Бусурман ОДУРАКАЕВ: “Австрияга кой багып кетким келген”

d0b1d183d181d183d180d0bcd0b0d0bdКыскача маалымат:
Сахнада аткарган көрү-нүктүү ролдору: “Ромео менен Жулетта” – Ромео, “Гамлет” – Гамлет, “Король Лир”-Кент, “Кандуу той” – Леонардо ж.б. “Акбаранын көз жашы”, “Бетме-бет”, “Кошокчу”, “Ермак”, “Алтын кыргоол”, “Манкурттун ыйы”, “Теңири” ж.б. тасмаларда башкы ролдордо ойногон.

Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык театрдын көрүнүктүү артисти, дүйнөлүк классикалык спектаклдердеги баш каармандарды жараткан, кыргызтасмаларында көрөрмандардын эсинде калган образдарды ойногон КР эмгек сиңирген артисти Бусурман ОДУРАКАЕВди кепке тарттык.

Жакында маданият министрлиги чыгармачыл артисттерди аттестациядан өткөргөнү жатат, буга сиздин пикириңиз кандай?
Негизи, буга бир чети кошулсам, бир чети кошулбайм. Кошулам дегенимдин себеби, эгерде чыгармачыл адамдын таланты ташып, театрда, кинодо эл суктанаарлык ролдорду ойноп, эл ошол чыгармачыл адамдын артынан ээрчип кете тургандай образды жаратса, ал адамды аттестация кылыш туурабы? Ошол адам азыркы дүйнө саясатында болуп аткан окуялар тууралуу маалыматы жок болуп, дүйнө таануу боюнча суроолорду билбесе өтпөй калыш керекпи? Мына кеп ушунда жатат. Ал эми саясатты катырып, азыркы замандагы бардык маалыматты билип, бирок, сахнада ортозаар артист болсо аны калтырыш керекпи? Эң негизгиси, сахнада өзүн кандай көрсөтө алат жана талантына жараша аттестация болсо башкача иш. Негизи чыгармачыл чөйрөдө ортозаар менен таланттуу адамдардын ортосунда талаш өмүр бою келатат.Ортозаар адамдар абдан ичитар келишет. Аларда көралбастык абдан күчтүү болот. Өз максатына жетүү үчүн баарын сатып жибериши мүмкүн. Ал эми таланттуу адам эч нерсеге жеталбай калган учурлар кездешет. Бирок, ортозаар адам башкаларга бут тосуп, өзүнүн кызыкчылыгын алдыга чыгарса мунун өзүн да ошол жагынан таланты өрчүгөн адам десе болот.Өткөндө контракт боюнча маселе козголду. Мен контрактка таптакыр каршымын. Академиялык драма театры Кыргызстандагы көзгө басар эң алгачкы театр болуп саналат. Ушул театрдан опера- балет, куурчак театры, филармония бөлүнүп чыгып калыптанган. Пенсияга чыккандарды мыйзамдын негизинде ал артист керектүү роль ойной алса, жөндөмдүүлүгү, эс-тутуму, башкасы жакшынакай болсо ошолорду контракттын негизинде алса болот.

Чыгармачыл адамдардын арасында көралбастыктар көп кездешет эмеспи, алардын тузагына кабылып, залакасын тарткан жок белеңиз?
Негизи ичитарлык деген менде жок. Бирок биздин чөйрөдө абдан көп экен. Өзүлөрүндө ичитарлык, көралбастык көп болсо, башкаларды да ошондой ойлогондор бар. Өзүмдүн кесиптештеримдин арасында мага бут тосуулар көп эле болгон. Ушул күнгө чейин деле болуп келатат. Алардын бетине айтсаң “пенде экенбиз, эмне кылабыз” дейт. Ушинтип пенде болуп төрөлбөй эле койбойсуңарбы, бирөөнүн нервин бузуп, аларга зыян тарттырып деп коем. Бир чети душмандарым мени абдан курчутат, бир чети адам болгондон кийин чарчап да кетесиң.

