“Казакстан менен Кыргызстан: түбөлүк достук” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды

8-апрель күнү Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин имаратында мындан жарым жыл мурда уюштурулган “Казакстан менен Кыргызстан: түбөлүк достук” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган конкурс Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулган болчу. Ал эми жыйынтыгы эки өлкөнүн ортосундагы “Түбөлүк достук тууралуу шартка ” кол коюлган күнгө он эки жыл толгондугуна карап чыгарылды.

Алгач конкурска катышкандар менен коноктордун катышуусунда өткөрүлгөн адабий-маданий кечени Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Бакыт Сагындык уулу Оспанов ачып, бул конкурсту өткөрүүдө колдоо көрсөткөн КР Маданият жана маалымат министрлигине, Кыргызстан элдер ассемблеясына, Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзуна, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна, “Кыргыз Туусу” жана “Адабий Ала-Тоо” гезиттерине ыраазычылык билдирди. Элчи ошондой эле эки элдин улуу инсандары Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун достугун уланткан жана кыргыз элинин “Манас” эпосун сактап калууга чоң салым кошкон Чокан Валиханов менен Мухтар Ауэзовдордун улуу ишинин уландысы катары бул конкурстун маанисин өтө жогору баалады. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү Казакстандын дүнүйөлүк алкакта ээлеген орду, кыргызстан менен экономикалык, саясий жана мадаий карым-катнашы жөнүндө кеңири доклад жасады.

Конурстун жыйынтыгын Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, конкурстун калыстар тобунун жетекчиси, Кыргыз эл акыны Омор Султанов чыгарып, жалпысынан 80 ар кандай жанрдагы чыгармалар түшкөндүгүн, алардын арасынан иргелип отуруп, төрт жанр боюнча төрттөн 16 төмөндөгү жеңүүчүлөр аныкталгандыгын жарыялады:

Поэзия жанры боюнча:
1-орун- Байас Туралга (20 миң сом);
2-орун-Бактыгүл Чотуровага (15 миң сом);
3-орун-Гүлсайра Момуновага (10 миң сом);
Кызыктыруучу сыйлык – Болотбек Таштаналиевге (5 миң сом).

Проза жанры боюнча:
1-орун-Айдарбек Сарманбетовго (20 миң сом);
2-орун-Мелис Абакировго (15 миң сом);
3-орун-Казакбай Абдышевге(10 миң сом);
Кызыктыруучу сыйлык-Жыпара Исабаевага (5 миң сом).

Публицистика жанры боюнча:
1-орун- Асан Ормушевге (20 миң сом);
2-орун-Советбек Байгазиевге (15 миң сом);
3-орун-Мундузбек Тентимишовго (10 миң сом);
Кызыктыруучу сыйлык-Догдурбек Юсуповго (5 миң сом).

Илимий изилдөө макалалары боюнча:
1-орун- Лайли Үкүбаевага (20 миң сом);
2-орун-Балбай Алагушовго (15 миң сом, эки элдин музыкасынын окшоштугун изилдеген макалалары үчүн);
3-орун-Абдыкерим Муратовго (10 миң сом);
Кызыктыруучу сыйлык – Жээренче Исмаиловго (5 миң сом).

Конкурстун жеңүүчүлөрү мындан тышкары Казакстандын кыргызстандагы элчиси Бакыт Сагындык уулу Оспановдун колунан Ардак грамота жана атайын жасалган алтын медалдар менен сыйланышты.

Э.Момунов, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.