык. Канткен менен агам эмеспи деп, апа экөөбүз отуруп дасторкон үстүндө ага куран багыштадык.
Апа “Сүймөнкулум” деп сүйлөйт экен. “Көзүм өткүчө үй музей кылсам, антсем, минтсем экен” деп ыйлап отурду. Жасалмасы жок, жаны менен күйүп отурганына таңгалдым. Жеңесиндей эмес эжесиндей, апасындай экен. Сүймөнкул Чокморовдун бүт конокторун жалгыз ушу жеңеси тоскон. Чыңгыз Айтматов, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевге окшогон кинонун, адабият, маданияттын өкүлдөрүнө, чет элден келген конокторго этти устукандап, казы-карта, чучук кесип, кымызын, ашын жайнаткан экен бул апа. Алтургай дүйнөгө аты чыккан япон режиссеру Акира Куросава конокко келип, апанын казы-чучугунан ооз тийип, кымызын ичип кеткен тура (Акира Куросава Сүймөнкул Чокморовду “Дерзу Узала” фильмине тартып, кыргыз уулунун сулуулугуна, мырзалыгына суктанган адам болгон – Д. Б.). Сүймөнкул аганын бутунун кан тамыры жарылып кетип, жеңеси башындагы жоолугу менен бутун байлап алып, экөө доктурга келген күндөрү да болуптур.
Апа экөөбүз узакка сүйлөштүк. “Динара, мен кут даарыган аялмын, сага жолугарымды билгем. Бирөөгө сүйлөп берейин деп жүрчү элем, түшүмө Сүймөнкул кирип, аян берди, мен сүйлөп бере турган адамга жолугат экем деп түш жоругам” деди апа. Өзү Сары Өзөн Чүйдүн “Ак элечек энелер” коомун жетектейт, коомдук иштерге активдүү катышат ушул күнгө чейин.
“Сүймөнкул оорусунан айыгып кетсе экен” деп эчкиден бери сааганын айтып, айтор, узун сабак кебибиз сандан-санга улана тургандай жазылып калды.
“Кыргыз” деп жашап өтүп кеткен чыдамдуулугу, эрктүүлүгү жанда жок агабыздын арбагы ыраазы болсун.
Сүймөнкулдун бала чагы
– Чокмор атабыздын 11 баласы болгон экен. Сүймөнкулду “көкүрөк күчүгүм” деп кайда барса учкаштырып, ала жүргөн. Ошентип, 4 жашынын ат мингенди үйрөнгөн. Ошол аттын кулагы менен тең ойногону кийин кинодо көп пайдасы тийди. 1954-жылы “ата, мен сүрөт окуу жайына тапшырдым” деп айылга келет. Атасы “адам болбой туруп сүрөтчү боло албайсың” дептир бир ооз гана. Өзү бир сүйлөгөн киши эле…
Сүймөнкул адам болду. Анүстүнө анын туулган жылдары 1939-1941-жылдардагы репрессияга, кийин Улуу Ата мекендик согуш, ачарчылык, 1955-жылдардагы согуштун убагындагы кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү, каатчылык жылдарга туш келген. Башынан кыйынчылык өткөн адамдын – адам болмогу турулуу иш. Ушундай кыйынчылык маалда атабыз Чокмор, энебиз Какин кичиненекей эки бөлмөлүү жер тамда 11 баласын тең окутуп-чокутуп, адам кылып тарбиялашкан.
Тойдогу тамаша
– Жаңы келин болуп келдим. Намырбек биринчи жубайы менен ажырашып кеткен экен. Мурдагы жубайы КТРде иштеген Роза Рыскелдинова. Ортолорунда үч баласы бар. Менин да экинчи турмушум. Жаш кезимде мени ала качып кетип, жашай албай, бир кызым менен ажырашып кеткем. Тагдыр буюруп, баш кошуп калдык…
Биз көлдүктөр тытынып иштейбиз, булар антишпейт экен. Чүйдүн эли жулунбаган, жулкунбаган, айлык менен жашаган өтө жөнөкөй, чынчыл, башкача эл келишет. Намырбек “мен өзүм чеснок айдап, сатып, бир чоң кой алдым, той берем” деди. Сүймөнкулду ошол күнү көрдүм. Элди күлдүрүп, сүйлөп, ырдап отурду. Комуз да чертип, башка аспаптарда да ойноп, жаныбыздагылырды туурап жатат. Маңдайымда Сагынай деген чүйрүйгөн киши отурган, ошону туурады эле өзү болуп калды. Келин болуп келгенимди унутуп калып эле каткырып күлө берипмин. Бир убакта жеңем саныман чымчып алды, “ай, сен театрга келген жоксуң, келин болуп келдиң, оозуңду жаап отур” деп. Уялып калдым.
