Ноокат районундогу айрым мектепте балдар ашканада окушууда

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Темир-Корук орто мектебинин имараты өткөн жылда болгон табигый кырсыктан улам тийиштүү адистер тарабынан 3-категорияда жабыр тарткандыгы аныкталган. Учурда 4 класстык бөлмө жараксыз болуп, окуучулар ашканада билим алып жаткандыгына губернатор А.Карашев жеринде күбө болду.

Мектептин педагогикалык жамааты жана айыл тургундары менен болгон жолугуушууда. 2009-жылдын башында болгон жер титирөөдөн облус боюнча 29 мектеп авариялык абалга кептелгендигин, 2008-жылы 13 мектеп, Ноокат районунан Исанов, Алтын-Казык орто мектептери пайдаланууга берилгендигин, дагы 16 мектепти куруу боюнча тийиштүү министрликке жана Кыргыз өкмөтүнүн дарегине кат жолдонгондугун облус жетекчиси маалымдады. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы боюнча башта курулушу башталган мектептерди аягына чыгаруу зарылдыгын. Ал эми Темир-Корук орто мектебин ашканасы, спорт залы менен келерки жылдын планына киргизүү үчүн аракеттер көрүлөөрүн да белгиледи. Ошондой эле айыл тургундарынын сууроо талабын канааттандыруу максатында Таза суу чыгаруучу скважинаны оңдоп-түзөө ишине резервтик фондунан 50 миң сом бөлүп берерин айтып, айыл тургундарынын ыраазычылыгын алды.

Облус губернатору айылдык маданият үйүндөгү балдарды спорт менен машыктыруучу жайда болуп, соңунда жаңы-ноокаттыктар менен жолугушуу өткөрдү.

Г.Жороева, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.