ТҮПКҮРДӨ АКЫН БОЛГУМ КЕЛЧҮ…

Сарыгулова Бурулкан Турдубековна 1959-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Азыр «Азаттык-Медиа» мекемесинин директорунун орун басары милдетин аткарат. Үч жыл катары менен Жогорку Кеңештин «Жылдын мыкты журналисти» сыйлыгын алган. 2007-жылы президенттин «Ардак грамотасы» ыйгарылган. 2008-жылы «Замандаш» журналынын «Жылдын мыктылары» конкурсунда «Курч калем» сыйлыгына ээ болгон. Акындардын Токтогул фестивалынын жеңүүчүсү, «Алыкулдун акбоз ат» фестивалынын лауреаты.

Эскербей койсом деле болот эле..
Менин балалыгым асманы менен көлү бири-бирине куюлушуп, төрүндө карагайлуу тоо калкайып, багында алма-өрүк ийилген айылда өттү. Жомокко окшош ошол айылда кадыр-барктуу, билимдүү, таза, чынчыл, көп балалуу бүлөдө өстүм. Ошондон болсо керек, мен бакытымдын туу чокусу балалыгым деп көп айтам. Бул – чындык.

Дагы бир чындык бар – ал балалыктын кайгысы деп айтсам окшошпой калат го, балалыктын арманы. Мен алты жашымдан баштап атамдын Сайра деген бир тууган эжесинин колунда (кошуна айылда) чоңойдум. Мунун себеби бар. Атамдын бир тууганынын жалгыз баласы бар эле, ал дагы окуйм деп Фрунзеге кетип, үй-жай күтүп, шаардык болуп алган. Атамдын ошол бир тууганы кеменгер аял болчу, бүт айыл анын айтканы менен эсептешчү эле. Бир үйдө ошол эжеси күйөөсү, кайын энеси менен турчу. Дагы бир баласы мурда өлүп калган деп айтышчу. Бир тууганын аяса керек атам, «үчөө соксоюп отуруп калышты, эрмек болсун» деп, мени алты жашымда берип койду. Эжеси дагы «кийин карыганда көйнөк-кечегимди жыйнап бергенге ушу кызың жарайт» деп мени сураптыр. Көнбөй койдум, бир нече жолу качып да келдим үйгө, болбой эле кайра алып барып беришет. Кийинчерээк баккан энем мени өз тобунан ажыратпайын десе керек, «Туке (атамды эжеси ушинтип чакырчу), үй мектептен алыс болуп, кызым кирбелеңдеп барып-келгенден кыйналып кетти, мектебиң жакын, баарыңар билимдүүсүңөр, окутуп бер» деген саясат менен үчүнчү класстан кийин мени кайра ата-энеме берип койду. Бош күндөрү жаным калбай барып турганым менен, мен ал үйдөн алыстадым. Кийин баягы шаардагы жалгыз баласы ичип кетти, анан анын санаасын тартып жүрүп кокустан эле баккан энем өлдү мен тогузунчу класска келгенде, артынан кайын энеси, анан арактын айынан баласы, эң акырында абышкасы өлдү. Неберелери өз болуп туруп чоочун болуп калышты. Ошентип баягы үй жайдак калды. Ошондон бери эгер мен өз баласы болсом бул бүлөнүн тагдыры башкача болот эле деп арман кылып келатам. «Балалыкка» деген ырымдагы:

«…Эскербей койсом деле болот эле
Эзгилейт бирок
, мени жалгыз арманӨз болуп бере албаган айыбыма
Ордосу эрди-аялдын жайдак калган»,
деген саптардын сыры да ошондо.