Кийин Рыскелдинова Мусаев деген кишиге турмушка чыккан, балдарды өзүбүз карадык. Мусаевден бир кызы бар болчу, аны да өзүм бактым эле, өлүп калбадыбы (апа жашып, көзүнүн жашын сүрттү). Ошонун кызы “2” алып калыптыр. Ал убакта Сүймөнкулдун аты дүңгүрөп турган. Тиги кызым ыйлаганынан, “ушу кызды бирдеме кылып сүйлөшүп бер, окуп бүтүп алсын” дедим. Бирдеме болсо эле “Сүймөнкул сенден башка эч кимди укпайт” деп мени жиберишчү. “Олдо жеңем ай, мынча таза адамсыз? Ичиңиздин баары көрүнүп турат мага. Бир кымындай караңыз жок, кандай адамсыз? Аталуусун, атасызын да окутамбы?” деди. “Жеңеңдин арбагы ыраазы болсун, өткөрүп кой, балам. Кетип калса да бир кезде жеңең эле” дедим. Сүймөнкул менден жети жаш кичүү, ошентсе да көбүнчө балам деп сүйлөчүмүн.
Кудайга ишенген адам эле
– Сүймөнкул бардык ролдорду дублерсуз ойноду. “Караш-караш” кинофильминде Көкөмерен суусуна агып, өпкөсүнө, бөйрөгүнө суук тийип, ооруканага жатты. Анан жакшы айыга электе “Жамийла” кинофильмине тартылып, 100 кило буудай көтөрүп, өпкөсү солкулдап козголуп, кайрадан ооруканага жатты.
“Жалаң эркектер” киносунда Касымдын ролун аткарып, аскадан учуп бөйрөгү менен ташка тийип, жарылып кетти. Баары ошол жерден жайрады. Режиссер Видугиристин жолу жаман экен. Мурда мейли бир бөйрөгүнө суук тийиптир, экинчи бөйрөгү ошол “Жалаң эркектер” киносунда тартылып атканда жарылып кетти да. Анда да ооруканага жатты. Бир тууганы Сүйөркул “бөйрөгүмдү берем” деп калганда бөйрөктөрү Кудайдан болуп кайра иштеп калды.
Тездик менен эле дүйнөгө аты чыгып, ар кай жактан “киного тартабыз” деген сунуштар түшүп, дүңгүрөп калды. Ошондо да көпкөн жок, зыңгырап бир калыпта жүрдү. Япон режиссеру Акира Куросава да “киного түш” деп чакырды. 1973-жылы Өзбекфильм тарткан “Жетинчи ок” киносу Каир шаарында көрсөтүлүп, Араб өлкөлөрүнө дүңгүрөдү. Араб интеллигенция өкүлдөрү киного Чокморовду көрөбүз деп келишерин айтышчу экен.
Сүймөнкул Кудайга ишенген адам эле.1978-жылы Меккеден алып келген теспесин өлөр-өлгүчө жоготкон жок. Ал ошол Жаратканга болгон сүйүүсү менен өзүнөн күчтүүгө жагынып, пас болбой, өзүнөн төмөнгө текеберленбей, өз жолун таба алды.
Уктап жаткан Таттыбүбүдөн көзүмдү алалбай
– Түркмөнстанда “Аял киши ат токуганда” деген кино тартылып, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжандан үчтөн аял барып тартылмак экен. Кыргызстандан мен, Сабира Күмүшалиева, дагы бир келин болдук киного түшө турган. Москвага кетип атабыз. Мени Сүймөнкул коштурган. “Жүрөгүң ооруйт, биротоло мыкты врачтарга көрсөтө келем” деп. Жолдошум эски аэропортто узатып жатат, кеч күз эле. Карасам эле жаркыраган бирөө келе жатат. Жакшылап карасам Таттыбүбү тура. Кийин билсем ичинде кири жок, ачык-айрым жан экен. Жеңил ак пальто кийип алыптыр. Алар Москвага “Уркуя” фильминин бетачарына кетип атышкан экен. Сабира эже, мен, Сүймөнкул болуп турсак, “ой, Сүкө, кандайсың?” деп келип эле Сүймөнкулдун мойнуна асылып кучактап, өөп калды.
