УТРКнын сеткасы өзгөрдү…

Окурмандар жана көрөрмандар күбө болуп жаткандай, 6-апрелден бери УТРКнын программаларында өзгөрүүлөр болууда. Мисалы, жаңылыктардын салтка айланган убактысы жарым саатка эрте көрсөтүлө баштады. Мындан сырткары телеберүүнүн сеткасы маани-маңызы жактан да бир топ алмашып, жаңырууда. Окурмандарга булар тууралуу маалымат берүү максатында, УТРКнын башкы директорунун орун басары Кайыргүл ОРОЗБАЙ кызына кайрылганыбызда, ал буларга токтолду:
Телеберүүнүн жаңылыктар программасы жалпы аудиторияны кучагына алган, эң негизги программа катары эсептелинет. Ошон үчүн биз ушул программага көбүрөөк маани берип жатабыз. Программанын убакыт-саатын алмаштырып жатканыбыз да ушуга байланыштуу.

Бир ай мурун, ушул ишке келип жатып: “Биринчи кезекте мен маалымат берүү ыкмасын өзгөртөм,” – деп убада кылгам. Буюрса, бул иш-чара жамаат менен макулдашылып, акырындап ишке ашып жатат. Ал үчүн Россия телеберүүсүнөн адистерди да чакырып, кеңештерин уктук. Биздин кызматкерлерге өздөрүнүн тажрыйбаларынан бөлүшүп, мындай реформа убагында өз баштарынан өткөнүн айтышып, бизге бир топ жеңилдиктерди тартуу кылып кетишти. Өзүбүздүн жана алардын тажрыйбаларын ортого салып, таразалап көрүп, өзүңүздөр көрүп жаткандай, 6-апрелден баштап, телеберүүнүн жаңы сеткасы ишке кирди.

– Бул өзгөртүү оңойго турган эместир?
– Албетте, чыны менен эле өтө опурталдуу кадам болду. Анткени буга чейин бизде мындай кырдаал болгон эмес. Кайсындан соң кайсыл программа болору телекөрүүчүлөргө жатталып деле калган да.

– Азыркы сетка тууралуу маалымат кыла аласызбы?
– Айта алам. Эртең менен “Замана” аркылуу көрөрмандарды “ойготуп,” аларга валюта курсу канча болду, аба ырайы кандай болот сыяктуу, ж.б. маалыматтарды тартуулайбыз. Андан кийин, саат ондо “Күндарек” деген аталыштагы жаңылыктар берилет. Андан кийин экраныбыз күндүз үйдө отургандарга – кожойке-энелерге, балдарга, ардагерлерге, убактылуу бош отургандарга, ж.б. арналат. Кинолор, мультфильмдер көрсөтүлөт. Ошондой эле жакында бул учурга арналып “Ден соолук” аттуу элдик медицинага, табигый сырларга арналган, күндө чыга турган ток-шоу программасы пландалып жатат. Бир-эки айдын ичинде көрсөтүлүп калат. Саат он бирлерде кайрадан жаңылыктар, орус тилинде көрсөтүлөт. Андан кийин эфирде ар кандай программадагы, жеңил-шайдоот мүнөздөгү күндүзгү көрсөтүүлөр болот. Алыскы аймактарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп жаткандыктан, күн сайын ар кайсы облустан ар кандай көйгөйлөрдү көтөргөн “Баткен көрсөтөт”, “Чүй көрсөтөт,” “Нарын көрөстөт” сыяктуу, биздин аймактык журналисттер тарабынан иликтенип-изилденген атайын репортаждар саат бештен баштап 15-20 мүнөт көрсөтүлөт.

Ошондой эле, улуттук биринчи канал болгондон кийин, биз дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен сөзсүз кабардар болушубуз керек. Бирок, мен телерадио берүү боюнча тажрыйба алмашканы эки жолу Америкада болуп келдим. Чоң мамлекет болгону менен, алардан биз ала турган, тескерисинче албай турган да жактары бар экен. Мисалы, алар жакта телерадио адистери болобу, карапайым адамдары болобу, өздөрүн кызыктырган гана нерсеге көңүл буруп: “Биз өзүбүздө, бизди кызыктырган гана окуяларды, маалыматтарды билишибиз керек. Башкалардын эмне кереги бар?” – деген пикирде экен. Бул кемчиликти көрүп келген соң, аны өзүбүздө кайталабаш үчүн, “Аалам” эл аралык жаңылыктар программасын ачтык. Бул кечки алтыда орус тилинде берилет.

– УТРКнын басымдуу бөлүгү элеттиктер, башкача айтканда кыргыз тилдүүлөр эмеспи?
– Кыргызчасы да бар. Ал кичине кечирээк чыгат. Экөө тең он мүнөттөн. Андан кийин “Протокол №” деген кылмыш дүйнөсүнөн, өзгөчө кырдаалдардан, финполициядан, ж.б. алынган, дагы бир жаңы программа көрсөтүлөт. Ушул беш мүнөттүн ичинде аталган багыттар боюнча акыркы маалыматтар айтылып, көрсөтүлөт.

– Булардан кийин биздин сетка жаштарга орун берген. “Жаштар kg” деген ток-шоу, ага улай документалдуу фильм кетет. Ал эми 19.30да кайрадан жаңылыктар.

– Бул программа башта 20.00дө кетчү эмес беле, жарым саатка бери жылдыргандан, деги эле телеберүү сеткаңыздарды алмаштыргандан кандай утуш таптыңыздар? Себебин айтсаңыз?
– Өзүңүздөр билесиздер, бизден башка да телеберүүлөр, башкача айтканда атаандаштарыбыз бар. Алар менен “сүзүшүп” калбаш үчүн, контрпрограммированиеге таянып: “Бизде эмне көрсөтүлүп жатат, алардачы? Ошондой эле көрсөтүүлөр кайсы убакта, кандай чыгып жатат?..” Мына ушуларды тактап туруп, сеткабызды өзгөртүүнү чечтик. Биринчи канал болгондон кийин, айрыкча жаңылыктарды алардан озунуп, биринчи көрсөтүүбүз керек эле. Мына ушундай зарылдыктардан, муктаждыктардан улам ушундай өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ал эми 20.00дө, эгерде көрүүчү кааласа башка телеберүүлөрдүн жаңылыгын көрө алышат. Жаңылыктарды үч алып баруучу алып барат. Экөө – негизги алып баруучулар, үчүнчүсү – экономикалык баяндамачы. Бардык жаңылыктар түз эфирде көрсөтүлөт. Жакында дагы бир механизм ишке ашканы турат, алыскы аймактарда болгон окуяны күнбү, түнбү, түз алып көрсөтөбүз.

“Ала-Тоо” негизги программабыз болот, ага өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы студия, жаңы күч менен киришип жатабыз. Булардан кийин ток-шоу “Мезгил” көрсөтүлөт. Көп адамдар бизге чалып, туш-туштан ар кандай көйгөйлөрүн, ойлорун, маселелерин айтышат, бул программада ошону эфир аркылуу айта алышат. Ар күн сайын, бир күнү кыргызча, бир күнү орусча кетет бул көрсөтүү. Ар дайым, мейли дыйкан болобу, мейли мамлекеттик кызматкер болобу, интеллигенция өкүлү болобу, төрттөн конок чакырылат. Эфирдин сыртындагылар алар менен телефон чалуу аркылуу байланышып турушат.

21.00дө – эл күткөн “Ала-Тоо” программасынын кыргызча бөлүгү. Ушул убакка койгонубуз да бекеринен эмес. Анткени ушул учурда бардык көрүүчүлөр иштен бошоп, эс алып дасторкондо же диванда чогуу-чаран отурушуп, телевизор көрүүгө мүмкүнчүлүк тапкан убак болот.

Андан кийин “Аалам” эл аралык программасы көрсөтүлөт.

Ошентип, саат бештен онго чейин көрүүчүлөр негизинен маалыматтар менен камсыз боло алышат. Ондон кийин ар кандай студиядан алынган, лицензиялуу кинолор көрсөтүлөт.

Айтмакчы, массалык маалымат каражаттары менен кызматташуу жана аларда болуп жаткан жаңылыктарды, алар жазып жаткан макалаларды, көйгөйлөрдү көтөрүшүү максатында “Басма сөзгө баяндама” деген берүүбүздүн убактысын узарттык. Каалаган гезит-журналдар, авторлор эмне жазып жатканы тууралуу алдын ала айтып, биз менен кызматташса болот. Булардан сырткары “Улуу инсан”, “Улуу мурас”, “Улукман” программаларыбыз бар.

– Жаңы жаралып, жакында ишке аша турган жаңы долбоорлор болсо керек?
– Азыр “Современность Кыргызстана” деген жаңы долбоорубуз старт алдында турат. Андан сырткары “Кыргызча сүйлөөгө үйрөнөбүз”, “Малые города” (шаарлардын тарыхы, аны негиздеген адамдар жөнүндө) деген жаңы долбоор иштелип жатат. Булардан сырткары эл аралык деңгээлде адабий жолугушууларды өткөрүү планда бар. Мисалы, атактуу чет элдик жазуучуларды чакырып, эфир аркылуу эл менен жолугушуу өткөрөбүз. “Экономикалык жаңылыктар” өз алдынча жарык көрөт. “Кесипкөй” программабыз сапарын улантат.

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.