Сайра энем өлгөндөн кийин жан-дүйнөм тез өзгөрүп, бат чоңоюп кеттим. Ата-энемдин кой-айына болбой ошол үйгө, төшөктөгү карыган кемпирдин, жесир абышканын жанына кайра кайтып барып алдым. Чын эле баккан энемдин көйнөк-кечесин жыйып, өзү кармап жүргөн оокат-кечесин тейлеп калдым. Ал кезде мен тогузунчу класста окучумун. Бир ирээт Караколго энемдин бир жакшы курдашын ээрчип барып жүн тыттырып келип, жеңелерди чогултуп, эки ала кийиз жасатканым эсимден кетпейт. Көзү тирүү кезинде ошол жүндү мага шырдак жасап берем деп чогултуп жүргөнүн билчүмүн. Анын үстүнө чоң энем да: «Шордуунун жыйганы ушинтип көрүнгөн жерде чубалып калабы? Жок дегенде ала кийиз кылып жалпайтып койгон киши болсо гана» деп эртели-кеч ыйлап-сыктай берчү… Баары бир окуу жылы аяктап калган кезде ата-энем «көкчөкөздүн көзү жок болсо» деп болбой мени үйгө алып кетип калышты. Кызыгы ошол секелек кыз жасаткан ала кийиздер кимдин колуна өтүп кетти экен деп азыр ойлонуп калам?

Жаштыкка жашырынган акындык дүйнө
Мен мектепти бүтүрөөр жыл көшөрүп сабак окуу менен өтүп кетти. Фрунзени көргөн эмесмин. Борбор калааны көрөм, ошол жерде окуйм деп эңсегенде уктабай чыкчумун. Ал кезде кадимкидей ыр, аңгеме жазып, райондук, облустук, республикалык гезиттерге макала жазып калган кезим болчу. Бирок мен эч качан журналисттик түбөлүктүү кесибим болуп калат деп ойлогон эмесмин. Көкүрөгүмдүн түпкүрүндө акын болуу тилеги жашачу. Мен кайраттуу, эрки күчтүү кишилерге башымды ийем. Улам турмушту көргөн сайын таланттын кудурети, талантты бага билген инсандардын эрки мени абдан таасирлентчү болду. Чыңгыз Айтматов, мисалы. Ошол эле кезде алдына тизе бүгүп таазим кылууга татыктуу залкар таланттардын пенделик тагдыры мен үчүн чоң табышмак. Бакен Кыдыкеева, Бүбүсара Бейшеналиева, Алыкул Осмонов, же болбосо мен бала кезден идеал туткан Анна Ахматова… Алардын тизмеси узун.

Студент жогорку окуу жайда билим эле эмес, тарбия да алат, коомдун билимдүү, маданияттуу чөйрөсүнө аралашат, ал аркылуу интеллигенциянын жаңы муунун түзүүгө өзүн даярдайт. Бул жагынан биз жемибизди жедирген жокпуз. Бардык иштерде демилгечи элек, фестивалдардарды, кечелерди, конференцияларды уюштурууда биздин курстун студенттери алдыңкы катарда жүрүшчү. Ошол кездеги үркөрдөй радио, гезит менен байма-бай байланышып турчубуз. Баарына жетишээр элек. «Жаш толкундар» ийирими аркылуу Кожогелди, Алик, Жедигер, Өмүрбек акындар элге таанылышкан. Максат бийик, дымак күчтүү ошол кез бизге кийин жакшы пайдубал болуп берди.

Бир ирээт Чынгыз Айтматовдун «Фудзиямада кадыр түнүн» сахнага чыгарганыбыз эсимден кетпейт. Факультеттеги драмалык кружоктун жетекчиси Шакин Эсенгулов агайыбыз бизди катуу шыктанткан, кадимки эле турмуштагыдай ойногонго аракет кылып, спектаклди сахнага чыгарганга чейин жан-алыбыз калбай аракеттенгенбиз. Биздин курстан сегизөөбүз башкы ролдорду ойнодук. Мен Алмагүл болгом. Ошентип Айтматов бизди студент кезде Фудзиямага чыгарып, көрпендечиликтин өйүз-бүйүзү менен жакындан тааныштырган. Кээде мага Фудзиямадагы каармандардын тагдырын биз турмушта кайталап жаткандай сезилип кетет.

Биздин курсту азыр деле жолукканда агай-эжейлер мактап калышат, тың чыктыңар деп. Анткени көпчүлүгүбүз журналисттик кесиптин жүгүн көтөрүп кеттик. Алардын арасында райондук, облустук, республикалык гезиттерде, телерадиокомпанияларда иштегендер жоон топ. Албетте биздин курстан акындар да, атка минерлер да, ишкерлер да чыкты, парламент депутаты чыкты. Албетте бул эми ар биринин идирегинен болсо керек. Бирок мен биздин ийгиликте университеттин салымы күч деп ойлоп калам.