Сүймөнкул Таттыбүнүн колун акырын алып,
-Таанышып алгыла, бул менин уялаш жеңем болот-деди мени көрсөтүп. Самалеттун ичинен бизди бир жерге отургузуп, өзү башка жактан орун алды. Таттыбүбү кичине кызуу экен.
-Кечирип коюңуз, мени досторум узатышты эле -деди. Мен эч нерсе эмес, эс ала бер дедим. Ал уктап калды. Ушу сен экөөбүздөй жакын отуруп кетип атабыз. Бир карап бир тойбойм да сулуулугуна. Мурду куюлуп түшкөн, оозу оймоктой, кирпиктери төгүлөт. Уктап атканга мойну да узун көрүнүп, өзүнчө эле чүрөк. Аа-иий, ушунчалык да сулуу жан болот экен ээ, аял башым менен ашык болдум. Кейидим анан, атаң көрү бири кем дүйнө, ушундай бир кыргыздын кызынын кадырына жетпедик деп.
Турмуштун өйдө-төмөн түйшүгүнөн улам өзүн таштап, бир аз кыйналып жүргөндөй көрүндү мага. Ошондо да сулуу.
Таттыбүбү Сүймөнкул менен бирге “Уркуя” киносунун бетачарына кетишти, биз киного тартылып, башка жакка кеттик. Эпизоддо Орто Азиядан аялдар келип Ленинге жолугушмак экен. Жолуктук. Күмүшалиева шыпылдап Лениндин колун өөп жибериптир. “Советтер Союзу аялдарына падышасынын колун өптүрөт экен деп айтылат”- деп чыгарбай коюшуптур кийин уксак.
Ошондо Күмүшалиева “Сүймөнкул бизди качан кыдыртат, качан ресторанга алып барат?” – дей берди. Сүймөнкул келип кыдыртты. Кечинде ресторанга алып кирди. Ресторанга Таттыбүбү экөө келишти. Бешөө болуп отурдук. Бирөөсү вино, бирөөсү коньяк ичти. Сүймөнкул өзү эч нерсе иччү эмес, тамеки да тартчу эмес. Жакшы отурдук. Сүрөтүбүз да бар эле, жоголуп кетти.
Сүймөнкулдун апасы кайтыш болгондо
Сүймөнкул адамга үнүн катуу чыгарчу эмес, сөзгө сараң эле. Ат мингенде өзүн эркин сезчү. Таң атып келатканын, күндүн батып баратканын көп тиктээр эле. Ошону көкүрөгүнө тартып алчу окшойт. Ушул маалда сүрөт тартып калчу.
Сүрөтчүлөр көрөгөч келет окшобойбу, Сүймөнкул ичи тар, пас адамдарды бир карап эле билип койгон касиети бар эле. Андай кишилерден алыстап кетчү.
Атабыз, апабыз 11 баласына жакшы тарбия берген экен. Апабыз Какин 1967-жылы 29-июнда жүрөк ооруудан каза болду. Ал убакта Сүймөнкул “Караш-Караш” кинофильмде Бактыгулдун ролун ойноп жаткан убагы эле. “Кыргыз фильм” аркылуу кабар жетип, казак туугандар Кыргызстанга коштоп келишет. Суук кабарды үйүнө бир чакырым калганда угузушат. Сүймөнкул эс-учун жоготуп, өксүйт. Ал апасына аябай жакын эле. Ошентип, апабыз уулунун бийиктикке чыкканын укпай, көрбөй кете берди.
“Чыңгыз Айтматовго бере турган кымызым түгөнүп, сүт кошуп, чайкап…”
Атактуулардан Чыңгыз Айтматовду көп коноктодум. Мени кээде “аяш”- деп чакыраар эле.
Бир жолу ал үй – бүлөсү менен Индия өлкөсүнө барды. Ошол кезде биринчи жолу барган эле. Сүймөнкул мага:”Жеңе, Чыңгыз агабыз Индияга барып келди, ал жактан көргөн – билгендерин өз оозунан угалы, тамакка чакырып коёлу” -деди, мен макул деп камданып калдым.
