Жалал-Абатта актерлордун абалы кыйын

Жалал-Абат облусттук Барпы атындагы кыргыз драма театрында учурда 15 артист иштеп жатат. Бул республикадагы профессионалдык театрлардагы актердук курамдардын саны боюнча эң аз көрсөткүч. Ошондуктан теардын администрациясы маданият жана маалымат министрине кайрылып, Бишкектеги атайын театралдык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн 5 актерду чакыруу макулдашылган.

Бирок аларды Жалал-Абат шаарында иштеп, жашоосу үчүн шарт жок болгондуктан, театрдын директору Б.Сыдыков турак жай маселесин чечип берем деп чуркап жүргөн кези.

«Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.