Биз жана азыркылар
Биз советтик усул менен окудук да. Бизге талап катуу коюлчу, тартип да күчтүү болчу. Мисалы, биз Ашымкан Өмүралиев, Токтосун Мамбетсариев, Самаков, Ниязбек Шаршеев, Роза Бакинова өңдүү кайраттуу агай-эжейлерден билим алып калдык. Окутуу усулу боюнча талашса болот, бирок алар бизге билимди жугузууга жан-алы калбай, жанын сабап аракет кылышчу, талап коюшчу. Муну алар абийириңдин буйругу деп билишчү. Азыр мындай окутуучулар сейрек. Азыр эми мезгил да, талап да башка. Акча алдыңкы орунга чыкты. Бардыгы студенттердин эркине коюлат. Окугусу келбесе ага негиздер оңой эле табылат. Студенттер проблемаларын акча менен чечип коюшат. Экзаменге катышпай туруп коюлган баа, угулбай калган лекциялар, окулбай калган китептер окутуучунун деле, студенттин деле анчалык тынчын албайт. Балким мен эскиче ойлонуп жаткандырмын. Кээде мен биздин муун өтө эле карып кеткендей сезем. Биз азыр үчүнчү доордо жашап жатабыз. Адегенде советтик мезгилде жашадык, биз студент кезде кайра куруу келди, соңунан эгемендикке чыктык. Кээ бир замандаштарым биздин муунду ошол доорлордун алмашуусунда жоголуп кеткен муун деп калышат. Мен буга кошулгум келбейт. Анткени биздин муун жаңычылдыкка умтулган муун деп ойлойм, кийинки муундарга үлгү болор иши, айта турган сөзү, кошо турган акылы бар.

Эч кимге бербес үч байлык
Бул жашоодогу менин табылгам -балдарым, үй-бүлөм, кесибим. Булар мени эки дүйнөдө эч качан сатпай турган баалуу табылгаларым. Табылга бар жерде сөзсүз жоготуу болот, бул мыйзам ченемдүү нерсе го. Биринчи кезекте мен бул турмушта өзүм башка, изги тилектерим башка жолго түшүп кеткен учурларды эстегенде абдан кейийм. Пайдасын көрбөй калган күндөрдү, айларды, ал эмес жылдарды эстейм, кайра кайтарса кантээр элем деп суроо салып калам өзүмө. Турмуш деген чоң дайранын агымында бардык учурда эле ойлогонуң ойлогондой болбой калат экен.

Мен биринчи кезекте адамдардагы чынчылдыкты баалайм. Ата-энем мени «ууру кылба, ушак сүйлөбө, калп айтпа» деп үйрөтчү эле. Азыр мен да балдарыма ушинтип үйрөтөм. Жакшылык жасоо дегенди адамдын биринчи парыздарынан деп эсептейм, ага жараша колумдан келишинче жакшылык жасаганга аракет кылам. Бирок жасаган жакшылыктарым өзүмө кайра муш болуп тийген учурлар да болот. Андай көңүл кирдеткен учурлар менин сапарымда көп эле жолукту окшойт. Заман бузулдубу же адам бузулдубу айырмалай албайм.

Үй- бүлө, кесип жана талант – үч башка аалам экен. Тандаган кесибим, кудай берген шыгым, тагдыр ыроологон бүлөм – булар менин жашоомдун маңызы, бири-бирин толуктап, мага күч берип турат. Буларсыз менин өмүрүм кунарсыз болмок деп ойлойм азыр. Үчөөнү бирдей боорума кысып, алып жүргүм келет. Бирок, ымандай сырым, антүүгө күчтүү кудурет керек. Мен болсо буларды жандооч кылып жашоо үчүн күрөшкөн жай адаммын.

Ооба, мен ыр жазам. Ыр дүйнө – менин аялуу дүйнөм. Бирок мен акынмын деп өзүмдү айтууга даай албайм. Мисалы, менин түшүнүгүмдө акын болуштун артында чоң жүк бар. Мен бала кезден эле өзүмө жаратылыштан талантың болсо, жазганың окурманга жугуп, ал аруулукту, музаны сезип турса, акындыкты атак-даңк эмес, тагдыр деп кабылдап, ырыңды баладай багып, көрпенделиктен бийик чыксаң, ошондо акынмын деп айтсаң болот деп тизгиндечүмүн. Кубалашкан китептерди чыгарбай калышыма да ушул ички талабым таасир этти го деп ойлоп калам. Бул болсо бир түндөгү ыр экен.