Ал кезде кымыз таңсык эле, бир эле жерде сатчу. Аны да казактар келип сатчу эле, өчүрөткө турчу элек. Мен кымыз, казы-чучуктун эле өчүрөтүндө жүрчүмүн. 3 литр сатып келдим.
Кухнядан бир чыксам(ары-бери чуркап, иш кылам да) Чыңгыз: “Уйларды тимеле жакшы көрөт экен, өш дебейт экен, чоң көчөлөрдө ээн- эркин басып жүрөт экен, чычып да салат экен”- деп атат, берилип айтып жаткан экен. Беркилер жыргап күлүп жатышат. Чыңгыз куудулданып сонун сүйлөчү да, угуп эле отургуң келчү. Сөз кадырлачу да. Бир жолу айыл аксакалдарын чакырып чай берип калдык, Чыңгыз да келди. Бир агаларыбыз башкарма болуп жүрүп пенсияга чыккан, билимдүү, сөзмөөр эле. Чыңгыз айтып атат:”Манас айткандай эле сүйлөйт экенсиз, аларга го Бакай ата ооздоруна түкүрүп кетчү экен, сизге ким түкүрүп кетти эле?,- деп санын чаап күлүп калды. Кийин ал кишинин сөзүн укканы кайра кайрылып келген экен.
Индия өлкөсү жөнүндө Чыңгыз кызуу сүйлөп жатса эле, Керез:”Чыке, токтосоң, жанагы универмагга киргенибизди айтсаң, жанагы чоң көчөдөгү тамакты айтсаң”-деп ортодон жула качат. Эч кенен сүйлөттүрбөй койду. Аялбыз да, биз дагы көңүлүбүзгө жакканды айткыбыз келет экен, бирок,тегерек четти баам сала жүргөнүбүз оң болот тура. Сүймөнкулдун достору, актерлор бар эле, алар кетишкенден кийин:
“Каап, Чыңгыз агабызды жакшылап угалбай калдык”- дешти.
Отуруш ортолоп калганда Чыңгыз айтты:
-Аяш, Керез эртең кетет балдар менен, мен жалгыз калып китеп жазам, ошого кымыздан куюп коюңуз – деди. Бир литрдей калган экен. Кымыз саткан базар жок, эми эмне кылам? Сүт сатып келе коюп, бышырып, кымызга кошсом кою болуп калды эле, суу куюп жиберип чалып атам, чалып атам жанташалып. Кичине кезибизде уйкымыз жасайт элек, ошонун пайдасы тийди. Улам даамын татып коюп чала бердим. Бир убакта сонун кымыз болуп калды. Чыңгыз кетип атканда калган этти, кымызды салып узаттык. ”УАЗик” менен келишкен, кеч кетишти. Эки баласы тең томпойон толук, жакшынакай балдар экен. ”Аяш, булар мамасын тартып томпок”,- деп күлдү.
Азыр, ошондогу кымыз жасап бергенимден уялам, бербей, жок десем Сүймөнкул жаман абалда калмак. Жазам десең ушуну деле жаза бер, турмуш да.
Чай чыны, аборт, ый
Сүймөнкул киши тосоордо дайыма мага кайрылчу. Мени апасындай эле көрдү. Жубайы Салима болсо орус мүнөз, чыгармачыл жан эле. Апасы Украин кызы, атасы дунган улутунан болгондуктан каада-салттан алыс эле. Тил да билчү эмес. Искусствонун адамдары үйүнө идиш аяк, килем-килче кылбайт турбайбы, “Ой, жеңе, зачем, кто убирать будеть?”-деп коёр эле. Кээде конокту бирге тосушчу, бирок, идиш жууп кухняда жүрөөр эле. Кантип таанышышканын сураганым жок, экөөн искусство табыштырды окшойт.
Сүймөнкулдун Асымкүл деген жакшы көргөн кызы болгон экен. Анын сүрөттөрүн да тартып жүрдү. Кийин ошентип, тагдырдын буйругу менен 1966-жылы Шабаза Салимага үйлөнүп, жашап калышты.
Бир жолу булардын үйүнө бир казак актер келди.