Эмне үчүн чыгармачыл адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосу трагедия менен аяктайт деп ойлойсуз? Мисалы, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов…
Туура, бул абдан кейиштүү нерсе. Союздун учурунда улуу артисттерибиздин бардыгы ошол нерсеге калыптанып калган. Алар мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынып, адамдык, актердук касиетин бийик деңгээлде алып жүрүшкөн. Алар союз жоюлгандан кийин кичине чайналып калды. Андан кийин аларга такыр көңүл бурулбай калды. Элдин баары базарга чыгышты. Айлап, жылдап айлык албай калган учурлар болгон. Ошондой кыйынчылыкты улгайып калган адамдарыбыз көтөрө албай калды окшойт. Эгерде учурунда колдоо көрсөтүп, жөлөп-таяп, кандайдыр бир деңгээлде мамлекет тарабынан көтөрмөлөп турса балким тирүү калышмак беле. Акыркы учурда театрыбыз көп жоготууга учурады. Ичибиз ачышып калды. Мамлекет киного көбүрөөк көңүл бурса жакшы болмок. Жумуш болуп турган жакшы, эң жаманы бош болуп калган учур. Кино тартылган жок, мисалы Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бетин” Карагулов 1990-жылы тартты.Андан кийин “Кошокчу” тартылды, ошону менен союз жоюлду да, мамлекет тарабынан тасма тартылсын деп бир тыйын берилген жок. Жакында мамлекет тарабынан тасма үчүн каражат бөлүнүп, жаш режиссерлордун премьерасы болду. Кино тармагында биз менен чогуу өскөн чыгармачыл депутат Б.Наргозуев келип көрүп, телевидениеден: “Өкмөт тарабынан акча бөлүндү эле, бирок, талантсыз режиссерго берип, сапатсыз фильм тарттырыптырсыңар” деп ачык эле айтты. Мен анын айткан сөзүнө кошулам.

Чыгармачыл адамдар эмоциялуу жана сезимтал келишет эмеспи, сиз эмоцияңызды ичке катып жүрө аласызбы же?..
Кээде абдан эмоционалдуу болуп кетем. Туура сүйлөп айткан нерсени туура эмес деп айтса эмоционалдуу болосуң да. Эмоциямды чыгарып атып кээде өзүмө душман топтоп алган сыяктуумун.Чыгармачыл адамдар эмоционалдуу болбосо алардан чыгарма жаралбайт, эргүү болбойт. Парламентке чыгармачыл чөйрөдөн баргандар бар. Алар башка депутаттарга салыштырмалуу алда канча активдүү болуп, туурасын айтып, колунан келген аракетин жасап атышат. Бирок, алар чыгармачыл адам да, кээде биз сыяктуу эмоцияга берилип кетишет.

Кинодо, сахнада жараткан образдарыңыз дайыма эле купулуңузга толобу?
Кесибим артист болгондуктан, эч качан роль тандабайм. Бактыма “Бетме-бет” тасмасындагы чоң роль туш келип калды. Бул ролду режиссер Б.Карагулов менен Ч.Айтматов өзүлөрү бекиткен. Ромеонун, Гамлеттин, Алыкулдун образдарын ойногонум бул да тагдырдын белеги деп ойлойм. Мен бирөөгө барып “мага роль бер”деп жалдыраган жокмун. Бардык роль өзүнөн-өзү келди. Кээ бир ролдордон баш тарткан учурлар да болгон. Мисалы, Алыкулду сунуштаганда менин окшоштугум жок го десем, болбой эле беришкен.

