Ашым Жакыпбеков

(1935–1994)

Ашым Жакыпбек 1935-жылы 12-августта Киров районундагы Шекер айылында туулган. Айылында жана Суулуу-Маймактагы Ак-Чий орто мектебинен окуп, 1953-жылы Фрунзе шаарындагы №5 мектептен жетилүү аттестатын алат.

1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз филология факультетин аяктаган.

«Жаралуу көгүчкөн» аңгемелер жыйнагы 1961-жылы чыккан.

Ашым Жакыпбековдун котормочулук өнөрү аркылуу кыргыз окурмандары С.Цвейг менен М.Лермонтовдун чыгармалары менен таанышса, 1977-жылы Ош драма театрында М.Горькийдин «Түпкүрдө» («На дне») пьесасы анын котормосунда коюлуп, чоң маданий жаңылык катары СССР маданият министрлигинин мыкты котормо үчүн сыйлыгы жана диплому ыйгарылган.

Ч.Айтматовдун ондон ашык аңгеме, повесть, романдарын эне тилине которууда да кыргыз адабиятына албан кызмат өтөгөн.

Ал жазган сценарийлердин негизинде «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Көз кареги», «Айдагы жез кемпир» аттуу көркөм фильмдер тартылган. «Өнөр жөнүндө баян», «Каныбек», «Советтик Кыргызстан», «Чыңгыз Айтматов» тасмаларынын редактору.

Жазуучунун «Теңири Манас» романы 1994-жылы жарык көрүп, авторуна көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Ал 1963-жылдан СССР Жазуучулар, 1975-жылдан СССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.

Уикипедиядан алынды

 

Чыгармалары

Теңири Манас


Соц тармактар:

One thought on “Ашым Жакыпбеков

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.