-Сүймөнкул, атагың тас жарады, үйүңдө бир чай ичкенге чының жок -деди. Керамика сыяктуу стакандарга чай ичишээр эле. Ал кеткенден кийин айттым:
-Балам, мындай болбойт, кыргызга белгилүү адамсыңар, үйүңөргө конок келет,киши киши менен киши болот, ушинтип айтып кетет-дедим.
Экөөбүз барып, килем, палас, люстра, чыны-чайнектерди алып келдик.
Келсек үйдө Салима бар экен:
-Ой, жеңе зачем?-дейт.
-Мына, ушинтет бул-деп коёт Сүймөнкул. Ага да түшүндүрдүм.
Дагы бир жолу Сүймөнкул телефон чалып:
“Жеңе, такси менен тез келиңиз”- деди.
Эмне балээ болуп кетти деп такси менен келдим.
Салима аборт кылдырам деп жатыптыр.Бактыгул деген баласы чуркап калган. Ал туулганча канча азап тарттык. Көпкө чейин боюнда болбой, барбаган доктурубуз, кемпир-кезегибиз калган эмес. Келин болуп келгенден кийин бир топ жылдан кийин көз жарган.
-Кой, Салима, алдырба, кыз болсо өзүңө жакшы, бала аялы менен кетип калат, ойлон. Өзүң да араң төрөдү элең го, унутуп калдыңбы? Кой, -дедим.
-Сүймөнкул фестивалдап жүрөт, мен жалаяк жууп үйдө отурамбы? -дейт
Жалдырадым.
“Это мае личное деле”,- деп болбой, алдырып салды.
Кийин уулу үйлөндү. Сүймөнкулдун өлгөнүнө эки жылча болуп калган, үйүнө бардым. Салима катуу ооруп, төшөктө жатыптыр.
-Жеңе, мени кечир, уулум аялын карап кетти, менин абалым ушул. Кыз төрөп алсам карамак экен мени,- деп аябай өкүндү. Ыйлады. Ошондон кийин тез эле кайтыш болуп кетти.
“Сүймөнкул айыксын деп эчки да саадым”
Сүймөнкул 1981-жылы Советтер Союзунун делегациясынын составында Египет мамлекетине барат. Ошол жерден ысыкка чыдабай катуу ооруп калат. Ал жерден самолёт менен Москвага жеткизишет. Москвадан Москва-Фрунзе самолетуна салып “бул жактагы доктурларга “тосуп алгыла” – дешет. Нефрология бөлүмүнө жаткырышып, текшеришсе эки бөйрөгү тең иштебей калган экен. Оорунун уусунан эсин жоготуп, өңү саргаят. Доктурлар ушундай оору менен алыска барганына, ошо менен чыдап келгенине таңкалышат.
Диализ аппаратында 5 саат жатса да жакшы боло албады. Эртеси дагы 5 саат жатты. Ошондо гана кичне өзүнө келди. Бул анын чет өлкөгө эң акыркы чыкканы болду.Ошондон кийин дайым канын аппарат менен тазалатып калды.
”Өмүрүм бычактын мизинде болсо да, жашоодон үмүтүмдү үзгүм келбейт”- дейт эле. Кийин киного тартыла албай калганда кинорежиссерлор “кыргыздын мыкты уулун сактай албай калыптырбыз”- деп өкүнүп жүрүштү. Киного тартылганда сууга акканын, секирген жерлерин каскадерлор аткарыш керек эле, страховка болушу керек эле, андай болгон жок.
Ал диализке отуруп калганда мен ишимен чыктым. Ооруган кишиге көңүлүндөгүдөй тамак жасаш керек да. Мени багып алган апам өзүбек улутунан болгондуктан кичинемден түрдүү тамактарды жасап чоңойгом. Менин чойгон лагманымды эч ким чоё алчу эмес ошол жылдары. Чүчпараны сонун жасачумун. Ошону жакшы көрчү Сүймөнкул.
Камырды жука жайып, этти колго майда туурап алып аябай чабам. Чапканда эт бышат. Андан киийн гана даам татым кошуп, эринбей майда кылып түйүп, бышырчумун.
Сүймөнкулга дары болобу деп эчки да саадым. Жанында жүрчүмүн. 56 жолу опреация болду.11 жыл диализте отурду.
Кыйналганда жүрөгү айланчу. “Кускум келет”,- дечү. Тамак жасап барсам жакшы көрүп жээр эле. Аябай тандап жечү.
Салима жетишпейт, мен да каралашам. “Жеңе этим тырмап берчи”,- дечү. Кан чуркабаса тери да калдайып, кургап, жарылып-жарылып кетет экен да, куудурап кычышат экен. Тырмап берчүмүн. Бөйрөк иштебесе буту – кол жылыбайт тура.
Бир жолу, “үшүп атам, эч жылыбай койдум”,- дейт. Калың, пахта жууркан муздап, оор келип, кыйналып аткан экен. Мен жөн отурбайм да, бош убактымда нак жүндөн жууп, майда тытып, астын чыт, үстүн жибек кылып жеңил, жылуу жууркан жасап койгом. Чуркап келип эле ошону алпардым ак шейшеп каптап.
-Ой, жеңе, жыргап калбадымды, мурда эмне алып келбедиң-дейт.
-Кайдан билейин, балам, сен айткан жоксуң да , -дедим.
Тамырлаш
Сүймөнкулдун 50 жашын өткөрдүк. Эл тарап калган маалда “жеңем тез келсин” деп чакыртып жибериптир. Барсам эле Сүймөнкулдун бутунан кан атып атат. Кан тамыры жарылып кетиптир. Башымдагы жоолугумду чечип эле бутун байладым, ыйлап атам. Көйнөк-кечем бүт кан болду. Намырбек да келип калды, экөөлөп доктурга алып жөнөдүк. Мен жоолук байланган бутун кармап баратам, ыйым токтобойт. Сүймөнкул өзү болсо ошол буту менен педалды тээп, машина айдап баратат. Мени аяп кетти окшойт, бакырып жиберди:
– Жеңе, басыл! Болду ыйлаба! Жоолукту бекем тартыңыз! – деди эле басыла калдым. Ооруканага келсек Кудай жалгап Намазбеков ордунда экен, алып кирип кетишти. Көптө чыгышты. Мени “кир” дешти, кирдим. Сүймөнкулдун аялы экен деп ойлоптур тиги врач.
– Аяш, Сүймөнкул бир аял менен тамырлаш болуп калды, – деп ыйлап аткан мени күлдүрүү үчүн тамашалап кирди эле, Сүймөнкул сөздү бөлдү:
– Бул менин уялаш жеңем болот.
Көрсө, баягы жарылган тамырга аял кишинин тамырын улашкан экен.
Сүймөнкулдун сүйүнүчү, таарынычы
– Сүймөнкул ага сизге көп белек берсе керек?
– Ооба, чет өлкөлөргө барганда дайыма жоолуктарды алып келип берчү. Ошону да абысындарым көралчу эмес. Мен “балам, мага эч нерсе алып келбей эле койчу, тиги жеңелериң жаман көрүп атат” десем, “ай жеңе, жакшыга кеп илешет, жаманга эмне илешет? Көңүл бурбай эле кой” деп койчу.
– Сүймөнкул балалуу болгондо сүйүнгөндүр?
– Оо, айтпа, алигүнчө эсимде, бир башкача жайнаган ошондо. Көздөрү ушундай балбылдаган. Сүймөнкулдун андай сүйүнгөнүн өмүрү көргөн эмесмин. Баланы чыгарып келатабыз. Сүймөнкул баланы алып арткы орундукта, жанында жубайы. Алдыда мен.
– Ээ, жеңе, үнү кантет, ыя? Манастай го… – деп бир сүйүнгөн. Бала баркырап ыйлап келаткан эле. Төрөт үйүнө баргыча эле боорсогумду камдап кеткем, элди күттүм келип. Мал сойдук. Өзүм багып, кыркын чыгардым.
– Сүймөнкул ага каза болгондо жанында белеңиз?
– Жок, жанында болбой калып жатпаймынбы. Спецбольницада жатчу. Кызым “дядя Сүймөнкул меня не узнал”,- деп келди. “Апей кокуй!” деп эле эртең менен эрте келдим, ыйлап баратам. Палатага кирдим.
“ Жеңе, бетиңди тытып ыйлап келмексиң азыр, кечээ өлүп эле кайра тирилдим, жаным кыйналганынан киши тааныбай калыптырмын”, – деди.
– Кантейин балам, Чоң-Ташта иштер да көп болуп жатпайбы, – дедим.
“Силерге Чоң-Таш керек, колхоз керек, – деп таарынганы жазылбады. Мен да ыйладым.
