Назым Мендебаировдун “Дудук кыз” фильми тартылып бүтүп калды

Белгилүү театр жана кино режиссеру Назым Мендебаировдун “Дудук кыз” кинотасмасы тартылып бүтүп калды. Буга чейин ал “Кайып булак”, “Достор” кинофильмдерин жараткан. “Дудук кызда” окуя энеси ымыркайында таштап кеткен кыздын тегерегинде өнүгөт.

“Дудук кыз” кинотасмасынын сценарийин да режиссер Назым Мендебаиров өзү жазган. Фильмдин сүрөтчүсү болсо Орозбай Абдысатаров. Ал эми оператору Молдалы Атамбаев. Назым Мендебаиров “Дудук кыздын” окуясы бүгүнкү күндөн алынганын айтып, окуянын өзөгүнө кыскача токтолду:

– Биздин учурдагы эле замандашыбыз, бойго жеткен бир кыз күйөөсүз төрөп коюп, ымыркай кызын көчөгө таштап кетет. Суукта кайыккан ымыркайдын дем алуу органдарына катуу суук тийип, кыз балдар үйүндө дудук болуп бой жетет. Окуя чиеленишип отуруп, кыз өз апасын табат. Апасы абдан бай адам болуп чыгат. Бирок тагдырдын “тамашасы” дегендей, дудук кыз менен энесинин кийинки баласы экөө бири-бирин жактырышып калышат…

Башкы ролдордо Асел Чоткараева менен жаш киноактер Өмүралы аттуу жигит ойногон. Асел Чоткараева буга чейин “Министрдин кызынын махабатында” ойногон. Ал эми калган актерлор негизинен жаш, жаңы таланттар. “Дудук кыз” кинофильминде дудук кыздын ролун ойногон Асел Чоткараева “Азаттыкка” бул ролду ойноодо бир топ кыйналганын жана Бишкектеги дудук балдар мектебинин окутуучусунан сабак алганын айтты:

– Мен бул кинотасмага тартылууда бир топ кыйналдым. Өзгөчө дудуктардын тилин үйрөнүү кыйын болду. Алардын тилин үйрөнүү үчүн дудуктар мектебинин окутуучусунан сабак алдым. Ошондой эле дудук кыздын ролун аткарууда ички психологиялык чыңалуулар да болбой койгон жок.

Назым Мендебаировдун “Дудук кыз” кинотасмасы Бишкекте жана Бишкектин сыртында тасмага алынды. Тасманын убактысы 90 мүнөткө жетип барат. Режиссердун айтымында фильмдин эки күндүк иши калды. Ал эми тасманы жаратуудагы проблемалар тууралу сураганыбызда, Назым мырза баягы эле каражаттан, баягы эле техникалык жабдыктардан анан жарыктын өчө бергенинен кыйналышканын ортого салды:

– Албетте, каражатыбыз кеңири болгондо, көп максаттарыбыз ишке ашмак да. Фильмибизде кемчиликтер бар да, албетте. Жабдыктарыбыз деле жогорку талапта эмес да. Анан биз ушул тасманы тартууда, жарыктын улам өчө бергенинен кыйналдык. Тасмада да түнкү Бишкек карала-торала болуп турат… Бирок тасманын жакшы чыгышы үчүн аракетибиз чоң болду.

Фатима Абдалова, “Азаттык” радиосу, 27.04.2009

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.