Бишкекке Австриядан музыканттар келишет

Жакын арада Бишкекке Австриядан режиссер Надя Каяли, композитор Андриас Викидаль жана америкалык аткаруучу Женифер Девисондор келишет. Алар концерт коюу менен бирге Улуттук консерваторияда чебердик усулдар боюнча дарстарды өтүшөт.

Австриядан келе жаткан көркөм өнөр өкүлдөрүнүн Бишкекке болгон чыгармачылык сапары Кыргыз эл артисти, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин Австриянын элчилиги менен болгон сүйлөшүүсүнөн улам уюшулуп жатат. Муратбек Бегалиевдин айтымында, Моцарт, Шопен өңдүү дүйнөлүк атактуу композиторлор чыккан Австриянын бүгүнкү мындай музыканттарынын Кыргызстандын студенттерине тажрыйба бериши – алардын келечегине чоң пайда алып келет:

– Австриядан келаткан музыканттар Улуттук консерваторияда концерт берүү менен студенттерге мастер-класс өтүшөт. Эл менен жолугушат. Анан эң башкысы австриялык музыканттар менен кыргыз музыканттары жолугушат. Мына ушундай байланыштар болот.

Маданият жана маалымат министрлигинин чет мамлекеттер менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдавлет Нурмамат уулунун айтымында, Австриядан Бишкекке келаткан режиссер Надя Каяли, композитор Андриас Викидаль жана америкалык аткаруучу Дженифер Девисондор Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда да концерт бериши мүмкүн.

Ошондой эле Нурдавлет Нурмамат уулу апрель-май айларында Бээжинде өтчү КМШ мамлекеттеринин сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнө кыргыз сүрөтчүлөрүнүн 44 эмгеги коюларын “Азаттыкка” кабарлады.

Ошону менен эле бирге жакын арада Кытай сүрөтчүлөрү да Кыргызстанга келип, балдар үйлөрүндөгү таланттуу балдар менен жолугушмакчы:

– Бүткүл дүйнөдөгү белгилүү кытайлык сүрөткерлердин акциясы өтмөкчү Бишкекте. Акциянын максаты – Кыргызстандын балдар үйлөрүндөгү таланттуу балдарга аспаптар жагынан жана акчалай жардам көрсөтүү.

Ошондой эле апрель айында Белорусияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Ага Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри, “Ак марал” бийчилер тобу жана белгилүү опералык, эстрадалык ырчылар, белгилүү маданият ишмерлери катышат. Нурдавлет Нурмамат уулунун айтымында, Белорусиядан келатканда кыргыз өнөрпозтору Москвадагы кыргыз мекендештерге да концерт тартуулап кайтышмакчы.

Фатима Абдалова, «Азаттык» радиосу, 30.03.2009-ж.

Соц тармактар:

3 thoughts on “Бишкекке Австриядан музыканттар келишет

  • 31.03.2009 at 22:41
    Permalink

    Музыканттардын качан келишкенин убакытын билесизби?

    Reply
    • 01.04.2009 at 06:59
      Permalink

      Азырынча белгисиз. Тактап бергиле деп сурандык. Кабар болоору менен бөлүшөбүз.

      Reply
    • 02.04.2009 at 08:03
      Permalink

      Austriadan musykanttar 29-30 Aprelde Bishkekke kelishet

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.