“ Болду ыйлаба, мен эми өлбөйм, жакшы болуп калдым, – деди.
– Эмне жейсиң? – дедим.
“ Жүзүм жегим келип атат” , – деди.
Суусаган окшойт, ага суу ичкенге болбойт эле. Жүзүм алып келип бердим. “Өлбөйм деди” деп көңүлүм ток кеттим. Эртеси каза болуп калып атпайбы!
25-сентябрь болчу. Терип алган жүгөрүнүн данын чыгарып жаткам. Эл топтолуп атышкан, көңүл бурган эмесмин. Көрсө, угуза албай жатышыптыр жаман кабарды.
Бир тууганбыздын орусча сүйлөгөн кызы бар эле, ошону жиберип коюшуптур.
“ Карачач апа, дядя Сүймөнкул умер ” – деп атпайбы.
– Ай, эмне дейт кокуй! – деп эле жүгөрүнү чаба берипмин, күйүп кеттим го!.. Арманым: узап атканда жанында болгон жокмун. Андай адам жүз жылда бир жаралат…
Куросава келгенде
Не деген кишилерди коноктободум. Устукан кандай тартылат, кай жерде кандай сүйлөш керек, каада-салтты билген да жакшы экен. Улуу адамдар менен аралашканда пайдасы тийет. Азыркы келиндер төрдө отурган аксакалдарга артын салып чыгып кетишет. Биз антчү эмеспиз, уялчубуз. Бет жагыбыз менен элди карап, акырындап кетенчиктеп отуруп чыгып кетээр элек, көчүгүбүздү көрсөтпөй. Бул жагынан алганда ата-бабаларыбыз өтө даанышман келишкен экен.
Сүймөнкул Чыңгыз Айтматов менен Акира Куросаваны ээрчитип келди. Биз анда дачада болчубуз. Күн мурун айткан эле, казы-чучук, эт, кымыз, салаттары менен дасторконумду жайнаттым. Биздикинен кийин Татырга тойго кетишмек. Дачага жаңы бактарды тиккенбиз. Бир көчөттө жалгыз алма бар эле. Аны күйөөм чүпүрөк менен ороп койчу эле эмнегедир. Мен конок келет деп чечип койгом. Кызыл болуп бышып калыптыр.
Чыңгыз бир сыйра тамактанып, эс алып кетип калды. Акира улам эле ажатканага чуркайт. Байкадым, казы-чучук көтөрө албай, ичи жүрүп кетти окшойт. Кадимки “чытыр” деп аталган көк гүлдүү чөптү коюу демдеп бердим эле, айыкты. Анан кетти. Чыңгыз чыгып баратып баягы жалгыз кызыл алмага көзү түшүп, “оо, менин кызыл алмама окшош турбайбы!” деп жулуп, чөнтөгүнө сала кетти. Күйөөм экөөбүз сүйүнүп, күлүп калдык.
– Апа, Акира Куросава Сүймөнкул агага эмне деп айтчу экен?
– “Сүймөнкул, өңгөнү таштасаң да сүрөтчүлүгүңдү таштаба”, – дечү тура.
– Куросава өзү сүрөтчү болгон да, ошого “сүрөтчүлүгүңдү таштаба” десе керек, ээ?
– Ошондой го.
– Жанынан көрдүңүз да, кандай киши эле, кебетеси дегеним?
– Кыргыздын байыркы абышкаларындай тоголок келген, чокчо сакалчан, жапакеч киши эле.
– Агабызды ал киши самурайдын ролуна тартсам дечү экен да, тилегине жетпей калбадыбы.
– Ооба, жанагы “Дерзу-Узала” тасмасында башкы ролду аткармак экен, бирок башкы каарман кичине, чепейген киши болгондугуна байланыштуу кийинки ролду аткарып калды. Сүймөнкул тик кабак, узун бойлуу, заңкайган жан эле да.
– Ооба, ичи дагы, сырты дагы сулуу жан эмес беле агабыз…
– Динара, бизди таластыктар чакырышып, сыйлашкан. Атайын өргөө көтөрүшкөн экен. Жылкы союшкан. Келиндери тикесинен тик туруп кызмат кылышкан. Ыраазымын аларга. Сүймөнкул тууганынын келерин билгендей сен келерде түшүмө кирбедиби. Аян берди. Сенин келериңди, жазарыңды күн мурун билгем.
