Курчак театрында “Сыйкырдуу чака” спектаклинин бет ачаары болот

Муса Жангазив атындагы Республикалык куурчак театрында 12-апрелде “Сыйкырдуу чака” спектаклинин бет ачаары болот. Бул жөнүндө бүгүн курчак театрында билдиришти. Алардын маалыматы боюнча спектаклди Виктор Трегубовдун аты окшош жомок-пьесасынын негизинде коюлган. Спектаклди Кыргызстандын эл артисти Валентина Анникова койгон, анын сүрөтчүсү Шарип Жайлобаев. Спектаклде курчак театрынын артистери Шарапат Кадыралиева Гүлзана Эркинбаева, Нина Москалева, Марат Шаймухамедов ойношот.

МТ, «Кабар» МА, 06.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.