Бали, теңирейген Теңиртоо таланттары!

Нарын шаарында жыл сайын салттуу түрдө өтүүчү “Жаш талант” кароо сынагы өз ишин жыйынтыктап, жаңы ысымдар аталды. Жаш таланттар канат күүлөп, өнөр айдыңынан учуп чыгышты. Ушул иш чаранын маани маңызы жана жылдагыдан өзгөчөлүгү туурасында ой бөлүшүүсүн өтүнүп, анын демилгечиси жана демөөрчүсү, “Балтаттуу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлмира Мамбеталиевага кайрылдык.

– Гүлмира Сулаймановна, “Жаш талант-2009” кароо сынагына токтоло кетсеңиз…
– Быйыл бул иш-чараны 12-ирет өткөрүп атыптырбыз. 12 жашты кыргызда мүчөл жаш деп коет, демек, “Жаш таланттар” мүчөл жашын белгилеп, Нарын жергесинде “Менин жерим – ырдын жери” аттуу чоң программадагы концерт менен кароо сынактын иш күндөлүгүн ачтык. Концертке биз мурдагы сынактарда жеңүүчү болгон таланттуу улан-кыздарыбызды чакырганбыз, алардын алды ЖОЖдордо студент, орто мектептерде окуп жаткандары да бар. Алар эстрада жылдыздары Ислам Акматов, Максат Бегалиев, Мерген Турган, Нэна менен биргелешип, элге эки күн концерт беришти. Билесизби, лауреаттарыбызды карап отуруп абдан толкундандым, көрсө, биз чын эле аруу милдетти аркалап келе жатыптырбыз. Баланын көкүрөгүндө көктөп келаткан өнөр ышкысын андан ары тутандырып, дем берүү чоң жоопкерчиликтүү иш экенин учурунда анча элес албаганыбыз менен мезгил таразалайт экен. Дегеним, концерт учурунда Аскат Мусабеков, Силима Абдылдаева, Кыдыр уулу Эсенбек деген жаштарыбыз таанымал болуп гана калбастан, элдин сүйүктүү күйөрмандарына айлангандыгына ыраазы болдум. Эми сынак тууралуу айтсам, адаттагыдай эле ыр-бий, “Манас”, дастан айтуу, сүрөтчүлүк, улуттук аспаптарда ойноо, кол өнөрчүлүк, айкелчилик багыттары боюнча областтын бардык райондорунан 200дөн ашуун улан-кыздар катышты. Алар буга чейин өз райондорунда өткөн сынакта жеңип, областка жолдомо алышкан.

Калыстар тобун Бишкектен алып барабыз, бул жолу дагы ошол салтыбыздан жазган жокпуз. Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актан, Кыргыз Республикасынын эл мугалими Асан Заркунов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү Даанакан Адашканова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Адылбек Кыязов, белгилүү теле журналист Мурат Жолукеевдер жаш таланттардын өнөрүн калыстык менен таразалап беришти.

– Татыктуулар жеңдиби?
– Албетте, ар кандай деңгээлдеги сынактарда жеңүүчүлөр, жеңилүү ызасын тарткандар да болот. Талант ар кимге ар кандай деңгээлде берилет, аны таптап, андан ары өстүрүү ар бир адамдын колунда. Биздин бул иш-чара ошондой таланттарга дем-шык берет, дайыма эле аны көтөрмөлөп олтуруу эч мүмкүн эмес. Ушул иш чаранын алкагында жеңүүчү балдар кыздарды Түркия, Кытай, ЮАР сыяктуу четөлкөлөрдө өткөн өтө жогорку деңгээлдеги сынактарга алып барып, байгелүү орундарды ээлеп келе жатабыз. Мен муну чоң сыймыктануу менен айтар элем.

Баш байгени улуттук аспапта ойногон Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева мектебинин окуучусу Айсана Оморова алып кетти. Бий боюнча Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева мектебинен “Сезим” бий тобу, дастан айтууда Кочкор районундагы Түз орто мектебинин окуучусу Жетиген уулу Аскат, Манас жанрынан Атбашы районунан Төлөнбек уулу Бакай, улуттук аспаптарда ойноо боюнча Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы мектептин окуучусу Бактыбек кызы Ширин, вокал боюнча Атбашы районундагы Карыбек уулу Акматаалы мектебинин окуучусу Айтпай уулу Адил байгелүү орундарга ээ болушту. Эмне демекчибиз, биз аларга тандаган өнөрүндөгү талыкпаган аракеттерди каалайбыз. Анткени өнөр адамдарына турмушта өзгөчө вазыйпа берилген. Алар муундардын байланышына дайыма көпүрө катары кызмат кылышат. “Өнөрлүү өлбөйт” демекчи, чыныгы өнөр адамы болом десе, түйшүктөн, мээнеттен качпашы керек. Мара канчалык алыс болсо, ошончолук аракеттенүү зарыл. Жаш таланттар ошондой сапаттарга ээ болсо экен деп кыялданам. Ал эми биз салтка айланган саамалыгыбызды мындан ары да улантып, урпактар үчүн Ала-Тоонун айдыңынан да алыстарга жеткире берүүгө аракеттенебиз.

Сейит ЖЭЭНБАЕВ, «Айат» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.