Күйөөнүн ыраазылыгы
– Апа, бул өмүрдө өкүнгөн нерсеңиз барбы?
– Жашоодо өйдө-ылдый болот экен, баарын көтөрдүм, өкүнбөйм. 90 жашка келдим, Кудайга шүгүр. Мен да тегин киши эмесмин. Өмүрүм текке кеткен жок, бүт президенттерге ак батасын берген, эл деген кишимин. Тээ бала кезден эле эл бактым. Мени багып алган ата-энем бай эле. Сүт тартканы эки чака сүт көтөрүп чыгып, үйгө жарым чака алып барчумун. Аялдар “катыкка кичине сүт берчи?” десе куюп берер элем. Үйдөгүлөргө “төгүп алдым” деп койчумун. Үрөнгө деген буудайды ташып отуруп, түгөтүп салчумун. Үрөн чоң үкөктө эле, сузуп ташый берчүмүн. Бир күнү жок калыптыр, сузайын деп атып, өзүм ичине түшүп кеттим, капкак жыбылып калды. Үйдөгүлөр издеп, араң табышкан мени. Ошондо уурулугум билинген. Кийин барсам, айыл эли ошону айтышты. “Бизди аман алып калган кыз” дешти. Кечээ жакынга чейин эле карылар үйүнө жылына кап-кап как жасап берчүмүн. Эки эле жыл болду, көзүм жакшы көрбөй, жасай албай калдым.
Чалым каза болордо ырахматын айтып узады. Ооруп жаткан. “Менин тагдырма сени жазган Кудайыма ыраазымын, сен болбосоң ичип кетмек белем, башка болуп кетмек белем, билбейм. Экөөбүздөн бала болгон жок деп кейибе. Эгиз балдарыбыздын баары боюңан түшүп калды, аны да көтөрдүң. Бирок, кыргыз жашап турганда Сүймөнкул жашай берет. Сүймөнкул жашап турганда сенин да атың өчпөйт” деди. Бир тууганымдай караганымды айтты көрүнөт.
Тууган
“Сөздү кези келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт” дейт, бирин-бири кадырлап, көтөрүп, сүйөмөлөп, издешип, табышып, эл болуп келатканыбызды айта кетпесем болбостур. Биздин жетинчи атабыз Кыбал. Кыбалдан Нияз, Кудайназар (Нияздан Сүймөнкул Чокморовдор, Кудайназардан биз тараганбыз. Жетиген уруусу – Д.Б). Кудайназар жаш кезинде жергиликтүү улуктардын бирине кол көтөрүп, ташбараңга алынарда туугандары түндөп качырып жиберишкен экен. “Кытайга кач, аман болсоң келерсиң” дешет. “Элиме барсам” деп көксөп жүрүп Кудайназар бабабыз о дүйнө сапар алат. Бул кабар Таласта калган иниси Ниязга жетет (бабабыз ал жакта жүрүп Куттубай, Конокбай, Тезекбай аттуу үч уулдуу болгон экен). Нияз “алып кел” деп мыкты чыкма небереси Муратты жиберет. Тезекбай “мен үй-бүлөлүү болуп калдым” деп калып калат да, берки экөө келет. Мурат Кетмен-Төбөгө жеткенде көз жумуп, алар ошол жерде кыштап калышат. Жазында жол ачылганда жаңы туугандарды Мураттын балдары Таласка көчүрүп келишет. “Кытайдан жаңы келген туугандар” деп кеп кылышат айылдагылдар бизди. Ошентип, биздин кичи уруубуздун аты “жаңы тууган” деп аталып калат. Азыр “жаңы тууган” уруусу бир айыл эл болдук. Бизди бөтөн жерге калтырбай өз элибизге алып келген туугандарыбыз – Сүймөнкул аганын аталарына таазим! Кыргыздын жакшылыгына сүйүнүп, жаманына күйүнүп ичинде жашаган ушул күндөрүм баа жеткис бакыт!
Сүймөнкул агабыз “Манасты, Айтматовду жараткан кыргыз элинин уулумун” деп сыймыктанчу экен. Биз, кийинки муун кыргыздын мыкты уулдарына Сүймөнкул Чокморов деген ысымды кошуп сыймыктанабыз.
Динара Бейшеналиева, “Азия Ньюс” гезити, 26.07–17.08.2023-ж.