«Уктай албай койдум такыр,
Себеп издеп таба албайм.

Ай-ааламды жортуп бүтпөс

Кайран менин санаам ай.
Самсып бүтпөйт кайдагы ойлор.
Мени электен өткөрүп.
Таң сүрүлмөк тозок болду,
Турам түндү көтөрүп».

Журналисттик кесип болсо чыгармачылыкты талап кылганы менен аны жолу башка. Акындын душманы. Бул менин сөзүм эмес. Кожогелдиники. Маалымат тынымсыз агып турган азыркы заманда журналист жоокерге окшош. Анын ыр менен да, сыр менен да иши жок. Чындык керек, чынчылдык керек. Төртүнчү бийликтин камчысын чабыш үчүн дүйнө таанымың күчтүү, принципиалдуу, кыраакы, жоопкерчиликтүү, анан салкын кандуу болушуң керек. Милдетиң ошол – коомдогу болуп жаткан окуяларды, фактыларды элге туура жеткирүү. Сен жаңылсаң, сенин маалыматыңа ишенген эл да жаңылып калышы мүмкүн.Элдин аң-сезими, көз карашы сен берген продукцияга жараша калыптанат да. Кимдир-бирөөнө көз каранды болуу – бул кесиптин душманы. Падыша менен да, дубана менен да тең сүйлөшүүгө даяр болушуң керек. Мына ушундай милдетти моюнга арткан мага окшогон журналисттин түйшүгүн элестетип көр. Мен ошол жоопкерчиликтен чарчап кетем, бирок ар бир жолу мен чыгарган продкуция элге жеткенин сезгенде кайра баягы эле тегирменчидей болуп ишти кайра башынан баштайм.

Үй-бүлө деген башка дүйнө. Ага аяр мамиле, мээрим, камкордук керек. Мага ар бир жолу турмуштагы бардык жоопкерчиликтен үй-бүлөнүн алдындагы жоопкерчилик эң оор сезилет. Аял үчүн очокту жылытып, бала тарбиялап, окутуп, бүлөңдү ишке, сабакка узатып-тосуп алуу эле чоң түйшүк. Алардын жанында тынчы жок кесибиңе, жан дүйнөңдү козгоп турган чыгармачылыгыңа милдеткер болуп турасың. Баарына тең үлгүргүң келет. Анан жаныңды сабап, уйкудан, айыл-ападан, көр тирликтин майда-баратынан убактыңды үнөмдөөгө тырышасың. Бирок жай турмушта, айрыкча киндиги элет менен туташып турган үй-бүлөдө бул да кыйын. Мындайда мен үй-бүлөмө ыраазы болом. Дайыма түшүнүп, калкалап турушат. Азыр балдар чоңойгону атасы менен чогуу үй-жай. Чарбачылык түйшүгүнө мени такыр аралаштырышпайт. Айлап сапарга чыгып кеткен учурларым биздин үйдөн кадырэсе көрүнүш катары кабылданат.

Азыр
Мени акыркы кездери тааныш-билиштерим саясатка барбайсыңбы деп сурап калышчу болду. Эмнегедир саясат мага туруксуздук менен үндөш сезилет. Саясат менин табиятыма төп келе турган иш эмес. Өзүмдүн азыркы ишимдеги түйшүк деле оңой эмес. Журналистикадагы тажрыйбамды, атамдын өмүрүн, ишмердүүлүгүн жазууга камылга көрүп атам. Андан тышкары чыгармаларымды иргеп, китепке бердим. Аялзаты катары үй-бүлөмдүн аманчылыгын тилеп, жакындарымдын жакшылыктарына күбө болгум келет. Үй-бүлөбүздүн катары толукталса, келиндүү, күйөө балалуу болсок экен, небере жетелесек экен деп үч баламдын жакшылыктарын күтүп, тилек кылып жүрөм.

Жазгүл Жамангулова, «Journalist news» (17)

Соц тармактар:

One thought on “ТҮПКҮРДӨ АКЫН БОЛГУМ КЕЛЧҮ…

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.