Рахат АМАНОВА: “Ак бурганак” (повесттин уландысы)
(повесттен үзүндү)
Быйыл кар калың жаап, кыш ызгаардуу келди. Ноябрдын ортосунда «күп» этип кар калың түшүп, күн алыс тынбай жааган үчүн тоо койнундагы айыл апакай, сулуу эле. Жаңы жылды мектепте тосуу салтанаты башталып, ар бир класстын концерттик номери спортзалда өтүп жаткан. Айылдагылар атайы ушул жаңылык үчүн зал толо келишет. Себеби жылда бул майрамга карата ата-энелер уул-кыздарынын кичинекейлерине жаңы жылдык маскарад кийимдерин сатып берип, жасап берип, ал эми жогорку класстын кыздарына апалар көйнөктөрдү атайы тигип берип, окуучулар жарым ай бою концерттик номерлерге даярданат. От жагылбаган суук спорт залга бийик арча орнотулуп, арча менен залды жогорку класстын окуучулары жасалгалап чыгышат. Жаңы жылды мектепте тосуу айылды шаан-шөкөткө бөлөгөн жомоктогудай майрам. Жаңы жылга бир жума калды дегенде окуу деген унутулуп, жалтырак-жултурактар менен кооздолгон класстарда музыка жаңырып, оюн-зооктор башталат. Окуучулар жаңы жылдык кийимдери менен репетициядан башы чыкпай, жылдыздардай жымыңдашып, кандайдыр бир өздөрүнө гана тааныш балалыктын сыйкырдуу мейкинде канат байлап ары-бери учуп калышат.
Быйыл бир жарым жылдан бери бири-биринен уялып жүргөн улан менен кызга күтүлбөгөн жаңылык болду. Класс жетекчи эжейи экөөнү алып баруучу кылып дайындады. Жаңы жылга бир күн калган болчу. Эрте менен биринчи класстан башталган концерттик номерлер аяктап, түн кирип калган маалда онунучу класстын концерттик номерлерине кезек келди. Улан менен кыз жетелешип чыкканда элдин баары жылмайып, суктанып карашты. Экөө дагы бактылуу эле. Кызга апасы кызгылтым сары атластан узун көйнөк тигип берген. Көк костюм-шымы келишимдүү турпатына куюп койгондой жарашкан улан дагы керилет. Акырында концерт жыйынтыкталганын айтып, экөө арчанын жанына жетелешип чыгып бара жатып, улан кыздын колуна кагаз карматып, «үйгө барып оку» деп шыбырады. Күтүүсүз мындай жаңылыктан апкаарыган кыз эч кимге карабай, күрмөсүн кие салып, кагазды уучтай кармаган боюнча үйүнө учуп жетти. Үйгө киргенде колун ачса, үч бурчтук бүктөлгөн кат жүрөт. Кат татынакай кызыл гүл тартылган сүрөт жана үч куплет ыр менен башталыптыр.
Ачылыптыр өмүр гүлүң
Сүйүү отун багынтып
Угасыңбы жүрөк үнүн?
Жүрө бербей сагынтып.
Ушинтип башталган ыр саптары уланып, андан ары мазмуну кыска сөздөр астейдил сый менен тизмектелиптир. Апкаарыган кыз бакыттын кучагында термелип, таң атканча уктаган жок. Бирок жооп бергенге үлгүрбөй калды. Эртеси эрте менен атасы менен апасы демейдегидей эле коңшу айылдагы чоң ата, чоң энесинин үйүнө каникулга жеткирип келишти. Мына ошондо кыз биринчи жолу эрксиз ажыроо, кусалык дегенди билди. Алдыда машине айдап бараткан атасы дагы, атасынын жанында олтурган апасы дагы кыздын билгизбей көз жашын сүртүп баратканын байкашкан жок. Болгону бир карыш жердеги айылга барат. А эмне үчүн жердин жети түбүнө бара жаткандай ыйлайт, кусаланат?..
Кечээ кечинде, анан эрте менен да телефондун жанына барып, чалгандан уялып трубканы коюп койгон болчу. Анткени уландын апасы бар. Апасы телефонду алып калса уят эмеспи?.. Эмне деп айтат?.. Кантип уланды «чакырып коюңузчу» деп айтат ? Анда уландын апасын кайсы бети менен карайт?.. Анткени экөөнүн тең ата-энеси мугалимдер. Ушинтип уялып жүрүп, эгерим бир да жолу уланга чалган жок. Эгерим бир да жолу чалган жок!.. Коридордо турган телефондун сабынан кармап, номурду терип кайра коюп коёт болчу.
Эгерде… эгерде, тээ кийин-соңгу, ушул тартынчаактыгы, уялчаактыгы экөөнүн башына жете турганын билгенде, эх-х… Анда ийменип уялгандын ордуна жөн эле жадына жат номерди бурап терет болчу. Анда өзүнөн бир ооз сөз күткөн жигитке «сен мага керексиң» деп айтмак, анда экөөнүн тагдыры таптакыр башка жолго бурулмак!.. Ооба, анда экөө баш кошуп бактылуу болушмак. Бактылуу болушмак эмес, бактылуу болушат болчу. Бирок турмушта кепилдик жок эмеспи? Андай болсо, балким, тагдыр экөөнү эки башка жолго да салмак. Бирок ажырашкан күндө дагы бул экөөнүн тагдыры болмок. Бакыт деген кимдин эле бешенесинен сүйүп өөп, күтүп турат дейсиң? Кандай болгон күндө да экөө баш кошсо, анда мейли адашуу болсун, мейли кийин тануу болсун, чануу болсун, бирок бул экөөнүн бирге баскан жолу болмок.
***
Мурда каникулда чоң ата менен энесине эркелеп жыргап жүрө берчү. Бул жолу күндүн өтүшү азап болду. Негедир жолду карайт. Анан эч кимге көрсөтпөй жашыйт. Акыры каникул да бүттү. Сабак башталган күнү эрте менен саат жетиде мектепке жөнөдү. Үйдө бүгүн бир мүнөт да чыдап отура албайт эле. Ашыгып бара жатып жолдо уланды көрдү. Экөө бир көчөдө кошуна турушат. Кечээтен бери кар токтобой лапылдатып жаап жаткан ээн, караңгы көчөдө улан оң жак ийинине сумкасын асынып маанайы жок бара жатыптыр, кызды байкаган жок. Аркасынан кирсе, улан муздак, караңгы класста айнекти тиктеп, мугалимдин олтургучунда ойлуу олтуруптур. Кыз сумкасын коюп, унчукпай уландын жанына барып жооп катты карматты. Ал бир барак кагазды ачып окуп, анан саамга тиктеп, өйдө туруп жылмайып саамайынан өөп, «ырахмат» деп шыбырады. Кыздын каты да ыр менен жазылган болчу.
– Эрте эле жооп берип койбойт белең?.. Жок дегенде чалып «Ооба» деп бир ооз айтып койбойт белең?.. Жообуңду күтүп жинди болуп кете жаздадым. Чоң атаңдардын айылына үч жолу бардым. Бирок кимден, кантип чакыртам деп кечке туруп баса бердим. Экинчи мындай кылбачы, макулбу? – деп кыздын эки колун кыса кармап, тигиле караган уланга чексиз ишенич менен караган кыз:
– Макул. Экинчи мындай кылбайм. Кечирип койчу?.. – деди.
Ошентип, сезимдерин ачык билдире албай жүргөн экөөнүн жомоктогудай сүйүүсү кар көз ачырбай жаап жаткан күнү башталды. Муздак, караңгы класстын терезесинен сампарлап жааган карды тиктеп турган бактылуу ирмемде, улан кыздын оң колун этиет кармап: «Азыр жүрөкчө тартабыз, кийин эстеп жүрөбүз..» деп кулак түбүнөн жыттап, шыбыраганча сөөмөйү менен кош жүрөкчөнү айнекке чогуу тартышты.
***
Ошентип, бармактайынан бирге бакчада болгон, андан кийин он жыл мектепте чогуу окуган он алты жашар кыз менен он жетиге жаңы толо турган уландын жомок сүйүүсү онунчу класста, аппак кар жаап жаткан кышта башталды. Булардын сүйүүсү жалаң сезимтал ырлар менен коштолду. Буга дейре уландын ыр жазып жүргөнүн билбеген кызды багындырган дагы сезимтал ырлар болду. Ага дейре бала бакчада болобу, мектепте болобу, уландын өзгөчө бала экенин билгени менен классташ катары гана көрчү. Албетте, сегизинчи класста кыз кандайдыр бир табышмак сезимде термелген болчу. Ал эми тогузунча класста экөөнүн балалык сезимдери ойгонду. А бирок бул сезимдин түбөлүктүү болушуна уландын ыр жазганы негизги себеп болду. Кыз өзү төртүнчү классынан баштап эч кимге көрсөтпөй жомок, ырларды жазып, бирок ыр, жомок жазганынан уялып дептерлерин отко салып өрттөп жиберчү. Кичинесинен эле орус тилчи мугалим атасынын толтура китеп, журналдарынан чыгармаларды окуп чоңойду. Анан дагы, айылдык китепкана үйгө жакын бир карыш жерде эле, каалаган маалда каалаган китебиңди алып окуй бересиң. Китеп окуп жүрүп чыгармачылыкка ышкысы ойгонгон кыз үчүн, акындык менен жазуучулук адамдын асылдыгын аныктаган баалуулук эле. Мына ушундай асылдыкты кыз уландан көрдү.
