Шандор Петефи (1823-1849)

Өбүү болсун жүз эсе

Өтө, ширин, эң артык,
Өбүшүүдөн эмне артык?
Өзүң карай бек тартып,
Өөп турсаң сен балкып,
Андан өткөн эмне бар?
Айтсаң болсо, эрке жар!

Көрк болбойбу гүл деген,
Көркөмдүктү түрдөгөн.
Аял болсо – шат болсун,
Чарчы болсун, чак болсун,
Өзүңө окшош жароокер,
Өбүшкөнү бат болсун!

Тартып турса сүйгөн жар,
Ташкөмүрдөй күйгөн бар.
Өбүшүүнүн өртүнөн,
Өнө боюм көлкүгөн.
Эч ким сенлдей өппөгөн
Эргип барам көк менен!

Жаным, өпсөң өзүң өп,
Жарыкты өчүр тезирээк.
Караңгылык жарыктан,
Кандай ысык сезилет.
Өрт кезиңди кызганба,
“Өлүп” берем кысканда!

Үйлөнгөндөр – жуп болот,
Үйлөнбөгөн – бук болот.
Караңгылык – жарык да,
Каалагандай куп болот.
Түнү-күнү бир болсок,
Түбөлүккө кут болот!

(Эрнис Турсуновдун котормосунда)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.