Кыргыз циркинин “Жылдыздар манежде” долбоорунун биринчи туру жыйынтыкталды

Кыргыз цирки менен Улуттук биринчи канал (УТРК) биргелешип даярдаган “Жылдыздар манежде” долбоорунун биринчи туру жыйынтыкталды.

Бул долбоорго эстрада жылдыздары, республикадагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана киноактерлор катышты. Үч ай аралыгында сынак өтүп, цирктик өнөргө шыгы бар мыктылар тандалып алынган. Ар бир артистке цирктин профессионалдык артистери бекитилип күнүгө машыгууларды өткөрүп турушкан.

Бул иш чаранын биринчи туру 28-март күнү мамлекеттик циркте өттү. Цирк имараты көптөн бери мындай аудитория, көптөгөн көрүүчүлөрдү топтобосо керек.

Бул ирет цирктин сахнасына эстрада ырчысы Анжелика, Жанетта Бабкова, Эрмек Маматов, “Тор артында” теледолбоорунун автору, алып баруучусу Назгүл Насиева, киноартистер болуп тогуз талапкер катышты.

Долбоордун автору Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кадырбек Тажиев жана УТРКнын жооптуу редактору Элмира Тезекбаева.

“Долбоор үч турдан турат, бул айда анын биринчи туру өттү. Үч турдан турган иш чара бир айда бир ирет болот. Мыктылар тандалып олтуруп жеңүүчүсү 100 миң сомго ээ болот”, – деди К.Тажиев.

Ал эми жеңүүчүнү калыстар тобу жана көрүүчүлөрдүн уюлдук телефон аркылуу жөнөткөн SMS добушу аныктай.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 30.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.