Экөөнүн дилин табыштырган ыр дүйнө менен музыка болду. Жаштар үчүн жагымдуу музыканы уккандан чексиз ырахат алышат. Ар дайым уландын жанында магнитофон жүрчү. Экөө жан дүйнөсүн ыр менен төгүп ырахат алышты. Жүрөкчөдөй болуп бүктөлгөн үч бурчтуу каттардын ичинде жазылса ыр гана жазылат. Сезимдерин бир гана ыр саптарына ыраа көргөн улан менен кыздын жан дүйнөсү ошол кезде бир жаркыды белем. Кыз ал каттарды музыка коюп алып окуйт. Ыр жазганды адамдын сезимтал алсыздыгы катары көргөн орой дүйнөнүн көзүнөн, сөзүнөн бекитип жүргөн экөөнүн аялуу сезимдери ыр болуп төгүлүп турду. Бири-бирине сезимтал ырлары менен төгүлгөн сайын өздөрүн учкан куштай эркин сезишет. Анан дагы, негедир, экөө бири-бирине ыр жазгандан тартынышпайт эле. Мына ушундай тартынбай, уялбай ыр саптарын бири-бирине төгүп тургандары, улан менен кыздын ортосунда бир өмүрлүк ишенич менен таянычтын аянына айланды. Күнүмдүгүн күндөй, айдай ырларга төгүп таштаган экөө бири-бирине үч бурчтук каттарды арнап жөнөтүп турушту. Бул дүйнөнүн сулуулугун сүйүү менен, сүйүү ырларынын көзү менен көргөн, дүйнөсү жуурулушкан, бир толкунда термелген улан менен кыз чексиз бактылуу эле.
***
Кыз жума сайын атасы менен апасынын тынбай мейманга же жумуштап райборборго, шаарга кетерине чын дилинен сүйүнөт. Ал кезде чачыла той, жентек той, сүннөт тойлор оңой өткөнү менен, кызды алып качып келгендеги үйлөнүү тоюнда бир-эки күн туугандары түнөп калбаса болбойт. Ал эми чоң адам кайтыш болгондо үчүлүгү, жетилиги, кыркы, ар жумада бейшембиси анан жылдык, аш дегендердин каадасы катуу сакталып, тартиби бузулбай өтчү. Ошон үчүн бардык эле ата-энелер алты күн иштесе да, айылы түгөнбөй жүрө беришет. Анан улан менен кыздын бешенесине, эң эле кубанычтуусу, ал кезде аш-тойго кечиндеси баргандар түнү менен союш жеп, түнөп калып, эрте менен кайткан салт бар. Андай күндөрдү Кудай атайы эле экөөнө белекке бергендей болчу. Себеби экөө кеңири жолугуп, таң атканча болсо да кыздын үйүнүн алдындагы, дүпүйгөн бактын четиндеги гараждын дубалына тизилген устундарда олтура беришет. Жуманын алты күнү жумушта болгон кыздын апасы менен атасы алтынчы күн сайын мейманга жөнөшөт. Апасы кызына алтынчы күнү түштөн кийин себетке нан жаап, боорсок жасап кой деп дайындаганда, жакшы кабардан учуп калган кыз жумуштарды дароо аткарганга киришет.
Алтургай, апасынын көңүлүн алыш үчүн боорсок, чакчекейди арыдан-бери майга кайрып ала коюп, артынан тамак бышырып алат. Калган кызыл чок бекер калып кетпесин деп, казанды соода менен таптаза кылып жууп, суу ысытып, кир атмайды жууп, үйдү да таптаза кылып жыйыштырып үлгүрөт. Жумуштан келген апасы кызынын ишинен кыйкым таба албай, кээде гана: «Нанды дагы биртке кактап бышырсаң болмок», «Канакей, шейшептерди синкадан чым-чым салып чыладыңбы көкмөк кылбай? Кирди жакшылап чайкадыңбы порошоктун жыты кеткиче?» же «Боорсокту кызарта бышырбайсыңбы акшырайтпай?» дейт. Анан атасы менен апасы даяр себетти, сарпайларды машинеге салып, «Балдарды жакшына кара, кызым» деп коюп кечиндеси аш-тойго жөнөшөт.
Жомоктогудай сүйүүнүн башталганына он күндөй өтүп, уландын туулган күнү келген болчу. Кыздын атасы менен апасы адаттагыдай эле эки күнгө жумуштары менен мейманга кетишти. Бүгүн уландын туулган күнүнө эмне белек кылышты ойлонуп, анан китеп менен үйдө турган кыпкызыл алмадан бермек болду. «Кызыл алма» деген кино экөөнө тең жага турганын айтып талкуулашкан болчу. Дүпүйгөн бакта, кыздын үйүндөгү гараждын дубалына жөлөнүп, тизилген устундар экөөнүн сүймөнчүк жайы. Ал жерде экөө китеп, кино, ыр, сүрөт, келечек жана башка толтура темада сөздөрү бүтпөй божураша беришет. Жолуккан сайын улан күрмөсүн кыздын буттарына ороп коёт «Үшүп каласың» деп. Кыз баш тартса болбой, «Келечектеги балдарымдын апасына суук тийип калсынбы?..» деп күлүп, ансайын уялып турган кызды уялтып коёт.
21.05.2026