Театр сизге эмне берди?
Чындыгында алалегим абдан көп. Советтер союзу жоюлганда чыгармачыл адамдардын баары аябай чайналдык. Ошол кезде Австрияга кой багып кетсемби деген да ой кеткен. Өзүбүзчө студия ачып кино да тарттык. Ленинграддан “Ленфильмден” режиссер – документалисттин окуусун окугам. Ошол кезде көп нерселер жасалбай калды. Биздин муун көп кыйынчылыкка туш келип, көп ойлорубуз аткарылбай калды, ошого өкүнөм. Ал эми сүйүнгөнүм – бала кезимен бери ойлоп жүргөндөрүмдүн элүү пайызынын ишке ашканы. Ата-энемдин, бала-чакамдын, неберемдин, үй-бүлөмдүн амандыгына сүйүнөм.

Небереңиздин атын улуу жазуучу Ч.Айтматов коюптур деп уккан элек?..
Ооба, неберемдин атын Адиль деп Чыңгыз Айтматов өзү койгон. Мен Чыңгыз Айтматов менен 1990-жылдан бери жакшы тааныш элем. Эл аралык Айтматов театрын ачып, өзүнүн макулдугу, сунушу менен батасын алып, театрга директор болуп дайындалгам. Көркөм жетекчиси Искендер Рыскулов эле. 1994-жылы ачылган театр 1999-жылга чейин иштеди. Бирок, көралбастык, ичитарлардын айынан жабылып калды. Беш жылдын ичинде беш спектакль коюп, жылдын мыкты спектакли наамын алганбыз. Спектаклде ойногон артисттер көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болушкан.Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга келгенден баштап казактар менен чогуу биргеликте киносценарийдин долбоорун иштеп чыгып, ал кинонун сценарийин Айтматов өзү жазып аткан. Ошол учурда неберем төрөлүп, андан ат сурасам, Адиль деген атты тандаган. Ошондо ал менден “Бусурман деп атыңды ким койгон?” деп сурап атпайбы. Атымды чоң апам (молдо чалыш эле) коюптур десем, эми сен динге кирдиңби деп сурады, жок десем, ага каршысыңбы деп күлүп калган. Фамилиям да Одуракаев деп башкача, көрсө чоң атамдын өзүнүн аты Осмон болуптур. Ал абдан олбурлуу, чоң, одурайган киши болгондуктан Одуракай деп коюшчу экен. Кийинчерээк документ алып атканда Одуракай деп жазылып калыптыр.

Өзүңүздү чыгармачылыктан сырткары башка кесиптеги адам катары көрө аласызбы? Дегеле чыгармачылыксыз жашай аласызбы?
Чыгармачыл чөйрөдөгү азап-тозокторду көргөндө ушинтип актер болгондон көрө журналист, же тарыхчы, адабиятчы болуп кетсем болмок экен деп ойлонуп калам. Кайра чыгармачылыгым өркүндөп, жакшы ролдорду жараткан учурда ушул кесипти туура эле тандаган экенмин деп ыраазы болуп калам. Башка мамлекеттик кызматта иштеп, четөлкөлөргө деле барып келдим, өкмөттүн чоң жумуштарын деле аткардым. Бирок, чыдай албай койдум. Сахнаны, роль аткарганды сагынып турам.

Жашооңуздагы жагымдуу учурлар, жакшы окуялар көбүнчө жылдын кайсы мезгилине туш келет? Дегеле жылдын кайсы мезгилин жактырасыз?
Аткарган ишим кайсыл убакта ийгилик алып келсе, ошол учур мага жакшы көрүнө берет. Көпчүлүк учурда чыгармачылыгымдын жыйынтыгы күз мезгилине туш келип, көбүрөөк ийгилик келет. Ошентсе да жаз мезгилин жактырам.

Театр адамдарынын кийген кийими башкалардан көпчүлүк учурда өзгөчөлөнүп турат эмеспи, сиз кайсы түстөгү кийимдерди жактырасыз?
Мен өзүм ак менен кызыл түстү жакшы көрөм. Бирок, мындай кийимдерди көпчүлүк учурда жай мезгилинде гана кийем. Негизгиси, классикалык кийимдерге басым жасайм. Баскан-турганыма ыңгайлуу деп кээде спорттук кийимдерди кийем.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.