“Үч муун” аттуу көргөзмөcү өтүүдө
Бишкектеги «Колдо-Арт» борборунда «Үч муун» аттуу көргөзмө өтүүдө. Көрүүчүлөргө үч багыт боюнча эмгектер тартууланууда.
Дамир Конгурбаев «Графика», Адылбек Байтереков кийиз, жүн менен жасалган буюм-тайымдар жана Валерий Никитенко живопись багыты боюнча эмгектерин тартуулайт. Бул тууралуу «Колдо-Арт» борборунан билдирди. Көргөзмө 6-апрелде жыйынтыкталат.
М.Момуналиева, «Кабар» МА, 30.03.2009-ж.
Соц тармактар: