Бишкекте балдар сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Гапар Айтиев атындагы сүрөт искусство музейинде 24-апрелде балдар сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул жөнүндө бүгүн “КАБАР” агенттигине Ротари клубдун басма сөз менеджери Бермет Өмүрканова билдирди. Көргөзмөгө республиканын бардык аймактарынын 6 жаштан 15 жашка чейин курактагы кыргыз балдары тарткан сүрөттөрдүн республикалык конкурсунун мыкты эмгектери сунушталмакчы. Келген 3 миң сүрөттүн ичинен “Менин өлкөм”, “Менин үй-бүлөм”, “Менин келечегим” деген үч тема боюнча калыстар 63 жеңүүчүнү, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктын 100 ээсин аныкташты.

Б.Өмүрканованын сөзүнө караганда конкурсунун жыйынтыгы боюнча Ротари клуб мыкты эмгектердин иллюстрацияланган китебин чыгарышат. Көргөзмөнүн чектеринде жеңүүчүлөрдү сыйлашат, анын байге фондусу жарым миллионго жакын сомду түзөт. Көргөзмө 24-апрелде 1-майга чейин өтөт.

А.Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.