Куудул Борончунун “Азаттыктагы” азил-тамашасы

1-апрель – күлкү күнүнө карата “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна куудул Борончу Кудайбергенов жооп берди.

– 1-апрель – күлкү күнү айрыкча сиздей элге жылмаюу тартуулап жүргөн адамдар үчүн өзгөчө болсо керек. Бүгүн кандай маанай жана кандай максат менен ойгондуңуз?
– Бул майрамды күлкү күнү деп майрам кылып алып атпайбызбы, негизи мусулманчылыкта бул майрамды майрамдабайт, себеби бири-бирине калп айткан күн болуп эсептелинип калат. Бирок күлкү жагын алып көрө турган болсок, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрө турган күн катары дагы кабыл алсак болот. Бир мамлекетте адамдар узак жашашат экен, 150 жашка чейин чыгат экен асты. Эмне себептен булар көп жашайт экен деп изилдеп көргөн болсо, көрсө алар бүгүнкү биздин 1-апрель күлкү күнүндөй эле, ар бир адам биринчи жолуккан адамына сөзсүз жылмая турган сөз айтуу салт экен. Бир адам эртеден кечке чейин көп адамга жолугушу мүмкүн да, ошентип ар бир адам бири-бирине жолуккан сайын күлкүлүү нерселерди айтат экен да, адамдар дайыма көңүлдүү жүрүшөт экен, өмүрү дагы узун болот экен. Күлкү ден-соолуктун мүлкү дегени көңүл көтөрүнкү болуп жүргөндө пайда болот экен. Бизде болсо эртең менен туруп күлдүрүп койгондун ордуна, таңатпай чалып, “кайдасың, сени милиция издеп жүрөт го” деп айтат. Ошону менен көңүлүң түшөт дагы, өмүр да кыскарат.

-1-апрель күлкү күнү деп эмне үчүн аталып калганын билесизби?
– Эмне себептен күлкү күнү деп калганын толук билбейт экемин. Бирок мен бала кезде биз калпычы күн катары деп билчүбүз. Ленинди бирөөлөр кармап алган экен, сен Ленинсиңби десе, жок мен Ленин эмесмин деп алдап кеткен экен, ошондон баштап бул алдоо күнү деген тарбияда бизди тарбиялаган.

– Азыр куудулдар юморго көп көңүл буруп калдыңар, сатира дегенге тиш өтпөй калгансыйт. Куудулдар коомдогу жат көрүнүштү, мамлекеттик кызматчылардын алдым-жуттумдугун сатиранын тили менен куйкалап турса өнүгүү болот да. Эмне үчүн бир жактуулук, акча табуу үчүн гана күлдүрүү аракети күчөп баратат?
– Бир жактуулук деген туура эмес болсо керек. Себеби биз Рахман Разыковдун “Ар бир айдын алтысында” деп жаңы долбоор менен иштеп чыгып атабыз. Ал жерде концертти көрсөңүз, баардык темалар бар. Ал жерде биздин максатыбыз бир айдын ичинде, гезитте, радиодон күнүгө сиздер жаңылыктарды айтып турган болсоңуздар, биз бир айдын ичинде кандай жанылыктар болсо ошонун терс жактарын күлкү, тамаша аркылуу айтып турабыз деген максат менен иштеп атабыз.

– Борончу мырза, биздин угармандарга, азыркы учурга байланыштуу күлкүлүү анекдот, же окуя тууралуу кыскача айтып күлдүрө кетпейсизби?
– Азыркы боло турган концертте саясий жагын алсак, Абдылда Иманкулов аксакалды Рахман Разыков экөөбүз кармап келебиз дагы, ал кишини жоопко тартабыз, эмне себептен мени жоопко тартып атасыңар десе, түтөтүлгөн илгерки мылтык сизге караштуубу, бул кимдики эле десек, бул чоң атамдын чоң атасынын чоң атасынан калган мылтык, анда сиздин мылтыгыңыз экен десе, ооба менин мылтыгым дейт. Муну сизден башка ким алып колдонушу мүмкүн десек, муну эч ким албайт, менден башка эч ким колдонбойт дейт. Анан биз эгерде сизден бөлөк эч ким пайдаланбай турган болсо, “Манас” авиабазасындагы Ивановду ушул мылтыктан атылды деген жыйынтык чыгып атат, ошол себептен сизди кармап атабыз дегендей жооп айтабыз да. Биздин саясий тамашаларыбызды алып көрсөк, ушул сыяктуу. Бир адамдын бетине “сен акмак экенсиң” деп айтсаң ал таарынып калышы мүмкүн. Ал эми тамашынын жолу ошондо, тамаша аркылуу айта турган болсоң, түзмө-түз кабыл албастан, кетирген кемчилигинин үстүнөн ойлонууга аракет кылат.

– Маегиңизге рахмат.

Бүбүкан Досалиева, «Азаттык» радиосу, 01.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.